Полная версия
Türkiye'de Kırgız Araştırmaları
Г. Загряжскийдин эмгегинде кыргыздардын чарбалык турмушуна байланышкан дагы бир орчундуу маселе сүрөттөлөт. Ал маселе – малдын жүнүн, терисин иштетүү. Автор малдын терисинин, жүнүнүн кыргыздардын чарбасында кийим үчүн алмаштыруу предмети катары маанилүү ролду ойногонун жазат58. Койдун, эчкинин жана жылкынын жүндөрү менен аралаштырып, аркан жасалат. Алар кадимки көчмөн турмушта жана жүк артуу учурунда колдонушарын белгилейт. Кыргыздар аркан жасоо өнөрчүлүгүнө кызыккан автор: «Таза жылкынын жүнүнөн келиндин себин жүктөп узатууда ала-була аркан жасалып колдонулат59»—деп белгилейт. Чындыгында жылкынын жүнүнөн жасалган аркандар бышык келген, ал аркандар бааланган. Биздин пикирибиз боюнча ак аркандарды бай адамдар үй- тиричилигинде көп колдонушкан. Г. Загряжскийдин жогорудагы эмгектерин кыргыздардын социалдык абалына, чарбалык турмушуна, жашоо образына, маданиятына анализ жүргүзгөн мазмундуу тарыхый-этнографиялык мүнөздөгү эмгек катары кароого болот.
XIX кылымдын экинчи жарымында Кыргызстандын түштүк аймагында жашаган кыргыздардын чарбалык турмушун чагылдырган авторлордун бири В. Наливкин болуп саналат.60 Наманган уездинде жашаган кыргыздардын чарбалык турмушу, тагыраак айтканда дыйканчылыгы туурасында «Очерки земледелия в Наманганском уезде» аттуу көлөмдүү эмгекти жазган. Автордун аталган эмгеги үч бөлүктөн турат. Автор анда уезддин географиялык шарты, дыйканчылыктын негизги түрлөрү, аны өстүрүп, жыйноодогу колдонулган ыкмалар, эгин сугаруу жолдору сыяктуу дыйканчылык турмушту терең анализдөөгө аракет жасаган. В. Наливкиндин эмгектери аркылуу азыркы Аксы районуна караштуу Падыша-Ата, Кара-Башат, Кашка-Суу, Караван аймагында жашаган кыргыздардын дыйканчылык кесиби туурасында маалымат алууга болот.
Жыйынтыктап айтканда XVIII кылымдын экинчи жарымынан XX кылымдын башына чейинки мезгилде Борбордук Азиянын тарыхын изилдеген россиялык түркстан таануучулар тарабынан кыргыз таануу маселеси жаралып, бул тармак бир канча багыттар боюнча изилденип, өнүгө баштаган. Кыргыз таануу маселесине арналып жазылган эмгектерге карата жүргүзүлгөн тарыхнаамалык анализ аталган илимий тармактын өнүгүшүн бир канча этаптарга бөлүп кароо зарылдыгын жаратат:
1-мезгил: XVIII кылымдын экинчи жарымынан XIX кылымдын башына чейинки мезгил. Аталган мезгилди кыргыз таануу маселесинин жаралуу башаты катары кароого болот. Россия империясынын чыгышка карай күчөгөн тышкы саясатынан улам кыргыздар жөнүндөгү маалыматтарды топтоо, билүү зарылдыгы келип чыккан. Бирок кыргыздар туурасында максаттуу түрдөгү изилдөө болгон эмес. Маалыматтардын көпчүлүгү кыска, үзүндү формасында болуп, коңшулаш элдер жөнүндөгү маалыматтарды жазууда гана кыргыздар эскерилип кеткен. Бул мезгилде кыргыздар жөнүндөгү маалыматтарды топтогондор илимий экспедициялардын мүчөлөрү, падышанын атайын жиберген өкүлдөрү, Батыш-Сибирь генерал-губернаторлугунун кызматкерлери болушкан.
2-мезгил: XIX кылымдын башынан XIX кылымдын 60-жылдарына чейинки мезгил. Россия империясынын Орто Азияга карата болгон тышкы саясатынын күчөшүнө байланыштуу, геосаясий себептерден улам кыргыздар жөнүндө маалымат топтоо, жарыялоо россиялык тарыхнаамада актуалдуу маселелердин бирине айланган. Кыргыз таануу маселеси системалуу изилдене башталып, изилдөө жолдору, маалымат берүү формасы кеңейе баштайт.
3-мезгил: XIX кылымдын 60-жылдарынан тарта XX кылымдын башына чейинки мезгил. Бул мезгил – Россия тарыхнаамасында кыргыз таануу маселесинин кеңейүү, өнүгүү мезгили. Кыргыз элинин тарыхын максаттуу изилдөө мезгили катары кароого болот. Бул доордун мүнөздүү белгиси катары айрым плюралисттик маанайдагы илимий көз караштарды пайда кылган, көлөмдүү эмгектер жаралган. Колониалдык бийлик системасынын орношу менен Туркстан крайынын элинин тарыхын гана эмес, элдин психологиясын, салтын, үрп-адатын, тилин, экономикасын, терең изилдөө муктаждыгы жаралган. 1867-жылы Түркстан генерал-губернаторлугу түзүлгөндөн баштап, региондо тарыхый изилдөөлөргө шарт түзүлүп, жаңы илимий, маданий мекемелер, коомдор түзүлгөн.
Демек, каралып жаткан мезгилде кыргыз элинин тарыхын изилдөөгө карата россиялык түркстан таануучулар тарабынан чоң салым кошулгандыгын баса белгилеп кетүү абзел. Ошол эле учурда россиялык түркстан таанучулардын эмгектеринде айрым бир кемчиликтер да орун алган. Алсак, авторлорунун эмгектеринде бири-бирин кайталаган фактылар көп кездешүү менен окуяга анализ берүү, баа берүү, ыкмалары жокко эсе. Демек, бул булактарды илимий чөйрөдө колдонууда тарыхый салыштырмалуулук ыкмасын колдонуу талап кылынаары шексиз.
Пайдаланылган адабияттар
Алекторов А.Е., Указатель книг, журнальных и газетных статей и газетных статей и заметок о кыргызах. Казань, 1900.
Алымбаев Ж.Б., Общественно-политическая жизнь кыргызов в русской историографии второй половины XVIII – начала ХХ вв. Бишкек, 2009.
Андреев И.Г., Описание Средней орды киргиз-кайсаков с принадлежащими и касающимися до сего народа дополнениями и прилежащих к Российской границе Сибирской линии по части Колыванской и Тобольской губерниях крепостям, собранное 1785 года капитаном Андреевым // Новые ежемесячные сочинения. Ч. СXV−CXVIII. СПб., 1795−1796.
Кун А., Некоторые сведения о Ферганской долине // Военный сборник, 1876.
Наливкин В.П., Киргизы Наманганского уезда // Туркестанские ведемости. 1881. № 20-21.
Наливкин В.П., Краткая история Кокандского ханства. Казань, 1886.
Пуговкина, История Туркестана в наследии Российской историографии середины XIX-начала XX века (политические и экономические аспекты). Дис. канд. ист. наук. Ташкент, 2006.
Рычков П.И., Топография Оренбургская, то есть описание Оренбургской губернии, сочиненное коллежским советником и императорской Академии наук корреспондентом Петром Рычковым. Ч. I – II. СПб., 1762.
Сапаралиев Д., Взаимоотношения кыргызского народа с русскими и соседними народами в XYIII в. Бишкек, 1995.
Сыздыкова Е.С., Российские военные и Казахстан: Вопросы социально-политической и экономической истории Казахстана XYIII-XIX вв. в трудах офицеров генерального штаба России. Москва, 2005.
Татищев В.Н., История Российская с самых древнейших времен. Кн.1, Ч.1− 2. Москва, 1768.
Тимковский Е., Путешествие в Китай через Монголию в 1820 и 1821 годах. Ч.1. СП6., 1824.
Туркестанские ведомости. 1871, 1873, 1874, 1894. №60, 61; 1903. № 12, 39, 51, 58, 72, 73, 98, 99, 101, 102; 1904. №6, 22, 35, 38, 84, 186; 1905. №13.
ЦГА.РУ.Ф.И-1. ОП.8.Д.385.
Изниктеги Кыргыздар күмбөзү61
Селда Калфазаде62
Которгон: Абдрасул Исаков
Кыргыздар күмбөзү Изниктеги Жаңы Шаар капкасынын (Yenişehir Kapısı) жанында, шаар сепилинин сыртында жайгашкан. Күмбөздүн жанында 1963-жылы жүргүзүлгөн казуу иштеринде63 Орхон Султан мечитинин курулуш жазуусу жана кээ бир калдыктары табылган. Кыргыздар күмбөзү боюнча жазылган эмгектерде күмбөз «Ажы Жамаса күмбөзү», «Рейхан күмбөзү» жана «Кырк кыздар күмбөзү» деген аттар менен белгилүү болсо да, эң көп «Кыргыздар күмбөзү» деген аты менен таанылган. Жазууда курулуш тарыхы көрсөтүлбөгөндүктөн качан жана ким тарабынан курдурулганы белгисиз. Ичиндеги мүрзөлөрдө да дата берилбегендиктен кимдер үчүн курулганы да белгисиз болгон бул күмбөздөр боюнча негизинен эки гипотеза айтылып келет. Биринчи гипотеза боюнча күмбөз Изниктин алынышында шейит болгондорго арналып салынган. «Кыргыздар» аты 1325-жылы курулган Изник алынганга чейин ордо аты катары колдонулуп келген Орхон Казы мечити менен байланышы бардай.64 Экинчи гипотеза боюнча Кыргыздар күмбөзү Орхон Казы мечитинде кызмат өтөгөн орто азиялык олуялардын күмбөзү болуп эсептелет.65
Эки гипотезанын бириккен жери, Баязыт Хан уулдары арасында такты талашы жүрүп, баш-аламандык өкүм сүрүп турган кезде жана Анадолунун алынышында Орто Азия калктарынын кошкон салымынын эске алыныш фактысы десек болот. Ушул пикир бизди туура жыйынтыкка алып барчудай. Анткени Осмон Дөөлөтүнүн курулушунда Орто Азиядан келген кыргыз, өзбек жана түркмөндөрдүн аябай чоң жардамы болгону белгилүү. Ал гана эмес XIV кылымдын биринчи чейрегине чейин Осмон Дөөлөтүндө алар өздөрүнүн уруу аттарын колдонушкан.66 Күмбөзгө «кыргыздар» атынын берилиши жогорудагы тарыхый маалыматтарга таянып түшүндүрүлөт. Күмбөздүн архитектуралык өзгөчөлүктөрүн изилдегенибизде ал жердин чынында эле XIV кылымдын биринчи чейрегинде курулганы анык болду. Күмбөздүн чептин сыртында, шаар борборунан узак, Орхон Казы мечитине жакын жерде жайгашуусу да күмбөздү аты аталган мечит менен бирге карап, жогорудагыдай дата беришибизге себепкер болду.
Азыркы учурда Изниктин маанилүү көркөм жайларынан бири болгон кыргыздар күмбөзү көптөгөн жылдар бою каралбай, ал турсун кээ бир жагымсыз кийлигишүүлөрдү да башынан өткөргөн соң, акыркы жылдарда кайрадан эски стилине ылайык реставрацияланды. Күмбөз чамгарактуу негизги имараттан, түндүк тарабы дубал менен бириккен, айбанча аркылуу сыртка чыккан аркалуу кире бериштен турат.
Күмбөз боюнча биринчи изилдөөлөр 1930-жылдарда башталган. Ал жылдарда күмбөздүн алды жагынын чыгыш дубалы гана ордунда эле. Ураган батыш дубалы менен алды жактагы айбанчанын бош калган жерине көрксүз дубал урулуп, күмбөздүн жыгылган чатырынын ордуна жыгачтан түз чатыр жасалып, кириш жагынын орто жерине төрт бурч эшик коюлган.67
Киришинде мурун бир бешик арканын болгонун чамгарактуу имараттын түндүк тарабындагы дубалда көрүлгөн кемерден калган издерден байкасак болот.68 Азыр эски стилине ылайыкташтырылып, кайрадан реставрацияланган кириш бөлүмүнөн эки тарапка чыгып турган бурчтардын ортосундагы тегерек арка аркылуу сыртка чыгылат. Айбанча бешик сымал үкөкчө бөлүм аркылуу курулган. Бышкан кыштан жаа сымал жасалган кемер аркылуу тышка ачылган кириш бөлүгүнүн каптал жагынан чыгып турган калкан дубалдарынын бешик арканы тоскудай бийик болушу күмбөздү сөөлөттүү көрсөтөт.
Күмбөздөгү чамгарактуу негизги имараттын чыгыш жана батыш дубалдарынын асты жана үстү жагында бири-бирине тушташ жарым айлана түрүндөгү терезелер, түштүк тарабында болсо, үстү жагында гана жалгыз терезе бар. Түндүк тарабындагы дубалда жайгашкан эшиктин үстүндө бир терезе жайгашкан. Имараттын дубалы үч катар урчук таштардын жана эки катар кыштан кезектешип өзгөчө курулган. Бул дубалдын кыналышынан көп сандагы жөнөкөй жана оймолуу мармар бөлүктөрүн көрүүгө болот. Дубалдын согулуш ыкмасы алгачкы Осмон доору архитектурасынын өзгөчөлүктөрүн толугу менен көрсөтүп турат. Буга чейин жасалган оңдоо иштери күмбөздүн кээ бир жерлериндеги өзгөрүүлөргө себеп болгон. Булардан бири чамгарактуу негизги бөлүмдүн дубалдарынын үстүнөн коюлган кирпи чачы өрүмүнүн урчук таштар кошумчаланып узатылганы болсо, экинчиси ичтен тегерек, тыштан он эки кырдуу көрүнгөн казанак бөлүмүнүн көтөрүлгөнү десек болот.
Акыркы учурда дубалдардын баары кайрадан реставрацияланып, мурдагы начар жана көрксүз кошумчалар оңдолгону менен, көңүл коюп караганда, бул бузулган жерлердин калдыктарын (издерин) көрүүгө болот. Казанактын көтөрүлүшү күмбөздүн чамгарак формасынын өзгөрүүгө учурап, имараттын жапыз көрүнүшүнө себеп болгон. Бул абал күмбөздүн алгачкы көрүнүшүнүн өзгөрүшүнө себеп болгон. Имараттын чатырынын чамгарак эмес пирамида түрүндө,69 же болбосо конус70-калпак түрүндө болгонун айткан илимпоздор да бар. Бирок күмбөздүн жаңыланган азыркы абалынан мурун мындай экенин тастыктай турган далилдерди көрө албайбыз. Буга чейин күмбөздү изилдеген А. С. Үлген, К. Отто-Дорн, О. Асланапа жана Е. Х. Айверди сыяктуу илимпоздор күмбөздүн чатырынын чамгарак түрүндө болгону шексиз деп эсептешет71.
Күмбөздүн он эки кырдуу казанагы ошол доордо колдонулган түрдөн. Орхон Казы дооруна тиешелүү имараттардан Изник Ажы Өзбек мечити жана XIV кылымда тургузулган Изник жашыл мечитинин казанактары да ушундай. Казанакта төрт бурчтуу төрт терезе жайгашкан. Чамгарактын үстү азыр черепица менен жаңыланып жабылды. Күмбөздүн оргиналында да чамгарактын атайын даярдалган черепицалар менен жабылганын.72 Чамгарактуу бөлүмгө аркалуу кириштен кирилет. Кириште алты жаңы мүрзө бар. Имараттын негизги бөлүмүнө Византия стилиндеги таяк моюнтуруктуу, төрт бурчтуу мармар эшиктен кирилет. Ичинде төрт бурчтуу жерден сүйрү аркалуу бурч чамгарактар менен сегиз бурч чамгарактуу арка биригип, ортосу туюк аркалар менен сегиз аркалуу бир система жасалган. Чамгарак сегиз бурчтуу пьедесталдан үч бурчка айландырылган тeгерек негиз үстүнө жайгаштырылган. Чамгарак башталган жерде туюк кемерлүү терезелер, алкак бөлүмүндө болсо, төрт бурчтуу төрт терезе коюлган. Чыгыш жана батыш дубалдарында бири-бирине тушташ тегерек кемерлүү кең терезелерден жарык түшүп турган бөлүмдүн түштүк дубалында михрап73 катары колдонулган төрт бурчтуу узун бир нища, чыгыш дубалынын түштүк учунда болсо, мүрзөгө орун табыш үчүн кийинчерээк казылганы белгилүү жарым айлана түрүндөгү бир нища бар.
Имараттын ичинин эң маанилүү жасалга өзгөчөлүгү өткөөл бөлүктүн үстүндө терезелердин айланасында, казанактагы терезелердин үстүндө жана чамгарактын ортосу менен этегинде калем менен сызылган кооздуктар болуп эсептелет.
Күмбөз боюнча маалыматтар берген эски китептерде алкак терезелеринде пальма, чамгарак ортосунда жылдыз белгиси коюлган кооздуктардан сөз кылынат жана көбүнчө жогорку жактагы аркалуу терезелердин чиймелерине токтолушат.74 Бүгүнкү күндө жогору жактагы аркалуу терезелердин чиймелеринин бир аз бөлүгү гана сакталып калган. Башка жерлердегилери толугу менен жок болгон калем менен кооздолгон чиймелер XIV кылымдын биринчи жарымына тиешелүү деп саналат.75 Булар Осмон жасалга өнөрүнүн алгачкы дооруна тиешелүү өрнөктөр катары кабыл алынат.76 Ошондон улам да абдан маанилүү деп эсептелет. Реставрация учурунда сакталып калган калдыктарга карап калыбына келтирилген калем менен тартылган кооздуктар ар терезеде ар башка композицияга ээ. Чырмалышкан «руми» делген эки бөлөк оюунун, устун жана устун башы менен «хатайи» деген бутактар жана түрдүү ваза формалары түшүрүлгөн эки башка оюунун да түстөрү кара, кызыл, сары жана жашыл. Селчук жана Осмон искусствосунун алгачкы дооруна тиешелүү «руми» жана «хатайи» калем кооздоо мотивдери менен бирге устун, антик устун башы сыяктуу түрк искусствосуна жат мотивдердин болушу изилдөөчүлөр арасында кыйла кызыгуу жараткан.
Бул Византия таасиринен кутула элек өткөөл доордун табигый жыйынтыгы болушу ыктымал. Балким кээ бир илимпоздор77 белгилеп кеткендей, имараттын курулушуна катышкан византиялык усталардын өнөрлөрү да болушу мүмкүн. Азыркы учурда чамгарактуу бөлүмдө жети, кириш бөлүмүндө бирдей чоңдуктагы алты сандука (табыт коюлган жайлар) бар. Булар жакынкы эле учурда бул жерге коюлганы көрүнүп турат. Эскиден чамгарактуу бөлүмдө жети чоң, бир кичине (наристе) табыт менен ар кыл көлөмдөгү сегиз мүрзө, кириш бөлүмүндө алты (кээ бир китептерде үч) кароосуз мүрзө бар экени жана мынчалык көп мүрзөнүн болушуна караганда күмбөз ээсинин таасирдүү бирөө болгонун изилдөөчүлөр жазып кетишкен.78 Бул материалдардын баарынан чыгарыла турган жалпылык – мурунтан эле мүрзөлөрдүн эч бирине дата коюлбаганы жана жасалгаларынын болбогону. Мүрзө санынын ар кыл көрсөтүлүшү болсо, күмбөз кароосуз калган учурда мүрзөлөрдүн жоголуп же жаңыланып турганынан улам болсо керек.
Кыргыздар күмбөзү курулуш жазуусу болбогонуна карабастан архитектуралык өзгөчөлүктөрү жана дубал стили менен Осмон Империясынын алгачкы дооруна тиешелүү мимарлыктын анык үлгүсүн ташыйт. Күмбөздүн негизги өзгөчөлүктөрүнөн бири кириш бөлүмүнүн айбанча түрүндө болушу десек болот. Айбанча өзүнчө бир бөлүм катары чамгарактуу негизги бөлүм менен биригип турат. Күмбөздүн киришинин айбанча түрүндө болушу, XIII-XIV кылымдарда Анадолуда учуратылган негизги бөлүм жалгыз айбанча аркылуу сыртка ачылган «айбанча күмбөздөрдөн»79да, кириши айбанча сыяктуу кенен аркасы болгон Анадолу бектиктери доору архитектурасынан, тагыраак айтканда, Гермияногулдары, Айдыногулдары, Саруханогулдары жана Ментешеогулдары сыяктуу Батыш Анадолу бектиктеринде учуратылган жалгыз көлөмдүү күмбөздөрдөн80 да айырмаланып турат. Анадолу аймагында алды жагы айбанча түрүндөгү күмбөздөрдү XIII кылымдан тарта учуратууга болот.
Булар классификацияланганда бир группанын ичине кирген менен негизги бөлүмү жана айбанчасынын түзүлүшү, айбанча менен негизги бөлүмдүн туташкан жери, жалпы көрүнүшү, өлчөмү, чатырча системасы жана көлөмү боюнча Кыргыздар күмбөзүнөн аябай айырмаланып турушат. Мындай күмбөздөр Анадолудан сырткары Селчук доорунда Хорасан жана Дехистан аймагында жана XI-XII кылымда Орто Азияда учураган. Бул имараттарда төрт бурч, цилиндр же болбосо көп бурчтуу негизги бөлүмдүн киришине айбанча сыяктуу жайлар бириктирилип жасалган. Улуу Түрк Кагандыгына тиешелүү Пенжикенттеги күмбөздөрдүн асты жагында айбанча сыяктуу сыртка чыгып турган босоголорунун болгону кызыгуу жаратат. Чыгыш жери Орто Азия экени белгилүү болгон жана «прототип» катары көрүлгөн ошол аймактагы эң эски имарат урандыларында колдонулган бул план түрү Осмон доорунда көп жайылбаганы менен күмбөздөрдө колдонулганы белгилүү.
Мындай имараттардын бири, Кыргыздар күмбөзү менен жашташ, кириш бөлүмүндө айбанчасы болгон Бурса Мустафа Кемал Пашадагы Лала Шахин Паша күмбөзү81 десек болот. Изникте курулган, бирок азыркыга чейин сакталып калбаган Ажы Хамза мечити,82 сүрөттөрүнөн көрүнүп тургандай, айбанчасы бар кириш бөлүмү кенен, сырткы көрүнүшү да Кыргыздар күмбөзү менен байланышы бар экени далилдеген бир үлгү катары маанилүү. Кириш бөлүмү айбанчалуу 1450-жылы курулган Бурса Абдал Мехмед күмбөзү83 кийинчерээк курулганы менен имараттын негизги бөлүмүнүн чамгарактуу болушу, айбанчалуу кириши жана курулуш комплексинин окшоштуктары боюнча Кыргыздар күмбөзү менен салыштырылса боло турган күмбөздөрдөн бири. Бурса Абдал Мехмед күмбөзүнүн чамгарагы жапыз, устундары да кыска, кириштеги айбанчасы Кыргыздар күмбөзүнө салыштырмалуу аябай эле тар, жапыз жана терең эмес. Кыргыздар күмбөзүндө айбанча жандарына чыгып турат. Бул жерде болсо, андай нерсе жок. Эки күмбөздүн айбанчалуу кириши менен негизги чамгарактуу бөлүмдөрүнүн бириккен жерлери бирдей. Албетте, бул жерде Кыргыздар күмбөзүнө кийинчерээк кээ бир кошумчалардын жасалганын, дубалдары менен устундарынын бийиктетилип, мунун натыйжасында чамгарактын жапыз көрүнүп калганын да эсепке алуу керек. Кыргыздар күмбөзүнүн айбанчасы кенен, аркасы тегерек. Бурса Абдал Мехмед күмбөзүнүн айбанчасы тар, аркасы болсо сүйрү жасалган.
Кыргыздар күмбөзүнүн дубалы архаикалык мүнөзгө ээ болуп таш, кыштардын аралаш колдонулушу – Осмон Империясынын алгачкы дооруна тиешелүү өзгөчөлүк. Устундардын бийик, терезе аркаларынын тегерек формада, устун терезелеринин жыгачтан болушу да Осмон Империясынын алгачкы дооруна тиешелүү экенин далилдеп турат десек болот.84 Күмбөздөгү төрт бурч дубалдан чамгаракка өтүү, чамгарактын бурчтары, булардын ортолорундагы арка тизмегинин сегиз бурч аркылуу бири-бирине туташтырылыш системасын XIV кылымдагы Осмон Империясынын алгачкы доорундагы жана ошол эле доордогу бектиктердин имараттарында да колдонулганын көрүүгө болот.
Кыргыздар күмбөзүнүн кенен аркасы жана калкан дубал сымал көтөрүлгөн чекелери чыгып турган кириш бөлүмүнүн дизайнынан Орто Азия түрк архитектурасынын издерин учуратабыз. Өзгөчө, айбанча стилинде даярдалган арка тараптагы имарат бөлүгүн көрсөтпөй турганчалык бийик эшиктер Орто Азия архитектурасында кеңири колдонулган. Анчалык чоң эмес күмбөздөрдө деле бул эшиктердин жаңыланып, ар дайым алдыңкы планга чыгарылганын көрөбүз. Кыргыздар күмбөзү менен бул күмбөздөр ортосундагы окшоштук – сөөлөттүү жана комплекстин жалпысына эгемен бир кириш пикирине басым жасалганы десек болот. Кыргыздар күмбөзүнүн кириш бөлүмүндө эшиктин ордуна айбанчанын болушу жогоруда сөз кылынган мисалдардан айырмалануу менен бирге, чакан күмбөздөрдө айбанча аркылуу берилген таасир Орто Азия курулуштарында эшик аркылуу берилген күчтүү таасирге окшошконун белгилей кетүү керек.
Жыйынтыктап айта турган болсок, Осмон Империясынын алгачкы дооруна тиешелүү деп эсептелген Кыргыздар күмбөзү, өткөөл доордогу бардык курулуштар сыяктуу эле XİV кылымдагы Анадолунун ар кошкон чөйрөсүндөгү түрдүү таасирлерди өз ичине камтыган имарат. Ушундан улам имаратты жалпы жонунан баалап караганыбызда жалгыз бир текке тиешелүү кылып көрсөтүү кыйын. XİV кылымдагы Осмон жана Анадолу бектиктеринин архитектурасында Орто Азия архитектурасынын таасири күчтүү сезилип турат.
Бул жерде моңгол жапырыгынан кийин Орто Азиядан Анадолуга көчүп келген кыргыз, түркмөн, өзбек сыяктуу түрк урууларынын түздөн түз ролу жана таасири бар. Анадолуга көчүп келген бул кишилердин арасында колунан иш келген, билимдүү, окумуштуу, өнөрпоз кишилер да болгон. Булар бир гана жихат (казат) кылышпай, жаңы жерлеринде тажрыйбаларын, эмгектерин жумшашып, курулуш иштерине жана өндүрүшкө чоң салым кошушкан.
Кыргыздар күмбөзү Орто Азия маданияты менен Анадолу маданиятынын жуурулушкан доорунда, Осмон Бектигинде көптөгөн курулуштар курулган Орхон Казы заманында курулган бир имарат болуп эсептелет. Азыркы учурдагы аты аркылуу өткөн тарыхыбыз менен руханий байланыш курушубузга себеп болгон Кыргыздар күмбөзү кыргыз-түрк достугун байыркыдан күнүбүзгө ташыган, анын символу болгон бир эстелик катары өзгөчө баалуулукка ээ. Кыргыздар күмбөзүнүн бир маданий мурас катары келечек муундарга өткөрүлүп берилиши үчүн эң чоң салымды түрк жана кыргыз калктары биргелешип жасайт деген ишеничтемин.
Пайдаланылган адабияттар
ASLANAPA, Oktay, “İznik’te Sultan Orhan İmâret Kazısı”, Sanat Tarihi Yıllığı, I, İstanbul 1965-65. s. 16-31.
ASLANAPA, Oktay, Yüzyıllar Boyunca Türk Sanatı (14. yüzyıl), İstanbul 1977.
AYVERDİ, Hakkı Ekrem, “Orhan Gazi Devrinde Mi’mâri”, Yıllık Araştırmalar Dergisi, I, Ankara 1957, s. 115-197.
AYVERDİ, Hakkı Ekrem, Osmanlı Mi’marisinin İlk Devri, İstanbul 1966.
DAŞ, Ertan, Erken Dönem Osmanlı Türbeleri, İstanbul 2007.
DEMİRİZ, Yıldız, Erken Osmanlı Mimarisinde Süsleme, İstanbul 1979.
EYİCE, Semavi, “İznik”, Sanat Tarihi Araştırmaları Dergisi, 1, İstanbul 1987, s. 65-116.
GOODWIN, Godfrey, Osmanlı Mimarlığı Tarihi, (Orijinal baskı London 1971) İstanbul 2012.
KALFAZADE, Selda, “Kırgızlar Türbesi”, Türkiye Diyanet Vakfı İslam Ansiklopedisi, c. 25, Ankara 2002, s. 445-446.
OTTO-DORN, Katharina, DasIslamische İznik, Berlin 1941.
ÖTÜKEN, Yıldız ve diğerleri, Türkiye’de Vakıf Abideler ve Diğerleri, IV, Ankara 1986.
SÖZEN, Metin, “Anadolu’da Eyvan Tipi Türbeler”, Anadolu Sanatı Araştırmaları, I, İstanbul 1968, s. 167-209.
TUNCER, Cezmi Orhan, Anadolu Kümbetleri 2 – Beylikler ve Osmanlı Dönemi, Ankara 1991.
Türkiye’de Vakıf Abideler ve Eserleri, III, Bursa İl Merkezi, Ankara 1983.
ÜLGEN, Saim Ali, “İznik’te Türk Eserleri”, Vakıflar Dergisi, I, Ankara 1938, s. 53-69.
Түрк тарыхнаамасындагы кыргыз тарыхын изилдеген эмгектер (1991-2018-жылдар)
Лейла Дервиш85
Аннотация
Советтер Союзу кулагандан кийин Түркия менен Кыргызстандын ортосунда тыгыз карым-катнаш түзүлүп, Түркияда кыргыз тарыхы, тили, маданияты боюнча илимий изилдөөлөрдүн жана котормолордун саны кескин өскөн. Макалада Түркия Республикасында 1991-2018-жылдар аралыгында кыргыз тарыхы тууралуу жазылып, басылып чыккан эмгектер жана кыргыз тарыхы темасындагы котормолор тууралуу сөз болот.
Ачкыч сөздөр: Түркия, Кыргызстан, кыргыз тарыхы, түрк тарыхчылары
Studies on the History of Kyrgyz in Turkish History (1991-2018 Years)
Abstract
After the breakup of the Soviet Union Turkey-Kyrgyzstan relations have developed, the number of scientific research on Kyrgyz history, language and culture, and translation has increased rapidly in Turkey. This article discusses the works written and translated works on Kyrgyz history between 1991-2018 in Turkey.
Keywords: Turkey, Kyrgyzstan, The History of the Kyrgyz people, Turkish historians
Алгы сөз
Библиографиялык изилдөөлөргө караганда, Түркияда кыргыздар боюнча макалалар Осмон доорунун аяк ченинде жарыялана баштаган. 1910-жылы Абдүлкадир Инандын калемине таандык «Кыргыз бозкырларынан (Kırgız sahralarından- Aus den Kirgisischen Steppen)» аттуу макала Стамбул шаарындагы «Таарифүл Мүслимин» деген журналдын 12-санында жарык көргөн.86 Көпчүлүккө маалым болгондой эле, Абдүлкадир Инан (29.10.1889-26.07.1976) түрк калктарынын фольклору, диндери, тарыхы, филологиясы, адабияты жб. боюнча 350дөн ашуун илимий эмгек жазган белгилүү башкырт илимпозу болгон. Анын гезит-журналдарда басылып чыккан эң алгачкы 3 макаласынын бири, «Кыргыз бозкырларынан (Kırgız sahralarından- Aus den Kirgisischen Steppen)» болуп саналат.87 Аталган макала алгач Оренбург шаарындагы «Вакит» газетасында жарык көргөн. Стамбулдагы «Таарифүл Мүслимин» журналында анын кыскартылган варианты басылып чыккан. Хикмет Танйунун берген маалыматына караганда, Инан аталган макаласында казак-кыргыздар түшүмдү көп берүүчү жерлерге жайгашып, шаарчалар курушу керек деген пикирди айткан.88