Полная версия
Türkiye'de Kırgız Araştırmaları
Бирок, «Түркестан жыйнагында» империялык талаптарга багытталган эмгектер чогулганына карабастан, ал эмгектер маанилүү тарыхнаамалык булак болуп саналат. Биринчиден, жыйнактагы эмгектин авторлору – тигил же бул окуянын түздөн-түз катышуучусу, реалдуу, болгон окуялардын күбөсү. Экинчиден, ар бир эмгекте маанилүү тарыхый-этнографиялык, статистикалык, картографиялык ж.б. маалыматтар кеңири чагылдырылган. 594 томдон турган «Туркестан жыйнагынын» электрондук варианты бүгүнкү күндө Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин китепканасында сакталууда.
«Туркестанские ведомости» газетасы. Колониалдык доордогу булакнаамалык чоң мааниси бар басылмалардын катарына «Туркестанские ведомости» газетасын кошууга болот. Газета 1870-жылдан тарта Ташкент шаарында жарык көрө баштаган. Согуш министри генерал-адьютант Милютиндин докладына таянсак, газета императордун буйругу боюнча генерал-губернатордун басма органы катары жарык көрө баштаган. Газетага башкы редакторлук кылуу маселеси генерал-губернатордун карамагында болуп, ага баш ийип, анын түздөн-түз көрсөтмөсү алдында иштеген адам редактор болууга тийиш болгон.25 Архивдик материалдар тастыктап тургандай газетанын алдына төмөнкүдөй максаттар коюлган: «Түркстан крайына таандык болгон өкмөттүк жана административтик көрсөтмөлөрдү, буйруктарды жарыялап, крайды ар тараптан изилдөөгө көмөк көрсөтүү үчүн Түркстанга таандык болгон маанилүү илимий макалаларды жарыялоо».26 Демек, газета колониалдык бийликтин идеологиясын жактаган официалдуу орган болгон. Булактарда: «Россиянын ички турмушуна тиешелүү болгон саясий жана социалдык маселелер Түркстан крайынын кызыкчылыгына төп келсе гана жарыяланган»,27– деп белгиленет. Полемикалык, жекече талаш маселелер жарыяланган эмес.
Газетанын алгачкы редактору болуп (1869-1892-жж.) белгилүү этнограф, аскер-чыгыш таануучу Н.А. Маев (1835-1896) иштеген. Газета жарык көргөн күндөн 1907-жылга чейин крайдын тарыхы, этнографиясы, географиясы, экономикасын чагылдырган кызыктуу илимий материалдар жарык көргөн. Газета бетине белгилүү чыгыш таануучулар, саякатчылар Н.А. Северцов, А.П. Федченко, И.В. Мушкетов, В.Ф. Ошанин, Н.Н. Пантусов жана башкалардын материалдары үзгүлтүксүз жарык көрүп турган.
Ал эми 1907-1909-жылдары газета официалдуу буйруктарды, рекламаларды, телеграммаларды гана жарыялаган жана окурмандардан алыстаган тажатма басылмага айланган. Бирок 1909-жылдан тарта газета өзүнүн форматын, маани-маңызын өзгөртүп, кайрадан жандана баштаган. Газета өкүм сүргөн 1870-жылдын 28-апрелинен 1917-жылдын 15-декабрына чейинки аралыкта 6406 номерин чыгарган. Бул аралыкта газета беттерине кыргыз таануу маселелеринин ар кайсы аспектилерин чагылдырган тарыхый булакнаамалык маанидеги кызыктуу материалдар жарык көргөн. Алардын катарына кыргыздардын этнографиясына арналган Г.Загряжскийдин «Заметки о народном самоуправлении у кара-киргизов», «Киргизские очерки: аш или тризна по умершим», «Кара-киргизы», «Быт кочевого населения долин рек Чу и Сыр-Дарьи», «Русские поселки в Токмакском и Иссык-Кульском уездах», «Очерки Токмакского уезда»,28 «Алибай» деген псевдоним менен жазган И. Андреевдин «Алангасар и Алп», «Из долины – Сусамыра», «Ирчи», «Каракиргизские побасенки», «Манап и букара», «На северном рубеже Ферганы», «По верховью Таласа», (описание Гумбеза Манаса. Киргизские любовные песни об охоте), «Киргизские игрища», «Кызыл-кулак», «Туйгун», «Кара-киргизские съезды» ж.б.29 деген кызыктуу макалаларын кошууга болот.
Газетанын активдүү корреспонденттеринин бири В.П. Наливкин болгон. Ал отставкага чыккандан кийин азыркы Аксы районунун борбору Каравандан 15-20 км алыстыкта жайгашкан Наманган уездине караштуу Наанай кыштагында жашап, жергиликтүү балдарды окутуп, кыргыз менен өзбек элинин турмуш-тиричилигин чагылдырган этнографиялык кызыктуу материалдарды жарыялаган. «Туркестанские ведомости» газетасы колониалдык бийликтин кызыкчылыгын чагылдырган официалдуу орган болгонуна карабастан, газета беттерине булакнаамалык мааниси жогору болгон материалдар жарык көргөн.
Авторлордун ишмердигине анализ
Россия тарыхнаамасынын өкүлдөрүнүн эмгектерине, көз караштарына тарыхнаамалык анализ берүүдө авторлордун билим деңгээли, адистик курамы, даярдыгы, социалдык тегин аныктоо маанилүү деп ойлойбуз. Россиянын чыгышка карай умтулуусу чыгыш таануучу адистерди даярдоону талап кылган. Бул максатты ишке ашыруу үчүн XIX кылымдын биринчи жарымынан тарта Россияда аскер жана граждандык окуу жайлары негизделе баштаган.
а) Аскер-чыгыш таануучуларды даярдоо мекемелери.
Аскер адамдарын даярдоо үчүн XIX кылымдын биринчи жарымында бир катар окуу жайлар ачылат. Алсак, Тышкы иштер министрилигини алдында, Азия департаментинде (1820-жылы) чыгыш тилдер бөлүмү ачылып, келечектиги аскер-чыгыш таануучулар даярдала баштаган. Азия департаментинин уюштурулушу менен Орто Азияга көптөгөн илимий экспедициялар жөнөтүлгөн. 1815-жылы Россиянын жогорку аскер башкаруу органы болгон Башкы Генералдык штабы түзүлөт. 1824-жылы Александр Iнин буйругу менен Оренбург шаарында Неклюев аскер училищасы, 1832-жылы болсо Императордук аскер Академиясы түзүлөт. Биринчи кезекте аскер Академиясы генералдык штабга кызмат кылуучу офицерлерди даярдаган.
б) Граждандык окуу жайлар.
ХIХ кылымдын биринчи жарымында Россиянын бир катар университеттеринде чыгыш таануу бөлүмдөрү, факультеттери ачылып иштей баштаган. Маселен, Россиядагы эң алгачкы чыгыш таануу мекемеси болуп, Илимдер Академиясынын алдында 1818-жылы ачылган Азия музейи болгон. Музейге чыгыш элдерине таандык болгон кол жазмалар, ар кандай тарыхый маалыматтар топтолгон. Ал эми Казань, Петербург Университеттери чыгыш таануу адистерин даярдоочу борборго айланып, бул окуу жайларда перс, түрк, татар тилдери окутула баштаган.
Орто Азия элдеринин тарыхын изилдөөгө чоң салым кошкон мекеменин бири – 1845-жылы түзүлгөн Орус Географиялык коому. Санкт-Петербург шаарында Николай Iнин буйругу менен түзүлгөн РГО өзүнүн 50 жылдык тарыхында көптөгөн бөлүмдөрдү иштетип, экспедицияларды уюштурган. Анын өз органдарына илимий макалалар тынымсыз басылып турган.
Жогорудагы илимий мекемелер чыгыш таануу илиминин өнүгүшүнө, анын ичинде кыргыз таануу маселесинин изилденишине түздөн-түз өбөлгө түзгөн. Соодаэкономикалык, дипломатиялык байланыштардын арбышы менен кыргыздар туурасындагы тарыхый маалыматтардын булагы топтолуп олтурган. Аскердик-экспансиондук жана колониалдык саясаттын күчөшү менен катар Россия тарыхнаамасында чыгыш таануу маселесин изилдеген жаңы адистердин тобу жаралган жана чыгыш таануудан түркстан таануу өз алдынча илимий тармакка айлана баштаган.
Кыргыз таануу маселелерин изилдеген Россия тарыхнаамасынын ХVIII-ХХ кылымдардын башындагы өкүлдөрүн алардын эмгектеринин социалдык багыты, мазмуну, авторлордун көз карашы боюнча төмөнкү топторго бөлүүгө болот30:
Чыгыш таанучу-изилдөөчүлөр: Алардын катарына Ф. Миллер, И. Фишер, Н.Я. Бичурин, В.В. Радлов, В.Н. Татищев, В.В. Бартольд, Н.А. Аристов, В. Вельяминов-Зернов, А. Кун, В.В. Наливкин ж.б. кирет. Булардын көпчүлүгү – чыгыш таануучу -этнограф, тарыхчы-географ, чыгыш таануучу-археолог деген адистиктеги билимге ээ болгондор. Социалдык теги боюнча ар кайсы социалдык топтун өкүлдөрү. Албетте булар белгилүү бир социалдык тапшырманы аткарышып, падышага кызмат кылышкан, аскер-чыгыш таануучулардан айырмаланып социалдык-экономикалык, этнографиялык, проблемаларды чагылдырышкан, илимий багыттагы эмгектерди жазышкан. Тарыхый окуяларга илимий анализ берип, тарыхый булактарды колдонууга аракет жасашкан. Алсак, В.Наливкин жергиликтүү элдин тилин билгенине байланыштуу эмгегин жазууда мусулман булактарына кайрылган. Ал эми В. Вельяминов-Зернов болсо Кыргызстандын аймагында болгон эмес, бирок Оренбург шаарында кызмат өтөгөндүктөн Кокон хандыгына байланышкан көлөмдүү очерктерди жазууда соодагерлерден, окуяга түздөн-түз катышкан адамдардан маалымат топтоп, архивдик материалдарды колдонуу менен бир канча эмгектерди жараткан.
Аскер-чыгыш таануучулар: М.А. Терентьев, А.Г. Серебренников, Л.Ф. Костенко, М.И. Венюков, А.И. Брянов, Н.П. Корытов, А.Н. Куропаткин, А.И. Макшеев, К.П. Кауфман, Г.А. Колпаковский, Л.Ф. Костенко, Д.И. Романовский ж.б. Аталган авторлор региондордун топографиясын, картографиялык түзүлүшүн, согуштук процесстердин жүрүшүн, хронологиясын, материалдык-техникалык базаны жана адам ресурстарын изилдөөнү максат кылып коюшкан. Демек, алардын эмгектери аскер темасына гана багытталган. Аскер-чыгыш таануучулар өздөрүнүн социалдык теги боюнча баары дворяндардын чөйрөсүнөн чыккан. Окумуштуу Е.С. Сыздыкованын пикири боюнча «орус офицерлеринин дээрлик көпчүлүгүнүн ата-теги дворяндар болушкан»31. Тарыхый кырдаалга байланыштуу аскер-чыгыш таануучулар аскердик иш менен илимпоздук, чыгармачылык ишти бирдей алып барышкан.
Орус саякатчылары: Ч. Валиханов, П.П. Семенов, А.В. Каульбарс, И.В. Мушкетов, А.П. Федченко, А. Голубев, Н.А. Северцов ж.б. Аскер-чыгыш таануучулардан айырмаланып, саякатчылар тарыхый-географиялык, тарыхый-этнографиялык, коомдук-саясий маселелерди чагылдырышкан. Ар кайсы кесиптин өкүлдөрү болушкан. Көбүнчө табигый, гуманитардык билимдин ээлери болушкан. Социалдык теги боюнча орус коомчулугунун ар кайсыл катмарынан чыгышкан.
Колониалдык администрациянын чиновниктери: К.П. Кауфман, Н. Южаков, А.Н. Гродеков, Г. Загряжсжий, А.Г. Гейнс, К. Пален, Ф. Гирс, А.Н. Куропаткин, А.И. Брянов ж.б. бир топ аскер адамдары 1867-жылы Түркестан генерал-губернаторлугу түзүлгөндөн кийин крайга кызмат өтөө үчүн жиберилген. Алардын баары аскердик билимге ээ эле. Бирок баары эле согуштук иштерге катышкан эмес. Алар түздөн-түз крайда колониалдык бийликти жүргүзгөн падышынын адамдары болушкан. Ар кайсыл кызматтарды ээлешип, жергиликтүү элдин турмушунан түрдүү материалдарды жыйноого үлгүрүшкөн. Изилдөө объектиси согуштук темалар болбостон, саясий-экономикалык, административдик маселелер болгон. Крайдагы колониалдык бийликтин орношуна түздөн-түз кызмат кылышкан.
Кыргыздардын коомдук-саясий турмушунун изилдениши
Кыргызстандын Россияга каратылышы. Жалпы Түркстандын Россияга каратылышы (анын ичинде Кыргызстандын) аскер-чыгыш таануучулар М.А. Терентьев, К. Абаза, А.И. Макшеев, Л. Костенко, А.Г. Серебренников, М.И. Венюков32 жана башкалардын эмгектеринде сүрөттөлгөн. Алардын эмгектеринде орус аскерлеринин жүрүшү, ири шаарларды каратуу, элдин каршылык көрсөтүүсү сыяктуу конкреттүү тарыхый окуялар, мындан сырткары орус аскерлеринин саны, техникалык кубаттуулугу жөнүндөгү маалыматтар чагылдырылган. Аталган авторлор, официалдуу тарыхнаамадагы үстөмдүк кылган Россия державасы артта калган Орто Азия элдери үчүн «цивилизациялык миссияны» аткарган деген концепцияны жактоочулар болушкан. Алар Түркстан крайын падышачылыктын курамында мажбурлап кармоо, «кылымдардан бери келе жаткан артта калуучулукту жоюп, «европалык цивилизацияга» жакындатып, тарыхый өнүгүүнүн туу чокусуна жеткирет» деген колониалдык саясаттын идеологиясын жакташкан. Албетте, бул концепция колониалдык бийликтин түпкү максаты Түркстан элдерин «орусташтыруу», империянын курамына кошуу идеясын ишке ашыруу үчүн болгон аракет экендигин турмуш чындыгы көрсөттү.
Расмий көз карашты жактаган авторлор, падышачылыктын басып алуучулук саясатын актоо максатында, Орто Азияны каратып алуу процессин биртоп зарыл болгон себептерден улам жаралган көрүнүш катары сүрөттөшкөн.
Алсак, Л.Ф. Костенко, А. Макшеев падышачылык Россиянын саясатын географиялык-этнографиялык жана саясий-экономикалык зарылдыктан улам жаралган көрүнүш катары баалаган. Ал эми М.И Венюков, Д.И. Романовский, Н.А. Маевдин эмгектеринде «табияттын чектери» аттуу теория сунушталган. Бул теория тышкы иштер министри Горчаковдун 1864–жылдын 21-ноябрындагы циркулярдык буйругунан улам коомчулукка белгилүү эле. М.И. Венюков биринчилерден болуп «табигый чектер» теориясына аныктама берип, ал теорияны жактоочу катары Россия өкмөтүнүн чек ара аймактарында жашаган көчмөндөрдүн токтобогон тынымсыз чабуулуна (кеп казактар жөнүндө болуп жатат) жооп кылып, миңдеген чакырымга созулган коргонуу тилкелерин уюштуруп, аскер кармап, аларды формалдуу түрдө баш ийген казак урууларына каршы коюуга туура келгенин, формалдык баш ийүүчүлүктү чындыкка айландыруу үчүн колонияларды түзүү зарылдыгы жаралганын33 жазган.
Расмий теорияны жактагандардын башында А. Горчаков турган. Ал Россия Чыгышта өзүнүн «цивилизациялык миссиясын аткаруу үчүн каратып алып жатат» деген пикирди сунуштаган. Анын пикирин колдогон В.В. Григорьев: «Орто Азия элдери өздөрүнүн коомдук өнүгүүсү, маданий деңгээли боюнча артта калган элдердин катарына кирет. Алдыңкы өнүккөн өлкөлөр менен мамиле түзүү алар үчүн прогрессивдүү мааниге ээ. Ошондуктан, Россия Чыгышка «цивилизацияны гана орнотот»34– деп белгилеген. Көпчүлүк авторлор Россия империясынын Орто Азияга жасаган согуштук аракеттерин актоо жана колониялык режимди жымсалдоо иретинде, күнөөнүн баарын жергиликтүү жашоочуларга оодарып, аларды «варварлар, караңгылар» деп аташкан.
А.И. Макшеев, К. Абаза, М.А. Терентьев А.Г. Серебренниковдун эмгектеринде Кыргызстандын Россиянын курамына каратылышы боюнча окуялар хронологиялык иретте сүрөттөлгөн. Алсак, конкреттүү тарыхый фактыларды келтирүү менен Кыргызстандын түштүк аймагынын Россияга каратылышы А.Г. Серебренниковдун эмгектеринде кеңири чагылдырылган. Автор аскердик инженер катары 1876-жылы уюштурулган «Алай экспедициясына»35 катышкандыктан, анын эмгегинде конкреттүү окуялар, даректүү маалыматтар кеңири баяндалган. Каратып алуу процессине карата көп кырдуу көз караштардын өкүм сүргөнүнө карабастан, көпчүлүк авторлор саясаттын түпкү максаты басып алуучулук мүнөздө экендигин танышкан эмес.
Кыргыздар жана Кокон хандыгы. Кыргыз элинин XVIII кылымдан XIX кылымдын 70-жылдарына чейинки тарыхы Кокон хандыгы менен тыгыз байланыштуу. Өзгөчө Фергана өрөөнүндө жашаган кыргыздар хандыктын калыптанышынан тарта жоюлушуна чейинки мезгилде активдүү роль ойноп келишкен. Кокон хандыгы боюнча маалыматтар алгачкы ирет орус саякатчылары, падыша тарабынан жиберилген өкүлдөр Ф. Ефремов, Ф. Назаров, Поспелов жана Бурнашев, Н.И. Потанин, В. Григорьевдин эмгектеринде сүрөттөлө баштаса36, кийинчерээк белгилүү чыгыш таануучулар В. Вельяминов-Зернов, А.П. Хорошхин, А. Кун, В. Наливкин жана башкалардын очерктери, көлөмдүү эмгектери, жарык көргөн. Бул эмгектердин негизги өзөгүн хандыктын саясий турмушу, отурукташкан калк менен көчмөн калктын ортосундагы саясий күрөш, ал күрөштөгү кыргыздардын ролу ж.б. саясий темадагы окуялар түзгөн. Хандыктын саясий турмушунан тышкары чарбасы, калкы, географиялык абалы сыяктуу маселелер козголгон.
Кокон хандыгынын тарыхын изилдөөгө салым кошкон орус тарыхнаамасынын өкүлдөрүнүн катарына академик В.В. Вельяминов-Зерновду37 кошууга болот. Оренбургда кызмат өтөгөн автор беш жыл бою хандык тууралуу материалдарды жыйнаган. Ал: «Менин эмгегимдин негизи сурап-билүү аркылуу чогултулгандыктан, хандыктын бүткүл турмушун толук сүрөттөй албайм»,38 – деп эскерет. Ошого карабастан, автор макалаларында конкреттүү фактыларды келтирет. Алсак, «Сведения о Кокандском ханстве» деген макаласында шаар базарларындагы баалар, түрдүү товарлар, табигый кен-байлыктарды өндүрүү (алтын, күмүш, туз ж.б.) боюнча маалыматтарды берген. Хандыктагы калыптанып калган башкарууну «баш аламан башкаруу» катары баалаган автор системаны жөнгө салуу каражаттарынын бири болгон армиянын жана керектүү курал-жарактын жетишпегенин белгилеген.39 Автордун экинчи «Исторические известия о Кокандском ханстве от Мухаммед-Али до Худаяр хана» аттуу эмгегинде болсо, 1840–1850-жылдары хандыктын ичиндеги саясий окуяларды сүрөттөөдө тарыхый маалыматтарды «окуяга күбө болгон азиялык жана орус соодагерлеринен жыйнаганын билдирет».40 Эмгекте автор «кыпчак кыргыны», Мадали, Шералы, Кудаяр хандын мезгилиндеги саясий төңкөрүштөргө токтолуп, бул мезгилде хандарга каршы бир канча мамлекеттик төңкөрүштөр уюштурулганын белгилеп, алардын ичинен кыпчактардын башчысы Мусулманкулга каршы жасалган «кыпчак кыргынынын» олуттуулугун баса көрсөтөт.
XIX кылымдын 70-жылдарындагы Кокон хандыгынын саясий, социалдык-экономикалык турмушун чагылдырган эмгектердин катарына чыгыш таануучу А.Л. Кундун41 эмгектерин кошууга болот. Бул эмгектерде так талашуу үчүн болгон көчмөндөр менен отурукташкан калктын ортосундагы саясий күрөштөр кеңири чагылдырылып, бийлик үчүн күрөшкөн Алымкул, Мусулманкул, Кудаяр хан сыяктуу инсандарга мүнөздөмө берилген. Кыпчактарга токтолгон автор: «Бийликке жеткен көчмөн кыпчактар китептерди өрттөшүп, аалымдарды куушуп, отурукташкан калктын үйлөрүн талап-тоношуп, кыздарын аялдыкка алышып, дарактарды кыя башташты. Эгин талааларындагы суу башаттарын ээлешип, сууну дыйкандарга акчага сата башташты»42, – деп жазат. Мусулманкул башында турган кыпчактардын орунсуз жоруктарын Н. Петровский, А.П. Хорошхин сыяктуу авторлор да тастыктап, кутум иштерди уюштургандардын башында Мусулманкулдун турганын белгилешет. А. Кун бийликке келген Шералы хан кыпчактар менен сарттардын ортосунда «оюнчук катары» кызмат кылып, эки атаандаш топтун кайсынысы жеңээрин гана күткөнүн»43 белгилейт. А. Кун Шералыны: «Орто жаштагы Шералы алсыз башкаруучу болду. Башкаруучулук тажрыйбасы, кайраттуулугу, энергиясы, эрктүүлүгү жетишпей, ал кол алдындагыларга өз амбициясын көрсөтө ала албады»,44 – деп мүнөздөйт.
Хандыктын ички турмушундагы окуяларга анализ берген авторлордун алдыңкы сабында аскер-чыгыш таануучу «Түркстан жортуулдарынын» катышуучусу А.Г. Хорошхин45 турат. Анын калемине бир канча жол очерктери таандык. Хандыктын саясий турмушун сүрөттөөдө В. Вельяминов-Зернов, А.Л. Кун, А.П. Федченко сыяктуу чыгыш таануучу, саякатчылардын көз караштарын кайталаган. А.Г. Хорошхин хандыкты башкаруу кыйын экендигин эскерип, акыркы 70-80 жыл аралыгында каза болгон, киши колдуу, буюртма өлүмгө учураган, качып кеткен хандарды тизмелейт46. Мындан сырткары автор хандыктагы салыктын түрлөрү, аскердик абалы, калктын саны тууралуу кызыктуу маалыматтарды келтирет.
Жергиликтүү тарыхый булактардын негизинде Кокон хандыгынын саясий тарыхын чагылдырган авторлордун бири чыгыш таануучу В.П. Наливкин47 болуп саналат. В.П. Наливкиндин эмгеги Кокон хандыгынын 167 жылдык тарыхын гана чагылдырбастан, Фергана өрөөнүнүн байыркы, орто, жаңы доордогу тарыхын сүрөттөөгө аракет жасаган сейрек кездешкен эмгектердин бири болуп саналат. Автордун эмгегиндеги сүрөттөлгөн башкы маселе – хандыктын негизделиши, хандардын генеологиясы, «Алтын Бешик» легендасы, «хан сарайындагы» туугандык, куда-сөөктүк мамиле, «ордо төңкөрүштөрү», кутумдар, басып алуучулук согуштар ж.б. саясий мүнөздөгү маселелер. Автор эмгегинде өзгөчө Шералы, Кудаяр хандардын доорундагы саясий окуяларга басым жасаган. Так талашуудагы ички согуштарга мүнөздөмө берген автор «Кокон хандыгынын ички саясий турмушу тынымсыз кайталанып турган «ордо төңкөрүштөрүнө», кутумдарга, көтөрүлүштөргө, чыр-чатактарга, эки топтун ортосундагы күрөшкө жык толгон»48 деген бүтүмгө келген. Белгилей кетчү жагдай, автор хандыктын социалдык-экономикалык абалына көңүл бурган эмес. Ага карабастан Кокон хандыгынын саясий тарыхын толук чагылдырууга аракет жасаган В.П. Наливкиндин эмгеги бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн илимий баалуулугун жоготкон жок.
Жыйынтыктап айтканда, революцияга чейинки Россия тарыхнаамасынын өкүлдөрү тарабынан Кокон хандыгынын саясий, социалдык-экономикалык абалын чагылдырган чакан макаладан тарта көлөмдүү эмгектерге чейин жарыяланган. Бул доордогу эмгектердин өзгөчөлүгү авторлордун дээрлик көпчүлүгү окуялардын түздөн-түз күбөсү болуу менен тарыхый баалуу материалдарды жазып калтырышканында болгон. Маалыматтарды топтоодо жергиликтүү соодагерлер, эл арасындагы молдолор кызмат аткарышкан.
Кыргыздардын социалдык-экономикалык абалынын чагылдырылышы
Кыргыз таануу маселесинин изилденишине салым кошкон россиялык түркстан таануучулардын катарына орус саякатчыларын кошууга болот. Россия империясынын кыргыздардын саясий, социалдык-экономикалык турмушуна карата болгон кызыгуусу күчөп, изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн падышачылык тарабынан иш-чаралар көрүлө баштаган. Илимий максатты ишке ашыруу шылтоосу менен Орус географиялык коому (РГО) тарабынан «илимий экспедициялар» уюштурула баштаган. Натыйжада 1856-жылдын май айынан баштап Кыргызстандын аймагына Ч. Валиханов, П.П. Семенов, Н.А. Северцов, А. Голубев, И.А. Бардашев сыяктуу саякатчылар келишип, кыргыздар туурасындагы маалыматтарды топтоп, Орус географиялык коомунун басылмаларына жарыялашкан. Аталган орус саякатчыларынын эмгектеринде кыргыздардын уруу-уруктук түзүлүшү, курамы, географиялык абалы, саясий абалы, социалдык-экономикалык мамилелери, чарбасы туурасындагы кызыктуу материалдар сүрөттөлгөн.
Кыргыздар туурасында тийиштүү материалдарды топтоп, кыргыз таануу маселесинин жаралышына салым кошкон авторлордун катарына И.А. Бардашевди кошууга болот. Бардашев Ала-Тоо (1848-1868-жылдары) округунун жана казактардын Чоң ордосунун котормочусу болгон. Сибирдеги кадет котормо мектебинде окуган. Кадет мектебин аяктаган соң Ала-Тоо округунун борбору Копалга котормочу катары жиберилген. 1856-жылы Ч. Валиханов менен биргеликте Кульжага дипломатиялык миссияны аткаруу үчүн катышкан. 1860-жылы болсо полковник А.Э. Циммермандын жетекчилиги астында Токмок, Пишпек чептерин алууга катышкан. И.А. Бардашевдин калемине кыргыздар боюнча жазылган «Заметки о дикокаменных киргизах», «Сведения о дикокаменных киргизах»49 аттуу эмгектер таандык, аталган эмгектер эмнегедир анын көзү өткөндөн кийин гана жарык көргөн.
1856-жылы ысык-көлдүк кыргыздардын арасында болуп, алардын ички турмушу, маданияты менен түздөн-түз таанышкан авторлордун бири белгилүү этнограф, тарыхчы Ч.Валиханов болуп саналат. Автордун калемине «Киргизское родословие», «Записки о Кокандском ханстве», «Записки о киргизах», «Очерки Джунгании»50 ж.б. эмгектер таандык. Аталган эмгектерде кыргыздардын уруулук түзүлүшү, чарбасы, саясий абалы, «кыргыз» этнониминин келип чыгышы ж.б. маселелер сүрөттөлгөн.
Белгилүү саякатчы П.П. Семенов тарабынан жазылган жол күндөлүгү, эскерүү эмгектеринен саясий абал туурасында көптөгөн маалыматты алууга болот. Алсак, автор саякаттоо мезгилинде бугу менен сарыбагыштардын айылында болуп, алардын ич ара кагылышууларына күбө болгондугун жазган. Эки уруунун бири-бирине кастык мамилесинен улам сарыбагыштын манабы Ормондун бугулардын колунан каза болгондугун белгилейт51. П.П. Семенов жетектеген орус саякатчыларынын өкүлдөрүн Үмөтаалынын кабыл алгандыгы белгилүү. П.П. Семеновдун макаласында сүрөттөлгөн окуяларга логикалык анализ жүргүзсөк, П.П. Семенов кыргыздар туурасында көп маалыматты топтоого аракет кылган. Эки уруунун ортосундагы мамиленин тарыхын, себептерин билүүгө кызыккан. Ошондуктан автор: «…сарыбагыш менен бугунун ортосундагы кандуу кагылышуу бир канча жылдан бери уланып келет....»52 – деп жазат. П.П. Семенов көчмөн кыргыздардын ортосундагы ич ара кагылышууларды жайыт, калыӊ төлөө, соода-сатык талашынан улам жаралган көрүнүш катары баалаган. Мындай көз карашты башка орус саякатчылардын эмгектеринен да кездештирүүгө болот.
Этнографиялык багыттагы изилдөөлөр
Кыргыз элинин салттуу билими, үрп-адаты, каада-салты, үй-бүлөлүк турмушу ж.б. көчмөн турмуштун ар кыл жагдайларын чагылдырган этнографиялык багыттагы изилдөөлөр Ч. Валиханов, В. Радлов, Н. Зеланд, Н.А. Аристов, Г. Загряжский, А. Диваев, Н. Ситняковский, Н.А. Северцов, А.Н. Краснов, М. Венюков, В.И. Кушелевский ж.б. авторлор тарабынан жасалган.
Кыргыз элинин материалдык, руханий маданияты, диний ишенимдери туурасында изилдеген окумуштуулардын бири Ч.Ч. Валиханов кыргыздардын уруулук курамы, «Манас» эпосунан үзүндү, элдин диний ишенимдери, тамак-ашы, турак-жайы, кол өнөрчүлүгү ж.б. маселелерди чагылдырган эмгектерди жараткан.53 Окумуштуу тарыхый-этнографиялык материалдарды XIX кылымдын экинчи жарымында кыргыз жергесине келген учурда ысык-көлдүк кыргыздардын арасынан чогултканы маалым.
Изилдөөчү Н.Л. Зеланддын54 эмгегинен кыргыздардын чарбасы, кол өнөрчүлүгү, үй-бүлөлүк турмушу ж.б. этнографиялык кызыктуу материалдарды алууга болот. Бул эмгек Жети-Суу областында жашаган кыргыздар жана казактар жөнүндөгү изилдөөлөрдүн бири болуп саналат. Анда кыргыздар менен казактардын жашоо-турмушу, алардагы окшоштуктар, салты, музыкасы сүрөттөлүп, тил жагынан айырмачылыктар бар экендиги белгиленген.
Колониялык доордо кыргыздардын турмушун жакындан көрүп-билип, көптөгөн этнографиялык материалдарды жазып калтырган авторлордун бири – Г. Загряжский.55 Учурунда ал Токмок уездин башкарып, эл арасын көп кыдырган. Анын көлөмдүү макалаларында кыргыздардын турмушуна байланышкан негизги үч маселе сүрөттөлөт: биринчиси, кыргыздардын үрп-адаттары, диний ишенимдери; экинчиси, коомдук түзүлүшү; үчүнчүсү, кыргыздардагы салттуу сот системасы. Г. Загряжский «Быт кочевого населения долин Чуй и Сыр-Дарьи» аттуу макаласында кыргыздардын малга болгон мамилесин, малды багуу, асыроо, ар бир үй-бүлөнүн ичиндеги аткарган кызматын Чүйлүк солто уруусунун мисалында мүнөздөп кеткен. Макаласында ар бир үй-бүлөнүн өзүнө бөлүнгөн кызматы бар экендигин белгилейт. Маселен, ал: «Улгайган адамдар малды айдашат, кыгын тазалашат. Жаштары жылкыны, койду, төөлөрдү, ал эми аялдары болсо уйларды саашып, музоолорун карашып, сүттөн азыктарды жасоо менен алек болушкан» – деп жазат.56 Андан ары автор, кыргыздардын бир күндө жасаган ишине токтолуп кеткен. Алсак, автор белгилегендей эртең мененки тамактан кийин үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү өзүнө тиешелүү жумушту аткарууга киришет. Ал: «Аялдар малды саап, сүт азыктарынан айран, кымыз жасай башташат. Эркектер болсо устачылык жасоого киришет, колунан эч нерсе келбегендер мал кароого, аңчылыкка жөнөшөт. Жаш кыздар болсо өзүнүн себин даярдоо үчүн саймачылык менен алек болушат. Эс алууга убакыт жок. Мал кечинде короого келген мезгилде гана айыл кайрадан кыймылга келет»57– деп эскерет.