bannerbanner
Türkiye'de Kırgız Araştırmaları
Türkiye'de Kırgız Araştırmaları

Полная версия

Türkiye'de Kırgız Araştırmaları

Язык: tr
Год издания: 2023
Добавлена:
Настройки чтения
Размер шрифта
Высота строк
Поля
На страницу:
5 из 10

ORYNVAYEV, Zhassulan, Geçmişten Günümüze Kazakistan-Kırgızistan İlişkileri, Basılmamış YL Tezi, İstanbul 2012, 147 s.

ÖLÇEKÇİ, Tamara, Kırgızların Birinci ve İkinci Dünya Savaşları Arasında Sosyo-Kültürel Durumları, Basılmamış Doktora Tezi, Ankara 2004, 399 s.

SEL, Bünyamin, Hokand Hanlığı (1710-1876), Basılmamış YL Tezi, Elazığ 2011, 53 s.

TAALAİBEK UULU, Avtandil, 1916 Kırgız Ayaklanması (Ürkün) Merkezli Tarih Yazıcılığı: Sovyet ve Kırgız Yaklaşımı, Basılmamış YL Tezi, Ankara 2018, 145 s.

TAGAEV, Mairambek, Hokand Hanlığı’nın (1709-1876) Sosyal ve Kültürel Tarihi, Basılmamış Doktora Tezi, İstanbul 2017, 350 s.

TANSU, Yunus Emre, Kırgızların Sosyal ve Kültürel Hayatı, Basılmamış YL Tezi, Ankara 1993, 83 s.

TANYU, Hikmet, “Abdülkadir İnan’ın Bütün Eserleri”, s. 353-362, http:// acikerisim.fsm.edu.tr:8080/xmlui/bitstream/handle/11352/1141/Tanyu.pdf?sequence=1&isAllowed=y, (Алынган датасы: 01.08.2019).

TANYU, Hikmet, “Türk Bilgini Profesör Abdülkadir İnan’ın Hayatı”, http://acikerisim.fsm.edu.tr:8080/xmlui/bitstream/handle/11352/1141/Tanyu.pdf?sequence=1&isAllowed=y, (Алынган датасы: 01.08.2019).

Tarih Kritik Dergisi, https://dergipark.org.tr/tarihkritik, (Алынган датасы: 25.07.2019).

TEKİN, Arzu, Sovyetler Birliği Döneminde Kırgızistan, Basılmamış YL Tezi, Elazığ 2010, 116 s.

TEPEBAŞI, Ayşe, “Cumhuriyet’in İlk Yıllarında Süreli Bir Yayın: Mihrab”, Ankara Üniversitesi Dil ve Tarih-Coğrafya Fakültesi Türkoloji Dergisi, 21(2), 2014.

TORAMAN, Ali, 1876-1916 Rus Sömürgeciliği Döneminde (Çarlık Dönemi) Kırgızların Sosyal ve Kültürel Hayatları, Basılmamış YL Tezi, Kayseri 2014, 195 s.

TUTAR, Hüseyin, Ulus Devlet Oluşumunda Kırgız Kimliği, Basılmamış Doktora Tezi, Ankara 2006, 229 s.

UEHARA, Mikiko, Türkiye’de Kırgız Göçmenleri, Basılmamış Doktora Tezi, Ankara 2001, 219 s.

ÜNAL, Levent, Cumhuriyet Dönemi Türkiye-Kırgızistan İlişkileri, Basılmamış Doktora Tezi, Ankara 2010, 266 s.

YALÇINKAYA, Türkan, Hokand Hanlığı’nda İdari Teşkilat, Basılmamış YL Tezi, Ankara 2018, 172 s.

YAVUZ, Fatih, Türkiye’deki Çalışmalar Işığında ve Kırgız Tarihçilerine Göre Hokand Hanlığı, Basılmamış YL Tezi, Edirne 2015, 91 s.

YAZI, Muhammed Emin, Çarlık Döneminde Kırgızlar (1852-1917), Basılmamış YL Tezi, Elazığ 2007, 82 s.

YILDIRIM, Hüsamettin, Kırgızistan’ın Sosyo-Kültürel Yapısı: (XX. Yüzyıl), Basılmamış Doktora Tezi, Ankara 1996, 238 s.

YOSKA, Erhan, Yenisey Kırgızları: Başlangıçtan Orta Zamanlara Kadar, Basılmamış Doktora Tezi, Kayseri 2011, 162 s.

ZİYA, Hilmi, “Kırgız Türkmen Kavimleri”, Anadolu Mecmuası, 1(9- 10- 11), 1925, s. 318- 324.

ZİYA, Hilmi, “Kırgızlar”, Mihrab, 4, 1924, s. 114- 117.

1-эл аралык байыртадан бүгүнкүгѳ чейинки кыргыз-түрк мамилелери симпозиуму докладдары, ред. Гүлзура Жумакунова, Бурса: Улудаг университети жарыялары, 2017, 466 б.

Исаков, Абдрасул, Нежип Асым Языксыздын «кыргыз» термининин этимологиясы тууралуу макаласы, Prof.Dr. Üçler Bulduk’a Armağan, Türk Tarihine Dair Yazılar, Ed. Alpaslan Demir, Ankara, 2017, 765-776-б.

Моңолдор Кызы, Айпери, «Түрк тарыхнаамасында кыргыздар», Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Коомдук илимдер институтунун магистрдик диссертациясы, Бишкек, 2018.

Түркияда кыргыз тили боюнча корголгон магистрдик жана доктордук диссертациялар (1990-2018)

Айсел Байток142

Которгон: Медер Салиев

Аннотация

Түрк уруулары Евразиянын кенен аймагында чачыранды жайгашкандыктан бири-биринен бөлүнүп узакташып калышкан. Бирок 1990-жылдан баштап түрктөр бири-бирин кайрадан тааный баштаган. Бул контекстке ылайык, Түркия менен Кыргызстан ортосунда ар кандай тармакта түз байланыштар түзүлгөн. Эки өлкөнүн мамилелеринин басымдуу бөлүгүн маданият жана билим берүү тармагындагы мамилелер түзөт. Ушул күнгө чейин тил жана маданият тармагында көптөгөн изилдөөлөр жүргүзүлүп, китептер, диссертациялар, макалалар жазылып, Кыргызстан Түркияда эң көп изилденген багыттардын бири болуп калды. 1990-жылдан баштап Түркияда түрк коомчулугунун тилин, маданиятын, тарыхын үйрөткөн түрк тилдери жана адабияттары бөлүмдөрүнүн ачылышы менен кыргыз тили багытында да көптөгөн изилдөөлөр жүргүзүлдү. Кыргыз тили боюнча Түркияда 1990-2018-жылдары аралыгында корголгон магистрдик жана доктордук диссертацияларды көрсөтүү максатында жазылган бул макалада биринчиден кыргыздардын тили, адабияты, тарыхы, маданияты ж.б.

багыттарда 1990-жылга чейинки мезгилде жазылган эмгектер жалпысынан колго алынып, андан кийин магистрдик жана доктордук диссертациялардын библиографиясы көрсөтүлдү.

Ачкыч сөздөр: Кыргыз тили, Түркия, диссертациялар, түрк тилинде библиография.


The Master’s and Doctoral Theses Conducted in Turkey on Kyrgyz Turkish (1990-2018)

Abstract

Having lived together for centuries, Turkic tribes were disunited because of the events that occurred in the course of history, but again as a result of historical developments, starting from 1990 they have begun to rediscover each other. Within this scope, direct relations between Turkey and Kyrgyzstan have started to be established in all fields. The primary areas where the relationships are getting increased continuously are cultural and educational fields. Since Kyrgyzstan gained its independence in 1991, numerous studies have been mutually conducted in language and culture; books, theses, articles have been written and Kyrgyzstan has become one of the most studied field in Turkey. With the opening of the Turkic Dialects and Literatures departments in Turkey that offer courses on language, culture and history of Turkic nations, a large number of studies has been carried out in the field of Kyrgyz language. In this study, conducted with the aim of presenting thesis studies on Kyrgyz language carried out between 1990-2018, the studies about the Kyrgyz and their language, literature, history, culture so on were examined in general first and then the bibliography of the master’s and doctoral theses was presented.

Keywords: Kyrgyz Turkish, Theses, Turkey, Turkish bibliography.


Алгы сѳз

Аты б.з.ч. 201-жылы кытай жазма булактарында көрсөтүлгөн кыргыздар эң эски түрк урууларынын бири болуп саналат. Түрк уруулары кылымдар боюнча кээде чогуу, кээде жанаша, кээде башка биринин бийлиги алдында жашап, тарыхый окуялардын натыйжасында ар кандай аймактарга тарашкан.

Ошондой болсо да түрк урууларынын ортосундагы мамиле совет мезгилине чейин тигил же бул абалда уланып келген. Ал эми совет доорунда 70 жыл совет бийлиги карамагындагы түрктөр менен Түркия түрктөрүнүн ортосундагы мамиле түп тамыры менен үзүлгөн. Теги бир, тили бир болгон боордош элдердин түрк тектүү элдерден болгондугу унутулуп, уруу аттарын улут аты катары колдоно баштоо аркылуу толук түрдө башка улуттарга айландырылып, башкача айтканда ошондой болгонуна ишендирилген. Ошондой болсо да М. Горбачов совет бийлигине келгенден кийин башталган ачык-айкындуулук жана кайра куруу саясатынын артынан 1991- жылы СССРдин курамындагы түрк тектүү мамлекеттерден Кыргызстан (31.08.1991), Өзбекстан (01.09.1991), Азербайжан (18.10.1991), Түркмөнстан (27.10.1991) жана Казакстан (16.12.1991) мамлекеттери биринин артынан бири көз карандысыздыктарын жарыялап, чыгыштагы жана батыштагы түрктөр бири-бирин кайрадан тааный баштаган.

Кыргызстан-Түркия карым-катнаштары 1991-жылы башталган. Түркия, Кыргызстандын көз карандысыздыгын тааныган жана Кыргызстанда өз элчилигин ачкан биринчи өлкө болуп саналат. 1992-жылдын 29-январындагы протоколдун негизинде эки тараптуу элчиликтер ачылып саясий, маданий, экономикалык ж.б. ар кандай тармакта мамилелер тездик менен түзүлө баштаган. Кыргызстандын мамлекет башчысы Аскар Акаев 1991-жылдын 23-декабрында алгачкы расмий иш сапарын Түркияга жасап, ал зыяратта эки тараптуу бир топ кызматташууга кол койгон143. 1991-жылдын 25-декабрында «түрк-кыргыз ишкердик кеӊеши», ошондой эле Кыргызстанда иш алып барган ишкерлер жана өнөр жайчыларды бириктирүү максатында Бишкек шаарында «Кыргызстан- Түркия ишкерлер жана өнөр жайчылар бирикмеси» (KITİAD) түзүлгөн.144 Түркия 1993-жылдын 15-январында кол коюлган кредиттик келишимдин негизинде Кыргызстанга 75 млн доллар өлчөмүндөгү насыя берип, 50 миң тонна буудай гуманитардык жардам кылып, ТИКАнын Бишкектеги кеӊсеси ачылып, аталган уюм тарабынан Бишкек шаарында бир мунайзат бекети, 17 мекеме жана бир колдоо көрсөтүү кызматы тарабынан чакан бизнес сайты курулган. Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда 1991-жылдын 29-майында Анкара шаарында кол коюлган «Экономика жана соода-экономикалык кызматташуу боюнча протоколдун» негизинде башталган экономикалык жана соода-сатык мамилелер бүгүнкү күнгө чейин өсүп өнүгүүдө145.

Орток маданий мураска ээ болгон эки боордош өлкө катары Кыргызстан менен Түркия илимий, маданий мамилелерди да тездик менен чыңдай башташты. Бул багытта жаралган эң маанилүү долбоор, 1992-жылы кол коюлган эки тараптуу келишимдин негизинде ишке ашырылган «Түркия-Түрк дүйнөсү билим проекти» (BOP) болуп эсептелет. Бул долбоордун негизинде, Түркия 1992-1993-окуу жылынан баштап, Түрк республикалары менен боордош калктардан стипендиялык негизде студент кабыл ала баштаган. Түрк дүйнөсү изилдөөлөрү кору менен Жалал-абад облусунун губернаторунун ортосунда кол коюлган келишимдин негизинде, Коммерциялык институттун алкагында, Түрк дүйнөсү башкаруу факультети ачылган. Институт алгач академияга, кийинчерээк Экономика жана ишкердик университетине айланды. Ошондой эле 1996-жылы, Кыргыз-түрк эл-аралык «Ататүрк-Алатоо» университети курулуп, 1997-1998-окуу жылында өз ишин баштады146. 1995-жылдын 30-сентябрында Измир шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын ортосунда кол коюлган келишимге ылайык, Бишкекте Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин курулушу, Түркия-Кыргызстан карым-катнашы үчүн абдан маанилүү кадамдардын бири болгон. Кыргыз-Түрк «Манас» университети 1997-1998-окуу жылында ишке киришкен.

70 жылдык совет доорунда Түркия менен Кыргызстандын ортосунда түздөн-түз байланыштардын жоктугу эки өлкөнүн ортосундагы маданий байланыштарга запкысын тийгизип, маданий мамилелер багытындагы маанилүү болгон изилдөө жана басылмалардын чыгарылышына тоскоол болсо да, эгемендүүлүк менен бирге, 1990-жылдардын башынан баштап, өз-ара мамилелер чыңалып, азыркы күндө уланып келүүдө. Бул багытта билим берүү тармагында, өз ара студенттик алмашуу программасы менен катар өлкөбүздүн университеттеринде түрк калктарынын тилин, тарыхын, маданиятын окутуу максатында Азыркы түрк тилдери жана адабияттары кафедралары ачылган. Түркияда жалпы Орто-Азия түрк республикалары менен биргеликте Кыргызстанга жана анын тиешелүү тармактарына илимий кызыгуу артып, кыргыздардын тили, адабияты, тарыхы менен маданияты эң көп изилденген багыттардын бири болууга жетишкен.

Түркия менен башка түрк республикаларынын саясий, экономикалык, маданий ж.б. ар кыл тармактагы мамилелеринин үзгүлтүксүз улантылуусу Түрк дүйнөсүнүн биримдиги жана келечеги үчүн абдан маанилүү болуп эсептелет. Бул багытта ар түрдүү тармактарда эки тараптуу мамилелерге жана илимий изилдөөлөргө маани берилиши керек. Түрк республикалары боюнча адистерди даярдоо зарыл. Ошондой эле эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүү жолдорунун бири катары өз ара тил, тарых, адабият ж.б. маданий тармактардын изилдениши, үйрөтүлүшү керек. Өз ара котормо иштеринин жана колдон келсе биргеликте орток долбоорлордун жүзөгө ашырылышы керек. Жазылган эмгектерди таанытуу – ошол мамлекеттеги изилдөөчүлөрдү, же болбосо толук изилденбеген тармактарды тактоо жана изилдөөчүлөргө жыйнак катары адабияттарды сунуштоо аркылуу жол көрсөтүү үчүн маанилүү.

Түркияда кыргыз тили жана адабияты багытында мурунтан эле кээ бир изилдөөлөр жүргүзүлгөнү менен кыргыз тили, адабияты, тарыхы, маданияты ж.б. темалардагы изилдөөлөр 1990-жылдан кийин дагы да өркүндөгөн. Кыргызстан көз карандысыздыгын жарыялаган жылга чейин кыргыздар жөнүндө Түркияда жарыкка чыккан макалалардын жалпы саны 135 гана болгон.1471991-жылдан кийин илимий изилдөөлөрдүн саны бир топ жогорулаган.

1990-жылга чейин Түркияда жазылган эмгектердин кыргыз тилине караганда кыргыз адабияты, айрыкча «Манас» эпосу жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча болгондугу байкалат. Түркияда кыргыз адабияты боюнча биринчи болуп изилдөө жүргүзгөн илимпоздордун сап башында Мехмет Фуат Көпрүлү турат. Түрк калктарынын тарыхы жана адабияты боюнча көптөгөн эмгектери болгон Көпрүлү кыргыз адабияты менен дагы алектенип, ар кыл эмгектеринде кыргыздардын «Манас» эпосу жөнүндө жазып калтырган. Көпрүлү 1926-жылы жарыкка чыккан «Түрк адабияты тарыхы» аттуу эмгегинде түрк дастандарын географиялык аймактарына жараша үчкө бөлүп, «Манас» эпосун «Боз кыр аймагында жарыкка чыккан эмгектер» аттуу теманын алдында караган. Анын «Манас» жөнүндөгү пикирлери ошол эле эмгектин «Караханиттер доорунда түрк адабияты» деген темасынын 9-бөлүмүндө «Манас эпосу» деген ат менен калемге алынган. Ал, «Манас» эпосун XI-XII кылымдарга, башкача айтканда Караханиттер дооруна жайгаштырып, Манасты Чыгыш Тянь-Шандан Анадолуга чейин эскерилип келген каарман катары баалайт. Көпрүлү «Манас» эпосун мусулман менен каапырдын жана көчмөн турмуш менен отурукташкан турмуштун кагылышуусун көрсөткөн чыгарма катары эсептейт.148 Түркияда «Манас» эпосу боюнча алгачкы диссертациялык изилдөө 1934-жылы Көпрүлүнүн жетекчилиги алдында Шазие Берин тарабынан даярдалган. Көпрүлү 1935-жылы башка студентинин «Манас» эпосу боюнча дипломдук ишине да жетекчилик кылган.149

Түркияда 1990-жылга чейинки мезгилдерде «Манас» эпосу боюнча иш алып барган, «Манас» эпосун Түркиянын илим чөйрөсүнө тааныткан илимпоздордун сап башында Абдүлкадыр Инан турат. Ал – көбүнчө элдик адабият, фольклор, түрк дини жана тарыхы, этнография, түрк тилдери боюнча изилдөөлөр жүргүзгөн, түрк тилдери менен биргеликте арапча, фарсча, орусча жана немис тилдерин билген, 1925-жылдын июль айында Түркияга келип 1976-жылдын 1-октябрында Анкарада дүйнө салган башкурт илимпозу.150 Түркияда «Манас» эпосу боюнча илимий эмгектерди 1934-жылы Инан баштаткан десек жаңылышпайбыз. Инандын «Манас» эпосу боюнча бир топ макалалары бар. Автор ал эмгектеринде эпос жөнүндө кенен маалымат берүү менен бирге, ошол күнгө чейин эпос тууралуу жарык көргөн басылмалар, эпостогу темаларды, Манас деген атты, эпостон үзүндүлөрдү, эпостун бөлүмдөрүн, эпостогу Ислам ишенимдерин, кыргыздардын жашоо шартын, жашоого болгон көз-караштарын, каада-салттарын, эпосто камтылган негизги идеологияны жана каармандарды ж.б. изилдеген151. Инандын эпостун кыскартылган текстинин түрк тилине котормосу камтылган «Манас дастаны» (1972) аттуу бир китеби басылып чыккан. Ал китеп Түркияда «Манас» эпосу боюнча жарык көргөн алгачкы эмгек болуп эсептелет. Ал эмгек эпостун Түркияда таанылышына жана эпос жөнүндө башка көптөгөн эмгектердин жарык көрүүсүнө пайдубал болгон. Ошондон баштап эпос жөнүндө көптөгөн макалалар, энциклопедия бөлүмдөрү ж.б. жазыла баштаган.152 Белгилей кетчү жагдай, Инандын кыргыздардын тили жана маданияты жөнүндө да эмгектери бар.153

Түркияда 1990-жылдан мурун «Манас» эпосу боюнча изилдөө жүргүзгөндөрдүн бири Проф. Д-р. Мехмет Каплан болуп эсептелет. Проф. Д-р. Мехмет Каплан 1980-жылдарда эпос боюнча бир нече макала жарыялаган.154

1980-жылдарда Түркияда кыргыз таануу тармагында кѳлѳмдүү изилдөөлөрдүн жасалганын көрүүгө болот. Мисалы, Дурсун Йылдырым тарабынан 1979-жылы даярдалган доценттик диссертациясында «Манас» эпосунун Ч. Валиханов тарабынан жыйналган Көкөтөй хан жөнүндөгү бөлүмү изилденген.155

Түркияда «Манас» боюнча изилдөө жүргүзгөндөрдүн бири Бахаеддин Өгел болуп эсептелет. Ал «Түрк мифологиясы» аттуу эмгегинин жетинчи бөлүмүндө кыргыздар жана «Манас» эпосу жөнүндө маалымат берген. Ал эми китебинин онунчу бөлүмүн болсо толугу менен «Манас» эпосуна арнаган. Автор ал жерде «Манас» эпосун түрк маданияты, мифологиясы жана диний көз карашы менен салыштырып чыккан.156

СССР доорунда Түркияда изилденген темалардын бири Чыңгыз Айтматов жана анын чыгармалары болуп саналат. Айтматовдун чыгармалары дүйнөнүн бир топ тилине которулганы менен эч бир өлкөдө Түркиядагы сыяктуу жактырылып баркталбаса керек. Азыркы учурда Түркияда Айтматов жана чыгармалары жөнүндө жүздөгөн эмгектерди учуратууга болот. Айтматовдун түрк тилине которулган алгачкы чыгармасы 1969-жылы жарык көргөн «Копар зинжирлерини Гүлсары (Гүлсарат)» болуп эсептелет. Кийинчерээк, 1974-жылы алты чыгармасы «Жем» басмаканасы тарабынан жарыяланган. Айтматовдун чыгармаларынын жарыкка чыгышы 1990-жылдан тарта көбөйө баштаган. Кийинки жылдарда Айтматов жана чыгармалары боюнча бир топ дипломдук иштер, макалалар жана китептер жазылган.157

1990-жылга чейин Түркияда кыргыз тили жана адабияты боюнча аткарылган кээ бир эмгектер жана котормолор дагы болгон.158

Түркияда кыргыздардын тили, адабияты, тарыхы, маданияты ж.б. жаатындагы изилдөөлөрдүн 1990-жылдан баштап Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы түздөн-түз байланыштардын башталышы менен абдан кѳбѳйгѳндүгүн жогоруда айтып өттүк эле. Кыргызстандын Орто-Азияда көз карандысыздыкка ээ эң демократиялык өлкө болушу, өлкөгө кирүү-чыгуунун жеңил болушу, кыргыздардын өтө бай оозеки жана жазма адабиятка жана фольклорго ээ болушу, адабият булактарынын оңой менен табылышы жана албетте түрк изилдөөчүлөрүнүн кыргыздарга жана алардын тилине, маданиятына болгон кызыгуусу жана сүйүүсү изилдѳѳлѳрдүн Түркияда кѳбѳйүшүнѳ таасир эткен. Бул бир гана тил, адабият жана маданият тармагында гана эмес, тарых, география, экономика, саясат, эл аралык мамилелер, туризм, археология, саламаттыкты сактоо, гастрономия сыяктуу тармактарда дагы байкалат.

Буга чейин Түркияда кыргыз тили жана адабияты боюнча бир нече библиографиялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Алардын алгачкы экөөсү Хайреттин Ивгин тарабынан 1987-жылы жана 1990-жылы даярдалган.159Андан кийин 1995-жылы Асуман Субашы тарабынан «Түрк эдебияты» журналында «Түркияда Манас изилдөөлөрү» аттуу макала жарыяланган.160 Ошол эле жылы Гүзин Турал жана Нажие Йылдыз эпостун түркчѳ библиографиясы боюнча макала даярдашкан.161 2003-жылы Алпаслан Демирдин «Манастын библиографиялык очерки: Түркияда Манас изилдөөлөрү» аттуу макаласы «Манас» университетинин коомдук илимдер журналында жарыяланды.162 Ошол эле журналда 2004-жылы Фахри Солактын тил, адабият, география ж.б. ар тармактуу изилдөөлөрдү камтыган Кыргызстан жөнүндөгү эң көлөмдүү библиографиясы жарыяланган.163 Тарыхчы Абдрасул Исаковдун да бул темаларда бир канча макаласы басылып чыккан.164 2013-жылы Жаштегин Тургунбаев «Кыргызстан жана кыргыздар жөнүндө түрк тилинде академиялык эмгектердин библиографиясы: 2009-2012-жылдар» аттуу макаласын жарыялаган.165 2014-жылы Абдурасул Исаков менен Гүлдана Мурзакулованын «Түркияда билим алган кыргызстандык магистрант жана докторанттардын диссертациялары» аттуу эмгеги «Кыргызстан достук жана маданият коому» тарабынан жарыяланган.166 2015-жылы Шуле Гезердин «Түркияда кыргыз дастандары боюнча жасалган эмгектер» аттуу макаласы,167 Сонуч Гүнгөрдүн «Кыргыздарда акындык салты боюнча түрк тилинде жазылган эмгектер» аттуу макаласы Каратекин адабият факультетинин журналында жарыяланган.168

Жарыяланган изилдѳѳлѳрдѳн белгилүү болгондой эле, бул библиографиялык изилдөөлөр негизинен кыргыз эпостору, айрыкча «Манас» эпосу жөнүндө болгон. Жогоруда сөз болгон библиографиялардын арасында кыргыз тили боюнча изилдөөлөр көрсөтүлгөнү менен169 түздөн-түз кыргыз тили боюнча даярдалган библиографиялык изилдөөлөрдү жолуктура албадык. Бул изилдөөнүн негизги максаты Түркияда кыргыз тили боюнча библиографиялык эмгек даярдоо болуп саналат. Түркияда жакшы изилденген багыттардын бири катары кыргыз тили боюнча жазылган көптөгөн китептер, макалалар жана дипломдук иштер бар. Мунун баарын бир макалада көрсөтүү мүмкүн болбогондуктан бул жерде библиографиялар магистрдык жана доктордук диссертациялар менен чектелди. Түздөн-түз тил изилдөөлөрүнө багытталган диссертациялар менен биргеликте тилдик изилдөөлөр жүргүзүлгөн эпос, роман, поэма, поэзия ж.б. ар түрдүү адабий тексттер боюнча диссертациялар да кошулду. Ошондой эле бир топто, же башка топтордогу түрк тилдери менен салыштырмалуу түрдө изилденген диссертациялар да камтылды.

Библиография үч бөлүмдөн турат. Биринчи бөлүм 1990-жылга чейинки мезгилде кыргыз тили жана адабияты багытында аткарылган эмгектердин изилденгендиги тууралуу алгы сөздөн турат. Диссертациялардын толук аттары жайгашкан экинчи бөлүм эки майда бѳлүмгө бөлүнүп, биринчи бөлүмдө доктордук диссертациялар, экинчи бөлүмдө магистрдик диссертациялар жайгаштырылды. Доктордук жана магистрдик диссертациялар «Түздөн-түз тилге багытталгандар» жана «Адабий тексттердин негизинде грамматикалык изилдөөлөр» деген темада эки топко бөлүнүп көрсөтүлдү. Үчүнчү корутунду сөз бөлүмүндө болсо алынган жыйынтыктар көрсөтүлдү. Диссертацияларды аныктоо учурунда бир гана темасынын аталышына каралбастан, бардык диссертациялар мазмуну жагынан изилденип, эгерде мазмунунда грамматикалык изилдөөлөр камтылган болсо гана библиографияда көрсөтүлдү. Бул жагынан алып караганда кыргыз тили менен кандайдыр бир деңгээлде байланышы болгон араб тили, тарых сыяктуу кафедраларда, теология факультеттеринде корголгон диссертациялар да макалага киргизилди. Толук мазмуну болбогон диссертациялар кыскача мазмунунун негизинде текшерилип кабыл алынды. Диссертациялардын толук аталышы, аны даярдагандын аты-жөнү, анын темасы, түрү, даярдалган университеттин аты, институттун жана кафедранын аты, университеттин жайгашкан шаары, диссертациянын корголгон жылы, жетекчиси жана бети ирети менен көрсөтүлдү. Диссертациялар даярдалган кафедра кыргыз тили боюнча диссертациялардын кайсыл кафедраларда даярдалгандыгын белгилөө максатында жазылды. Бардык дипломдук иштер авторлордун фамилиясына жараша алфавиттик катар боюнча тизмектелди. Бул макала Кыргызстанда кыргыз тили боюнча изилдөө жүргүзө турган студентер жана окумуштуулар үчүн пайдалуу болот деп ишенебиз.

Библиография

1. Доктордук диссертациялар

1.1. Түздөн-түз тил жөнүндө жазылган доктордук диссертациялар

1.1.1. ALİBEKİROĞLU, Sertan, Çağdaş Türk Lehçelerinde Yardımcı Fiiller, Doktora Tezi, Fırat Üniversitesi, Sosyal Bilimler Enstitüsü, Türk Dili ve Edebiyatı ABD, Elazığ, 2014, Tez Danışmanı: Prof. Dr. Ahat Üstüner, 209 s.

1.1.2. ALİMOVA, Jyldyz, Türkiye Türkçesi Ağızları İle Kırgız Türkçesinin Söz Varlığı Açısından Karşılaştırılması, Doktora Tezi, Ege Üniversitesi, Sosyal Bilimler Enstitüsü, Türk Dili ve Lehçeleri ABD, İzmir, 2011, Tez Danışmanı: Prof. Dr. Gürer Gülsevin, 362 s.

1.1.3. ALKAYA, Ercan, Kuzey Grubu Türk Lehçelerinde Edatlar, Doktora Tezi, Fırat Üniversitesi, Sosyal Bilimler Enstitüsü, Türk Dili ve Edebiyatı ABD, Elazığ, 2002, Tez Danışmanı: Prof. Dr. Ahmet Buran, 678 s.

1.1.4. ATABEY, İbrahim, Türkiye Türkçesi ve Kırgız Türkçesinin Kelime Grupları Bakımından Karşılaştırılması, Doktora Tezi, Gazi Üniversitesi, Sosyal Bilimler Enstitüsü,Türk Dili ABD, Ankara, 1998, Tez Danışmanı: Prof. Dr. Ahmet B. Ercilasun, 283 s.

1.1.5. BALCİ, Onur, Kazak ve Kırgız Türkçelerinde Yapı ve İşlev Bakımından Fiil Çekimleri, Doktora Tezi, Cumhuriyet Üniversitesi, Sosyal Bilimler Enstitüsü, Türk Dili ve Edebiyatı ABD, Türk Dili Bilim Dalı, Sivas, 2014, Tez Danışmanı: Prof. Dr. Bilâl Yücel, 487 s.

1.1.6. BAYTOK, Aysel, Kırgız Türkçesinde Soru, Doktora Tezi, Ankara Üniversitesi, Sosyal Bilimler Enstitüsü, Çağdaş Türk Lehçeleri ve Edebiyatları ABD, Ankara, 2013, Tez Danışmanı: Prof. Dr. F. Sema Barutçu Özönder, 609 s.

1.1.7. CERİTOĞLU, Murat, Kırgız Türkçesinin Şekil Bilgisi, Doktora Tezi, Çanakkale Onsekiz Mart Üniversitesi, Sosyal Bilimler Enstitüsü, Türk Dili ve Edebiyatı ABD, Çanakkale, 1998, Tez Danışmanı: Yrd. Doç. Dr. Vahit Türk, 383 s.

1.1.8. FAKİRULLAHOĞLU, Muhammed Ali İsmail, Kırgız Türkçesinde Duygu Fiilleri, Doktora Tezi, İstanbul Üniversitesi, Sosyal Bilimler Enstitüsü, Çağdaş Türk Lehçeleri ve Edebiyatları ABD, İstanbul, 2016, Tez Danışmanı: Yrd. Doç. Dr. Kalmamat Kulamshaev, 373 s.

1.1.9. GÜNGÖRDÜ, Erol, Kırgız, Kazak ve Karakalpak Türkçelerinde Fiil, Doktora Tezi, Gazi Üniversitesi, Sosyal Bilimler Enstitüsü, Türk Dili ve Edebiyatı ABD, Ankara, 1998, Tez Danışmanı: Doç. Dr. Leyla Karahan, 351 s.

1.1.10. İSAKUNOVA, Gülnara, Türkiye Türkçesi ve Kırgız Türkçesinin Morfolojik Olarak Karşılaştırılması, Doktora Tezi, İstanbul Üniversitesi, Sosyal Bilimler Enstitüsü, Türk Dili ve Edebiyatı ABD, İstanbul, 2003, Tez Danışmanı: Doç. Dr. Musa Duman, 119 s.

1.1.11. KAMCHYBEKOVA, Kyial, Kırgız Türkçesinde Duyu Fiilleri, Doktora Tezi, Ankara Üniversitesi, Sosyal Bilimler Enstitüsü, Çağdaş Türk Lehçeleri ve Edebiyatları ABD, Ankara, 2010, Tez Danışmanı: Prof. Dr. Ufuk Tavkul, 234 s.

На страницу:
5 из 10