bannerbanner
Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек
Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек

Полная версия

Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек

Язык: Русский
Год издания: 2025
Добавлена:
Настройки чтения
Размер шрифта
Высота строк
Поля
На страницу:
5 из 8

Эки ирет автокырсыкка кабылгандан кийин М. Фрунзенин аш казанындагы жарасы ырбап, хроникалык дартка айланганда дарыгерлер, Саясый Бюродогулар, биринчи кезекте И. Сталин операция жасатуу жөнүндө кеңеш беришет. Ошого таянып айрымдар И. Сталин алдын ала врачтарга тапшырма берип, атайын өлтүрткөн деп да жазып келишти. Б. Пильняк повесть кылып да жазган (4). Рационалдуу ой жүгүрткөн адамга алардын баарын абаркадабр деп койсо болот. Эгерде ошончолук эле жаман көрсө, В. Лениндикиндей аброй-салмагы бар Л. Троцкийди баш кылып, Каменскийди, Зиновьевди, Бухаринди кошо талкалаган И. Сталин үчүн М. Фрунзени бийликтен четтетип салуу кыйынга деле турмак эмес. Анын үстүнө М. Фрунзе бийликтин эң жогорку органы -РСДРП (б) БКнын Саясий Бюросунун мүчөлүгүнө кандидат гана болгон. Анын өлүмүн Л. Троцкийге шылтаган версия да бар.

М. Фрунзенин өлгөнүнүн себеби- үч ирет өлүмдөн аман калып, кан майдандарда кызыл кыргындардын көбүн көргөн менен негедир ал операциядан катуу чоочулаган. Корккон десе да болот. Турмушта андай учурлар кездешет. Россиянын айрым басылмалары убагында белгилүү киноартист Е. Евстигнеев Англиядагы операцияда корккондон эле өлүп калды дегендей божомолдорун жазышты. Биздин оюбузча, ковидден кайтыш болгондордун сезилерлик бөлүгү өтө катуу корккондон эле жарыкчылык менен кош айтышты. Андай психоз болбогон Белоруссияда биздегидей массалык өлгөндөр деле болгон жок. Д. Мережковский да Л. Толстойдун өлүмүнүн себеби жөнүндө ушундай ойду айткан. Көркөм чыгармаларында, макалаларында адамдарды кайраттуулукка чакырган улуу сүрөткер жана улуу ойчул өзү өлүмдөн чындап коркуп, анын жакындап калганын сезгенде баарын таштап, арабасын чектирип, алды артын карабай жөнөгөн экен.

Б. Пильняк да чоң сүрөткер катары М. Фрунзенин өлүмүнүн чыныгы себебин интиутивдүү түрдө сезген менен аны саясатка айландырып жиберген. Мүмкүн, операциядан аман чыкпастыгы жөнүндө ага аян келгендир же нервинин жукаргандыгынан улам ошондой болгондур. Наркоз беришсе да жарым саатка чейин уктата албай коюп, ага хлороформду кошушканда организми аны көтөрө албай калган. Эскерүүлөрдө, М. Фрунзе сөөгү өзүнүн жаштык кезинин бир учуру өткөн Иваново облусундагы Шуя шаарына коюлушун каалаганы айтылат. Бирок, тарых башкача чечти. Анын колбашчылыгы жана мамлекетке сиңирген эмгеги эң жогору бааланып Кремлдин дубалынын түбүндөгү эң ардактуу жерге коюлду. Советтик мезгилдеги 74 жылдын ичинде ал жерге 12 адамдын гана сөөгү коюлган. Жергебизде туулуп өсүп, Бишкегибизде жүрүп, жаңы заманды курганга эбегейсиз чоң салым кошкон адамдын ал жерден түбөлүк жай табышы биз үчүн чоң сыймык болуп саналат.


АДАБИЯТТАР


1. Архангельский В. В. Фрунзе, М. «Молодая гвардия», 512 с.

2. История Киргизской ССР. С древнейших времен до наших дней. В пяти томах. Том третий. Редколлегия: Каракеев К. К. (главный редактор), Зима А. Г., Будянский Д. М. и др. Ф. «Кыргызстан», 1986. 652 с.

3. Образование СССР. Сборник документов (1917—1924), под. ред. Э. Б. Генкиной, М-Л. Изд. Академия наук СССР. 1949., 472 с.

4. Пильняк Б., Повесть непогашенной луны, М. «Книжная палата», 1989, 352 с.

Абдыкерим Сыдыков – мамлекеттигибиздин кайра жаралуусунун башкы идеологу

«Аны адабияттарда кыргыз мамлекеттигинин негиздөөчүсү, кыргыз Ататүркү деп аташат» (1:89) деп жазган А. Сыдыков жөнүндө тарыхчы З. Курманов.

Бизде бирөөнү мактап-жактаганда ашыра чаап көкөлөтүп жиберсек, анын атаандашына келгенде позитивдүү жактарын көрбөстөн кемчиликтерине гана басым жасай берүү мурдатан салт болуп калган. Тарыхнаамабызда шек келтирип, кол тийгизке айландырылган оң каармандар менен бирге дайыма аларга каршы коюлчу дүжүр терс каармандар бар. Биринчилердин иш аракеттери дайыма элдин, мамлекеттин кызыкчылыктарына негизделген конструктивдүү болгонбу же дүжүр терс каармандардын иштеринде да айрым позитивдүү көрүнүштөр барбы? Алсак, Р. Худайкуловчулардын 1925-жылдын 27-30-мартындагы советтердин Уюштуруу сьездиндеги М. Каменскийди колдоп, аны аягына чыгаргандыгын негативдүү деп айтканга болбойт. Анан падышалык Россиянын жергиликтүү кеңселеринде котормочу, катчы, полицай ж. б. түгүл, болуш, ыстарчын болуп иштегендерди деле мамлекеттик ишмерлер деп атай берүү туура эмес деп ойлойбуз. Ал советтик мезгилде райком, шааркомдордо, БКларда инструктор болуп иштегендерди саясий ишмер деп атагандай эле парадоксалдуу көрүнүш. Ал эми биздеги тарыхый эмгектердин көпчүлүгүндө котормочу, катчылар мамлекеттик кызматкер деп аталып келатышат. Өз алдынча мамлекеттик масштабдагы чоң маселелерди чечкенге ыйгарымдары бар, аны көп жылдар бою аткарып келгендер-мамлекеттик, ошондой деңгээлдеги саясый кызмат орундарын аркалагандар, коомдо таасири чоң партиялардын лидерлери гана- саясий ишмерлер деп аталышат.

Мустафа Кемаль Осмон империясынан калгандарды бириктирип, бир нече жылдык көз карандысыздык үчүн согушта жеңишке жетишип, он жети жыл өзү түзгөн мамлекетти башкарып, биротоло арабдашып кеткен түрк элин баштапкы тарыхый иденттүүлүгүнө кайтарып, ишенимдүү лайыктык өнүгүү жолуна салгандыгы үчүн -түрктөрдүн атасы катары тарыхка кирип калды. Ошол убакта Николай- 2де Стамбулду басып алып, кайрадан Константинополго же Россиянын славянофилдери жазышкандай, экинчи Римге айландыруу планы болгон. Тымызындан айрым христиан өлкөлөрүнүн жетекчилери менен макулдашылган ал планга 1917-жылдын февраль революциясынан кийин биротоло чекит коюлган. Бул тууралуу И. Сталин 1917-жылдагы“Декларация прав народов России» деген сөзүндө: «Мы заявляем, что тайные договоры свергнутого царя о захвате Константинополя, потвержденные свергнутым Керенским, -ныне порваны и уничтожены… Мы заявляем, что договор о разделе Персии порван и уничтожен… Мы заявляем, что договор о разделе Турции и «отнятии» у нее Армении порван и уничтожен…» (2:47) деген. Октябрь революциясынан кийин большевиктер менен Түркиянын жетекчилигинин тез тил табышып кеткендигинин негизги себеби ушунда болгон. Ал Дүйнөлүк экинчи согушта Түркиянын гитлердик коалицияга кошулуудан баш тартуусуна да таасирин тийгизбей койгон эмес.

Булар ыгы келгенде айтылып кетти, өз сөзүбүздү улантсак, Абдыкерим Сыдыковду кыргыз мамлекеттигинин кайра жаралуусунун Башкы идеологу жана күрөшүүчүсү деген тарыхый чындыкка ылайык келет. Ал 1921-жылы биринчи Кара-Кыргыз Тоолуу облусун түзүү демилгесин көтөргөн, андан кийин ККАОну түзүү үчүн күрөшүп, аны ишке ашыргандардын жетекчиси болгон, бирок тилекке каршы, бир күн да анын жетектеген эмес. Ал эми мамлекеттин атасы деп аталуу үчүн Мао Цзедундай же Ататүрктөй, аны жетектеп, калыптандыруусу керек.

Бизде адатта тарыхый инсандардын ишмердиги кеңири чагылдырылган менен алардын инсандык сапаттарына, кулк-мүнөздөрүнө таптакыр көңүл бурулбайт, маани берилбейт десе да болот. Тарыхчылар аны көркөм чыгармачылыктын прерогативисиндеги нерселер катары эсептешет. Негизинен ал туура. Илимпоздор окуяларды, фактыларды тизмектешип, анын себептерин ачып беришсе, көркөм чыгармачылык образдар аркылуу ой жүгүртөт. Бирок, тарыхый инсандын ошол убактагы иштерин толук түшүнүү үчүн анын адамдык сапаттарын да жетишерлик үйрөнүү, билүү керек. Алсак, орустун чыгаан тарыхчысы В.О.Ключевскийдин лекцияларынын бири- «Петр Великий. Его наружность. Привычки. Образ жизни и мыслей. Характер» (3:27) деп аталат. В. Ключевский анда ж. б. лекцияларында Петр – 1нин сырткы көрүнүшүн, мүнөзүн, жакшы жаман сапаттарын кудум көркөм чыгармадагыдай кылып сыпаттап ачып берген. Эгерде бизде тарыхый инсандардын бири ошондой өңүттө сүрөттөлсө, аны айрымдар, биринчи кезекте анын урпактары маскаралап, шылдыңдагандай кабылдашмак. Бизде калыптанган стереотипке ылайык, мамлекеттик ишмер бир жактуу макталышы же караланышы гана керек. Ал эми тарыхый инсандарга деле «ничто человеческое не чуждо» болгон, аралашып жүргөндөрдүн көбү алардын тарыхый инсандардан экенин толук аңдап, түшүнүшкөн деле эмес.

Чындыгында адамдын мүнөзүн жакшы билмейинче, ага тигил же бул чечимди кабыл алууга түрткү берген мотивдерди түшүнүү кыйын. В. Ключевский фактыларды, окуяларды кеңири өңүттө саясий, социалдык жана географиялык факторлордун тутумунда карап, талдаган. Бул жагынан анын ыкмасын Л. Н. Гумилёв улантты. Ал эми бизге Ж. Абдрахмановдон башка тарыхый инсандардын турпаттары, мүнөздөрү жана адаттары жөнүндө фрагменттик эскерүүлөрдү эске албаганда толук маалыматтар жетпеди. Инсандык өзгөчөлүктөрү белгисиз болгондуктан алар биз үчүн компьютердей же бир механизмдей функцияларды гана аткарышкан абстракттуу нерселердей кабылданат. Эгерде бирөө алар жөнүндө көркөм чыгарма жазгысы келсе, көбүн ойдон чыгарганга аргасыз болот. Бирок, ал алардын чыныгы турмуштук бейнелерине канчалык деңгээлде жакындашат, ал да өзүнчө маселе.

Абдыкерим Сыдыковдун өмүр жолуна канчалык үңүлүп, иликтеп үйрөнгөн сайын карама-каршылыктуу ойлор, суроолор көбөйүп, анын кандай адам болгонун түшүнүүгө болгон ынтызар-ыкласың ошончолук арта берет. Сөзсүз, ал Н. Тихонов: «Гвозди бы делать из этих людей, не было бы в мире крепче этих гвоздей» деп жазгандай, инсандык өзөгү бекем, максат кылганын аткармайынча кайра тартпаган, эл жана мамлекет үчүн жанын да аябаган, өз принцибин мансаптык кызыкчылыктардан жогору койгон адам болгону көрүнүп турат. Бирок, тез-тез эле кызмат ордунун алмаша бергени, партиядан үч ирет чыгарылып, үч ирет кайра кабыл алынып, төртүнчү жолу чыгарылганда өмүрүнүн трагедиялуу аяктаганы анын мүнөзү өтө татаал инсан болгонун да айгинелейт. Адатта саясий, мамлекеттик иштерде такшалып, анын ачык, жабык оюндарын мыкты өздөштүргөндөрдө өзүн-өзү сактоо инстинкти аябагандай күчтүү, чыныгы оюндагыларды билдирмек түгүл шек да алдырбаган айлакер куулардан болушат. Маселен, И. Сталиндин биринчи душманы ал эң ишенимдүү төрт адамдын бири деп эсептеген Н. С. Хрущев болгону- ал өлгөндөн кийин ачыкка чыккан. Сарайлык төңкөрүштү уюштуруп, бийлигин тартып алган Л. И. Брежневди да Н. С. Хрущев убагында ишенимдүү шакирти катары эсептеген. Ал эми биздин мамлекеттигибизди түптөгөндөрдүн башында турган А. Сыдыков, Ж. Абдрахманов, Э. Арабаев, И. Айдарбеков ж. б. андай катаал мектептен өтпөгөн, декабристтер менен «Народная волячылдардай» эркиндиктин, теңдиктин келгенине бөрктөрүндөй ишенип, Кыргыз мамлекеттигин кайра жаратууну гана көздөшкөн романтик-максималисттерден болушкан. Ошон үчүн аларга М. Каменский: «бул жерде большевиктер барбы? Жок! Большевик болгонго аракет кылышкандар гана, бирок азырынча алар жок» (5:94) деген мүнөздөмө берип, Кыргызстанда таптык күрөш да жоктугун, уруу-уруктардын кызыкчылыктарына негизделген топтук күрөштөр гана бар экенин айткан. Ал туура, аны убагында И. Айдарбеков да, Ж. Абдрахманов да моюндарына алышкан. Россиянын коомчулугуна коммунисттик идеология акырындап жайылып сиңип, күчтүү кыймылга айланышы үчүн 40—50 жыл талап кылынса (4:13), феодалдык-патриархалдык түзүлүштөн чыга элек, марксизм-ленинизм жөнүндө жаңыдан уга баштаган менен анын эмне экенин деле билбеген кыргыздарда 2—3 жылдын ичинде коммунисттик идеологияга берилген большевик кайдан чыкмак? Ал жөн эле ишке ашкыс нерсе болгон. Марксизмди-ленинизмди алар түгүл докторлук, профессордук даражалары бар окумал тарыхчылар толук түшүнүшөр бекен? Кыргызстан коммунисттердин башкаруусунда 74 жыл жашады. Бул мезгилдин ичинде биздин республикабызда чыныгы 74 коммунист калыптанып, жаралганына ишенесиздерби? Бул дагы талаштуу маселе. Жөнөкөй мүчөлөрүн айтпай эле коёлу, Жогорку Партиялык мектептерди, эң абройлуу Коомдук Академияны аяктап, Борбордук Комитеттерди, облпартуюмдарды жетектеп жүргөндөр деле убагында компартияны жактап бир ооз сөз айтышпай, партбилеттерин ыргытып, жаңы антикоммунисттик бийликке кошулуп кетишкенин унута элекпиз. Айрымдары өз кызматтарынын аркасы менен тез эле олигархтарга айланышты. Мындан бизде мурдатан эле партиялар, бирикмелер идеологиялык күрөштүн эмес, бийликке жеткизүүчү топтук күрөш катары гана эсептелип келген, ал биздин улуттук мүнөзүбүзгө жана психологиябызга биротоло сиңген деген жыйынтык чыгарса болот. Аны ошол убактагы саясатчылар эң сонун түшүнүшкөн, моюндарына алышкан. Ал жөнүндө Ж. Абдрахманов: «в программах и действиях этих партий”нет отличий», а разделиние на партии дует расмматриавть «как борьбу за власть между отдельными эксплуататорскими группами» деп жазган (6:44). Чын-чынына келгенде Маркстин, Лениндин идеологиялары эч кимди кызыктырган да эмес. Алар кезектеги ураан-чакырыктар катары гана кабылданган. Ошондой саясий жана тарыхый шартта топтук күрөш улуттук-мамлекеттикти калыбына келтирүүнүн негизги формасына айланып кеткен. Анткени, ККАОнун тагдыры айыгышкан топтук күрөштөрдө чечилген. Эгерде 1922-жылы Р. Худайкуловчулар жеңип кетишсе, өз алдынча облус түзүү маселеси, мүмкүн, биротоло жабылмак.

Абдыкерим Сыдыковдун саясий жолу аябагандай татаал инсан. Ал 1917-жылы Пишпекте казак-кыргыздардын «Алаш» партиясынын бөлүмүн түзүп, ошол эле мезгилде солчул эсерлердин (социал революционерлер) катарына кирет. «Алаштын» Пишпектеги бөлүмү жоюлуп, 1918-жылы июлда эсерлердин козголоңу күч менен басылып, анын ишмердигине тыюу салынгандан кийин ошол жылы августта большевиктер партиясына мүчө болуп өтөт. Андан көп өтпөй 1918-жылы 30-сентябрда Пишпек совдептин улуттук иштер боюнча комиссары, ревтрибуналдын мүчөсү Х. Хасанов А. Сыдыковду бир нече адамдар менен бирге «контрреволюциялык иштерди жүргүзгөн, паракор, бай-манаптардын кызыкчылыктарын коргойт» деп айыптап кылмыш ишин козготтурат. Аны Пишпек уездинин А. Иваницын, И. Меркун, Г. Безбородов сыяктуу белгилүү большевиктери жетектеген Ревтрибуналы текшерип,1918-жылы 11-октябрда эч кандай ынандырарлык далил жок, тескерисинче Х. Хасанов күбөлөргө акча берип, жалган көрсөтмөлөрдү бердирген, атайылап кутумдук уюштурган деген жыйынтыкка келип, ага карата кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечим чыгарат. 1918-жылы декабрда Беловодскийдеги оокаттуу орустар жана дунгандар чыгарган козголоңдо Х. Хасанов кармалып, алар тарабынан өлтүрүлгөн. Ал козголоңдун чыгуусуна «аскердик коммунизм» саясаты же Беловодскийлик дыйкандардан ачтарга жардам деген шылтоо менен 12 миң пуд эгиндин тартып алынышы себеп болгон (5:37).

Кийин А. Сыдыковду падышалык Россиянын офицери катары 1916-жылдагы элдик көтөрүлүштү басууга катышкан, ал үчүн сыйлыкка көрсөтүлгөн деп айыпташкан менен ал да далилденген эмес. Булар ошол убакта тергеп, териштирүү иштери толук саясатташа электигин, белгилүү деңгээлде калыстык, обьективдүүлүк сакталганын да көрсөтөт. 1937-1938-жылдарда андай айыптоо тагылса, андан эч ким аман калмак эмес.

1920-жылы советтердин Бүткүлтүркстандык IХ сьездинде А. Сыдыковдун теги бай-манаптардан чыккан мурдагы полиция кызматкери деген айыптоо коюлуп, партиялуулугун кароо жөнүндө биринчи ирет маселе көтөрүлүп, ал А. Сыдыков азыр компартиянын мүчөсү экени эске алынсын деген формулировка менен чектелген. А. Сыдыков 1921-жылы Кара-Кыргыз Тоолуу автономдуу облусун түзүү жөнүндө демилге менен чыкканда анын манаптын тукуму, мурдагы офицер экенин кайра эстешип, 1922-жылдын мартында партиядан чыгарышып, Жети-Суу облаткаруу комитетинин төрагалык кызматынан бошотушат. Бирок, ошол жылы июлда партияга кайра кабыл алынган.

Ал 1922-жылы декабрда советтердин Бүткүлроссиялык ХI сьездине делегат болуп шайланып, Кыргызстандык СССРди түзүүгө катышкан эки адамдын бири катары да тарыхка кирген. Экинчиси-М. В. Фрунзе.

1924-жылы эки ирет партиядан чыгарылып, эки ирет кайра кабыл алынат. Биринчисинде Түркстан компартиясынын БКсынын Көзөмөлдөө Комитети 1916-жылдагы көтөрүлүштү басууда Пишпек уездинин начальнигинин жардамчысы болуп, массалык кыргындарга катышып, ал үчүн алтын медаль менен сыйланган, эсерлик советтердин Пишпек фракциясына кирген деген айып коюлса, алардын көбү далилденбегендиктен ошол эле жылы 14-июнда партияга кайра кабыл алынат. Мында көңүл бурчу жагдай, башка сыйлыктарын эске албаганда да алтын медаль, болгондо да кыргыздарга кыргын болуп жаткан 1916-жылда жөн жеринен эле берилбегенин да танбоо керек. Ал тууралуу азыр ар кандай божомолдорду жасаса боло берет, бирок чындыкты тарых гана билет. Мүмкүн, бул маселеге биротоло чекит коё турган материалдар да архивдердин биринде жаткандыр.

Экинчисинде, 1924-жылы 16-сентябрда партиядан чыгарылып, ошол эле жылы 11-декабрда кайра кабыл алынган. Ошондон улам облБюрого да, Ревкомго да кирбей калган. Кийинчерээк Ревкомдун бир бөлүмүнүн башчылыгына бекитилген. Москвага барып ККАОнун айрым маселелерин чечип келип турган. Анан ККАОнун Орто Азиядагы өкүлү болуп дайындалган. Ал 1925-жылы мартта облпартиялык конференцияда эч кандай жооптуу кызматка сунушталбаган менен 27-30-марттагы советтердин Бүткүлкыргызстандык уюштуруу Курултайына активдүү катышып, эки жолу чыгып сүйлөгөн. Ал эми анын шакирттери Ж. Абдрахманов, Э. Арабаев ж. б. Курултайга бойкот жарыялашып, анын ишине катышпай коюшкан.

Айрым тарыхый эмгектерде Курултайда М. Каменскийдин кысымы менен БАКтын 66 мүчөсү жана кандидаты шайланса, алардын 27си делегат болбогон, демек ал мыйзамсыз деп жазылып келет (4:29). Эгерде азыркы түшүнүк менен алса, Уюштуруу Курултайынын легитимдүүлүгү деле шек жаратпай койбойт. Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөр, Курултайдын отурумдарына 135 делегаттан 52ден 70ке чейинкиси катышса, 68ден аз делегат катышкандарынын баары кворумсуз өткөрүлгөн болуп жатпайбы. М. Каменскийдин жана анын тарапкерлеринин чечкиндүүлүктөрүнөн улам жактоочулардын санын эптеп 70ке жеткирилип, Кыргызстандын жаңы тарыхындагы алгачкы легитимдүү башкаруу органдары түзүлгөн.

Ал эми делегат эместердин облаткаруу комитетине шайлануусуна келе турган болсок, шайлануучу органдарда илгертен бери эле кооптация деген түшүнүк бар. Ал РСДРПда кеңири колдонулган. Эгерде делегат болуп катышпаса да макулдугун берсе, аны Курултай туура деп тапса, БКга, а түгүл андан жогорку органдарга шайласа деле боло берет. Улуу Октябрь Революциясына чейин большевиктердин В. Ленин баштаган жетекчилери деле сьезддерге катышпай, ар жактарда жашырынып жүргөн жерлеринен жетекчи органдарына кооптация болушкан. Биз муну Уюштуруу Курултайындагы кооптацияны айрымдар алиге чейин мыйзамсыз көрүнүш катары көрсөтүп келатышкандыктарынан улам айтып жатабыз.

1925-жылы мартта партиянын, БАКтын жетекчи органдарына шайланбай калгандан кийин А. Сыдыковдун саясий жана мамлекеттик органдарындагы карьерасына чекит коюлган. Ага чейин Орто Азиянын көп жерлериндей эле, саясий анархия өкүм сүрүп келсе, андан кийин кадрларды тандап, жайгаштыруу партиянын катуу көзөмөлүнө өткөн. Ал мезгилде партиядан үч ирет чыгарылып, үч ирет кайра кабыл алынган инсандын жаңы жетекчиликти кооптонтуп, шектендиргени мыйзам ченемдүү көрүнүш. 1925-жылы 22-июнда «партиялык комитетке каршы чыккандыгы жана топтук тирешүүлөргө катышканы үчүн» деген айыптоо менен А. Сыдыков төртүнчү жолу партиянын катарынан чыгарылат. Андан кийинки жылы анын түбөлүк атаандаштары Р. Худайкулов, Д. Бабаханов баштагандар да «Ур-Токмоктун» иши боюнча кармалышып, оор күнөөлөр коюлуп, партиядан чыгарылып, ар кандай мөөнөттөрдө эрктеринен ажыратылышат. Ошентип «мавр өз ишин жасады, эми мавр кетиши керек» деген принцип колдонулат.

Тилекке каршы, чоң бийликтегилердин баардыгынын принциптери ошондой. Аларга биринчи кезекте туруктуулук, лоялдуулук керек. Эгерде М. Каменскийдин ордунда Т. Усубалиев болсо деле ошону жасамак. Антпесе күчтүү башкарууну түзмөк түгүл, өз бийликтерин да кармап кала алышмак эмес. Мында айтарыбыз, М. Каменскийди ашкере бокочого айландыра бербөө керек. Ал Москвадан ККАОнун партиялык уюмун гана эмес, мамлекеттик башкаруу органдарын түзүү үчүн келип, кысым-басым менен болсо да өз милдетин аягына чейин аткарган. Анын иш-аракеттерин, ошол убактагы саясий-психологиялык кырдаалды туура түшүнүү менен калыс карап, адекваттуу кабылдоо гана зарыл. Ал эми түшүнгөн адам кечирет.

Тарыхка «отузунчулардын каты» деген атта кирип калган РКП (б) БКга, анын Орто Азиядагы Аткаруу Комиссиясына жөнөтүлгөн кат М. Д. Каменскийдин мансабына чекит койгон менен аны жогорку партиялык органдар топтук тирешүүнүн дагы бир формасы катары кабылдап, куугунтук башталган. Ал катта: облустук партиялык уюм бийликти узурпациялап, советтердин жана БАКтын иштерине гана эмес, батирлерди бөлүштүрүүгө чейин кийлигишип жатканы жөнүндө айтылып, ага карата чара көрүү талап кылынган. Натыйжада катка кол койгондордон А. Сыдыков партияда калганга мүмкүн эмес деп табылып, 14 адамга партиялык катуу жазалар колдонулган. Р. Худайкуловго эскертүү берүү менен чектелишкен. Андан кийин А. Сыдыков САКУда иштеп бир катар макалаларды жазып, баяндамаларды жасаган. 1932-жылы КАССРдин Мампланынын мал чарба секторуна башчы-Төраганын орун басары кызматына чакырылган менен бир жыл өтпөй камакка алынып, репрессияланган. Алиге чейин анын сөөгү кайда көмүлгөнү белгисиз. Ошондо мурдагы «Алашчылар», Социал-Туранчылар» Кыргызстанды Союздан бөлгөнү жатышат деген айыптоо менен 60тан ашык адам камакка алынса, К. Тыныстановду баш кылып, алардын бир бөлүгүн обкомдун биринчи катчысы М. Белоцкий сактап калган экен (4:35). Ал убакта НКВДнын жетекчилери партиялык органдарга түздөн түз баш ийишкен эмес. Эгерде зарыл деп табышса, өздөрү мүчө болуп турган партиялык органдардын жетекчилерин деле камакка ала беришкен. Ага бир мисал катары Кыргызстандын НКВДсынын жетекчиси И. Лоцмановдун республикалык партиялык уюмдун биринчи катчысы М.К.Аммосовду камакка алганын көрсөтсө болот.

А. Сыдыков эки жылдын ичинде үч партияга мүчө болуп өткөн. Мүмкүн, ал М. Каменский жазгандай ал большевик- коммунист деле болбогондур. Азыр ал эч кимди деле чындап кызыктырбайт. Анын партиядан төрт ирет чыгарылуусуна тегинен сырткары компромисстерге баргысы келбеген, оюндагыларды ачык айткан бетке чабарлыгы да себеп болгону шексиз. Анткени, большевиктер ийкемдүүлөрдүн тектерин деле сүрүштүрүшкөн эмес. В. Ленин өзү дворянин, И. Сталин диний семинарийдин бүтүрүүчүсү, ошол убактагы Түркстандагы элдердин жетекчилеринин дээрлик баардыгы бай-манаптардын, эзүүчү тап деп эсептелгендердин тукумдарынан болушса (ал убакта кедей-кембагалдардын балдарынан сабаттуулар дээрлик болгон эмес), анын тегин сүрүштүргөндүн кимге зарылчылыгы бар? Дүйнөлүк биринчи согушта падышалык Россиянын баатыры болгон командирлер (кресттер менен сыйланган) кийин Кызыл Армиянын да баатырлары болушпадыбы! Адатта большевиктер көз караштардын келишпестигинен, ашкере тынчы жоктугунан улам бирөөлөрдү каралап, номенклатурадан биротоло чыгаргылары келишсе, анын өткөндөрүн, тегин, мурдагы иштерин текшертип, алардын жаман жактарын бокочо аргумент кылып алып чыгышкан. Ал 1938-жылдын аягына чейин ачык жүргүзүлсө, көшөгөлөнгөн түрдө компартия ликтен кеткиче колдонулуп келгени эч кимге жашыруун эмес.

Жетиштүү саясий маданият, даярдык жана тажрыйба жоктугунан улам ал убактагы улуттук лидерлерибиздин дээрлик баардыгы эркиндикке, теңдикке, анархия менен чектешкен демократияга, анын ошол бойдон тура берерине терең ишенишип, кыргыз мамлекеттиги үчүн ага жан дилдери менен кызмат кылгылары келген романтик-максималисттер болушкан. Алардын башкы идеологу жана демилгечиси, эң өжөрү-Абдыкерим Сыдыков. Ал саясый жолун дароо туура таба албай көп ирет жаңылган-жазган, адашкан, тилекке каршы, декабристтер менен «Народная волядагылардай», чыдамсыз романтиктердин көпчүлүгүнүн жолу, тагдыры ошондой болот. «Тут ни прибавить, не убавить, так это было на земле» дегендей, аларды ашыкча идеалдаштырбай, ошол эле мезгилде эмгектерине, аткаргандарына кенедей да шек келтирбей карап талдоо, ар кандай шарттардагы иш-аракеттерин адекваттуу түшүнүүгө гана жардам берет. Бирок А. Сыдыков кандай шарттарда болбосун бир нерсени гана туу туткан, ага өмүрүн да арнаган, ал- кыргыз мамлекеттигин кайра жаралтуу болгон. Мына ушул эмгеги менен ал мамлекетибиздин тарыхында маяктай болуп түбөлүккө кала берет.


АДАБИЯТТАР


1. У истоков кыргызской национальной государственности (Ред: Т. К. Койчуев, В. М. Плоских, Т. У. Усубалиев), Б. «Илим», 1996., 384 с.

2. Ленин и Сталин. О Средней Азии и Узбекстана. Т. Партиздат ЦК КП (б) Уз. 1940. 282 с.

3. Ключевский В. О., Сочинения в девяти томах. Т. IV. М. «Мысль», 1989. 398 с.

4. Курманов З., Плоских В. М., Бегалиев С. и др. Абдыкерим Сыдыков-национальный лидер. Б. «Кыргызстан», 1992., 184 с.

5. Курманов З. К., Первый. Посвящается 130-летию выдающегося кыргызского государственного деятеля Иманалы Айдарбекова. СПб., ИПЦ СЗИУ РАНХиГС, 2014., 208 с.

6. Курманов З. К., Политическая борьба в Кыргызстане: 20-ые годы, Б. Илим, 1997. 292 с.

Улуттун рухун жандырган «Эркин Тоо»

Эркин тоо, эркин тоо, эркин тоо,

Эркин тоого мен чыксам….

Элдик ырдан

Дүйнөдө мезгилдик басылмалар көп, алардын айрымдарынын тарыхтары бир нече кылым мурда башталган, бирок «Эркин тоодой» бир элдин, мамлекеттин кайра жаралуусунун символуна айланып, анын саясый, экономикалык жана маданий, билимий жана илимий жактан өнүгүүсүнө өлчөөсүз салым кошкондугу менен анын тарыхына кирип калган басылма аз, жок деп кесе айтса да болот. Анткени,«Эркин тоо”жарыкка келгендегидей саясий, социалдык жана экономикалык, маданий жактан кайра жаралуу ар кандай элдин турмушунда бир эле жолу болот. ККАО түзүлгөндөн бир айга жетпеген убакытта ачылган „Эркин тоо“ биринчиден, облустун саясий, мамлекеттик бийлигинин расмий трибунасы, экинчиден, улуттук тилде жаңылыктарды таркатуучу бирден бир каражат, үчүнчүдөн, мамлекеттик кадрларды тарбиялап, өстүрүүчү мектеп, төртүнчүдөн, элдин кат-сабатын жоюуга салым кошкон агартуучу, бешинчиден, билимди жана илимди, адабиятты жана маданиятты түптөп өнүктүрүүчү ж. б. милдеттерди аткарган. „Эркин-Тоонун“ түзүлүшү Кыргызстанда эл агартуу иштерин өнүктүрүү үчүн, калктын саатсыздыгын массалык түрдө жоюуну уюштуруу үчүн абдан кубаттуу түрткү болду, – деген гезиттин 40 жылдыгына арналган салтанатта сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстан КП БКнын катчысы Б. Мураталиев. Газетанын биринчи саны иш жүзүндө биринчи окуу куралы, биринчи алиппе болуп, эл массасы мына ошол боюнча өзүнүн сабатсыздыгын жоюуга ти» (11:13).

На страницу:
5 из 8