
Полная версия
Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек
Улуу Октябрь Төңкөрүшүнөн кийин кыргыз улуттук-мамлекеттик түзүмүн түптөгөндөрдүн басымдуу көпчүлүгү «Эркин тоонун» редакторлору, кызматкерлери жана активдүү кабарчылары болушкан. Редакторлорун айтсак: Осмонкул Алиев, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакееев, Аалы Токомбаев, Молдогазы Токобаев, Мухамед Дөгдүров, Курмангали Каракеев, Турдакун Усубалиев, Асанбек Токомбаев ж. б. Гезиттин биринчи санын уюштуруп, чыгаргандар: Сыдык Карачев, Хусеин Карасаев, Мустапа Акматов, активдүү авторлору: Жусуп Абдрахманов, Эшеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков, Мурат Салихов, Мукай Элебаев, Жапар Шүкүров, Касымалы Баялинов, Касымалы Жантөшев, Кубанычбек Маликов, Темиркул Үмөталиев….
Элдин, мамлекеттин тарыхында өлбөс-өчпөс из калтырган мындай тарыхый ысымдар менен коммунисттердин «Правда» гезити гана сыймыктана алышы мүмкүн. Бирок, айрымасы Россияда «Правдага» чейин эле жүздөгөн мезгилдик басылмалар, а түгүл тармактык гезиттер жана басмаканалар да болгон. Алыска барбай жакыныраагын эле айтсак, Түркстанда орус тилиндеги «Туркстанские ведомости» деген гезит 1870-жылдын 28-апрелинен айына төрт жолудан чыгарыла баштаган. Жылдын аягынан анын төрттөн биринче көлөмдөгү тиркемесинде араб арибинде эки иреттен өзбек, эки жолудан казак тилдеринде да материалдар басылып турган. Анын максаты-калкты аймакка тийиштүү өкмөттүк, административдик чечимдер, Россиянын тарыхы жана географиясы менен тааныштырып, маданий агартуучулук иштерди жүргүзүү болгон. 1883-жылдан «Тиркеме» өзбек тилиндеги «Туркистон вилоятининг газеты» деген басылмага айландырылып, жумасына бир жолудан 500—600 нускада басылган. 1885-жылы анын материалдары орусчага которулуп «Туркестанская туземная газета» деген атка ээ болуп, нускасы кыйла көбөйтүлүп, жумасына эки жолудан 1901-жылга чейин чыгып келген. Ага Крыловдун, А. Пушкиндин, Л. Толстойдун ж. б. чыгармаларынын өзбекче котормолору, Мукими, Фурхаттын ж. б. чыгармалары, Сократ, Аристотель, Пастер, Американын ачылышы сыяктуу материалдар жарыяланып турган.
1906-жылдын экинчи жармынан «Туркистон вилоятининг газеты» жумасына эки жолудан чыкканга өткөн. Андан кийин «Таракки», Хуршид“, „Восточное обозрение“, „Окраина“, „Русский Туркестан“, „Самарканд“, „Среднеазиятская жизнь“, „Туркестанский курьер“, ал эми аймакта большевиктердин иедологиясы кеңири таркай баштаганда „Солдатский листок правда“, „Молот“, „За народ“ сыяктуу, облустук деңгээлдерде „Асхабат“, „Закаспийская туземная газета“, „Ферганские областные ведомости“, тармактык „Туркестанское сельское хозяйство“, „Туркестанский земледелец“ деген гезиттер, „«Дехкан», «Ислах» деген журналдар чыгарылган. Большевиктер, эсерлер, кадеттер да өздөрүнүн басылмаларын чыгарып турушкан. Же Октябрь революциясына чейин Орто Азиянын Казакстандын аймагынан башка жерлерде 20дан ашык гезит-журналдар басылып турган (1:252—256).
Казакстандын аймагында «1862-1917-жылдар аралыгында казак тилинде араб тамгасы менен 80ге жакын китеп басылып чыккан» (2:102). Анын ичинде Абай Кунанбай уулунун 1886-жылы басылган ырлар жыйнагы да болгон. Ал мезгилде татар, башкыр тилдеринде чыгарылып, казак тилиндеги китептердей эле Орто Азиядагы элдерге да таркатылган гезиттердин саны ондон ашкан. Казак тилиндеги «Дала вилояты» деген алгачкы гезит 1888-жылдан чыгарыла баштаган. Кийинчерээк «Серке», «Казак гезити», «Казакстан», «Эшим даласы», «Казак» гезити», «Айкөп» журналы кошулган (2:103). Алардын айрымдары Кыргызстандын ири элдүү пункттарынын баардыгына, а түгүл Ат-Башыга чейин таркатылган. Фергана өрөөнүндөгү шаарлардын баардыгында, анын ичинде Ошто да китеп дүкөндөрү, күркөлөрү, а түгүл китептерди сатуу менен алектенген соодагерлер да болгон. Кыргызстандагы алгачкы китеп дүкөндөрүн Пишпектин старостасы И. Терентьев менен К. Мальцев ачкан. Экөөсүнүн жылдык китеп жүгүртүүсүнүн көлөмү 8 миң рублге жеткен (1:271). Фергана өрөөнүндөгү китеп саткан жайлардын саны 80ден ашкан. Бирок, «мусулман тилиндеги» китептерди сатуу үчүн атайын уруксат алуу талап кылынган. Алсак, 1912-жылы май-июлда Токмокто, Ак-Сууда (Беловодский) соодагерлерден уруксатсыз сатылганы жаткан 1054 китеп конфискацияланган (1:271).
Жогоруда аталган гезиттерге, журналдарды этникалык кыргыздардан жазылып алып, аларга кабарларды, макалаларды жазып тургандар болгону жөнүндө маалыматтар бар. Бирок, алар улуттук журналистика таануу илиминде таптакыр изилденип, иликтене элек. Кол тийбеген дың бойдон жатат. Эгерде жакшылап изилденсе кыргыздын Октябрь революциясына чейинки журналисттеринин аты-жөндөрү да такталышы мүмкүн.
1917-жылга чейин үч кыргыздын гана китеби чыккан. Алар: Э. Арабаевдин 1911-жылы Уфада басылган «Алифба яки төтө окуу», Молдо Кылычтын 1911-жылы Казандан чыккан «Кыссаи зилзала», Осмоналы Сыдык уулунун 1913-жылы Уфадан жарык көргөн «Тарих кыргызия» деген китептер. Бирок, алардын редакторлору, корректорлору татар улутундагылар болушкандыктан көп сөздөрдү татарлаштырып салышкан (2:103—1913). ХIХ кылымдын аягындагы республиканын түштүгүндө пахтачылык, мал чарбасы боюнча нускамалык мүнөздөгү брошюралар, революциялардын ортосунда (1905, 1917-ж. февраль) саясий баракчалар, «Пржевальский сельский хозяин» (1913 ж.) журналы, «Токмакский листок» (1915 ж.), «Телеграфный вестник» (1916 ж.), «Сельскохозяйственный вестник» (1916 ж.) (1: 278—281) басылмалары чыгарылган. Бирок октябрь революциясына чейин кыргызча бир да гезит же журнал чыккан эмес.
Биз жогорудагыларды кошуна башка элдерде басма, жазма иштери, журналистика 1917-жылга чейин эле аздыр-көптүр калыптанып калса, кыргыздарда ал 1924-жылы 7-ноябрда Ташкентте көптөгөн кыйынчылыктардан кийин биринчи саны жарык көргөн «Эркин тоодон» башталганын даана көрсөтүү үчүн гана келтирдик.
Же «Эркин тоо» ошол мезгилдеги коомдо болуп жаткан окуяларды чагылдыруучу кыргыз тилиндеги жападан жалгыз күзгү болгон.
Гезитке «Эркин тоо» деген ат Эшеналы Арабаевдин сунушу менен берилген. Анын гезиттин №1-санына жарыяланган «Эркин тоо» (Кыргыз калкы) деген чоң макаласын ал аталыштын берилишин негиздеп, чечмелеген түшүндүрмөсү десе болот.
«Канча жүз жылдан бери калк катарына кире албай асман айырарлык жер катуу болуп, жалгыз сыйынганы, кара кылары тоо болуп, жайыкка чыкса жан-жанындагы күчтүү улуттар канын суудай агызып, эркеги кул, катыны тул болуп келгени ар кимге анык белгилүү, – деп жазган ал макаласында. -Ошол көргөн зордук-зомбулуктардын арасында али күнчө маданияттан ыраак калып, бытырап, анан ошол учу-кыйры жок башы асманга жеткен аркайган зоолордун арасына кирип баш калкалап эркин өсүп, сүйлөп келген. Тизилген берметтей болгон, кыркаар тартып катарлашкан калың тоолордун арасында туулуп, ошол тоолордун арасында аркар-кулжа, эчки-текелер менен бирге даң салып, чөптүн гүлүн, жыгачтын бүрүн, суунун тунугун, жаратылыш сыйлыгын кучкан кыргыз калкы сен элең… бири-бири менен аша үндөшө албай келген эл элең.
Кыздын ойну болгондо боз балдар эң мурун Эркин тоодон баштап ырдачу эле:
Эркин тоо, эркин тоо, эркин тоо,Эркин тоого мен чыксам,Эл карааны көрүнбөйтКөлдө жаткан көп өрдөкЫлаачын тийсе бөлүнбөйт.Касабада кар жатат;Ботосу менен нар жатат.Жеңеси менен кыз жатат.Жеңесин өпсө жез татыйт,Кызын өпсө алма, шекер, бал татыйт.…Мындан чыкты кыргыздын көңүлүнчө эң кызык туюлуп, көзүнө эң сонун көрүнгөн нерсе, эң мурун «эркиндик», экинчиси «тоо»… (3).
Түрктөр үчүн – деңиз, армяндар үчүн – Арарат тоосу, болгарлар үчүн -роза гүлү Ата Мекендин символу болсо, кыргыздар үчүн эзелтен -тоолор символ болуп келген. Э. Арабаевдин аныктамасы боюнча, «Эркин тоо» эркин ата мекен дегенди түшүндүргөн. Башкалар да аны ошондой кабылдашкан.
Макаладан ошол мезгилдеги башка авторлорго салыштырганда (айрым түшүнүксүз сөздөрдү эске албаганда) Э. Арабаевдин стили кыйла калыптанып такшалган, тарыхый эстутуму, көркөм табити да жогору болгону көрүнүп турат. Ал эми түшүнүксүз сөздөргө келсек, гезит 6-санына чейин Ташкентте чыккан, андагы басмаканада жалаң орус, татар улутундагы тамга тергичтер (линотипист), корректорлор иштешкен. Ташкент түгүл Фрунзеде деле башка улуттагылар терип, текшеришкенден улам «Манаста» да аябагандай көп грамматикалык каталар кетирилгенин Х. Карасаев убагында көп айткан, көп жазган. Ага ынануу үчүн анын «Манас» дастанынын кол жазмасын, айрыкча Сагымбай Орозбак уулунун арабча жазылган кол жазмасын текшерүүчү илимпоздор үчүн материал» (2:423) деген макаласына көз жүгүрткөн жетишет.
Гезиттин биринчи санына жогоруда айтылгандардан сырткары ошол убактагы эң массалык «Кошчу» уюмунун жетекчиси Р. Худайкуловдун «Кыргыз Кошчу уйуму», Ж. Абдрахмановдун «Лениндин жолунда», тарыхый саресептик мүнөздөгү «Эриктүү автономия. Кыргыз облусу. Кыскача мурунку турмушу» деген макалалар менен А. Токомбаевдин «Октябрдын келген кези» деген ыры, салыктар, автономдуу облустун демографиялык абалы, экономикасы жөнүндө маалымдама ж. б. материалдар жарыяланган.
№2-санына облустук партиялык, райондук уюмдардын иштери, басмачыларга каршы күрөштүн баатыры А. Осмонбеков жөнүндө кабарлар, Айкын деген псевдонимде Сыдык Карачевдин «Эркин тоого» деген ыры, М. Салиховдун, О. Лепесовдун ж. б., №3-санына гезиттин чыгышына байланыштуу куттуктоолор, эл аралык жаңылыктар, ККАО Ревкомунун (Өзгөрүш комитети деп аталат) курамы, А. Сыдыковдун «Кыргыз сарамжалы» деген көлөмдүү макаласы, Б. Калпаковдун, О. Лепесовдун ж. б. материалдары берилген.
Азыркы талап менен алганда материалдардын баяндоолору чаржайыт, стилдери одоно, синтаксистик жактан башаламан, сүйлөмдөрү бошоң экени бир караганда эле көзгө түшөт. Ал убакта кыргыз тили жаңыдан басылмага түшүрүлүп, адабий тилди калыптандыруу жаңы башталганын эске алганда, ал мыйзам ченемдүү көрүнүш болгон.
* * *Адилеттик үчүн кыргыздын алгачкы басылмасынын чыгышында РКП (б) БКнын, ВЦИКтин ролдору да чоң болгонун белгилей кетүү зарыл. Анткени большевиктер бийликке келгенден тартып өз саясатын, идеяларын элдин кеңири катмарына жеткирүүгө өзгөчө басым жасашкан, аны жергиликтүү башкаруу органдарынан катуу талап кылышкан. В. Ленин бийликке келгиче анкетадагы «кесиби» деген жерге «журналист» деп көрсөткөн. Россияда журналисттердин кесиптик бирикмеси түзүлгөндө ага биринчилерден болуп кирген. Ал өзүнүн «Партиялык уюм жана партиялык адабият» деген макаласында мезгилдик басылмалардын баардыгы партиялык уюмдардын ичинде болушу керек деп эсептеген (4:68). Ал эми И. Сталин басма сөз органын партиялык уюмду түптөөнүн пайдубалы катары караган (5:128).
Мындай саясат, талап жергиликтүү партиялык жана мамлекеттик органдарга директивалык мүнөздө жеткирилген.
Жети-Суу облаткаруу комитети менен комиссарлары 1918-жылы 11-октябрда Кыргызстанга байланыштуу «… по мере возможности желательно открытие во всех уездах области народных типографий, как печатных органов местной советской власти. Отделу печати при Облисполкоме, в первую очередь, отпустить в распоряжение Пржевальского Совета необходимый инвентарь на постановку типографии» деген чечим кабыл алган (1:341). Эмне үчүн Пржевальский? Анткени, Пишпекте ага чейин эле басмакана болгон, ал эми республиканын түштүгү Фергана облусуна караган. Ал убакта“Правда» гезити бөлүштүрүүнүн негизинде милдеттүү түрдө уезддерге, болуштуктарга таркатылып турган.
ККАОнун облпартБюросу 1924-жылы 13-декабрда «Эркин тоону» жумасына эки жолудан чыгарып, ага жазылууну уюштуруу, кабарчылар тармагын түзүү боюнча атайын токтом кабыл алган. Ревком 1925-жылы 17-январда мамлекеттик жана коомдук уюмдарга бул иштерге катышуу боюнча циркулярдык кат жиберген. Алар жетиштүү аткарылбагандыгына байланыштуу облБюро 1925-жылы 4-февралда дагы бир токтом чыгарган. Ошол убакта «Эркин тоо» жумасына үч жолудан 2000 нускада чыгарылып, жармысы акысыз таркатылып турган.
Гезиттин биринчи санын чыгарууда көчүрмөчү (айрымдардын кол жазмалары өтө сабатсыз, окуганга кыйын болгондуктан көчүрмөчү каталарынан арылтып, көчүрүп жазган), корректор болгон Х. Карасаев алгачкы сандарды даярдап, басмаканага өткөрүү аябагандай кыйынчылыктарды жаратканын айтса (анткени, бир жерде материалдар кабыл алынып, көчүрүп жазылса, экинчи жерде өзбек, татар кыздары тамгага түшүрүп, алар айрым сөздөрдү түшүнбөй, башкача кылып таштап, үчүнчү жерде кагаздары кыркылып, бүктөлүп дегендей ж. б. Бир ирет «Правда востока» гезитинин басмаканасына кагаздарды бүктөткөнү барса, эшигинде турганы аны кагаздары менен кошо көчөгө ыргытып жибергенин да айткан) (2:237), журналист жана жазуучу, котормочу Мамасалы Абдукаримов аны даярдоого өзбек тилиндеги «Кызыл Түркстан», казак тилиндеги «Ак жол» гезиттеринин редакцияларынын жамааттары жакшы жардам беришкенин, «Эркин тоонун» биринчи санынын жарык көрүүсү Ташкентте иштеген жана окуган кыргыздар үчүн чоң майрам болгонун эскерген (6:4—5). Анын биринчи саны жамааттык жоопкерчиликте жарык көрсө, экинчи санынан тартып жооптуу редактор катары О. Алиев кол коё баштаган.
Ал убакта элдин кат-сабатын жоюу боюнча окуу куралдары жокко эсе болгондуктан гезит ликбездерде, мектептерде гана эмес, айрым окуу жайларында да окуу куралы катары пайдаланылган. ««Мен окуумду аяктагандан кийин САКУнун (Орто Азия Кызыл Университети) рабфагындагы кыргыздарга сабак бердим, -деп эскерген Х. Карасаев. Менин педагог болуу оюмда деле жок болчу. …Ташкенттин көчөсүндө келатып Э. Арабаевге жолугуп калсам, ал мага САКУга барып казак жана өзбек тилдеринде окугулары келбеген кыргыз рабфаковчуларына сабак берүүнү айтты. Ал татаал иш болчу, анткени кыргыз тилинде бир да окуу куралы жок эле. Бирок ага карабастан макул болуп, окуу куралы катары «Эркин тоону» пайдалана баштадым. Гезиттин чыгышында Сыдык Карачевдин салымы абдан чоң… Ага гезиттин алгачкы сандарына кыргыздардын тарыхы жана экономикасы боюнча макалаларды жазган А. Сыдыков да жардам берди» (9:22). Х. Карасаев окуу куралы катары «Эркин тоону» эки жылдай пайдаланган.
Мындан көрүнүп тургандай,«Эркин тоо» Орто Азиядагы биринчи университетте да окуу куралы пайдаланылган экен. САКУ В. Лениндин 1920-жылдын 7-сентябрындагы Декрети менен ачылган (10:109). Кийин ал советтик мезгилде Жогорку Партиялык мектепке айландырылып, партиялык жана советтик органдардын, ЖМКлардын жетекчи кызматкерлери даярдалган.
Акчалары жок мекеме – уюмдар, жеке адамдар натуралай төлөө же эгин, пахта, жүн сыяктуу продукцияларды баалап берүү аркылуу да жазылышкан. Тунгуч гезиттин башында тургандар жаңы басылмаларды ачууга, а түгүл мүмкүнчүлүгү барлардан каражаттарды чогултуп, ал иштерди каржылоону да уюштурушкан. Бул тууралуу ал иштерге аралашып жүргөн З. Бектенов төмөндөгүлөдү эскерген: «Газетанын 1926-жылдын 7-апрелиндеги 37-санында «Басма сөзүбүздү илгерилетели» деген макалада Айтмат уулу, Байыш уулу, Тыныстан уулу жана эски мугалим Турусбек уулдары жаңы журнал чыгаруу үчүн элден акча жыйнайбыз дешип, өздөрү он сомдон беришип, дагы жүз он кишини чакырышкан. Ал кезде семиз койдун баасы үч сом эле.
Бул төртөөнүн чакырыгынан кийин көп адамдар 10 сомдон акча беришип, алар дагы башка кишилерди чакырып отуруп, туура эки жылдан кийин 1928-жылы 5-майда ошол жыйылган акчага «Жаңы маданият жолунда» аттуу педагогика илимин жана көркөм адабиятты камтыган журналдын биринчи саны жарык көргөн.
«Жаңы маданият жолунда» журналынын чыгышы кыргыз адабияты менен кыргыз тилинде педагогика, методика илиминин дүркүрөп өнүгүшүнө зор өбөлгө түзгөн. Ал журналдын биринчи редактору Касым Тыныстанов болучу» (7:45).
1927-жылдын 17-февралынан гезитте «Чалкан» деген бурч уюштурулса, ал кийин өзүнчө журналга,1928-жылы январда гезиттин алдында ырларды жана прозалык чыгармаларды жазган жаштарды бириктирген «Кызыл учкун» адабий ийрими кийин Кыргызстан жазуучулар союзуна айланды.«Кыргызстандын ленинчил жаштары» деген тиркемесинен «Ленинчил жаш» гезити жаралды. Коомчулукка жаңы терминдерди жеткирип, элди латын арибине үйрөтүүдө да гезиттин ролу чоң болгон (11:88).
Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде каржылык жана материалдык ресурстар, кадрлар жетишпегендигине байланыштуу Союздагы, Кыргызстандагы көпчүлүк гезиттер, журналдар убактылуу жабылган. Бирок, ал убакта «Кызыл Кыргызстан» деп аталган «Эркин тоо» үзгүлтүксүз чыгып,«Баардыгы фронт үчүн!», «Баардыгы Жеңиш үчүн!» деген чакырыктардын кандай ишке ашып жатканын, кан майдандагы эрдиктерди, ооруктагы жаңылыктарды, өзгөчө эмгек алдыңкыларынын, майдандагылар үчүн азык-түлүктөрдү, жылуу кийим-кечелерди, акча каражаттарын чогулткандардын демилгелерин элдин кеңири катмарына жеткирип, уюштуруучу жана мобилизациялоочу милдеттерди да аткарган.
Жүз жылдын ичинде басылманын аты үч ирет өзгөрдү. 1927-жылга чейин «Эркин тоо» деп аталса, андан «Кызыл Кыргызстан» деген атка көчүп, 1956-жылга чейин ошол аталышта чыгып келди. 1956-жылдан 1991-жылга чейин «Советтик Кыргызстан» деп аталып, жумасына 6 жолудан чыгарылып, бир жолку нускасы 200 миңге жеткен учурлар болду. 1991-жылдан бери «Кыргыз туусу» деп аталып келе жатат.
Демократиялык, плюралисттик мезгилде маалыматтык-коммуникациялык жана инновациялык технологиялардын, каражаттардын күндөлүк турмушубузга бекем орношу менен басылмалар өздөрүнүн монополисттик ордуларын, таасирлерин жоготушту. Мындан ары кандай болорун боолгоо да кыйын. Биз, албетте, кийинки жүз жылдыкта да «Кыргыз туусунун» туусу желбиреп турушун каалайбыз. Эгемен кыргыз эли барда мамлекеттигибиздин кайра жаралуусунун очогу, летописчиси, бир символу катары «Эркин тоо» тарыхыбызда түбөлүккө кала береринде шек жок.
АДАБИЯТТАР
1. Айтмамбетов Д., Культура киргизского народа во второй половине ХIХ и начале ХХ в. Ф. Изд: «Илим», 1967. 310 с.
2. Карасаев Х., Хусеин наама, Б. «Кыргызстан» басма үйү, 2001., 486 б.
3. Арабаев Э., Эркин тоо, «Эркин тоо» гезити, 1924-жыл, 7-ноябрь, №1.
4. В. И. Лениндин чыгармалар жыйнагы. Орто мектептердин жана атайын окуу жайларынын окуучулары үчүн. Ф. «Мектеп», 1974., 704 б.
5. Сталин И. В., Сочинения, т. 5. 1921—1923. М. ОГИЗ, Госполитиздат, 1947. 448 с.
6. Абдукаримов М., Б. «Эркин тоо-элдики». «Мезгил», 1995. 22 б.
7. Бектенов З., Осмонкул Алиев. «Эркин тоо» гезитинин биринчи редактору, Китепте: Замандаштарым жөнүндө. Адабий эскерүүлөр. Б. ЖЧК «Салам», 2016. 244 б.
8. Тентимишев М., Кыргыз туусу. ХХI кылым гезити. 1924—2004. Б. «Учкун», 440 б.
9. Курманов З., Плоских В. М., Бегалиев С. и др. Абдыкерим Сыдыков-Национальный лидер, Б. «Кыргызстан», 1992., 184 с.
10. Ленин и Сталин, О Средней Азии и Узбекстана, Т. Партиздат ЦК КП (б) Уз. 1940. 282 с.
11. Мураталиев Б., Кыргызстандын компартиясынын күжүрмөн органы. Китепте: Турмуш күзгүсү. («Советтик Кыргызстан» газетасынын 40 жылдыгына арналган документтик материалдардын, эскерүүлөрдүн жана макалалардын жыйнагы). Ф. «Кыргызстан» басмасы, 1966. 168 б.
Трагедиялуу кызыл командирлер
Арстанаалы Осмонбеков менен Алишер Молдокеев жөнүндө
Революцияларды саясий-идеологиялык фанатиктер жаратышат, үзүрлөрүн «келемиштер» көрүшөт. Пассионардуулуктары күчтүү, кайрат-жигерлери шакардай кайнагандар жеңишке жеткенден кийин ашып-ташкан энергияларын кайда жумшаарды билбей, бири-бири менен кармашканга, а түгүл согушканга өтүшөт. Ал тарыхта «революция-өз балдарын өзү жейт» деп аталат. Аны менен алар да «келемиштердин» жаңы тобуна, толкунуна жол ачып беришип, өздөрү трагедиялык фигураларга айланышат. Өзүңүздөр карап көрүңүздөр,1920-жылдары РСДРП (б) БКны жетектегендердин, Саясий Бюрого киргендердин канчасы 1940-жылдарга жетти? Убагында өзүн чыныгы кедей кембагалдардан чыккан большевик деп эсептеген, бийликтеги жана эл арасындагы таасири атаандаштырыныкынан кыйла жогору болгон Р. Худайкуловдон, Д. Бабахановдон эмне калды? Кыргыз мамлекеттигин кайра жаратуунун идеологдору А. Сыдыков, Э. Арабаев, Ж. Абдрахманов ж. б. көз карандысыздыктан кийин гана тарыхыбыздан өз ордуларын табышты. Алардын кеч кайрылып келишине кимдер күнөкөр, кимдер себепкер?
И. Сталинди же Н. И. Ежовду, Г. И. Ягоданы кээде жыйындарда, чогулуштарда же маалымат каражаттары аркылуу айрымдарынын аты-жөндөрүн эле чала-бучук угуп калышпаса, Кыргызстанда кандай жетекчилер же саясатчылар бар экени кызыктырган деле эмес. Алардын репрессиялык режимди, наны түзгөнү чындык. Бирок, ал машинаны иштетип, арааны чоң тегирменге айландырып, бири-бирин анын чанагына түрткөндөр Кыргызстанда жашап, иштегендер өздөрү болушкан.
Ч. Айтматовдун белгилүү драмасындагы акын Сабыр:
Кызыл кыргын, кара сүргүн чоң согуш-Жанын кыйды миңдеп, сандап жарандар.Кең казылган бир мүрзөнүн ичиндеКатар жатат жакшы менен жамандар.– — – — – — – — – — – — – — – — – — —Үйдө ыйлатып эне менен атаны,Өлгөндөрдүн кимге убалы, азабы?Өз да, жат да катар жатат жер тиштеп,Бүткөн өңдүү тирүүлөрдүн чатагы (1:53).– деп жазгандай, кандай революция болбосун ал биринчи кезекте, адамдардын жай турмуштарынын быт-чытын чыгарып, тагдырларын куюндай сапырып, элдерди, топторду гана эмес, досторду, а түгүл М. Шолоховдун «Кал» деген аңгемесиндегидей, ата менен баланы касташтырган оор трагедия, ал эми философиялык жактан нигилизмдин эң төмөнкү чеги болуп саналат. «Земной дух человечества, пошедшего по пути змия, загипнотизировал человека заманчивой идеей прогресса и грядущего в конце прогресса земного рая, и так обольщен был человек, что не заметил безумия своего служения прогрессу и своего подчинения счастливцам грядущего рая, -деп жазган Октябрь төңкөрүшүн кабыл албаган философ. Прогресс цветет на кладбище, и вся культура совершенствующегося человечества отравлена трупным ядом. Все цветы жизни-кладбищенские цветы» (2:123).
Биз мында бири-Кыргызстанга белгилүү, ысмы совет бийлигин орнотуу процесси менен биротоло ассоциялашып калса, экинчиси, аймактагыларга мурдатан таанымал, совет бийлигин аны менен бирге ошондой деңгээлде коргоп жүрүп, кийин түшүнүксүз себептер менен аны менен тил табыша албай, эки жээкте калган эки кызыл командир жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Анын биринчиси, Арстаналы Осмонбеков, экинчиси- Алишер Молдокеев болуп саналат.
Арстанаалы Осмонбеков
Бул ысым бизге мектеп партасынан тааныш, жергебизде совет бийлигин коргоого келгенде анын аты айтылбай койбойт. Ал жөнүндө фундаменталдуу тарыхый эмгектерде, монографияларда жана диссертацияларда дайыма айтылып келет. «Наиболее значительную роль в разгроме басмачества сыграли интернациональный кавалерийский полк под командаванием Э. Ф. Кужело и ряд киргизских добровольческих боевых отрядов, которыми командавали А. Осмонбеков, К. Камчыбеков, С. Кучуков и другие» (3:197) деп айтылат советтик Кыргызстандын башкы тарыхый эмгегинде. Чындыгында Наманган уездинде гана эмес, белгилүү деңгээлде Фергана өрөөнүндө совет бийлигин орнотуп, басмачылык кыймылды талкалоодо тарыхка кыргыз кызыл атчандар дивизиону деген ат менен кирип калган жоокерлердин ролу чоң болгон. Алардын бир бөлүгү ири басмачылык бөлүктөрдү жетектешкен Калкожо, Рахманкул, Көр Шермат, Эргеш сыяктуу корбашыларды талкалоого да катышкан.
Бийлик органдарынан кепилденген жабдуу болбогондуктан А. Осмонбековдун дивизиону орус казактардын станицалык тибинде түзүлгөн. Алсак, орус-казактарда ар станицанын атаманы, ага караштуу аскердик отряды болгонун, жай учурларда алар чарбалык иштер менен алек болушса, коркунуч жаралганда же чакырык келгенде куралдарын ала коюп, ат жабдыктары менен согушка же жүрүшкө даяр тизиле калышкандай, А. Осмонбековдун жоокерлери да негизинен жер-жерлерде өзүн өзү коргоо отряддарынын милдетин аткарышып, команда болгондо тийиштүү жерге чогула калып турушкан. Антпесе 500—600 жоокерди ат-көлүктөрү менен бир жерде туруктуу кармоого жөн эле мүмкүнчүлүк жетишпеген. Алсак, А. Молдокеевдин отряды- Сыны-Кара-Жыгачта, А. Кабаевдики- Авлетимде, С. Айтиевдики- Кербенде, Д. Эсенгелдиевдики- такай Кетмен-Төбөдө, ал эми А. Осмонбековдун өзүнүн негизги отряды- Ак-Сууда турган. Коргонуудан сырткары элден алык-салыктарды чогултуу милдетин да аткарышкан. Алардан сырткары жер-жерлерде милициялардын бөлүмдөрү, партиялык, советтик жана комсомолдук активдер да болгон, согуш учурунда алар да дивизиондун командирине баш ийишкен. Алсак, 1921-жылы А. Осмонбеков Кетмен-Төбөдө милициянын -100 адамдан турган, Багыштарда-60, Майлы-Сайда -50 адамдан турган отряддарын түзгөн (4:38). Андай отряддар Ала-Бука, Чаткал, Таш-Көмүр, Нанай, Чартак, Бышкараң, Жаңы-Коргон, Иринжит, Малкалды, Тегене, Заркенд сыяктуу элдүү пункттарда да болгон. Майда басмачылык топтордун, каракчылардын жер-жерлердеги отряддар эле миздерин кайтарып, талкалап турушкан. Маселен, С. Айтиевдин 82 адамдан турган отряды 1921-жылы адегенде Орто-Токойдо Жакыпбек менен Акматбектин басмачыларын талкалап, андан аман калгандары Арзымат корбашыга барып кошулганда алардын көбүн жок кылып качууга аргасыз кылган (4:38). Баяс, Султан сыяктуу жигиттеринин сандары миңди чамалаган, кээде андан да ашкан корбашыларга каршы согушка чыкканда отряддардын көбү чогултулган, анда да элди, партиялык, советтик органдарды каракчылардан, басмачылык майда топтордон коргоо үчүн жер-жерлерге аскерлер калтырылган. Аман палвандын басмачылары эң көбөйгөн учурларда 500—600гө жеткен, бирок көбүнчө 200—300дөн ашкан эмес.