
Полная версия
Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек
Мындан көрүнүп тургандай, В. И. Ленин жаңыдан түзүлүп жаткан республикалардын бөлүнүп чыгып кетүүгө чейинки толук өз алдынчалыгын жактаса (Х. Г. Раковский колдогон), И. Сталин алар реалдуу автономиялык укукта гана болушу керек, антпесе биримдикти сактоого мүмкүн эмес деген позицияда турган. Ал өз позициясын 1922-жылы 27-декабрда В. И. Ленинге жана Саясий Бюронун мүчөлөрүнө жөнөткөн катында дагы бир жолу кайталаган (21:208). РСФСР менен көз карандысыз республикалардын ортосундагы мамилелер боюнча ал даярдаган документтердин баардыгында «формальное вступление» «формальное распространение компетенции» деген сөздөр көп кайталанат. Ошол убактагы эң таасирдүү жетекчилердин бири, Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасынын орун басары Л. Б. Каменев 1922-жылы 27-сентябрда В. И. Ленинге жазган катында «По-моему или не трогать совсем вопроса о „независимости“ (что, видимо, уже невозможно), или провести Союз так, чтобы максимально сохранить формальную независимость, т. е. приблизительно по приложенной схеме» деп, армия, темир жолдор, магистралдык жолдор, почта, тышкы иштер, тышкы соода түздөн түз Союздун гана компетенциясында болушу керек деген сунуш киргизген (21:206—207). Анын сунушун А. И. Рыков колдогон. В. И. Ленин «формальное обьединение» дегенди «вступление» деген сөз менен алмаштырууну талап кылган.
В. И. Ленин өлгөндөн кийин аймактарда улуттук-мамлекеттик түзүмдүк ажырымдаштыруу процесси тездеп, нын И. Сталин менен Л. Каменевдин варианты боюнча ишке ашырылуусу ушуну менен түшүндүрүлөт. Алардын позицияларына ылайык, өз алдынча бөлүнүп чыгып кетүүгө чейинки көз карандысыздык деген практикалык жактан ишке ашкыс пропагандалык гана формула болгон.
Биз мамлекеттигибиздин жаңы этабынын мына ошондой татаал мезгилдерде, толгоо тарткан энедей кыйналып, кээде чер токойдон жол издеген адамдай адашып, жаңылышып, ашыкча түйшүк-мээнеттерге, сыноолорго туш болуп жүрүп жаралганын элестүү көрсөтүү үчүн гана жогорудагыларды келтирип жатабыз. Бирөөлөргө жагабы же жакпайбы, бул ошол мезгилдерде анархия менен чектешкен демократия болгонун да көрсөтөт. Азыр супер демократиялуу делген ФРГнын же АКШнын бир субьектисиндеги элдин бир бөлүгүнүн андай чараларга барарын элестете аласызбы? Андай анархиялык демократия Тоолуу облустун түзүлүшүн жактагандарда да, ага категориялуу түрдө каршы чыккандарда да эйфориялык маанайдагы эркиндик сезимин гана жараткан.
И. Сталиндин телеграммасынан кийин Тоолуу облусту түзүү процесси кайра артка кеткен. ТКП БКнын айрым жетекчилери адегенде Тоолуу облустун түзүлүшүнө лоялдуу же кайдыгер болушса, телеграммадан кийин өз позицияларынан кайтып, Москвага актанган мүнөздөгү телеграммаларды жөнөтүшүп, Курултайга шайлангандардын тектерин текшертип, мыйзамдуулугуна шек келтиргенге өтүшкөн. Р. Худайкулов жыйындарда А. Сыдыковчуларга мурдагыдан да тажаал жалааларды жаап, улуттук маселелерди да таптык күрөштүн негизинде чечүү керек, «бөлүнгүчтөр» эзүүчү таптын кызыкчылыгын көздөгөн облус түзгөнү жатышат деп кыйкырып чыккан. Анын таасиринен улам жер-жерлердеги айрым партиялык уюмдар жана советтер да мурдагы позицияларынан кайта башташкан. Ар кандай кызматтарда турган А. Сыдыковчулардын көбүнө партиялык, административдик жазалар берилип, кызматтарынан алынып, айрымдары партиядан да чыгарылган. Алардын баарын санап чыгуу да кыйын. Бир сөз менен айтканда, Түркстанда саясый турмуш шакардай кайнап турган.
Мына ошол мезгилде Абдыкерим Сыдыков чыныгы майтарылбас духун, мекенчилдигин көрсөткөн. Ошол убактагы, андан кийинки мезгилдердеги иш-аракеттерине караганда, ал кандай чоң кызматтарды беришсе да ага алданбаган, жабышпаган, мансап үчүн өз идеалын сатпаган, чын-чынына келгенде ага чындап көңүл да бурбаган, кандай кыйынчылыктарга тушукса да андан кайтпаган тобокелчил инсан болгон. Элестүү айтканда, жыгылган сайын күрөшкө тойбой кайра алдыга умтулуп турган. Ж. Абдрахманов кара-кыргыздар менен кара-калпактарды бириктирип, чоң автономияны түзүүнү да сунуш кылган. Кырдаал көзөмөлдөн чыгып баратканын Түркстандын гана эмес, ВЦИКтин, РКП (б) БКнын жетекчилери да түшүнүшкөндө Борбордук Азиядагы элдерди ажырымдаштырууну Москва өз колуна алган.
Ажырымдашуу процессинин тездеши
Аймактагылар үчүн 1924-жылдын саясий турмушу январда советтердин Бүткүлтүркстандык ХII сьезди менен башталган. Анда кара-кыргыздардан шайланган, Нарын уездинен -Абаев, Баялинов, Каракол уездинен- Абдрахманов, Ачекеев, Тойчинов, Ош уездинен- Иманкожоев, Карабеков, Төлөнов, Оморбеков, Наманган уездинен- Ботбаев, Салихов, Мамбеталиев, Анжиан уездинен-Кулбосунов, Сарыбаев, Олуя-Ата уездинен- Абланов, Бабажанов, Маймылов, Токбаев, Пишпек уездинен- Айдарбеков, Садаев РКП (б) БКга, СССР БАКинин Улуттар Кеңешине кайрылуусунда өзбектер менен кайсак-кыргыздардын арасындагы жалпы саны миллионго жеткен кара кыргыздардын кызыкчылыктары таптакыр эске алынбай, тилдери, жашоо образдары окшош болгондуктан ал кайсак-кыргыздардын бир бөлүгү катары каралып, башкаруунун уезддик аппараттарын түзүүдө өгөйлөнүп, тилин, маданиятын өнүктүрүүгө көңүл бурулбай жаткандыгы айтылып: 1. Кара кыргыздарды башкалардай эле өзүнчө эл катары таанууну, 2. Түркстандагы башкаруу органдарында алардан өкүлдөрдү көбөйтүүнү, 3. Кара кыргыздардын тилин, маданиятын өнүктүрүп, окуу китептерин чыгарууга жетиштүү каражат бөлүүнү талап кылышкан (11:29—30).
Бул кат ВЦИК менен РКП (б) БКнын Кара-Кыргыз автономдуу облусун түзүү боюнча оң пикирге келишинде чоң роль ойногон. Анткени, алгач казактар, анан өзбектер кыргыздарды өз аймактарында, курамдарында калтыргылары келгени Түркстан КП (б) БК менен Түркстан БАКинин Президиумунун 1924-жылы 10-мартта өткөрүлгөн биргелешкен кеңешмесинде Түркстан КП (б) БКнын катчысы, Реввоенсоветтин мүчөсү, РКП (б) БКнын Орто Азиядагы улуттарды ажырымдаштыруу боюнча комиссиясынын мүчөсү, Өзбектер боюнча комиссиянын төрагасы Абдулло Рахимбаевдин баяндамасынан ачык көрүнөт. Ал өз баяндамасында айрым кыргыз жана түркмөн кызматкерлеринин сепаратисттик аракеттери партиялык жана мамлекеттик иштерге терс таасирин тийгизип жатат деп айыптаган (11:31). Ал улуттардын ичинде эзүүчү таптагылар менен эзилгендердин ортосунда күрөш күчөгөндө гана улуттарды ажырымдаштыру максатына жетет, андай күрөш жок болсо, өзүн актабайт деген жыйынтык чыгарган. Ал эми уруу-уруктук системада жашаган кыргыздардын арасында таптык күрөш деген түшүнүк болгон эмес.
Кеңешмеде сүйлөгөндөрдүн Э. Арабаевден башкасы аны колдошкон. Кеңешме курамында Тажик автономиясы менен Өзбек Республикасын жана Түркмөн Республикасын түзүп, казактар жашаган облустарды жана райондорду Казак Республикасына өткөрүп берип, анын ичинде кара кыргыздардын автономиясын камсыз кылуу жөнүндө чечим кабыл алган (11:33). Бул маселелерди дыкат тактап-тастыктап, үйрөнүп чыгуу үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Ошол эле жылы апрелде РКП (б) БКнын Саясий Бюросу Орто Азия элдеринен келген сунуштарды карап Бухара менен Хорезмди ажырымдаштырууну жактырган. Ал эми 11-майда РКП (б) БКнын Орто Азия бюросунда бул маселе боюнча комиссиянын жана подкомиссиялардын сунуштары каралып, алгач Өзбек жана Түркмөн республикаларын түзүү, Өзбекстандын курамында автономдуу Тажик облусун түзүү боюнча чечим кабыл алынган. Анда жетиштүү үйрөнүлө электигине байланыштуу Кара-Кыргыз автономдуу облусун түзүү кийинкиге калтырылган.
Ал документти жана жаңыдан даярдалгандарды РКП (б) БКнын Орто-Азия бюросу 1924-жылдын 11-майындагы отурумунда карап, жогоруда аталган республикалардын курамдарында Кара-Кыргыз жана Тажик автономдуу облустарын түзүү жөнүндө чечим кабыл алган.
Андан көп өтпөй же 2-июнда аталган Бюро РКП (б) БКнын Саясий Бюросунун өз чечиминен кескин айрымаланган же кара-кыргыздардын автономдуу облусун түзүп, аны түздөн түз РСФСРге баш ийдирүү жөнүндө токтомунун долбоорун карап, Орто Азиядагы элдерди ажырымдаштыруу боюнча башка маселелер менен бирге ага макулдугун берген. Компартиядагы демократиялык борборлоштуруунун принциптерине ылайык, аймактык Бюро Борбордук Комитеттин Саясий Бюросунун токтомунун долбоорун четке какмак түгүл, принципиалдуу өзгөртүүлөрдү киргизе да алмак эмес. Тарыхчы Г. Жунушалиева туура белгилегендей (11:32), эгерде 1922-жылы Тоолуу облусту түзүүгө негизинен казак улутундагы жетекчилер каршы чыгышса, 1924-жылы Кара-Кыргыз автономдуу облусун түзүүгө өзбек улутундагы жетекчилер каршы турушкандыгына карабастан РКП (б) БКнын Саясий Бюросу Кара-Кыргыз облусун түзүп, аны түз РСФСРге баш ийдирүүнү биротоло чечкен десек болот. Мындан ККАОнун түзүлүшүндө Москванын позициясы чечүүчү роль ойногону көрүнүп турат.
1924-жылы 12-июнда РКП (б) БКнын Саясий Бюросу «Орто Азия республикаларын улуттук ажырымдаштыруу (Түркстан, Бухара, Хорезм) жөнүндө» токтом чыгарган, анын негизинде улуттук ажырымдашуу боюнча Борбордук аймактык комиссия түзүлгөн. Анын курамына кыргыздардан Ж. Абдрахманов, И. Айдарбеков кирген. Ал убакта А. Сыдыков дагы партиядан чыгарылып, куугунтукта жүргөндүктөн комиссиянын курамына кошулбай калган. Ошол эле жылы 15-16-сентябрда Түркстан АССРинин БАКинин кезексиз сессиясында улуттук мамлекеттик-ажырымдаштыруу жөнүндө маселе каралып, кара-кыргыздардын суроо талаптары боюнча аларга Түркстан АССРинин курамынан чыгып, өзүнчө Кара-Кыргыз автономдуу облусун түзүүгө укук берүү жөнүндө токтом кабыл алынган (3:129).
Советтик мезгилде мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин принципиалдуу чечимдеринин долбоорлорунун алдын ала жогорку партиялык органдарда каралып жактырылуусу же акыркы электен өткөрүлүүсү норма болгон. РКП (б) БКнын Саясый Бюросу 1924-жылдын 11-октябрындагы отурумунда бул маселени акыркы жолу талкуулап, тийиштүү документтерди карап чыккандан кийин Орто Азиядагы элдерди улуттук-мамлекеттик ажырымдаштыруу тууралуу чечим кабыл алган.
Андан үч күндөн кийин Советтердин Бүткүлсоюздук Борбордук Аткаруу Комитетинин 2-сессиясы ТүркБАКинин улуттук-мамлекеттик ажырымдаштыруу жөнүндө токтомун карап, башка элдерди ажырымдаштыруу маселеси менен бирге Кара-Кыргыз автономдуу облусун түзүп, аны түз РСФСРдин курамына киргизүү боюнча чечим кабыл алган. Ошентип кыргыздардын гана эмес, жалпы Орто Азиядагы элдердин кылымдардан берки үмүт-тилектери, Октябрь революциясынан кийинки суроо талаптары 1924-жылы 14-октябрда ишке ашкан.
Ал эми 1924-жылы 7-ноябрда биринчи саны жарык көргөн «Эркин тоо» гезитиндеги «Эл хам сарамжалы» деген макалада ККАОнун демографиялык, социалдык жана экономикалык абалы төмөндөгүдөй сыпатталган. Макаладан үзүндүнүн орфографиялык, грамматикалык өзгөчөлүктөрү ошондогудай сакталып берилет: «Бүткүл облустун жери 195800 чарчы чакырымга туура келиб ар чарчы чакырымда 4 жан турат. Калкы: 790122 киши мунун 504858 кыргыз, 118170 өзбек, 133123 орус, 1986, 65 түркмөн хам калганы ар түрдүү калктар (түрүк, уйгур, татар, дунган, сарт, калмак, кыпчак, казак ж. б.)
Малдар: (20-жылдагы эсеби боюнча). Жылкы 205 миң, кара мал 316 миң, төө 20 миң, эчки 182 миң, доңуз 36 миң (европалык кожолуктарында), эшек 6 миң. Аштыктар: сугарылган жерлерде буудай, арпа, сулу, болуб 102 миң, теше күрүч 6 миң, апийим, жүгөрү, конок 19 миң, пахта 10 миң, беде 19 миң теше. Сугарылган жерлерде хам түрдү эгиндер 49 миң теше бары сугарылган. Сугарылбаган эгиндиктер 250 миң теше. Эскертү: бул сандардын барысы чамалап алынган. Бул жерлердин байлыгы тоонун эчен түрдүү кендери: алтын, күмүш, темир, жез, асыл таштар, күкүрт жана таш көмүр, керосин майлары“ (22). Ал эми саясый, психологиялык абал, кыргыздар, милдеттер төмөнкүдөй сыпатталат: „Саконго белгилүү мурун өзбек, казак, тажик, кыргыз, түркмөн журттарынын сайасы турмуштары бир казанда кайноочу эле. Эми хар өз казанын кандай кайната турганын өзү текшере турган болду. Кыргыз калкы эрктүү облус болорун болду. Биздин сайасы чарбачылыгы, агарту иштер биздин жетишкен кем кетиги чийки чарасы чачтан көб. Башка улуттарга караганда биздин кыргыз калкы караңгылыгы, надандыгы, билимсиздиги калыб эмес, маселен: биздин коңшубуз өзбек калкы мурун да азыр да маданият жагынан көб жогору турат.
Мына, бул кемчиликтерди эске алыб, кечиктирбей увактын өткөрбөй чарасына киришиб камын көрүү эң чоң бурч» (22). Мында автор «бурч» деген сөз менен милдет дегенди айткысы келсе керек.
Тарыхчылар айрым маселелер боюнча кайчылаш көз караштарын айтып келишет, ал мыйзам ченемдүү көрүнүш, бирок бир маселе боюнча баардыгынын позициялары, көз караштары бирдей, алар: Кара-Кыргыз облусунун Кара-Калпак автономдуу облусундай Өзбекстандын курамында калтырылбай, алгач Кыргыз (казак) ССРине, анан Өзбек республикасына кошулбай түздөн түз РСФСРдин курамына киргизилүүсү кийин элибиздин өз алдынча мамлекет болуп кетүүсүн, экономикалык, социалдык жана маданий жактардан салыштырмалуу тез өнүгүүсүн шарттаган чоң жеңиш болгон деп эсептешет. Анткени, РСФСРдин курамында болбосок, кийин АССРге, анан ССРге айланып барып, Союз таркаганда автоматтык түрдө өз алдынча мамлекет болуп кете алмак эмеспиз. Бизге жергиликтүү «ака, нагаштарыбыз» бөлүнүп чыгып кеткенге мүмкүнчүлүк беришмек эмес. Кара-Калпакстандай, Кавказдагы автономдуу республикалардай бир кошунабыздын курамында калмакпыз.
Экинчи жагынан, РСФСРге кошулгандан кийин Москвадан каражаттар ортомчусуз түз бөлүнө баштаган. Ошол убакта ККАОнун жылдык бюджетинин 97 пайызга жакыны РСФСРдин эсебинен берилип турган (18:23). Же аздыр-көптүр бутубузга тургуча толугу менен эле Россия баккан. 1921-1924-жылдары өнөр жайды өнүктүргөнгө 1525 миң рубль бөлүнсө, андан үч жылдан кийин анын көлөмү дээрлик он эсеге көбөйгөн (18:22). Жер-жерлерде ликбездер, шаарларда мугалимдерди даярдоочу курстар ачылып, улуттук кадрлар үчүн атайын орто жана жогорку окуу жайларынан квоталар бөлүнгөн. Маселен,1925-1927-жылдары борбордук жогорку окуу жайларына Кыргызстандан 728 улан-кыз жөнөтүлсө, алардын 331ри кыргыз болгон (18:62).
Совет бийлиги 1916-жылдагы көтөрүлүштөн кийин Кытайга качкан кыргыздарды кайра кайтарып, мурдагы жерлерин алып берүү, отурукташтыруу, билимге, илимге тартуу, басмачылар талкалагандарды калыбына келтирүү, өнөр жайын ж. б. өнүктүрүү үчүн ири суммалардагы каражаттарды жумшаган. Кытайда ар кандай себептер менен барымталарда калган кыргыздарды сатып алып, ата мекенине кайтаруу үчүн каражаттар бөлүнгөн. Жалпысынан кыргындан качкандарды кайтарып, жайгаштыруу үчүн 70 миллион рублге жакын каражат жумшалган. Мындай жакшылыктарды унутканды, бурмалаганды тарых деле, кудай деле кечирбейт болуш керек.
Булар Давид Будянскийдин эмгегинде (25) жетишерлик чагылдырылган. РКП (б) БКнын 1924-жылдын 18-октябрындагы токтому менен ККАОнун тунгуч саясий бийлиги- башында М. Д. Каменский, Ж. Абдрахманов турган, курамында 13 мүчөсү бар облустун убактылуу партиялык бюросу түзүлгөн. Андан үч күндөн кийин же 21-октябрда РСФСРдин ВЦИКинин Президиумунун чечими менен ККАОнун Ревкому бекитилген. Жетекчиси И. Айдарбеков болгон, курамына 17 адам кирген. Ал укуктук жактан ККАОдогу убактылуу эң жогорку мамлекеттик орган катары эсептелген. Айрымдар аны БАКка теңештирип, И. Айдарбековду Кыргызстандын биринчи президенти деп жүрүшөт. Жөнөкөй адамдар же тууган туушкандары ошентишсе эч нерсе дебейт элек, ар ким өзүнө жакынды даңазалагысы, аны менен сыймыктангысы келет. Бирок, наамдуу, даражалуу илимпоздордун антип жазып жүрүшкөнү уят, чындыкка ылайык келбейт (15:141), алардын илимпоздук беделдерине, компетенттүүлүктөрүнө гана шек келтирет. Ревкомду убактылуу өкмөт деген туура болот. Анткени, Ревком облбюронун көзөмөлүндө турган, бюро тапшырмаларды берген. И. Айдарбеков өзү облбюронун мүчөсү болгон. Экинчи жагынан эл же легитимдүү орган тарабынан шайланбаганды президент деп атаган өтө эле апырткандык болуп кетет. Бул жагынан алганда тарыхчы А. Джуманалиев Ревкомду Кыргызстандын биринчи өкмөтү деп туура атаган (3:133). Облбюронун да, Ревкомдун да миссиясы советтердин шайлоолорун, андан кийин алардын Бүткүлкыргыздык уюштуруу сьездин өткөрүп, автономдуу облустун легитимдүү башкаруу органдарын, партиялык уюмун түзүп, ыйгарымдарын аларга өткөрүп берүү менен гана чектелген.
Ал убакта «Кошчу» уюмунун жетекчиси Р. Худайкуловдун позициясы чындыгында күчтүү болгон. Ал партиянын облБюросунун, Ревкомдун курамдарына да кирген. «Түркстандагы кошчулар уюмунун курулушу 1920-жылдан баштапб жылдан жылга жармыналы түшүб төрөлүб келе жаткандыгы бешиктен белгилүү, – деп жазган ал 1924-жылы 7-ноябрда „Эркин тоо“ гезитинин №1-санындагы „Кыргыз кошчу уйуму“ (мында макаланын орфографиялык өзгөчөлүктөрү сакталды) деген макаласында. -Кыргыз ичиндеги кошчу уйумунун мүчөлөрүнүн жалпы саны 60,000 алардан 2,000 батырак» (22).
Мындан көрүнүп тургандай, эгерде мурдагы «Букарадан» чыккан, кедей-кембагалдардын бирикмеси деп эсептелген «Кошчунун» мүчөлөрүнүн үчтөн бири гана эзилүүчү делген таптын өкүлдөрүнөн болсо, бай-манаптардын тобу деп эсептелген А. Сыдыков, Ж. Абдрахманов, Э. Арабаев үчөөсү жетектеген топтун мүчөлөрүнүн дээрлик баардыгынын пролетариаттык-дыйкандар союзуна тиешеси болбогону көрүнүп турат. Бул ошол мезгилдин реалийлери. Сабатсыз калк саясий, башкаруу иштерине инфантилдүү, кайдыгер болсо, аздыр-көптүр билимдери бар, мурда башкаруу иштерине аралашкандардан башка саясатка ким аралашат? Ал убакта колунда барлардын балдары гана кат-сабаттарын жоюшуп, башкаруу иштерине, негизинен канцелярдык жумуштарга тартылган.
Көз карандысыздыктан кийин Кыргызстандын 1920-1930-жылдардагы тарыхына кайрылганда 5 айдай гана иштеген Ревкомго, советтердин курултайларына, ал түзгөн Борбордук Аткаруу Комитетинин иштерине негизги басым жасалып, облустук партиялык уюмдун мамлекеттикти калыптандырып бекемдөө боюнча күндөлүк иштери, конференция, пленумдарында караган маселелери көңүлдүн сыртында калууда. Көпчүлүк тарыхый монографияларды, илимий-популярдуу эмгектерди, айрым тарыхый инсандарга арналган китептерди окусаңыз, баардык маселелерди Ревком, БАК, а түгүл ал шайлап, дайындаган эл комиссарлары гана чечишкендей таасир калтырат. Андай болгон эмес. Негизги маселелер алгач облустук Бюродо, андан кийинки убактарда облпарткомитетте каралып, жактырылгандан кийин Курултайга, БАКтын сессияларына алынып чыгылган. ОблБюронун жетекчиси М.Д.Каменский Ревкомго мүчө болгон, жалпысынан Ревкомдогулардын баардыгы большевиктик партиянын мүчөлөрү болушкан. Ревком ККАОнун советтеринин Уюштуруу Курултайын алгач 17-мартка дайындап, анан 23-мартта 25-мартка жылдырып, ага да үлгүрбөгөндө 27-мартка которгондугунун себеби, биринчи кезекте облпартконференцияны өткөрүү, анда негизги түзүмдөрдү аныктап, жетекчи кадрларды тандоо себеп болгон. Качан облпартиялык уюм 1925-жылдын мартынын экинчи жармында өз конференциясын аяктагандан кийин гана советтердин уюштуруу Курултайына жол ачылган (17:11).ККАОнун БАКинин Курултайда шайланган мүчөлөрү облпартиялык уюмдун жетекчилиги тарабынан тандалып, биринчи сессиясында М. Д. Каменский анын төрагалыгына Абдыкадыр Орозбековду сунуш кылган. Советтердин уюштуруу курултайына 136 делегат шайланса, алардын 15нен башкасы компартиянын мүчөлөрү жана мүчөлүккө талапкерлер, комсомолдун мүчөлөрү, ал эми жалпы делегаттардын төрттөн бири жарандык жана басмачыларга каршы согуштарда совет бийлигин коргогондор болушкан (17:12). Же Курултайдын курамы дээрлик толугу менен партиянын мүчөлөрүнөн туруп, анын көзөмөлүндө болгон.
Биздин мында айтайын дегенибиз, облпартуюмдун жетектөөчү жана багыттоочу ролун төмөндөтүп, Ревкомду, БАКинин ордуларын, ролдорун ашкере жогорулата берүү тарыхый чындыкка жакындабайт. Биздин оюбузча, илимий эмгек жаратам дегендин алдында бир гана максат болушу керек, ал- чындыкты гана аныктоо. Бул жагынан табийгый илимдердики жеңилирээк, бир материалдын же көрүнүштүн негизги сапаттары такталып-тастыкталып, мыйзам ченемдүүлүгү аныкталдыбы, аны дагы жаңы ачылыш болгуча эч ким бурмалай да, өзгөртө да албайт. Ал эми гуманитардык илимдерде, өзгөчө тарыхта көркөм чыгармаларга мүнөздүү вымысел, замысел, фантазия сыяктуулар деле кеңири колдонула берет. Биздин оюбузча, билишинче, акыбалы жетишинче фактыларды, окуяларды калыс обьективдүү чагылдырбаса, учурдагы саясий коньюнктуралык жагдайларга, бирөөлөрдүн каалоолоруна, буйрутмаларына ылайык бурмаланып кетсе, же айрым жактары атайылап эске алынбаса, анын илимге эч кандай тиешеси жок саясий публицистиканын бир түрү гана болуп калат. Тилекке каршы, ал биздин тарыхнаамабызда кеңири орун алып келүүдө.
Доорлор, мезгилдер алмашканда көркөм чыгармалар гана эмес, тарыхый булактар да жаңыча окулуп, жаңыча каралат. Ал аркылуу мурдагы окуялардын жаңы сырлары, кырлары табылып, ачыкка чыгарылат. Маселен, азыр кыргыз мамлекеттигинин жаңыча шарттарда кайра жаралышын түптөгөндөрдүн падышалык Россиянын жергиликтүү мамлекеттик органдарында иштеп, «Алаштык», эсердик, кадеттик кыймылдарга активдүү катышып, ошолордун катарларында партиялык тажрыйбаларды топтогондоруна басым жасалууда. Бирок, ошол эле тарыхчылардын көпчүлүгү алар реабилитациялангандан кийинки советтик мезгилдерде кыргыз мамлекеттигин түптөгөндөр «Алашка» же эсердик партияга мүчө болушкан эмес, алардын баары жалаа болгон деп жазып келишкенин кантип эстен чыгарабыз! ККАОнун идеологдорунун бири эки жыл эсерлердин гезитине редакторлук кылганы көз карандысыздыктан кийин гана айтыла баштады. Атаандаш башка партияга мүчө болгондугу үчүн эле репрессиялаганды эч качан актоого болбойт, бирок андай болгон эмес деп тануу да илимге ылайык келбейт. Биздин мында айтайын дегенибиз, документтерди жаңыча окуу деген саясий система алмашканда мурда аныкталып, такталып, аксиомага айлангандарды да танып, кыялый болсо да жаңы парадигмаларды жаратуу далалатына айланып кетпеши керек. Кыялыйлардын илимге эч кандай тиешеси жок, ал көркөм чыгармачылыктын энчисиндегилер.
Ошентип 1924-жылдын ноябрынан же партиялык жана мамлекеттик убактылуу башкаруу органдары түзүлгөндөн советтерге шайлоолорду, андан кийин советтердин Уюштуруу Курултайын өткөрүп, толук легитимдүү башкаруу органдарын түзүүгө даярдыктар башталган. Партиянын облБюросу ал иштерди координациялап, жетектөө менен бирге өздөрүнүн облконференциясын өткөрүүгө даярдыктарды көрүүгө киришкен. Ал убакта экономикалык, чарбалык абал оор болгон.1924-жылга карата жарандык согуштан, басмачылыктан кыйрагандардын 70 пайызы гана калыбына келтирилген. Маселен, Аман палван жетектеген корбашылар Таш-Көмүрдүн элин бир нече жолу чабышып, жумушчуларын, адистерин өлтүрүп, шахталарды кошумча жайлары менен кошо өрттөп кетишкен. Андай көрүнүштөр Фергана өрөөнүнүн дээрлик баардык жерлеринде болгон. Коммунисттер, комсомолдор, мугалимдер күндүз өз иштерин аткарышса, түндөсү солдаттар менен бирге стратегиялык обьектилерди кайтарып, же үңкүрлөрдө, токойлордо түнөп жүрүшкөн.
Калыбына келтирүү иштерин уюштуруп жетектөө да Ревком менен облБюрого жүктөлгөн. Бирок, саясий жактан ал убакта жаңы түзүлгөн облустун укуктук пайдубалын түптөө эң башкы милдет болгон. Ал Ревком караган маселелерден эле көрүнүп турат, ал 12-ноябрда өз милдетин аткарууга киришип, биринчи кезекте Кыргызстанда административдик-аймактык бөлүүлөрдү-округдарды, райондорду түзүүнү ишке ашырган. Ал 1925-жылдын 15-мартына чейин 51 отурумун өткөрсө, аларда советтерге шайлоолорду, Уюштуруу Курултайын өткөрүү, жергиликтүү башкаруу органдарын бекемдеп, чыңдоо, эл чарбасын калыбына келтирүү, социалдык тармактарды өнүктүрүү боюнча 665 маселе караган. Же ар жумада кеминде 3—4төн жыйын өткөрүп турган (3:135).
Ревком өз ишинде РСФСРдин Баш мыйзамынын автономдуу түзүмдөр боюнча 4-бабын жетекчиликке алган. Анын ККАОнун түптөлүшүндөгү ролу абдан чоң болгон. Анын орду жана ролу жөнүндө, З. Курманов менен Г. Джакупова парламентаризмдин башаттарын изилдеп, чоң монография кылып чыгарышкандай, анын беш айга жетпеген убакыттагы аткарган иштерин изилдеп, иликтеп, позитивдүүлөрү менен бирге кемчиликтерин да ачып берген эмгек даярдалса, республикабыздын жаңы тарыхын окуп үйрөнгөндөр үчүн баалуу белек болмок, ал окуу куралы катары да пайдаланылмак.
1925-жылы февралда-марттын башталышында советтерге шайлоолор өткөрүлгөн. Аны тарыхчылардын баардыгы айыгышкан топтук күрөштөрдүн шартында өткөндүгүн белгилешет. Айрым болуштуктарда (волость) шайлоолордун жыйынтыктары жокко чыгарылып, алар түзгөн аткаруу бийликтери таркатылган. ОблРевкомдун президиуму 1925-жылы 5-февралда ККАОнун Жобосун иштеп чыгуу боюнча 5 адамдан турган комиссия түзгөн менен ал ишке ашкан эмес. Ал убактагы жетекчилердин жана адистердин Баш мыйзамдын долбоорун даярдоого интеллектуалдык, билим деңгээлдери, тажрыйбалары жетишпеген. Ыгы келгенде айтсак, ар он миң адамга эсептегенде илимдин докторлору, кандидаттары боюнча дүйнөдө алдыңкылардын катарында болгонубуз менен азыр деле депутаттарыбыз башка мамлекеттердин мыйзамдарын көчүрүп алып жатышпайбы.
Михаил Каменскийдин эрдиги
ККАОнун 1925-жылы 14-мартта өткөрүлгөн облустук партиялык конференциясында А. Сыдыковду колдогондор жеңилгендиктен алардын бири да жаңы башкаруу органынын түзүмдөрүнө жетекчиликке сунуш кылынбаган. Ж. Абдрахманов облустун партиялык уюмундагы экинчи даражадагы кызматынан ажыраган. Ага таарынган Сыдыковчулар советтердин 1925-жылдын 27-мартында башталган Уюштуруу Курултайына бойкот жарыялашкандыктан анын отурумдарына 135 делегаттан 50—70ни гана катышкан. М. Каменскийдин алдап соолаган чакырыктары, опузалары эч натыйжа бербегенден кийин ал канча делегат катышпасын Курултай өз ишин уланта бере турганын жарыялаган. Айрымдарга жакпаса да Ж. Абдрахманов, Э. Арабаев баштагандардын бойкоту жаңыдан түзүлгөнү жаткан жаш мамлекеттик түзүмдүн кызыкчылыктарына каршы келгенин, ал эми Худайкуловчулардын Курултайдагы позициялары негизинен позитивдүү болгонун моюнга алуу керек. Сыдыковчулар кандай кырдаал болбосун өздөрүнүн амбицияларын жеңип, Уюштуруу Курултайына аягына чейин катышып, нааразылыктарын, сунуштарын ошерде айтып, ККАОнун укуктук пайдубалын түзүүгө өз салымдарын кошуулары керек эле. Эгерде аларды ээрчигендер көбөйүп, кворум жоктугунан Курултай иштей албай таркап кетсе, алар 1921-жылдан бери сунуштап келаткан идея ишке ашпай калмак. Ал биринчи кезекте Сыдыковчулардын өздөрүнө сокку болмок, ага каршылардын гана отуна май тамызып, Худайкуловчулар «мына, бай манаптардын тукумдарынын кылган иштери. Элге чыккынчылык кылышты» деп кыйкырып чыгышмак.