Полная версия
Бабалардын жанырыгы
Кыз:
– Сага дагы жаа керек,өзүмүн жаам бер,-деген
Кыз өзүнүн ата-жотосун Добунга аңгемелеп айтып берген. Экөө аман болсок дагы жолугабыз деп ажырашты.
Ошондо эле булардын тагдырын кудай бириктиргендей болгон.
Салтанат шааниси жай бүтүп, тойго келгендер жай-жайына тараган. Добун тойдон кийин өзүнүн кер быштысын табай албай бушайман болду. Бала жаасын кармап, токтобой ары бир чуркап, бери бир чуркап, эч бир жерде кер быштысын таба албады. Акыры айласы кеткен Добун Алтан төрөнүн жигиттерине кер быштысын жоготуп ийдим деп даттана кайрылган.
Кара тоголок жигит:
– Кеч болуп калды үйүңө бара бер кер быштыңы тапсам байлап коём,-деген.
Добун чуркап отуруп өзүнүн боз үйүнө эл орунга отурганда араң жеткен. Бул кезде,-Балабыз эмне болду,-деп атасы Борчу энеси Аймарал айыл четинде жолдун айрылышындагы чоң кара таштын жанында күтүп жаткан экен. Алар алыстан сербеңдеп чуркап келаткан караанды көрүшүп:-Биздин бала экен,-деп сүйүнүшкөн.
Борчунун жини келип, аны Аймарал тыйып:
– Баланы көп жемелебечи ансыз деле айыптуу болуп келатат.
Борчу аялынын сөзүн угуп жумшарат.
– Балам, кер быштың кана?-деди бору ооруп.
– Эцеге(ата)мен аны чылбырын түрүп оттосун,-деп коё бергем, той бүткөндөн кийин карасам эле жок таппай калдым.
Айрмарал эне эки ортону жумшартып:
– Эчтеке эмес уулум эртең атаң барып таап келет. Жоголбой жүрчү бышты беле бир жерде оттоп жүргөндүр. Уулум эл көп болдубу?
– Ооба эне, Алтандын тойуна адамдар көп келди, сакалы белине жеткен улугерчи карыя жомок айтып, балбан күрөш, жаа атыш ар түрлүү оюндар көп болду,-деп бала көргөн-билгенин кобурап жатты.
– Сен жаа атыш ойнуна катышкан жоксуңбу? Мергенчинин уулу эмесиңби?
– Катыштым, ата эки ууру, эки жаат болуп атышты, биз атып кетип жеңишке жеттик.
– Мергенчинин уулу мергенчи болот,-деп сүйүнүп айтты,-Аймарал эне баласынын ийгилигине жетине албай сыймыктанып.
Анан бала менен энеси шыбырап сүйлөшүп калышты.
– Эне мен Алтанды көрдүм ал чокчо сакал койдурган чоң адам тура.
– Ооба ал бай жана төрө эмеспи.
– Эне ошол айылда Корултай деген мерген бар экен. Анын Баргужин-Коо деген аялы, алардын Алан-Коо деген кызы бар тура.
Энеси таң кала:
– Анан ал эмне экен?
– Ал аябай сулуу экен.
Энеси жүрөгү жибип, күлүп жиберди жетине албай:
– Менин уулум тойго барып, өзүмө келин таап келген го,-деп сүйүнө айтты.
– Ошону менен тааныштым.
– Таанышканың жакшы уулум көрүнгөн тоонун ыраагы жок аны биз келин кылып алабыз.
Береги Борчу мергендин баласы бир тойдо тагдыр буйруп, Корултай мергендин кызы Алан-Коо деген сулуу кыз менен таанышып калыптыр.
Борчу аялы Догулан экөө өз турмуштарын өткөрүп жатышты. Борчу түндүктөгү токойдун арасынан ар кандай илбеесин кармап аң терилерин даярдаган мерген. Терилерди ашатып ийлеп, бүтүп жаасын асынып, жылуу кийинип аң улоого жөнөдү. Аны ээрчип Добун жөнөөчү ошондонбу ал кайсы жерде аң болот аны кандай кылып, атыш керек кыскасы ата кесибин мыкты өздөштүргөн. Баралына жеткенде эң мыкты мерген болчудай. Борчу ушул чөлкөмдөгү жөндөмдүү аңчылардын бири. Ал жер өңүтүн коёндун жатагына чейин билген.
Добун Корултайдын баласы менен достошуп алды. Анын максаты Алан-Коо менен сүйлөшүп жакындоо болчу. Анан закымдап мезгил өтүп, жаштар бойго жетишти. Бирок кызы төрөлгөндө эле башка бирөөнө кудалап, анча мынча мал алып койгон эле. Анын кудалаган жери Эрке Харанын таякелеринин уулу Кубулай деген бала болчу.
Алан Коо атасы менен энесине айткан:
– Мен ага турмушка чыкпайм.
Анткени ал Борчунун баласы Добунду жакшы көрүп калбадыбы. Добун узун бойлуу, шадылуу келип, ак жуумал улан эле.
Бир күнү булак жанында Алан-Коо Добун менен сүйлөшүп жатып айтты:
– Сен мени бат эле ала качып кетпейсиңби же, болбосо атам кудалаган жерге берген жатат.
Корултай кызын антташкан жерге бермек болгон. Бирок Добун Алан-Коону эл жатаарда келишкен кер жорго менен келип үйүнө ала качып кеткен.
Ал мезгилде айлана суук тартып, соккон шамалга калың чийлер бетеге башка өсүмдүктөр кыймыл жасашып желге термелишет. Булуттар батыштан чыгышка карай сапар улашкан.
Корултай кызынын кайда кеткенин билбей калды. Добундан шек санабады ал жөн эле жолдош деп ойлогон.
Бирок энеси Баркужин Коо билчү. Энеси да бул баланы жакшы көрүп жактырган.
Мерген жолду карап жалгыз аттын изин кууп жүрүп отуруп, бир нерседен шектендиби же, өзүнүн иши менен бир тарапка кеткен го деп божомолдоду.
Акыры баланын атасы Борчу эки жолдошун ээрчитип Корултайдын үйүнө келип түштү.
– Ууру болуп калдык кудалар көп күнөөбүздү аздай көрүп кечиргиле- деп, башын ийип салаңдатып,-Алам десең баш мына,-деп айыптуу болуп турду.
Анан эле токтоно албай Корултайдын аялы аюудай болуп чамынып айтты:
– Анын кудалаган жери бар эмес беле, эми карыздан кантип кутулабыз?
– Мен аны кайдан билем, эки бала бирин-бири жактырып калыптыр.
Кыздын атасы ээ-жаа бербей каардана:
– Кызымы алып келгиле анан көрөлү,-деди.Жигиттер аттарын кара жолдо чапкылап баратат. Аларды иттер үрүп кубалашат. Куугунчулар бат эле селкини алып келишти.
Ошондо кыз көзүнө жаш алып кайгыра:
– Энеке, мен биздин үйгө келип жүргөн Добун мергенди жакшы көрүп калгам. Кыздын ата-энеси баласын ыйлаткысы келбей анын эрки менен калышты.
Ушул баян ушул бойдон калган жок.
Адегенде шарт боюнча эки куда сүйлөшүп сөз бекитишип туугандарды чакырып той беришти. Анан кийин мурунку кудалаган жердин карызынан ашыгы менен мал берип кутулушту. Жана Алан-Коо деген сулуу Добун мергенге турмушка чыгып бактылуу жашап калат. Ошентип эки жаштын тагдырын байлык эмес таза сүйүү чечти. Ал көзгө атаар мерген эле. Тоонун кайберендерин атып келип, өз жашоолорун өткөрүп жатышты. Алардын бактысы тоонун назык гүлүндөй болуп шоодур кагып, жаз желине жанданып, учкул өмүрү тоо шапатасына бой салып ыргалат. Экөөнүн бактысы чыгышта нур чачып жанаша турган кош жылдыздай болгон. Эки жаш эң туура табышып, улуу тоо-талаада назик сүйүүнүн гүлү ачылып жаткан сыяктанып көрүнгөн. Алар үйлөнгөнүнө эки жыл болот дегенде эркек балалуу болушту. Анан бир жыл өтүп дагы бир уулду болуп ого бетер сүйүнүштү. Добун мерген менен Алан-Коо сулуунун сүйүнгөнүн айтпа. Балдарыбыз аман эсен чоңойсо, деген жакшы сонун тилеги болгон. Баарынан да эки эркек уулдун Добун мергенге окшоштугун айтпайсыңарбы. Алардын өзүнө окшоштуруп, мерген аябай кубанып тагдырына ыраазы болгон.
Ата ошого жетине албай Алан-Коонун сыйын сүйөт. Тынч албаган Добун ар дайыма аңчылыкта жүрсө, ал эми аял эки баланы багып үй-тиричилиги менен алек.
Ошол жылы жаз илеби эрте байкалып, улуу Гоби чөлүнөн жылуу илеп жете келип, жер тоңу кетип, топуракка жылымык келип, күңгөйдөгү тоонун кары эртелей эрип, тентек суунун үстүндөгү муздар шар агымдын эпкини менен ылдый карай агыла баштады. Кыштын ызгаардуу суугу эчак эле кайтып жер жылымдап,айрым сууктан далдаа жерге көк чөп өнүмдөп кылтайа башбагат. Түштүктөн куштар учуп келип, канат кага күңгөй жылымык тарапта,учуп-конуп көкөлөй торгой куштун сайраганы анда-миында чыгып, айлана бир керемет сыяктанат.
Адамдардын баардыгы жаздын эрте келгенине кубанышты. Жаз келсе тиричилик жанданып,бирин-экин мал төлдөп адамдар сүт, ууз айран ичип быйылкы жылдын эрте келген напсисин татмак.
Ошол күндөрдүн биринде айылдын ары жагында Кара тоо деген зоо бар эле. Анын башын көк жалтаң аска, кар мөңгү мекендеп, тоодон бери түркүн дары чөптөр өсүп, аскасында улар кушу мекендөөчү. Куштардын түнөгүн Добун мерген билчү .Анын эти кандай дары, кандай даамдуу жана жумшак. Ал кылтак тартып улар кармап келүүнү көздөп, өрүлгөн желени алып, аңчылыкка даярдана баштады. Ошондо аялы көңүлү чөгө, бушайман боло:
– Добун ардагым, эмнегендир жүрөгүм уйгу-туйгу болуп тынч албай жатат. Ал жакка барбачы анын үстүнө күн бүркөө түндүктөн удургуп басылбай шамал согобаштады.
Бирок күйөөсү болбоду.
– Эки бала ачка болотко Кара тоонун үстүндөгү аскага улар кушу жылына мекендейт, желе тартсам эле алар түшөт, бат эле келем,-деди болбой.
Алан-Коо бир эсе балдарды, бир эсе турмушту ойлоп, «Мейли эми бат эле кел»,-деп макулдугун берген.
Добун мерген кадамын бат-бат шилтеп, Кара тоо жакка багыт алган. Аңчы кой терисинен шырылган ичикчен, топоздун терисинен тигилген тумакчан узун карааны тээ алыстап, урчукту айлана берип көрүнбөй калган…Эмнегендир тынсыздандыбы жээ үйүнүн карааны жакшы көрүнүп кеттиби, эки-үч жолу бурулуп артын карап койду.Боз үйүнүн жанында Алан-Коо эки баласы менен күйөөсүнүн узата тиктеген. Балдардын жанында Ала мойнок күчүк ойноп жаткан. Дөңдүн далдаасына киреерде мерген артын кылчактай карады дагы эле Алан-Коо эки баласы менен күйөөсүн карап турган экен. Добун мергендин жүрөгү бир нерсени сезип уйгу-туйгуланат. «Кайра үйгө кете берсемби» деди. «Бирок болбойт мынча болду үйдөн чыкпай эле койсом болмок», ал кетип баратып аялына айткан кебин эстеди.
– Ардагым, сүйүктүүм ата-бабам аңчылык кылып келген жер. Бул аймактын сырын коёндун жатагына чейин белем. Камтама болбо, бат эле келем. Андан көрө ысык тамагың болсо, даярдап кой ,-деген.
Ошол күнү кечинде басылбай согуп, шамал улам күч ала берди. Анан бирин-экин жылдыз чыгып, түн акырын көшүлүп кирип келген.
Бир күн өттү. Эртеси деле күн ачылбай айлана сургут тартып, шамал согуп турду. Сапар улап дагы бир күн өттү. Добун мерген келбеди. Алан-Коо балдары менен Кара тоо тарапты телмирип карап турат. Айрыкча эки баласы:
– Атам качан келет,-деп энесинин тынчын алды.
Айласы кеткен аял:
– Атаңар келет шашпагыла, ал кармалып жатса керек,-дейт.
Анан күйөөсүнүн аңчылыкка кетип келбей калганын Добундун туугандарына айтты.Адамдар ат минип чабагандап чер токойду, тоодогу аңчылык кылган жерди аңтарып-теңтерип карап чыгышты. Акыры чабагандар асканын бетине карга-кузугун айланып турганын көрүп, жогору Кайкы өтөккө чыгып барышса, Добун мерген аскадан кулап түшүп, башы ташка тийип, түбөлүк уйкуга кеткен денесин табышты. Адамдардын айтымында Добун мерген асканын башында уларга желе тартып жатканда ашуу тараптан катуу куюн башталып, кулап башы менен урчук ташка тийип, жарадар болуп, алы кетип, тура албай калган шекилденет.
Добун мерген буту-колун тартып, бүрүшүп жатып калыптыр. Анан суука чыдай албай байкушум жан берген шекилденет. Атчан келген чабагандар сөөктү аскадан түшүрүп, алдына өңөрүп үйүнө алып келатышты. Чабагандар чаап келип, суук кабарды Алан-Коого угузушту. Ак жуумал тарткан эстүү аялө өзүн жоготуп дендароо болуп, кайгыга бөлөнүп, жашын төгүп-төгүп ыйлап жатты. Аны үйгө алып кирип, бети-колун жууп айрандан чалап ичиришти. Жесир аял эсине келип-келбей:
–Жөлөгүмөн айрылдымбы, аны такыр көрбөй калдымбы,эми балдарды ким багат,-деди муңга батып армандана шурудай жашын тамчылата буркурап.
–Бул да болсо, тагдырдын иши кайраттан,-деп аны кармап турган аялдар сооротуп жатты.
Ошентип эки балалуу ак жуумал аял тагдырдын буйругу менен жесир кала берди.
МААЛИК ТЕКСИЗ КУЛДУН БАЯНЫ
Ошол мезгилде кыргыздар Эне Сай өзөнүнүн жанында Миң Суу деген жерде аңчылык жана мал багуу менен жашоосун өткөрүп жатышты. Бул аймакта кыргыздардын бир канча уруусу бар эле. Кыргыздарды башка элдер шибелер, же токой адамдары деп аташкан.Токой адамдары кайраттуу тартып, суукка чыдамдуу эле. Шибелер эт жеп, малдын сүтүн ичип, айрыкча бээнин сүтүн ачытып кымыз кылып азыктанышкан. Кыргыздар Кара тоодон темир казып, эритип найза, жалаңдаган курч кылыч, темир калкан менен куралданып оңой менен жеңилбеген жоокер эл болгон. Алардын асмандан түшкөн таштан (метеориттен) жасалган кылыч, калкандары жалаңдап өтө курч болгон. Аларды кымбат баалуу буюмдарга гана алмашкан. Куралдардын жасалышын катуу сыр кылып башка элдерге такыр айтпаган.
Алардын бойлору бийик сары чачтуу, сары жүздүү жана көздөрү көк эле. Эркектери сөйкө тагынып кооздонуп алышкан. Токойу жок күнөс жерге таруу, арпа, буудай эгишчү. Байлары кыз алганда калыңды көп төлөшкөн. Шибелер кытайдын соодагерлери менен байма-бай байланышып аларга аң терилерин берип, башка бир керектүү буюм менен алмашып алып турушкан. Шибелердин колдорунда найза, ай далыда жаадан коргонуучу калкан, башында ок тосуучу шуңшуйган тулга, сол капталында кылыч салмактуу чоң жаа, шыгырылган жебелер батырылган саадак. Ошол шибелерди Ажо башкарып турган. Анын туугандары өтө бай болуп, Миң Суу өзөнүн жана улуу дайра (Улуу кем) Эне Сайдынжээгинде жашоосун өткөрүп турушкан. Ушул журтта Уткул деген адам болуп, анын эки баласы аялы жана көптөгөн малы болгон. Уткулдун Маалик деген алп узун бойлуу, өңү сары жездей сап сары уулу бар эле. Ажонун жакын туугандары Уткулдун байлыгын көрө албай жигиттерин жиберген. Анткени каардуу Ажо менен кармашкысы келбейт. Себеби, анын колунда бийилик жана тандамал жоокерлери болгон. Ошентип Ажолуктар Уткул байдын малын уурдап ага тынчтык бербей койду. Ошондо Уткулдун уулу Маалик намыздана баштады. Ал Ажону жок кылып же анын малын уурдап, өз намызын алгысы келет. Атасы муну билип:
– Уулум кой, шайтандын куйругун баспа, бир балакетке калбайлы. Ал кекчил эч нерсеге көнбөгөн таш боор пенде Уткул туура айтты. Ажо эң эле каардуу эч кимди аябаган пенде болчу. Бул жердеги уруулардын өзүнчө закону бар. Эгер ууру кылып элге-журтка тынчтык бербей койсо, аны өлтүрүп, баш сөөгүн атасынын же бир туугандарынын мойнуна тагып коёт. Бул эң каардуу закон. Анын бети курусун кудай бербесин. Ал бир канча жыл уурунун сөөгүн мойнуна тагып жүрүп азапка батат. Кыргызда бир канча адам ошондой болуп жүрөт. Уткул карыя ошону ойлоп санаасы санга бөлүнүп, эгер Маалик ошондой тагдырга жолугуп калса эмне болот. Ата баласына көп жолу эскертти. Бирок баласы болбой эле уурулугун уланта берди. Ошол күнү Маалик бир нерсени ойлоп турду. Ажонун миң булак өзөнүндө жыйырма үйүрлүү жылкысы болгон. Ал эмнегендир жаны жай албай тынчы кетип, ала күүгүм кезде Ала туяк атын минип келатты. Ал Ажонун жылкыларына жакындап, бир жылкычыга чалма ыргытып кармап күч менен күргүчтөтө коого карай сүйрөдү. Ошол кезде адамдын арасында жашынып жаткан үч жигит чапкан тейден барып, Мааликти колго түшүрүп алууга аракет кылды. Маалик ойлонду булар үчөө эле экен аларды жеңүүгө болот деди. Үч жылкычы Мааликти аттан сүйрөп түшүп, колу бутун таңууга аракеттенмей болду. Ууру койнундагы токмогун алып чыгып эки жылкычыны башка берип-берип калды. Катуу нерсенин уусубу жылкычылар ошол жерден аттан торок кулап түшүп жан берди. Эми бир жылкычыны оңой эле жеңмек, сааттай болуп, ары жактан дагы төрт жылкычы аттарын сороктотуп чаап келип ууруга аргамжы ыргытып мойнун муундура тарта жерге түшүрүп буту колун байлап, Ажонун үйүнө алып келип жыгач үйгө камап салышты. Баарынан ууруга эки жигиттин өлгөнү жаман болбодубу. Кыргыздар ууруларды өтө катаалдык менен жасалоочу. Ажо ойлонуп жатты муну эмне кылсак өлтүрүп баш сөөгүн атасынын мойнуна тагып койсок кандай болот. Бирок бул ойдон баш тартты. Уткулдун туугандары кекчил бир балакет кылбасын деп кайта өзү чыгарган бүтүмүнөн баш тартты. Ошондо аны бөтөн жактан келген кербендерге энчилеп сатып ийгиси келди. Ал ушул ойду тапканына аябай сүйүндү. Ырас эле ыраака кетсе, өзүнө жакшы болмок. Өлтүргөндөн көрө жер үстүндө жашап жүрмөк. Ошонусу да чоң бакыт, соодагерлерге берип, бир душмандан кутулганы оң. Бул жерде жүрсө баары бир бизге тынчтык бербейт. Көп өтпөй Кытайдан кербен келди. Алар чай, кашык, чыны, жибек дагы толгон буюмдарды алып келишти. Кыргыздар соодагерлер менен алака түзүп буюмдарын аң терилери менен алмашып жатышты. Эртеси ак сакалдар чогулуп Маалик ууру жөнүндө сүйлөшүп жатышты.
– Муну башка элге берип жиберели антпесек уурулугун койбойт.Бизге кекенип калды жана баарыбызга тынчтык бербейт.
– Көптөн бери бизге зыян кылып келатат.
Карыялар ууруну Кытайдын соодагерлерине сатып, жиберели деп чечишти. Алар соодагерлер менен сүйлөшүп эки тарап макул болушту.
– Бул өтө карылуу күчтүү адам чебердегиле качып кетпесин.
– Качырбайбыз муну императорго белек катары тапшырабыз.
Бирөө күлүп айтты:
– Бул кул императордун аялы менен байланыш түзүп алса, кантебиз кайра өзүбүздү өлтүрбөйбү. Мындан сап-сары кылып, көп бала тууп жүрбөсүн. Баардыгы күлүп калышты.
– Император эмне келесоо бекен бычып салат да,кайрадан күлкү аралады.
Тагдырыбы кыргыз Маалик кытай соодагерлери менен кетип баратты.Ал акыркы жолу өзү өскөн токойду, сууну, түтүн булап жаткан өзүнүн боз үйүн аянычтуу карады. «Бул жакка келеер бекем же келбей каламбы?» Анын каңырыгы түтөп баратат, кайгысы күчөп баратат. Туткун төө үстүндө кетип баратып бир ыр эсине келди:
Кагылайын туулган жерим кош болгун,
Карагай,кайың менин ыйык досторум.
Кийинки учурда өзүнүн тагдырын ушундай оор болоорун сезип,билип жүргөн.Ага аялы айткан:
– Маалике сен уурулукту токтотсоң.
– Мен уурулук кылганым жок, алар атамын малын алып бербей жатат. Ошондуктан күрөштүм.
– Күрөшкөн менен аягы кандай болду.
– Сага аз уруусунун адамдары тиш кайрап жүрөт, колго түшсөң өлтүрүп бир балакет кылышпасын.
Ага кошулуп энеси да көзүнүн жашын көлдөтүп акыл айтты:
– Балам,чебердечи кийинки учурда Ажого каршы иштерди жүргүзүп жатасың, анын аягы жаман болбосун.
– Энеке,мен кайраттуу адаммын оңой менен колго түшпөйм жана ууру кылган жокмун. Ажонун адамдары атамын малын тартып алып, бизди кордоп жаман сөз айткан. Ошол үчүн күрөшүп жатам. Энесинин айтканына Маалик көнбөй койбодубу акыры ушул көрүнүшкө барып такалды. Аны кытай соодагерлери элүү чай, толгон чыны, чайнек жана шайы жибекке алмашты.
Тексиз кул төө үстүндө колу байланып, кытай соодагерлери менен кетип баратат. Туулган жери артта калып, ал эми убакыт закымдап өтүп жатат. Өз жерине болгон сүйүүсүн Маалик кичинекей жүрөгүнө салып кетип баратат. Анын артта калган өмүрү мунарыкка сиңип кеткендей болуп, ал жакта калган өмүрү белгисиз аянычтуу арманга батат. Кербен жай жылып кетип баратат. Кербен үстүндө эрксиз кул Маалик кетип баратат. Анын атасы, туугандары, балдары, жары чыркырап ыйлап узатышты. Мааликтин туугандары кербенге кол салбасын, деп Ажонун тандамал жоокерлери жүргүнчүлөрдү узатып баратат.
Маалик арт жакты карады. Көзүнөн эки тамчы жаш кулап түшүп, жүрөгү туйлап, оюнан төмөндөгүдөй ыр жаралды:
Кош болгунуң киндик каным тамган жер,
Жакшы кал, ата бабам өскөн жер.
Жээ келеермин же,болбосо келбесмин,
Келбей калсам нечен ирет эстеермин.
Тексиз кул төө үстүндө кытай соодагерлери менен кетип баратат. Кербен узап баратат, мезгил да узап баратат. Анын мээсине бир ой келет. «Келеминби же келбейминби?» Анын жүрөгүнөн бир кыл үзүлүп кеткендей болду. Ал кыл эмне экенин өзү да билбейт. Түбөлүк үзүлдүбү же бир азга эле элеби? Ал жип туулган жерге болгон ыйык сүйүүсү эле. Анын киндиги туулган жер менен байланышкан эмес беле. Анын бир аз алакандай өмүрү ушул токойлуу аймакта, улуу Эне Сай дарыясынын боюнда закымдап көзгө илешпей өттү. Жүрөгүндө кеткис болуп сакталган ошол байлыкты канткенде унутуп, канткенде эсинен чыгарат. Жана ата-энесин жандай көрчү эки баласы, сүйгөн жарычы. Ушуларды таштап төө үстүндө эрксиз кул болуп кетип баратпайбы. Ата-журт туулган жерин көрбөй андан бир жолу алыстап кетеби? Анын жүрөгүнөн бир аялуу нерсе туулган жерге өзү өскөн айлына калгандай болгон. Ал ыйк нерсе эмне эле? Ата Журт ажарыбы? Ошол ыйык нерсени өмүр боюу көрбөй калабы? Дагы ойлонду ушундан көрө өлүм менен көргө узатса жакшы болот беле? Ал бурулуп артын карады.Артында жайык талаалар, шыңга бойлуу бийик карагайлар. Алардын шамалда гүү-гүү эткен түгөнбөс үндөрү, куштардын сайраганы, улуу дайранын доошу, аска-зоону айланып учкан алгыр бүркүт баары-баары артта калып жатты. Баарын-баарын кайра көргүсү келди. Буларды кантип таштайт, ушинтип эле эрксиз кул болуп кете береби? Ал артын улам-улам,кылчак-кылчак карады.Тээ алыста туулган жери калып жатат. Тигинде бийик дөбөдө атчан адамдар: алар атасы-энеси, бир туугандары, энесинин сызыла боздоп ыйлаганы, атасынын аянычтуу тиштенип турганы көз алдынан кетпейт. Аялынын балдарынын атакелеп ыйлаганычы. Ал артын улам-улам, кылчак-кылчак карайт. Кытай соодагерлери да ошону түшүнүп аны аяды. Жаштыгын аяды. Аны жырткыч жаныбарлардай байлап бараткандай сезилди. Анын айлы мунарыкка сиңип кеткендей болот. Сиңип кетти. Төө үстүндө көп нерселерди ойлоп баратат. Тээ артта жайнап турган сезими. Артта калган балалыгы. Ал кулап түшүп ташка айланып жок нерсеге айланабы? Тексиз кул төө үстүндө кытай соодагерлери менен кетип баратат. Кербен жылып баратат, тексиз кул да кетип баратат. Ал өзүнүн туулган жерин артка таштап кетип баратат. Артын карады көз жеткис мунарык өзүнө тааныш эмес жерлер, тааныш эмес тагдырлар. Кербен жайык талаа менен кээде токойлорду аралап, кээде ачык талаа менен жүрүп отурду. Көп жер басып, суу кечип, ашуу ашып, аркайган эчен бел басып, акыры алар монгол жери менен баратты. Маалик соодагерлердин тилин, дилин такыр түшүнбөдү. Тагдыр ушул экен эгер кичине эле мүнкүнчүлүк болсо качмак бирок кантип качат. Колу, бутуна чынжыр оролуп баратпайбы. Ал эмне болсо да, баарын кудайдын жазганын көрөөрмүн деп кетип баратты. Соодагерлер Монгол жериндеги тайшит уруусунун аймагын аралай келип калды. Ошондо тайшит уруусунун аксакалы Камбагай айтып калды:
– Бул чөөдөй сары адамыңар көрүнүшү боюнча өтө күчтүү акылдуу сезилет. Бизге таштап кетпейсиңерби. Мекени алыс кете албастыр, жок дегенде кой кайтартып алалы, кытай адамдары эмне дээр экен,-деп тилмеч аркылуу кайрылып калды. Кытай соодагерлери сүйлөшүп, таштаар, таштабасын билгизбей арсар абалында калышты. Алар тынымсыз сүйлөшүп жатышты.
– Болуптур акысына эмне бересиңер. Бул өтө жаш жана кайраттуу. Анан күчтүү баардык жумушту аткара алат.
Камбагай эмне береерин билбей ойлонуп калды да,-Балким аң терилерин алаарсыңар.
– Ага деле алмашабыз түлкүнүн жана карышкырдын териси барбы?
– Бар карышкырдын анан эки түлкүнүн терисине алмашалы.
– Жок ал өтө аз.
– Анда беш карышкырдын, өн түлкүнүн жана он беш кундуздун, ошондой эле башка жаныбарлардын терисин бер.
Ошентип Камбагай бай кытай соодагерлери сураган аң терилерин ага кошуп үч күлүк атка жездей сары чачтуу Мааликти алмашып алды. Береги кытай соодагерлери Монгол жеринен ары жөнөп кеткен экен.
Ал өзүнүн кожоюунуна жакшы кызмат кылып жүрдү. Аны бат эле эркиндикке коё беришти. Ал берилген иштин майын чыгара аткарып ошонусу менен жагып калды. Тексиз кул качып кетүүнү самады. «Мен киши өлтүрбөдүм беле,бир эмес экини кайра эле колго түшүп азап тартам го? Же алар мени өлтүрүп, салт боюнча менин башымы атама же инимин мойнуна тагып коёбу? Кой ушу жерге эле тура турайын деди. Калганын тагдырыман көрөөрмүн.»
Аңгыча эле үч-төрт жыл закымдап өтүп кетти. «Бирок азыр кеч күз. Жол өтө ыраак, жолдо дагы колго түшүп, же ит кушка жем болом» деп коркту. Бирин экин кыргыздар жолугуп калабы деп, жакшы санаа менен жүрдү. Ошол үчүн азырынча ушул жерде тура берүүнү самады. Ал абдан күчтүү жана боюу узун келишимдүү кайраттуу келип, тиктеген жандын көңүлүн өзүнө бурдуруп турчу. Камбагай байдын короо-короо коюу, үйүр-үйүр жылкылары жана келишимдүү жасалган үч-төрт арабасы болгон. Ушунча малды Маалик, Жигмид, Хорлоо, Даржа жана башкалар көз салып бакчу.
Маалик аял дегендде эки көзү төрт болгон. Анын келишимдүү денеси ургаачыны самап турган. Ал учурунда эки келин менен көңүл ачып жүрдү. Мааликке көп ургаачылар көз салып жүрчү. Бирок аны жигит көп элес алчу эмес. Анткени ал эрксиз кул болуп жатпайбы. Кул туулган жерин, аялын, балдарын сагынчу.
Камбагай бай жаш кезинде аягы суюк болуп кийин деле ошол жоругун койбоду. Ошондо Үржеңе күйөөсүнө айтты:
– Бай, аягы суюктугуңу койсоңчу, балдарың чоңоюп калды уят,-десе Камбагай каарданып: -Сенин эмне бирдемең кетип жатабы,керек болсо дагы бир аял алам дечү.
Ошону менен Үржеңенин жаагы жап болгон. Ал үшкүрүнө ойлонуп, эркектер болбойт экен жана жакын абысынына байдын сандаган жоруктарын айтты.
Абысыны:
– Аны эмне кыласың байдын денесин баштыкка салып алмак белең,ал көнүп калган бычтырып эле салбасаң үйрөнгөн адатын таштабайт, андан көрө ага билдирбей көңүл ачып жыргап жүрө бербейсиңби,-деген.
Ошондо Үржеңе: «Ким менен көңүл ачам,-деп ойлонду.-Байдын аялы деп мага бирөө жолойбу» .Ал жаш кезинде алты-жети курдай ала жипти аттаган. Бул окуя өтө жаш кезинде болгон. Үржеңе абысынынын кебин эстеп дене боюу жибип жан кумары алоолонду. Кимдир бирөө менен айрыкча жаш дене менен көңүл ачкысы келет. Бирок ким менен анын үстүнө тамакты көп ичип такыр эле толмоч тартып кеткен. Бу куракта аны эч ким карабайт, ким карамак эле. Быякта кашын ирмем моймолжуган жаш келиндер турбайбы. Үржеңе абысынына айтты:
– Сүт толгон эмчектей болуп толуп турам мени ким карамак эле.
Абысыны аны аяп:
– Карайт караганда да эң сонун жигиттер көз артат,-деди тамашалап күлүп.
– Ой,койчу кантип эле,-деди ишеңкиребей
– Мен жардам берем күтүп жүрө бер,сенин да гүлдөөчү маалың келет сенин бул боюнча таштабайм. Экөө тең катар күлүп калышты.
Ошол сүйлөшкөндөн кийин убакыт көп өтпөй, бир күнү Камбагай бай балдары менен иши чыгып кайдадыр бир тарапка кыйла күнгө жөнөп кетти. Баягы абысыны күүгүм кирип эл орунга отурганда Үржеңенин боз үйүнө башбакты: