Полная версия
Бабалардын жанырыгы
– Долон аба ден соолугуңуз кандай бизге кайрат бергениңизге ырахмат сиз жүз жигитиңиз менен Нарын тарапка көчтү сүрөп кете бериңиз биз монголдордун кошууну менен кармашып жүрүп отуралы, тагдырдын жазганын көрөөрбүз,– дейт.
Долон бий эс учун жыйып бир аз туруп, анан сүйлөй баштады:
– Суукка анын үстүнө душмандын соккусуна катуу учурап калбадымбы, кулагым каңырыштап, көңүлүм айнып, жер көчүп турат. Мен жүрбөгөн жер калдыбы, мен өтпөгөн бел калдыбы? Нарын, Ат Башы, Ак Сай жайлоолорунда жүрдүм. Алыскы Эне Сай өзөнүндө балалыгым өмүрүм өттү Монгол, калмак чапкынында кадым. Калмак чапкынында оң саныман ал эми желмогуз «Жажут-Мажутта» оң бөйрөгүм жарадар болду. Балдар силерге ишенем элди жоготпой, эл менен бирге болгула,– деген осуятын айтты. Баатыр алсыз болсо да кошуунду калтырууну каалабады. Ал алсыз болсо да кошуун менен бирге болууну каалады.
Ары баатыр, ары чечен, ары журт башчысы, ары санжырачы Долон бий өзүнүн өмүрүнүн аяктап баратканын билди. Бирок ошондо да акыркы майданга баатыр катары чыгып, элине туу казык болуп кайрат бергени сезилип турду. Баатыр элинин келечегин, элинин эртеңин ойлоп санаага батып турду. «Аз журт жок болуп кетпегей эле»– деп турду. Калмактар эч теке эмес, алар менен кармашып жеңип келгенбиз анын үрөйүн желмогуз «Ажут- Мажут» Чынгыз хандын кошууну учуруп турду.
Долон бий демигип туруп айтты:
– Мен жарадар болдум, көч менен кете берейин. Силер көчтү коргоп арт жактан келгиле, булар менен чебердеп кармашкыла, биз Нарын аркылуу түштүккө, башка жакка өтүп кетпесек айла кетип калды. Монголдордун мынча коп кошуунун эч убакта жеңе албайбыз.
Кара баатыр Долон бий менен кучакташып коштошту. Алар каза болгон кыргыз баатырларынын сөөгүн карга-кузгунга жем кылбай ариеттеп көмүштү. Кудайга жалынышты. Кыргыз эли, баатырлар «жок болуп кетпейли» деген улуу ойду ойлоп жатты.
Улама боюнча ошол монголдор менен болгон согушта Долонбий баатырдын канаттуу Кара жорго күлүгү кыргыздын бир тоосунда окко учуп өлдү. Баатыр жоргосун жоктоп, анын көкүл жалын кесип алып ыйлап турду:
– Касиеттүү жаныбарым, сени менен канча жыл бирге болдум, сенин талбаган канатың бар эле. Эми кош бол жоо огунда жок болдуң. Сени тиги чын дүйнөдө минип жоолрду бул жерден сүрүп жоготом,– деп ыйлап турду.
Ошол касиеттүү жер «Кара жорго» тоосу деп аталып калды деген элде имиш бар. Береги катуу согушта кыргыз баатыры Окторкой чоң эрдикти көрсөтүп, каза болгон жер анын арбагын сыйлап жоокерлер ошол аймакты «Окторкой» деп атаганын санжырачылар айтып жүрүшөт. Ал эми дагы бир кыргыздын алдуу күчтүү намыз бербес баатыры Оргочор дагы кыргыздарды коргогон тайманбас баатыры болуптур, ал дагы каза болуп ошол Монголдор менен болгон согушта каза болгон экен. Эл баатырын такыр унутпай ошол жерде «Оргочор» деп атаптыр.
***
Кыргыз көчү аман калууну айласын издеп Нарын аркылуу түштүккө карай илкип-калкып кетип баратты. Көчтү эр жигиттер коргоп келет алар тынымсыз көчүп келатты. Антпесе монголдор бул көчтү түп оорду менен жок кылып кеткен жатпайбы. Көчтү башкарып келаткан бийдин ден соолугу жок, анткени ал майданда жарадар болбодубу. Бийдин башы айланып салмактанып турду. Ал карыяларга айтты:
– Менин абалым начар атка да жүрө албайм го. Силер тынымсыз көчүп отуруп түштүккө кеткиле,– деп акырын алсыз үн менен айтты.
Ошентип бий төшөк таянып жатып калды. Бир кезде ал эшикке чыкты. Улуу тоого ай батып бараткан экен. «Менин өмүрүм жылдыздардай жайнап, ай сыяктуу батып бараткан экен. Кыргызыма эмне бердим? Кара башымы ойлоп аларга зыян кылган жокмунбу? Улуу алакандай журтка эсте калаарлык бир жакшылык жасадымбы?» Ал ушуларды ойлоп жатып, улуу адам бул өмүр менен коштошуп тиги дүнөгө түбөлүк учуп кетти. Анын жаны денесинен чыгып, ободо калкып учуп, түбөлүк өлбөс жакка кетти. Бийдин сөөгүн ариеттеп таза жууп, өзү басып өткөн, ата-бабасы көргөн касиеттүү Нарын тоосунун эл каттап өтүп турган чоң белине коймой болушту.
Туугандары үч жолу айтты:
– Бий кандай адам эле?
– Элдин таламын талашкан айкөл адам болчу.
– Бий кандай адам эле?
– Журттун камын ойлогон берешен адам болчу.
– Элди жоодон коргогон баатыр адам болчу.
Жыйылган элдин арасында үн чыгып жатты:
– Жаткан жери жайлуу болсун!
– Баатыр бийди түбөлүк унутпайбыз!
– Топурагы торко болсун!
– Эл коргогон баатырды эч убакта унутпайбыз!
– Бийдин жакшы сапатын кийинки муунга айта барабыз!
Журттун ушул үнү ай-талаага, аркы тоолорго шамал, жел менен угулуп жатты. Кийинки муундарга өлбөстүктүн шаңы, ата-бабанын урпактарга унутулгус дабышы тарап жаткансыйт. Айтылып жаткансыйт. Баатырдын сөөгүн жерге коюп жатып, денеси менен кошо өзүнүн сүйгөн тулгасын, кылычын, жоону сайган найзасын, айбалта, жаасын жебелери менен кошо, дайыма үстүнө түшүрбөй кийип жүрчү ак олпогун, денесине кийчү тор темирден токулган торгой көз бадана соотун, чарайнасын жана жоону дайма сак болуп караган дүрбүсүн кошо көмүштү. Ушундай шашылыш жоо каптап келген учур болсо да улуу баатырды урматтап, коюулган жерге усталар курч кескич менен бал-бал эстеликтерди орнотту. Усталар муну ары-бери каттаган адамдар билип, эрдикти унутпай, эскерип кетип турсун дешкен. Кийин ошол жерден булак агып чыгып, касиеттү тал өсүп, журт сыйынуучу жерге айланып кеткен экен. Кийин ошол жер «Долондун бели, Долондун ашуусу» деп аталып, Долон атанын сөөгү коюлган касиеттү ашуу азыр деле ошондогудай турат. Азыр деле ал жер кыргыз эли үчүн сыймыктуу. Ал жерге улуу баатырга куран окуп, эскерип өтүп кетишет. Жел согуп, шамал болуп, жаз, жайды айландырып убакыт өтүп турат. Ал ашуу тили болсо өткөн тарыхты санжыра кылып айтып бере алаар эле. Аны билген карыялар да небак өткөн. Ал баян улама-санжырада гана сакталып калган.
Көч касиеттү бийдин ариетин өткөрүп бүтүп, жоодон коргонуш үчүн түштүккө карай илкип-калкып көчүп кетип баратты.
***
Улама санжыра боюнча Долон бийдин үч аялы бар экен. Эң биринчи аялы эгиз Агуул, Кубулду төрөйт. Кийин кытай кызына үйлөнүп андан Моңмош деген уулду болот. Бий аны «Кыздан төрөлгөн уулум деп аны Кызылуулум» деп атаган экен. Агуул менен Кубул бой жетип, атасы сыяктуу эр болуп, эр уулу менен тең болуп, келаткан эле. Агуул айтты:
– Журтка мен бийлик кылам.
Кубул да намыс бербес өтүмдүү курч эле ал айтты:
– Жок журтка мен бийлик кылам, элди кичүү иниси башкарыш керек.
Агуул токтоо кайраттуу, «элге пайдамы тийгизем» деген, кең пейил жана жайдары күлкүнүн элеси жүзүнөн төгүлүп турчу. Ал журт башкарууга жаралган эле. Ал эми Кубул өтө өкүм, кайраттуу ошонусуна карап кээ бир ишти өзүнүн ыңгайына карап чечип, калыстыгы жок сыяктуу эле. Бийлик талашып экөө эрегишип кетти. Эки туугандын эрегишүүсүн билип журттун улуу адамдары Эсенгул, Баймөңкө жана башка касиеттүү адамдар баарын Баргы байбиченин үйүнө чогултуп, ак сакал улуу карыя айтып турду:
– Кагылайын Баргы келиним мына журт көрүп турат, булардын кимиси улуу, кимиси кичүү,– деп балдарды тууган энесине кайрылды.
Ошондо Баргы айым карылардан ыйбаа кылып, башын жерге салып айтты:
– Агуул оң бөйрөгүмдө болчу ал биринчи төрөлдү, Кубул сол бөйрөгүмдө болчу ал андан кийин төрөлдү,-деген экен.
Ошондо сакалы белине жеткен жүз жаштан небак ашкан карыя акылман сөзүн айтып турду:
– Кагылайын Агуул сен оң бөйрөктө жатып биринчи төрөлүпсүң, Кубул сен сол бөйрөктө жатып экинчи төрөлүпсүң. Кыргыз салты бюнча улуусу эл башкарат. Анткени жол улуулата келет да. Ал эми сен Кубул бул атадан калган дүнөгө ээ болгун бирок, байлыктын баарын өзүң албай эл менен бөлүшүп, эл менен туугандарың менен бирге болсоң кор болбойсуң. Эл бактылуу болсо, силер да бактылуу болосуңар. Ата-бабаңар эл башкарып, журтту тескеп жүргөн кишилер болчу, силер дагы чабышпай ошолордун жолуна түшүшүңөр керек,-деп карыялар туугандарга акылдуу сөздөрүн айтып, эненин сыйын көрүп, бата берип, чыгып кетишти.Тарыхта Агуулдан төрөлгөндөр оң, ал эми Кубулдан төрөлгөндөр улама боюнча сол болуп айтылып калган экен.
ТАГАЙ БИЙ ЖЕ МУХАММАД КЫРГЫЗ
«Санжыра элди бөлбөйт бириктирип жети
атасынан кабар берет».
Кыргыз эл макалы.
***
Алтын жерден чыгат,
Азамат элден чыгат.
Байыркы кыргыз эл макалы.
***
Тагай бийдин атагы
Далай ирет айтылды.
Анын атын билбеген,
Араңарда жан барбы?
Долон бийдин уулу Агуул башынан токтоо оор басырыктуу болуп, атасынын тарбиясында баатыр чалыш өстү. Антпегенде кантмек эле бир жагынан калмак, монгол татарлардын жортуулу башталып, кыргыздардын башына караан түн түшүп турган. Ал заманда балалуу болуп, аны чоңойтуу азап болчу. Анткени эки күндүн биринде душмандын чапкыны чыгып, колго түшүрүп, кул же күң кылып коёт. Жана тогуз ай көтөрүп денесинен чыккан баласынан айрылуу эне үчүн кандай тозок жана кайгы. Ошондо мындай армандуу заманда кыргыздар ыр чыгарышкан.
Кырларда кайыңдардын бетинде,
Тамга жокпу кыргыз балта чаппаган.
Өрөөндөрдө, жылгаларда, сайлар да,
Кыргыз жокпу кыргын болуп жатпаган.
Бул ырды акындар кыргыз эли азап-тозок көрүп жүргөн чагында жаратты. Бул ыр таштын бетине, аскаларга чегилип арман ыр болуп калды. Бул ыр адамдардын жүрөгүнө калып, муундан-муунга кайгы ыры болуп кете берди. Бул ыр тээ байыркы заманда жаралып, азыркы муундар кайгырып, капаланып окуп жүрөгүндө өткөндөн муңдуу элес калгандыгы сезилет.
Тагдыр жазып койгонбу Агуулдан: Адигене, Тагай, Моңош жана Наалы эже төрөлдү. Тагай төрөлгөндө атасы аябай сүйүнүп:
– Жоо жакадан алып турганда эркек тана болгону жакшы. Аман- эсен болуп, душман сүрбөсө да ат кайтарып берсе болду,-деп кудайга тобо кылды. Атасы Тагайга кичине чагынан жоокердик өнөрдү үйрөттү. Тагай олбурлуу бара-бара туурасы өсүп, денеси чымыр тарткан. Башкалар аны тике карагандан айбыкчу. Ал бала кезинен эле өтө шок жана ат жаныбарга өтө жакын болгон. Күлүк ат чаап чабандестик ишке өтө берилген. Атка чуркап келип, үзөнгү теппей секирип минеер эле. Бул жорукту көрүп аялы Бермет:
– Бул жоругуңуз жарабайт, салабаттуу эле үзөнгүнү тээп минбейсизби,-деп жактырбай каткырып күлүп калаар эле.
***
Ыраматылык Агуул эрте кырчын кезинде көз жумуп, Тагай менен Адыгене атадан жаш калды. Экөөнө баш көз болуп Наалы эже жүрдү. Эже эки бир тууганынын тагдырын өтө тынсызданып ойлочу эле. «Тагдырдын соккусуна учурап, жаш немелер жок болуп кетип Агуулдан тукум калбай калабы»– деп жатпайбы. Ошол үчүн Наалы эже турмушка чыкпай «Эки инисин чоңойтом»– деп ак эткенден так этип турчу. «Балтыр бели катып, чоңоюп алса, бой бербейт эле»– деп ойлоочу. Тагдыр ошондой болду. Наалы эже эки инисин «Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай» чоңойтту. Инилери да акылдуу экен Наалы эженин сөзүнөн чыкпай жакшы бой тартышты. А түгүл экөө кыргыз элин бириктирип, бир эл кылып, бири түштүктө бий болсо, экинчиси түндүктү башкарып, элге арка тирек бел болду. Ал заман Чынгыз хандын урпактарынан калган, азуусун айга жаныган Моголстандын заманы эле. Моголстандын ханы Жунус, анын уулу Ахмад, Халилдер кыргыздары эзип турган каардуу учур эле. Касиеттү Тагай бий элди эзгендерге жек көрүү менен мамиле кылып, жөнөкөй адамдарга арка бел, жөлөк эле деп улама, санжыраларда айтылат.
Кудайым шыбаа айтып койгонбу, кыргызда эр жигиттин бактысын алган жары ачат дейт. Анын биринчи жары Бермет бийге жарашыктуу аял боло турган. Ал бийдин ички сырын көзүнөн эле айттырбай билип турчу дешет. Ошону менен ал Тагай бийдин элге болгон ишин арылатып, журтка жакындатып, өзүмчүл эмес өз көмөчүнө күл тартпаган калыс эле деп карыялар сүйлөгөн уламаларда көп кеп болот.
Душмандар уу коргошун берип жок кылабы,-деп ага жаш кезинен уу коргошун таткантып жүрдү.
Уу коргошун ичип алганда.
Тагай бий такыр өлбөгөн.
Азабын көрдү жашоонун,
Ал пенде нени көрбөгөн.
Ат үстүндө баратып, жаа атып, найза сайып, кылыч чапканды эң жакшы көргөн. Адигене аны бий көтөрүп салды. Ал башынан эле адилет, калыс жана жолдоштору жемелеп турса да, оор басырыктуу көтөрүмдүү болчу. Жана бир нерсени будамайлап кетпей, чуу куйрук жайы жок ушул сапатынан эле башкаруучу хан же улук бий боло турган жөндөмү болгон. Ал кең пейил жетим жесирлерге кайрылган өтө кайрымдуу пенде эле. Адамда чынчылдык, боорукердик, токтоолугу жагы тоодой алтынга бергис улуу сапат болот эмеспи.
Биз уламабызда билгич карыялар айткан ошол бир баянга токтоло кетели.
***
Айлана аптап болуп ысыган жай чилдеси эле. Мал-жан күндүн тийген ысыгынан качып көлөкөгө умтулуп турган маал. Астыда шорлуу жерден туз топурактын үстүнө чыгып турат. Жолдо өскөн жапайы ак мамык дан, киргишен көп жылдык чөп. Булар ушундай шорлуу топурактуу жерди мекендейт. Жана эки жакты акмалап караган адамга кызылча, шакар чөп, баялыш, сөксөөл кездешет. Бадалдын түбүнөн кескелдирик чуркап, тигинде ысык кумда жылан оролуп жатат. Анда-мында канат кагып, кыска кайрыктарын созуп, чөл торгойу учуп өтөт. Мындай ысыкта жол жүрүү бир топ көңүлсүз, анткени күн ысыгы адамдардын талыкшытып, шайын кетирет. Көктө каалгый айры куйрук жерден бир нерсе издеп сызат. Адырдан ары тарп издеген жорулар учуп баратат. Көктө бирин-экин ак булуттар каалгый сызат. Ондой атчан жол менен кетип баратат. Күн дагы чыгыштан чыгып батышка сапарын улап кетип баратат. Алдыда акбоз жоргочон келишимдүү ак калпак кийген бутунда анжиян өтүк, колунда чеберлер жасаган жылан боор камчы. Күнгө күйгөн өңү кара тору, муруту өзүнө жарашыктуу койдуруп, көз карашы өтө сүрдүү, же аны адам карай албайт. Анын оң жагында жээрде атчан бийдин кеңешчиси жашы небак элүүдөн өткөн адам Бөлөй карыя. Сол жагындагы сары атчан сакал мурутуна али ак кире элек көзү өткүр, кыр мурун кара тору адам бул дагы бийдин кеңешчиси. Бий бир нерсени чечеерде ушулардын акыл-насаатына таянат. Антпесе болбойт, «Жалгыз адамдын акылы жарты акыл, көп адамдын акылы аккан дайра»– дейт эмеспи ата-бабалар, булар башынан бийге, андан мурун элге небак алынган калыс адамдар. Ошол үчүн бийдин кулаткан ташы ылдый эмес өйдө карай кулап жатат. Артында жети-сегиз атчан булар бир иш менен башка жакка сапар аттанып, жолочу болуп жол арытып келатат. Бийдин тобу сапар кетип баратат. Сапары ыраак. Бул жол жүрүп отуруп, тээ береги адырга барып, андан ары өр таяна жайлоого Арча Төргө өйдөлөй чыгып отуруп бийиктикке чыгат. Бий кайдан чыгып, кайда кетип баратат. Ким билет? Кээде адамдардын өмүрү да төрөлгөн жерден чыгып, мунарык оронуп алдыга кайып сызып кетет эмеспи. Алар кайып сызып отуруп кайда баратат? Биздин өмүрүбүз ашыга алдыга кайып сызган жок беле? Айтчы тууганым? Бийдин тобу кетип баратат. Жол кетип баратат. Күн ысык алдыдан токтоно албай термелип мунарыктын артынан закымдап мунарык сызат. Тоолордун башында кылайган булут жок. Булут болсо, шамал айдап ылдый сүрүлүп, бобереги каны катып турган талаага жаан төгүп кетсе, денесине суу кирип тирдене жашарып, өсүмдүктөр өсүп калаар беле?
Бийдин тобу кетип баратат. Асманда ыйык күн да чыгыштан батышка карай кетип баратат. Астыга жарыша кеткен чаңы учуп куп кургак уланган жолдор. Жарыша кеткен жолдо сапар кетип бараткан байыркы биздин бабаларыбыз. Бул жолдор менен кимдер өтүп, ким гана баспаган. Атчаны да өттү, жөөсү да өтүп, жамактата ыр төгүп ырчылары да өттү. Сын айтып сынчылары да өттү. Төрт буттуудан түйшүк тартып, түлкү өтүп, караңгыда кайыгып карышкыр өттү. Боз чаңгыл баскан ай-ааламдын, асмандын улук бийи күн эне болсо, бул бараткан адамдарга жол көрсөтүп, ээрчитип бараткан адам бий Тагай эле.
Бий минген акбоз беркилерден озуп астыга чыккысы келип, өкүмдүгүн көрсөтөт. Бий тизгинди тарта, жанындагылар менен тең келатат. буудандын тизгинин коё бербей ал бирдей укукту сактагысы келет. Жол жүргөн атчандар бат эле ээрчише дөмпөйгөн боз дөбөлөргө жете келип, алардын аралап баратып, эбак эскирип эскилиги жете жыртылып, куну кеткен, бир боз үйгө туш келишти. Арыда аркандалган жалгыз музоо. Жыйырмага жакын кой-эчки. Байланган кулун тигинде бир бээ оттоп, анын жанында музоосун жаш тууган бир уй турат. Бээ менен уйду саайт шекилдүү. Тагай береги боз үйдү ойго батып карап калды да ат тизгинин аргасыздан ошол жакка бурду. « Боз үй талаада эмне үчүн жалгыз калган? Жалгыз калышына эмне себеп? Бий бул боз үйдүн жалгыз калышында бир арман бар экенин сезди. Бий эски боз үйдү калтырып кете бербейт эле. Анын канында кайнаган журттун каны согуп турбайбы. Эгер ушул жалгыз калган боз үйдү таштап кетсе анын бий болгон даңазасы кайда? Артында келаткандардын жини келип, кеткенин өңүнөн билинип турду. Бий атынын башын каякка бурат? Ысыкта кейпи кеткен боз үйгө барып дагы көпкө отурат. «Биз ушинтип талаадагы жалгыз боз үйлөрдүн ар бирин кыдырып чыгабызбы»– деп ичинен күлгөндөр болушту. Ат туягынын дүбүртүн уктубу боз үйдөн кийми жыртык удаалаш чоңойгон эки бала көрүнүп, бирөө үйгө кирип, бир аялды ээрчитип чыкты. Күңгө күйгөн кара тору ургаачы башынадагы кара жоолугу небак эскирген, боз көйнөкчөн өңүндө «Дагы кимиси келатат»– деген убайым бар эле. Бир жигит чаап келип, бийди ээрден түшүрүп аттын чылбырын казыкка байлады. Келин келген жолоочуларга салам берди.
Бий жагымдуу:
– Карындашым бу дүнөдө барсыңбы, амансыңбы?
– Аманчылык, агам бар болуңуз, келиңиз,– келин дагы жаадырай бийдин суроосуна ылайыктуу жооп берди.
Бий алачыктын жанындагы талпакка көсүк басып, калгандары анын жанына кыркалакей отурушту.
Ак үйдөн дасторкон алып чыгып, жерге жайып, каймак, талкан койду. Анан көнөккө кымыз алып чыгып куя баштады. Отургандар дасторконго бата кылышты. Бий жыгач аякты алып, кудайга тобо келтирип, суусундукту кылкылдатып жута баштады. Баардыгы кымыз ичип жатышты. Ысык күндө жолочулар кымыз ичип жыргап, тамырына кан жүгүрө баштады.
– Кимдин жары болосуң карындашым?
– Оңолбайдын күйөөм жаздын башында сукка учурап каза болгон. Ачажору байдын койчусу эле. Эрим өлгөндөн кийин бай бизди журтка таштап көчүп кетти,– деп ургаачы жашын төгүп шолоктоп ыйлап жиберди. Жана көз жашын жоолугунун учу менен аарчып өзү сооронду.
Ойго батып баары жымжырт. Алар эки бала менен ай-талаада жалгыз калган аялды аяшты. Куу белде жалгыз калган үйгө үйгүшкөн карышкырлар келип кол салса эмне болот. Тагай бий жини келип:
– Ит Ачажору таякелери көк бет калмак эмеспи, кыргызды тартпай калмактарды тартып калганын карасаң, мен ага жети атасын таанытам.
Беркилер сөзгө аралашты:
– Ачажору калмак аны жасайт, жаасы катуу.
– Ал кийинки учурда бечараларды карабай калды.
– Бий ага элдин сөзү калмактарга өтпөй жатат.
– Өтөт байлыгын элге таратып керек болсо өзүн жылаңачтап таякелерине карай кууп жиберем. Карындашым капа болбой бир азга ушул жерде тура тур. Ачажорудан энчиңи бөлдүрүп берем. Андан кийин тээ береги Ала Көлдүн жанындагы Ар түркүн уурудан куралган курамаларга көчүрүп барам. Мен сага көз салып жардам бергенге жигиттерими жиберем. Алар сенин дайныңды мага жеткирип турат. Мен турганда эч нерседен капа болбойсуң, сен эми мени менен болосуң, жалгыз таштабайм.
– Ачажору бизге зыян кылбайбы?
– Жок эчтеке кылбайт. Зыяны тийсе тентитип жоготом.
Келин эмне деп алкаарын билбей калды.
Кетип баратканда:
– Бий ага ырахмат жетим балдарга берген жакшылыгыңызды эки дүнөдө унутпайм.
– Капа болбо карындашым, бардыгы оордунда болот,-деп аттарын таскактатып желдирип баратышты.
Жанагы созулган жол, топ атчандарды өр таянтып, жайлоодогу Бекназар байдын үйүнө карай алпаратат. Бабалар баскан ыйык жол.
Ошондон көп өтпөй эле: «Тагай бий күйөөсү өлгөн келинге элүү кой, беш жылкы, төрт уй, бөлдүрүп, берип, аны камсыз жерге көчүрүп барып, чоң жакшылык кылыптыр» деген кеп тарап кетти. Бийдин калыстыгы элге тарай баштады. Ага арызданып келип, каалаган максатына жеткендер өтө көп болгон. Эч бир адамдын тагдырынан кыйгач өткөн эмес. Тагай бийдин бир канча жардамчылары болгон. Ал ошолор аркылуу адамдардын тагдырынын оңолушуна дайыма көз салып турган. Мугамыр киши баласы жер үстүндө жакшылыкты көп жаратса, бактылуу адамдар көп болоорун ушул санжыранын өзү эле айгинелеп жатпайбы. Бийдин кан-жанына ошондой жакшы элес сиңип калган. Ал баардык эл бай-жарды дебей бактылуу турмушта жашасын дегени эле.
***
ЧОҢ ашка алыс-жакындагы паразаттуу адамдар келишти. Ал жерде ат чабыш, жорго жарыш, улак тартмай, төө чечмей иши кылып, кыргыз оюндарынын көп түрүнө байге берилди. Эл казганактап, күлүктөр эртең менен эле коё берилип, «эми кимдин күлүгү келеер экен» деп күтүп жатышты. Күлүк чапкан ар бир кишинин жылдызы асманга көкөлөп учат. Ал арада көп оюндар болуп өтүп, күлүктөрдүн келеер маалы чукулдады.
Адамдар:
– Астыда Желдеңдин Актуягы келатат.
– Ал Желдеңдики эмес Бөрүбайдыкы.
– Бөрүбай аны Желдеңден тартып алган.
– Бөрүбай оңбосун ал Желдеңди сыздатты.
– Анын үстүнө кудалары алдуу-күчтүү эмеспи.
Желдей сызган жаныбарлар учуп-күйүп марага жакындап келишти. Ак жоолук байланган чабандестер да ат үстүндө күлүктөргө олбуй-солбуй камчы уруп келатышты. Алар шамал менен жарышып, аттын кулагы менен тең ойноп келатышты. Кыргыз баласы нечен кылымдардан бери жылкы жаныбар менен сыймыктанат. Алдыңкы чабандес атына камчыны удама-удаа уруп, жылкы жаныбар марага өтө жакындап келди. Аны буюрса, чоң байге күтүп жатат. Тагай бий чоң акбоз аттын үстүндө күлүктөрдү суктануу менен карап турду. Өзүнүн Керкашка күлүгү үчүнчү болуп келатат. Ал аттын сырын өтө жакшы билчү эле. «Эмнеге мындай болуп калды» деп ойго батып турду. Ат туягы жараткан чаң улам берилеп келатат. Чаң менен кошо күлүктөр да берилеп келатышты. Адамдардын көзү күлүктөргө тигилет. Бий алдыда сызып келаткан Актуяк жаныбарды кызыга карады. Желдей сызган жаныбарды адамдар келиштирип жакшы таптаган экен. Күлүктөр марага тарсылдата туяк эше учуп-күйүп кирип келишти. Чакырымдар артта калып, жер үстү дүңгүрөп токтобой көчүп турду. Биринчи болуп Актуяк, экинчи Алкожонун Карагери, үчүнчү бийдин Керкашкасы чыгып келди. Өзүнүн Керкашкасынын таптоосу кичине начар болуп калганын бий сезип турду. Бөрүбай келип Актуяктын чылбырын кармаганда Тагай бий таң калды. Бул Актуяк Желдеңдин аты эмес беле. Эмне үчүн Бөрүбай ээ болгон же сатып жибергенби? –деп ойлоду. Ошол Актуяктан бериде ак калпакчан, кара чепкенчен Желдең Актуякты армандуу карап турат. Тагай бий чабандестин көрүнүшүнө боору ооруду. Бий жигити аркылуу Желдеңди чакыртты. Эриндери шамалга туурулуп, жүдөгөн чөөдөй сары, ындыны өчкөн чабандес Тагай бийге басып келип:
– Ассаломалекум бий, жакшы турасыңбы, чакыртыпсыз келдим,-деди башын жерге салып.
– Ва алейкума ассалом саяпкерим кандай кут болсун күлүгүң Актуягың биринчи келбедиби эмнеге сабырың суз сүйүнбөйсүңбү, жүдөгөн түрүң бар.
– Ал меники эмес.
– Кандайча Актуяк сеники эмес беле.
– Аны менден Бөрүбай тартып алган.
– Эмне Бөрүбайга карыз белең?
– Жок күлүк менин бээмин тукуму болчу,-деп тартып алды. Күлүктүн энесин бир кезде мен ага иштеген акыма алгам.
– Ошол элеби.
– Ал эмес кыраан бүркүтүмү да тартып алды.
– Эмне үчүн?
– Менин аталарым жайлаган аскалардан кармапсың,-дейт. Ошол да болмок беле ал аскалар элдики, биздин ата-бабалардыкы эмеспи.
– Ошол элеби.
– Ошол күчкө салып тартып алды- деп саяпкер аянычтуу башын жерге салып, жерди карап жалдырап, ындыны өчүп турду.
Тагай бий жигитине жини келе кайрылды:
– Чакыр тетиги билерманды береги таз, соку баш Бөрүбайды.
Көп өтпөй дөңдө турган топ атчандар бийдин жанына бастырып келишти. Арасында келишимдүү кундуз тебетей кийген Бөрүбай да бар.
– Бөрүбай күлүгүң чыгып келиптир,-деди Тагай бий ачылуу.
– Ырахмат эл атасы Тагай бий мен аны чегине жеткире таптагам.
Тагай бий каарданды. Анын каарданганын көрүп, Бөрүбай боз ала боло түшүп салбырап калды.
– Ал күлүк кимдики?
– Меники.
– Желдеңдики эмес беле.
– Желдең мага берген анын үстүнө күлүктү менин бээм тууган болчу.
– Сага калмактардын чабуулунан түшкөн көп жылкыны ким берди эле?
– Сиз бергенсиз Тагай бий.
– Мен берсем сен эмне үчүн аны элге тең бөлүп берген эмессиң?
Желдеңдин бүркүтүн эмнеге тартып алдың?
– Менин аскама тууган бүркүттүн балапаны болчу.
– Сен кудайдын аскасын менчиктеп алдың беле, ушул сөздү кантип айтып турасың.
– Жок Тагай бий ал атамын жайлоосу болчу.
– Мына сага күлүк, мына сага бүркүт,-деп тагай бий Бөрүбайды чоку талаштыра эки-үч жолу тартып-тартып жиберди. Бөрүбайдын баш кийми учуп барып, аттардын буту турган жерге түшүп тапталгансып калды.
Билермандар эки ортого түшүп арачалап киришти.
– Ардактуу бий бизге бир ачууңузду бериңиз.
– Бий кечирип коюңуз.
– Иттик Бөрүбайдан кетиптир, элдин таламын жактабай калган тура.
– Байкуш Желдеңдин күлүгүн тартып алган тура.
Тагай бий:
– Андай эле кыйын экенсиң калмактар басып алган Үч Кайнар булакты алсаң болмок.
Бөрүбай эмне кылаарын билбей эс-мас боло көзү ала-чакмак тартып, күйбөгөн жери күл болуп, өлбөгөн төрт шыйрагы калды.
Тагай бий каарданып:
– Карапайым элге карабасаң бүт малыңды элге талатып тентитем,-деп ары бастырып кетти.
Эл Бөрүбайдын ач көздүгүн жек көрүп жатты.