Полная версия
Бабалардын жанырыгы
– Темүчүн баскынчы, кан ичеер эмеспи ага ыраазы болгондой кымбат белек бербесек болбойт.
Ошентип кыргыздар ителгинин кыраан чыкмасынан шумкар тандашты. Ак жана кара шумкарды, кан ичеер ушул эки кыраанды көргөндө биздин элди аяп, анча жамандык кылбас деген ойдо болушту. Ушул эки шумкардын атагы алыска белгилүү эле. Канаттуу кыраандар далай бүркүткө кол сала жара тээп, ар кандай илбээсин канаттууларды айылдын үстүнө топ-тобу менен айдап келип, бирден тээп түшүрчү. Бирөөнүн өңү агыш келип, куйругунун алдындагы сыңар жүндөрү жаңы жааган ак кардай аппак болчу. Тумшугу жана тырмактары кызыл эле. Карасынын өңү каралжын тартып, көргөн жанды улам-улам каранта берчү. Саятчы Каратөлөк «Көз тиет»– деп аны эч кимге көрсөтчү эмес. Бул шумкарды Долон бий кармап саятчы Каратөлөк экөө тапка келтирген. Ар бир шумкарды эки жүз койго бааласа боло турган эле. Бул тартуу менен бирге акбоз аттын башына окшотуп жасалган чылгый алтын бар болчу. Теңирим берип асмандан түшкөн кара таштан согулуп, токойду кыйып, көмүрчүлөр көмүр өчүрүп, уу булактан сугарып, ажыдаардын заңына үч ай таштатып, түн ичинде кындан суурса, айланасы жарык болуп жалыны өрттөй чыгып, тоону чапса таш кескен, шиберге койсо өрт кеткен кылычтарды, найзаларды буларды Ашмай, Эркашка, Көкүм табылгыс чебер усталар узанып жасаган эле.
Ошентип, монголдорго Единал, Алдиер, Олобектер көп жигиттери менен сапар тарта жөнөп калышты. Элчилер менен кошо бектин кеңешчи, көзү ачыктары кетип баратты.
Темүчүн: «Мага кимде-ким өз эрки менен баш ийсе менин тууму желбиретип, бизге кошула берсин»-деп монголдордун ыйык деп эсептелген туусун көп жерге таратып жиберген. Ошол туудан бирди кыргыз элчилери аны жанындагы меркит урууларынан алып, карагайдын жыгачына желбирете тагып алышкан. Бара жаткан кыргыз элчилерин «Башка бирөө кол салабы»– деп мыкты куралчан өрт жигиттер кайтарып келатты. Жолдо келе жаткан кыргыз кошунууна эч ким каршылык көрсөткөн жок. Темүчүндүн колу дүйнөнү багындырып келатканын баардык эл билип, туюуп турушкан. Аларга кол салуу өтө оор болуп калган. Кээ бир начар коргоноору жок элдер өздөрү эле кошула башташкан. Бара-бара жүрүп отуруп, кыргыз элчилери монголдордун жоокерлерине жолугушту. Кошуун менен кошо короо-короо койлор, уйлар, үйүр-үйүр жылкыларды айдап өтүп жатышты. Жаныбарлар чабуулда жүргөн монгол жоокерлеринин азык-заттары эле. Эч бир жерде баш аламан нерсе жок баардык жерде тартип менен кетип бараткандай сезилет. Монголдордун желегин көргөндө эч бир жоокер аларга каршылык кылган жок. Монгол жоокерлери аларга урмат кылып колун бооруна алып ийиле салам берип өтүп жатты. Бул «кошулалы» деген башка элди урматтаган белги болчу.
Алар жолдо чоң кошуунга кезикти. Миң башы айтты:
– Силер каякка бараттыңар эле. Сөздү тилмеч которуп турду.
Единал:
– Биз улуу хандын баласына жолугууга баратабыз. Ага кошулгубуз келет. Биз улуу хан Темүчүндү жактайбыз. Хандын жигиттери кыргыздарды ээрчитип отуруп, Жучунун чатырынын жанына келишти. Чатыр өзүнчө бөлөк жерде экен. Айланасын жоокерлер кайтарып жатканы байкалат. Бул аймакта эч бир баш аламан нерсе жоктой. Кыраакы кишиге баардыгы өтө катуу тартип менен уюушулганы билинет. Ханга кабар небак эле кеткен. Кыргыздар береги чоң карт карагайдын көлөкөсүндө эс алып, өздөрү ала келген тамакты жеп жатышты. Жучунун чатырынын үстүндө ажыдаардын сүрөтү тартылган хандын асабасы соккон желге шаңдуу желбирейт. Чатырдын айланасында бейадеп басып жүргөн жан көрүнбөйт. Бир гана айбалта кылыч кармаган сакчылар. Ары-бери жумуш менен чапкылаган чабаган атчандар. Алар ханга ар кандай жаңылыктарды жана жардыктарды айтып турат. Единалдын тобун көпкө күттүрүп, акыры эки күн болот дегенде кабыл алмай болду. Кыргыздар шумкарларды колго кондуруп, ак булгундун эң кымбат терисинен жасалган ичикти, жана ар кандай белек-бечкектерди ханга тартуулаган жатат. Кыргыздар монголдордун тартибине таң калды. Акыры алар хан чатырына кирмей болушту. Жучунун алтын жээктелген көркөм чатыры. Тиги төрдө кооз отургучта магдырап бирөө отурат. Бутунда кереметтү өтүк, белинде укмуш жасалган кур. Ушул көрүнүш ыйык ханга жарашык бергенсийт. Жерде жолборс терисинин үстүндө көзү ачыктар, кеңешчилер, жардамчылар. Көзү ачыктын колунда алтын ыйык китеп турат. Жучу ыйык отургучта отуруп, жай гана ыңгырана башын көтөрдү. Анын көк көзү, калың ак аралай элек муруту, денеси булчуңдуу тарамыштуу келип, балбан күрөшкө түшүүчү жайы бар экен. Суроону хан эмес анын жанындагы жардамчылары берип жатты.
– Силер кайдан келдиңер жолочусуңар?
– Биз түндүктөн Миң Суу өзөнүнөн токой арасынан келдик.
– Анда кимсиңер?
– Кемжет өзөнүндө биздин улуу дайрабыз бар. Кыргыз уруусунанбыз.
Суроо берген киши таң кала:
– Кыргызсыңарбы?
Хан кыргыз деген сөздү укканда жандана кетип, Олебектин кишилерин таң калуу менен карап калды. Кебетеси «Кыргыз» деген сөздү ал бир жерден уккандай элес берди.
Тилмеч айтты:
– Шибелерсиңерби?
Олобек жандана сүйлөдү:
– Ооба шибелербиз.
Хан бир пастан кийин:
– Ии шибелер деген элди уккам, баатыр эл турбайсыңарбы,– деп Жучу жандана түштү.
Кыргыздар хандын оозунан бул сөздү угуп шердене калышты.
Тилмеч:
– Токой адамдары.
–Токой адамдары.
–Эмнеге келдиңер эле?
– Улуу урматтуу Темүчүн ханга кошулалы деп келгенбиз. Жеңилгисардактуу Темүчүндүн осуяттарын чын дитибизден аткарабыз,– деп Единал жобурап айтты.
Котормочу бул сөздөрдү бат-бат которуп берип жатты.
– Улуу даражалуум мархабат этсеңиз алыс жерден алып келаткан белегибиз бар эле, ошону сизге берип койсок кандай болоор экен.
«Белек» деген сөздү укканда баардыгы жандана түштү.
Хан котормочу менен үч кишини ээрчитип, бир чоң чатырга келишти. Ал жерди да кайтарып турган сакчылар бар экен. Хан сакчыларга бир сөздү айтты эле Чатырдан үч киши чыга калып, ханга жүгүрүп келишти. Жучу Олобекти жылмаюу менен карады. Олобек түшүндү окшойт белектерди ханга берип жатты. Хан ал белектерди ыраазы боло алып, береги жигиттерне табыштады. Жучу баардык белектерден акбоз атка таң калды. Жаныбардын чекесинде сүрөтчү түшүргөндөй кара сызыкча жана жалы, куйруктары кап кара аргымак эле. Ага укмуш зергерлер жасаган алтын ээр токулган Жучунун адамдары акбоз аттын чылбырын кармаганда жаныбар кыргыздарды карап «Мени кайда берип жатасыңар?»– деп зээнди кейите армандуу кишенеп жиберди. Кыргыздар атты карай албай жерди карап калышты. Андан кийин кыргыздар усталар жасаган кылыч, калкан, найза, жааларын беришти. Жучу албарс кылычты кармап абага ары-бери булгалактатып көрдү. Жарыктык кылычтан «Зың, заң» эткен кайратту үн тарапка угулуп турду. Хан кылычтын кынын колу менен кармалап таң калды. Анын өңүндө кызыккан белгилер пайда болду. Ал тилмечти карап, бир нерсени айтты. Тилмеч:
– Булар темирден жасалды беле?
– Жок касиеттүүм, ал ободон теңирим түшүргөн таштан жасалган.
Хан бул сөзүн маанисине түшүнгөн жок. Өз алдынча бир нерселерди кобурап басылды.
Котормочу:
– Бизде мындай кылычтар жок демек силер бизге курал жарак жасап берет турбайсыңарбы,– деп кубана жылмайды.
Андан кийин Хан жааны кармалап көрүп жатты. Жааны жебеси менен кыргыздын укмуш усталары жасаган эле. Аны көрүп хан таң калды. Бир жебени кармап асманга атып көрдү. Жебеден зыңылдаган үн чыгып алыска узап көздөн кайым болуп жоголду. Анын каякка кеткени да белгисиз болду. Кытайдын жибек шайысына оролгон ак боз аттын башы куюп жазалган алтынды Единал Жучуга карматты. Жучунун жанындагылар алтында көргөндө укмуш нерсени көргөнсүп көздөрү чачырап жатты. Эң аягында касиеттү булгундун терисинен жасалган ичкти Жучунун үстүнө жаап, башына кундуз тебетейди кийгизишти. Хан кадимки эле кыргыз ханына окшош болуп калды. Ичик менен тебетейди кыргыз эне уздары укмуштуудай ченегендей жазашыптыр. Жучу өз кебетесин көрүп аябай ыраазы болуп, жаадырап күлдү. Беркилер да кошо күлдү. Эми куш тапшыруу аземине келди. Жучу жанында куштун кол кабын кармаган дөөдөй болгон эки мүнүшкөр турган эле. Алар кол капты Ханга беришти. Хан кол капты кийип кушту алганга аракет кылды. Жарыктык ак куш «мени кимге берип жатасыңар»-деп аянычтуу шаңшып жиберди. Хан жакшы көрүп касиеттүү кушту башынан сылап эркелетип аны узакка таң калуу менен карап турду. Экинчи кара кушту да тапшыруу ушундай абалда болду. Кара кыраан ханга көп каршылык кылган жок. Хан аны көпкө карап жаадырай эркелетип турду. Хан куштарды мүнүшкөрлөргө берди алар кушту алып бир жакка кетишти. Баардык белектерди хан ыраазы болуу менен алды. Жучу баардыгынан кыргыздын курал жарактарына таң калды. Кан күсөгөн монголдор кыргыз усталарын курал жаракты жасатып ал монголдун жоокерлеринин колуна тийип, далай жерге бүлүк салаары азыр эле белгилүү болуп калды.
Жучу:
– Ыраазыбыз силерге шибелер, курал жарагыңар менен бизге кошулгула, силерди биз коргойбуз, биз турганда силерге эч ким кол сала албайт.
Ханга кошомат кылып анын жанындагы кишилер айтып жатты:
– Ыраазыбыз шибелер.
– Алар биздин жоокерлер.
– Биз аларды коргойбуз.
Жучу жанындагы адамдарга буйрук берип, өзү жанагы келген чатырынына карай жөнөп кетти.
Эки жигит кыргыздарды чоң боз үйлөргө ээрчитип келип аларды алты-жетиден бөлүп, ар бир үйгө эшик ачып киргизип жатышты. Алардын минип келген аттарды монгол жигиттери бир тарапка жетелеп кетти. Кыргыздар жакшы жасалган чоң боз үйлөрдө отурушту. Олобектин жанында Нуркебай деген көзү ачык бар эле. Олобек ага кайрылды:
– Көзү ачыгым, булардын тагдырын далыга, жылдыздарга карап байкап көрчү келечеги эмне болоор экен.
– Байкап көрөйүн бегим мен дагы ошону ойлонуп жаттым эле.
Алар боз үйдөн тамак ичип эс алып жатып калышты. Тамагы бир укмуш экен көпчүлүгү жылкынын эттери. Дасторкондо ар түркүн жер-жемиштер жайнайт. Набат, жүзүм деги койчу кыргыздар билбеген тамак аштар. Андан башка дагы айнек ийдиштерде ар түркүн суусундуктар бар эле. Аларды ичип көрүштү эле ачуу арак экенин билишти. Ошентип элчи кыргыздар монголдордун укмуш сыйын көрүп жатышты. Минип келген жылкылары бир ишеничтүү жерде экен. Өздөрү монголдордун иштери жөнүндө сүйлөшүп киришти. Монгол ханынын баласы баатыр чалыш Жучуну көзүн эми анык көрүштү. Олебектер ушул жерден элинин тагдырын ойлоп санаага чөмүлүшөт. Кыргыз жигиттерин катуу согушка салып, «майкандаар бекен» деген ойдо болуп, ошол үчүн алардын жегени желим, ичкени ирим болуп жатты. Анткени алар бүгүнкү майданга аттанып жаткан жигиттерди өз көздөрү менен көрүшпөдүбү.
Эбак жылдыздар чыгып түн кирген болчу. Бир кезде Олобек көзү ачыкка кайрылды:
– Көзү ачыгым бул элдин тагдыры эмне болот экен?
– Бул эл далай жерди каратып алат. Далай кан агат, далай жерди майкандап талкалап жүрүп отурат.
– Алардын бийлиги көпкө созулат бекен?
– Ооба бегим көпкө созулат булар эч убакта бийликти башкаларга бербейт. Себеби булардын укум-тукуму башкарып жүрүп отурат.
Олобектер бул сөздү укканда алардын өңү жаман боло түштү.
Сөздү Единал коштоп кетти:
– Ошондой болот окшойт буларды эч бир эл күрөшүп жатып жеңе албай жатат. Бул кыргын сүргүн кайсы жерге чейин бараар экен.
Баардыгы тунжурап ойлонуп калышты.
Отургандардын арасынан бирөө айтып калды:
– Андан көрө монголдордун ичкилигин ичели келгиле,-деп чыныгы куя баштады.
Баардыгы каркыттарды эки сапар жутту эле чарчаган денеси жазылып, бойлору ымыр-чымыр боло жазылып жатты. Единал жылмайып:
– Эң бир сонун нерсе ушул жакта тура, хан бизди жакшы курал бергенибиз үчүн баарыбызды күчтүү ичкилик менен сыйлап жатат- деди.
Баардыгы тең жаадырап-жайнап күлүп калышты. Алар үч күн жакшы эс алышты.
– Көзү ачыгым бул бийлөөчүлөрдүн тагдыры эмне болот.
– Көрдүм баарын көрдүм, бегим алардын тагдырын жылдыздарга салып байкадым. Ардактуум Темүчүндүкүн ?
– Сен бизге ошону айтсаң?
– Темүчүндү көргөнүм жок, бирок анын тагдырын жылдыздардын жылышына, далыга жана бир нече жолу төлгө салгам. Жана Жучунукун көрдүм. Булардын бийлиги укумдан-тукумга кетет. Бирок анын өмүрү өтө узакка барбайт. Анын өлүмү аялдан.
Олобек таң калды.
– Кандайча көзү ачыгым. Аянычтуу болгону кандай?
– Мунун өлүмү энеси менен атасынан.
– Ооба өз атасынан, ал эми өз энесинен эмес Темүчүндүн аялдары көп эмеспи. Ошолордун бирөөнөн болоор.
Нуркебай олуя чыныгы көзү ачыктардын бири болчу. Анын ата –энеси бакшы жана көз, ачык эле. Алардын көзү ачыктыгы тее байыркы убактан бери атадан балага өтүп келаткан кесип болчу. Миң Сууда мындан таасирдүү киши болгон эмес. Булардын укум-тукуму мурунтан бери бийлөөчүлөрдүн кызматын кылып ошолордун ишине ар дайыма жардам берип келген. Нуркебай көзү ачык Токой жериндеги баардык көзү ачык, бакшылар менен байланышта болгон. Эне Сай жеринде Нуркебай сыяктуу чыныгы көзү ачыктар өтө зейрек. Анын айтканы ар дайыма туура болгон. Бирок ал баарына эле көзү ачыктык кылып баарынын эле тагдырын айтып бере бербейт. Ал айрым адамдарга гана көзү ачыктык кылган.
Көзү ачык Жучунун тагдырын туура эле айтты окшойт. Өмүрүнүн акырында Темүчүн Кулан деген сулуу аял менен жашап, ал эмне десе ошонун баарын аткарган. Жучу кийинки учурда Темүчүнгө такыр баш ийбей моюун толгой баштайт, мунусу Темүчүнгө жакпайт. Кулан дагы Жучуга каршы иштерди жүргүзөт. Алардын ортосунда чоң карама-каршылык пайда болот. Ушул экөө тарабынан Жучуга уу берилип жок кылынган сыяктанат. Канчалык ченемсиз бийлик болсо да ал жараткандын буйругуна баш ийет эмеспи. Адамдар өмүрдүн артында өлүм бар экенин билет болду бекен.
КЫРГЫЗДАРДЫН ЧАБЫЛЫШЫ
Бул кезде Долон кыргыздын бир уруусун бийлеп жүргөн бийлердин бирөө болчу. Ал өз жакындарын бириктирип инал Олебектин айткандарынан чыкпай ошонун жолу менен жүрдү. Кыргыздардын ал кездеги бийлик башында турган адамды «Инал» дечү. Ал бийликтин хандан кийинки сереси эле. Олебектерге Монголдор көп кыршылык кылган жок. Кыргыздардын жанында тумат. кыштым, урасыт, төлөс жана башка уруулар бар эле. Булардын ичинен саны арбын ушулар болчу. Туматтарды монголдор өтө катуу эзип жиберди. Алардын эзүүсүнө туматтар чыдай албай калган сыяктуу. Ошол үчүн жигиттер курал-жарак жасап монголдрго каршы күрөшүү үчүн даярдана баштады.
Жучудан туматтарга чабаган чаап келди.
– Бизге үч миң кол берсин,-деген экен.
Туматтардын ажосу Элкен:
– Бере албайбыз биздин согушка даярдыгыбыз жок,– деген кабарды айттырды
– Анда салык төлөсүн,-деп жатат.
Элкен буга дагы көнбөдү. Анткени ал жакында эле көп салык төлөгөн эле.
Чабаган болгон жаңылыктын баарын Жучуга жеткирип барды. Хан каарланып, Баргул баатырды чакыртты. Ал кыйын ноён эле баардык салгылашта жеңилген эмес. Жеңилүүнү да каалабаган. Баргул көп жерге кыргын салып, далай кошуундун канын суудай агызган. Ошондуктан Темүчүн аны жанындай көрүп, ага көп сыйлыктарды жана арбын наамдарды берген.
– Баргул сен жоокерлериң менен барып туматтарды баш көтөргүс кылып жок кылып кел, сага ал жердеги кыргыз кошууну жардам берет.
Баргул жоокерлери менен туматтарга каршы жөнөп калды. Туматтар да оңой эл эмес экен бул согушка аябай катуу даярданыптыр. Баргул кыргыздарга кайрылды:
– Силер бизге кошулуп, туматтарга каршы согушкула!
Кыргыздар буга мойнобой койду:
– Туматтар эзелтен бери биздин коңшубуз алар менен кантип согушабыз.
Муну укканда Баргул баатырдын жини келди. Монголдор көп жоготууга учурап, бул согушта Баргул баатыр окко учту. Монголдор жеңилип артына карай кетти. Көп узабай ошол кабар Темүчүнгө жетип, ал такыр ишенбей:
– Баргул өлдүбү, кантип эле ошондой болсун, чыныгы баатыр эмес беле. Андай болушу мүнкүн эмес, менин кыраан шумкарым токой адамдарынан өлүшүн мен чындык деп эсептебейм.
Темүчүн дагы ойлонду:
– Баргулга эмне болду, Баргул чын эле өлдүбү? Токой дадамдары туматтар чын эле жеңдиби? Ал мага кара тулпарын минип келбейт беле.
Темүчүн Баргулду жанындай көрчү эле, аны менен тамашалашып көңүл ачкан кезин эстеди.
Темүчүн жардамчысын чакыртып, ал бат эле кирип келди.
– Баргулдан кабар барбы?
– Жок ардактуум ал эчак эле өлгөн аны туматтар жок кылды.
– Туматтарга каршы Жучунун өзүн жибербедим беле, дагы аны жиберем. Бешиктеги баласы калганга чейин кыргын салсын. Туматтардын айланасындагы баардык эл Жучуга кошулсун. Эгер кошулбаса аларды да тып-тыйпыл жок кылып, кызыл кыргын кара сүргүн кылсын макулбу.
– Ардактуум айтканыңызды айтам.
Улуу хан тарабынан ошондой катуу буйрук берилди.
Дарбын Дакшин коп колу менен калдайып аттанып чыкты. Жучу кыргыздарга кабар берди. Бизге кошулуп бул жердеги баардык уруулар туматтарга каршы чыксын деген жарлыкты кабыл алды. Катуу салгылаш Тунук- Көлдүн жээгинде болду. Дарбин Жакшин байкоосуздан алдырып жиберди. Эми Жучу аябай жини келип, өзү кол баштап майданга катуу кирди. Туматтардын колу менен Жучунун колу бетме-бет келди. Хан туматтардын колун аябай байкоого алып, анын түштүк жагы начар корголгондугун жана имерилиш аркылуу орой келип чабуул коюуну жактырды. Ал жанындагы жоокерлерге бир нерсени айтып жатты. Чабагандар аттарын тыз коюп чаап кетти. Чабуул бетме-бет келген жактан башталбай башка тараптан башталып, монголдордун жоокерлери ошол жерден жарып кирип катуу чабуулду баштап жатты. Туматтардын жоокерлери бат эле алсырап ары карай кача баштады. Душмандардын алсызданып калганын билип, хан күчтү ошол жакка топтоп, чабуулду баштап коргонууну уюштурду. Хандын ачыгып калган жоокерлери туматтарды майкандап, кара сүргүн, кызыл кыргынды баштап кирди. Бирок туматтын жоокерлери колунан келишинче каршылык кылып, ошенткен менен алдырып жибергени белгилүү болду. Күчтүү Жучунин колу бат эле туматтарды кызыл кыргын, кара сүргүн кылып майкандап таштады. Туматтар такыр эле баш көтөрө албай калып, алардын жерине каран түн түшүп, ат өлүгү тоо, эр өлүгү боо болду. Курган туматтар мындай кырылган жок эле. Алардын ыйык желеги тепселип жерде калып, ошол эл жашаган аймакта карга, кузгун карк-курк этип учуп жүрдү.
Жучу Баргулдун кунун кууп, эми калган урууларга кол сала баштады. Каардаган Жучу Темүчүндүн буйругу боюнча кыргыздарга кол салып майкандап кирди. Алар токойлорго, ар кайсы жактарга качып жоголду. Жучу башка урууларга дагы кол салганы кетти. Ошондо Ырыскан аман калган кыргыз элин байыркы убакта жашаган «Теңир Тоого качкыла» деген осуятын айтып жатты.
Каардуу жоодон жок болуудан коркуп, кыргыздар душманга көрүнбөй кара жанын сактап калыш үчүн Теңир-Тоого карай тербип жөнөй башташты. Алар түн жүрүп, күн жүрүп отуруп айрымдары ыйык тоого сапар тартып келишти. Бул кезде Чынгыз хандын жоокерлери бул жакка келе элек эле. Кыргыздар бул тарапты конуштап, өздөрүнүн тектеш урууларына жолугуп бир топ чыңалып алды. Бирок Чынгыз хандын баскынчы жоокерлери ушул аймакка да келеери шексиз эле. Алар жолдогу душмандарын талкалап отуруп, Теңир Тоого келаткан болчу. Ошол кезде кыргыздардын эң коркунучтуу душмандары калмактар болгон. Алар монголдордон качып Теңир Тоону ээлеп алууга аракет кылып жаткан.
Долон бий аскер өнөрүн билген мыкты уюштургуч сапаты бар эле. Душмандарга каршы ар кандай даядыкты көрүп жатты. Кыргыздар ошентип эки оттун ортосунда калды. Калмактардын жана келе жаткан монголдордун чабуулуна тушуга турган болду. Монголдор өтө ырайымсыз кан ичеер болгон алар кыргыздарды кылыч, найза курал жарак жасаттырып алар менен душмандарына каршы согушуп турган. Ошондой эле кыргыздардан жоокер курап аларды эң алдыңкы сапка тизип жоого каршы жиберген. Катуу согушта байкуш кыргыздар көп кырылып такыр бири калбай жок болгон учур да кездешкен. Ошол үчүн монголдордон такыр күдөр үзүп, аларга кыргыздардын дити агарбай калган.
ЧЫНГЫЗ ХАНДЫН ТҮПКҮ ТЕГИ КЫРГЫЗБЫ
Жапыз тоонун түшө калышынан бери шиберлүү аймак созулуп, чөбү чыктуу келип малга тоюттуу ушул жерди Эрке Харанын боз үйү андан башка тайшит урусунун адамдары жанаша конгон. Булардын ичинен байы эле ушул Эрке Хара. Анын көптөгөн төрт түлүк кой, эчки, уй, өгүз, жылкы жада калса, бийик тоолордо сан жеткис топоздору жайнап жайылат. Бул жердегилер Эрке Харага баш ийет. Анын бир канча кул-кутандары бар. Аймакта көптөгөн адамдар жашап, алардын арасында Борчунун үй-бүлөсү да бар. Ал сөөк-саактуу боюу узун далдагай адам. Анын ата-бабасы көптөн бери ушул жерди конуштап мергенчилик кылып келатат. Анын кой көздүү кара каштуу бир-бирине оп-окшош үч баласы бар. Борчу малга аттын кылынан чылбыр эшип жатканда ага аялы Аймарал айтты:
– Дайым эле эркек балалуу болдук. Эмки наристебиз мага кол кабыш кылгандай кыз болсо экен.
Анын айта турган жөнү бар болучу. Кайын энеси улгайып каруу күчтөн тайып калды. Ал эми Борчунун биринчи аялы мындан эки жыл мурун төрөттөн ооруп дүйнөдөн кайтып, үй-бүлөнүн түйшүгү казан-аяк иштери жалаң Аймаралдын колунда калды. Анын үстүнө үч баласын өтө жакын жүйүр төрөп аларды чоңойтуу да азап болгон.
Акырындык менен мезгил жылып жатты. Борчу түйшүктүү адам аңчылык менен шуулданып, үй-бүлөсүн багыш үчүн жер кезип, тоо-талааны аралап жүргөнү-жүргөн.Тамагын жалаң талаа-тоодон тапкан.
Бир жолу коңшу айылдагы атактуу Алтан төрө той берип жатыптыр деген каңшаар угулду. Ошондо Борчунун баласы Добун атасына айтты:
–Ата, Алтан төрө чоң той берип жатыптыр. Мен ошол жакка барып келейинби?
–Мейлиң балам, бирок этият бол меркит уруулурынын жигиттери келет деди эле, алар көрүп калса сени зыян кылбасын.
–Эцеге (ата) мен алардан коркпойм жаам бар эмеспи.
–Балам чеберде жааң менен бирөөн кырсыктатып саласың.
–Чебердейм, эцеге андай жерде жааны пайдалана билиш керек. Зыян болуп кетсе, жаман былтыркы керет уруусундагыдай чатак болот,-бала кадыр эсе чоң кишидей жооп берди.
–Анан жаа атышуу мелдешке катышам,эгерде жеңсем Алтан төрө мага чоң сыйлык береер.
Ошол күнү күн ачык болду. Өрүштө ыңкып жаткан мал. Аларды көзөмөлдөп жүргөн малчы балдар, кул-кутандар. Ар тарапка сайгактап качкан уйлар, аларды кайтарып жүргөн атчан адамдар. Өтөктө монголдордун аппак боз үйлөрү көрүнөт. Тээ береги айлана берген урчукта шылдырап аккан кичинекей суунун жээгинде Алтан төрөнүн аппак боз үйлөрү. Конуштун айланасында байланган аттар ары-бери чапкылаган адамдар. Алар эшек, качыр, төө, өгүз минип кээ бир байлар арабачан келишти. Эл боз үйдүн жанында аппак дасторконго отуруп, чай, кымыз ичип, андан кийин эт жеп жатышат. Чоңурактары кымыздан тартылган арактан ичүүдө. Тээ дөңдө бир топ адамдар, алардын четинде төөнүн жүнүнөн жасалган чепкен кийип, карышкыр көлдөлөңдүн үстүндө улигерчи (жомокчу) ата бабасы жөнүндө дастан айтканы ээ бир сонун керемет. Улигерчиге чоң атасы ушул дастанды айтып берген. Бул жерге келген Добун быштысынын тизгинин түрүп коё берип, жомокчунун жанына барып, сөзүн тыңшап калды. Дастанчы баланы өтө таң калтырды, анын ак сакалы белине жетип, ак каштары калың тартып, чап жаак экен. Ал байыркы дөө-шаалар, желмогуздар, баатырлар жөнүндө укмуштуу окуялардан жомок курап айтып, колун ары бир жаңсап, бери бир жаңсап, башка бир жакка обого учуп кетчүдөй куш сыяктуу сезилет. Анын айткан баянын жөн эле татканып угасың, сөздөр өзүнөн-өзү куралып ыр сыяктуу кереметтүү туюлат. Мындай сыйкырдуу жомоктор бул дүйнөдө жоктой же жарала электей сезилет.
Ал Алтын каган жөнүндө баян айтты. Аңгемеде монгол баатырлары Тибет башчыларын жана тангуттарды кантип сүрүп чыкканын айтканы бир укмуш. Ушул кезде улигерчи кыраакы адам окшойт, бала Добунга:
– Эй,балам, сен, жомок угам деп тамак ичпей ачка калдың бар тамактанып кел!
Бала жаасын колуна кармап чуркаган тейден түзөңдөгү дасторконго келип отурган. Ага чай, кымыз берип анан койдун жана суурдун майлуу этинен чоң табакка салып берген. Ошондо энеси Аймаралга окшош ак жүздүү аял:
– Тойдуңбу жаш каган майлуу эттен дагы жей түшсөңчү,-деп тамашалап ырайлуу карап, бала уялбай эле:
– Дагы эт барбы? – канча кылса да этти көп жеген мергенчинин баласы эмеспи жанагы энесине окшош аял ага ичеги карын жана чоң койдун кичине мүлжүлгөн жамбаш сөөгүн алып келип берген. Добун кадыр эсе эркектерче чөнтөгүндөгү бычагын алып жамбаш сөөктүн этин калтырбай мүлжүйт. Тамак жеп жатып, керемет жомок айткан улигерчи отурган дөбөнү улам-улам карап коёт. Ал жерде эч ким жок экен. Баары жомок угуп тарап кетишиптир. Тиги түзөңдө той кызуу өтүп балбан күрөш жүрүп жатыптыр. Эки чоң семиз адам белинен өйдө жылаңач болуп күрөшүп жатат. Тойду акылман белгилер башкарып жүрүшөт. Мына тайшиттердин бир балбаны күрөшкөнү чыкты. Эки балбан бири-бирин жыга албай букадай челишип жатат. Экөө тең оңой эмес экен. Акыры кермураттын балбаны тайшиттерин балбанын көтөрүп чаап, аны эл кыйкырып сүрөп жатат. Тойдо жаа атуу мөрөйү башталып, ким узун карагайдын башында илинген чымчыкты алыстан атып алса, сый катары эки кой берилмек. Жаачылар четтен туруп жакшылап эле атып жатышты бирок, бирөө да тийгизе албады. Анан мергенчилер эки жаат болуп аткылап киришти. Ошондо Добун өзүнүн уруусу менен жаа атуу мөрөйүнө кошулуп бак башындагы алакандай чымчыкты атып алышкан. Топту башкарган узун бойлуу эжигейдей сары башчы мерген баланы ийинден таптап:
– Мына сен дагы биздин уруунун мергендеринин катарына кошулдуң,-деп куттуктаган.
Добун сүйүнүп, жаасын кайа-кайра өпкүлөп, атам сыяктуу мен да чоң мерген болуп, үйдөгүлөрдү кор кылбай багып алам деп өзүнө-өзү кайра-кайра ант берген. Ошол тойдо элге аралашып жүрүп Корултай мергендин кызы Алан-Коого жолугат. Кыздын боюу узун мойну койкоюп, бети сепкил тарта караган жанды өзүнө тартат. Добун ошол кызды тымызын сүйүп калды. Алан-Коо кыздардан бөлүнүп баланын жанына басып келет. Экөөнүн көздөрү бири-бирине чагылып сүйүү элесин берди. Бала кызга,-Жаамы алгын ,-дейт.