
Полная версия
Адамдын Асыл ойлору
Билбей туруп өңү сулуу пендеге ашык болбой, анын кандай адам экендигин, жандүйнөсүн билип туруп ашык бол. Себеби сени сулуулук бакпай, анын тунук акылы адам кылат.
* * *
Өз балаңын жытындай жыт дүйнөдө болгон эмес. Болсо эгер кайсы жакта.
* * *
Өзү туулуп өскөн жерин унуткан адам баарынан мурун балалыгын кошо унуткан адам.
* * *
Бүт адамдардын баардыгы эле жаман эмес, андан мурун бүт адамдарды жаман деген өзүң жаман болуп жүрбө!
* * *
Жакшы кошунаны сыйлабай жүргөн адам баарынан мурун өзүн сыйлабай калган адам.
* * *
Каргышка калган адам жаман айрыкча, мамлекет башындагы адам каргышка калбасын ал миллиондогон адамдардын каргышына кабылган пенде. Жалпы элдин каргышынан кинтип кутулат.
* * *
Кичинеден чоң башталат, ал чоңоюп отуруп кенен ааламга айланат.
* * *
Кээ бир эркектер сүйүүсү жок эле ар кандай ургаачылар менен байланыша берүүгө кызыгат. Андай эркектер аңги жаныбардан эч кандай айырмасы жок.
* * *
Адамдын жан дүйнөсүндө чыныгы адамдык сапаты болбосо, андай пендени адамкерчиликтүү пендеге айлантыш бир топ кыйын.
* * *
Жакшылык менен башталган иш жакшылык менен бүтөөрүн билип жатам, жаманчылык кенен башталган иштин аягы эмне менен бүтөөрүн такыр билбей жатам.
* * *
Эмгек ыйыктын ыйыгы, биз аны менен байлыкка жана жакшылыкка умтулуп, жакырлыктан кутулуп жатабыз.
* * *
Ар бир кышкы түн узун повесть өңдөнөт, бирок суукта эмнени жазганын окуй албай жатабыз. Бирок аны көңүлүбүз окуп эле жаткан сыяктанат.
* * *
Бул жашоодо негизги байлык адам, адам баарын түзөт, курат, оңдойт, керек болсо талкалайт. Бирок ал кандай адам негизги маселе ошондо болуп жатат.
* * *
Жалган сөз ала күүгүмдө түшкөн көлөкө, түн киреери менен көлөкө дайынсыз кабарын бербей жоголот.
* * *
Бизге жакшылык жасап өтүп кеткен адамдардын элеси тирүү, демек алардын иштеген иши көңүлүбүздө өлбөй, тирүү жашап калган.
* * *
Биз ойлогон максатыбыздан аткарылбай калганы чала иштерибиз өтө көп экен. Кел анда ошол иштерди аткарыш үчүн кайра баштан ойлонуп көрөлү!
* * *
Кээде өлүм адамга билинбей, дабыш чыгарбай, кабар бербей жыла басып келет. Бирок адам аны тосуп алууга аргасыз.
* * *
Кубанычтын артынан кайгы келбесин, тескерисинче кайгынын артынан кубаныч келсин.
* * *
«Алам» дегендин ордуна «берем» деген сөз адам үчүн бир кыйла оор. Бирок анын уңгусунда берешендик менен айкөлдүк жатпайбы.
* * *
Баардык улуу ачылыштарды улуу адамдар ачкан. Бирок кээ бир ачылыштарды жөнөкөй адамдар деле жараткан. Анткени жашоо жөнөкөй нерседен куралганын билелик.
* * *
Жааны ойлоп тапкан адам мылтыкты деле ойлоп тапмак, бирок алардын ортосунда кандайдыр бир убакыт керек болгон.
* * *
Согушка даярданган окумуштуулар мылтыкты ойлоп тапкан, кийин адамдарды тез жоготуш үчүн андан дагы
коркунучтуу куралдарды ойлоп таап жатат. Мунун баары тирүү пенделер үчүн кырсык. Анын максаты адамдарды тез жок кылууда турат.
* * *
«Бийликке жетип байыйм», – деген адамдын ой-максаты элдин каалоосунан такыр тетири бурулуп кеткен.
* * *
Улуулук менен акылмандуулуктун чектелген чеги болбойт. Ошол үчүн ал акылмандуулук жана улуулук.
* * *
Көп адамдын бай болгон жакшыбы, же бир адамдын бай болгону жакшыбы? Менимче көп адам бай болсо, алар бир адамды бат эле бай кылып алат.
* * *
Акылдуу ата-эне турганда балдардын тарбиясында өксүк болбойт. Жакшы дыйкан турганда, ал айдаган талаа суудан өксүк болбойт. Кыскасы жакшылык жайнап турганда, адамдын жашоосу өксүк болбойт.
* * *
Бир сүрөтчү мага айтты: «Улуу ойчул жөнүндө сүрөт тарткым келет, кимди тартаарымды билбей жатам», – деди. Мен айттым: «Сен Чынгыз Айтматовду тарт». Ал таң калып: «Кокуй күн мен Чынгыздын улуу ойчул экенин азыр билбедимби», – деп жылмайды.
* * *
Дагы кайталап айтам, ар бир адам үчүн башкы дарыгер
– өзү, андан кийинки дарыгерлер: Врачтар, табыптар, көзү ачыктар жана башкалар.
* * *
Бир адам акылмандан сурап калды: «Адамдар кандай
сапатты жактырат». Акылман: «Кээ бир адам уурулукту,
бекерпоздукту, наадандыкты жактырса, ал эми жер үстүндөгү баардык адамдар чындыкты, акыйкатты, эмгекчилдикти, эрдикти жактырат», – деди.
* * *
Эки адам кетип баратып бири-бирине суроо берди: «Эмне үчүн жер үстүндө акылмандар аз?» Экинчиси: «Жер үстүндөгү баардык адамдар акылман болсо, бизге жакшылык эчак эле келмек».
* * *
Бир адам акылмандан сурады: «Жашоонун түйүнү эмнеде»? Акылман: «Жашоонун сыр-түйүнү элге пайда келтирип, алардын келечегине жакшы жол ачып берүүдө».
* * *
Адамдар акылмандан сурашты: «Жашоонун сыры толук ачылдыбы? Акылман: «Жок жашоонун сырынын бир аз гана бөлүгү ачылды, калган бөлүгү такыр ачыла элек, анткени биз толук бакубат турмушка жете элекпиз».
* * *
Дыйкан күзүндө жерден көп түшүм алып аябай кубанды. Жер эне ага айтты: «Бул кубанычтын баары сенин кайраттуу эмгегиңден болду». Жер эненин сөзүн угуп дыйкан андан бетер кубанды.
* * *
Жашоо жөнүндө ойлоном, жакшы жашап бай болсом деп ойлоном, бирок ошол ойлорума такыр жете элекмин, анда мен эмне жөнүндө ойлонуп келгем.
* * *
Бир адам Куранды деле, Библияны деле казып окуп жатты, бирок эчтеке түшүнбөдү. Ал: «Бул китептерденменин башыма бир нерсе такыр кирбеди, адамдар аны мага такыр түшүнүксүз чар жайыт кылып жазып салыптыр» деп арманданды.
* * *
Адам кыялында көптөгөн максаттарга жете берет. Бирок ал үчүн турмуш чындыгы керек. Турмуш чындыгы ишке ашканда адам кыялга ошондо жетет.
* * *
Караңгы түндө үйдө эалгыз жатам, Жаап жаткан жамгырдын үнүн тыңшап жатам. Жамгырдын үнү менен мезгилдин, жашоонун өтүп жатканын байкап жатам.
* * *
Адырдан ашсам, алыстагы бак шактуу жалгыз кыштагым көрүндү, бара-бара жакындаганда тааныш үйлөр көрүндү. Анан мага тааныш адамдардын элеси көрүндү, бара-бара мага өз үйүмүн карааны көрүнүп, анан үйдөн чыгып жыдмайган ата-энемдин өзү көрүндү.
* * *
Осуят, санат сөздөрдү жазууда мен аны элден алып, кайра эле элге бердим өзүмө бир нерсени менчиктеп алган жокмун. Эгерде кимдир бирөөнүн санат сөздөрү жазганыма кошулуп кетсе, анда мени кечирип койгула! Мен аны билбей калгандырмын. Же мурун угуп, же окуган эместирмин.
* * *
Күн узакбы, же түн узакбы, адам кыйгырганда экөө тең узак, кубанганда экөө тең кыска.
* * *
Сөз кереметин аныкташ үчүн акылмандар, кеменгер ойлорду ойлоп тапкан. Демек акылмандык астыга жол ачканга кеменгер ойлорго умтулган.
* * *
– Адам өз өмүрүн деги көрө алабы?
Акылман:
–
Өзү түзүп кеткен эмгегинен сөзсүз көрө алат.
* * *
Мага суунун майда мончок учкундарынан же, булактын шылдыр үнүнөн жашоонун өлбөс сырларын кадимкидей туюлуп турду.
* * *
«Келгиле адамдар! Чукулда күз келип, анын илеби акырындап кайтат, күн энебиз мээримин чачып турат, ага аябай жылынып, катаал кышта бири-бирибиздин жүрөгүбүзгө жылуулук чачалы! Ошентсек ортобузга жакшы маанай, өлбөс элес жаралган турат! Биз ошол ишти аткаралы! Келгиле адамдар!».
* * *
Ал жигит жаштайынан зөөкүр болуп калды, анда ал ата-энесинен жакшы тарбия албай калган же ага, коомдун-элдин тарбиясы толук жукпай кыйгач кеткен мандемдүүлүк бар.
* * *
«Жакшы өлкөнү жаратуу үчүн Ата Мекенди сүйгөн жаштарды тарбиялаш керек. Ошондо жакшы коом түзүлөт. Мени сыйласаңар ата-энелер, мугалимдер ошону такыр унутпагыла! Жана ар дайыма ошону ойлонгула!».
* * *
Өтө бийик өскөн дарактан жаратылыштын өлбөстүгү көрүнүп турду, адамды оор кыйноого алган пенденин көзүнөн желмогуздун элеси көрүнүп турду, жаш баласын эркелеткен эненин көзүнөн мээримдүүлүктүн шыбагасы төгүлүп турду. өз элин талап -тоногон өлкө жетекчинин көзүнөн дагы бир чоочун элестер, бизди коркуткан көрүнүштөр пайда болуп турду.
* * *
Дүйнөдөн өтүп бараткан адам айтты: « Өмүр бүтүп жашоом токтогон сайын, кайгым да кубанычым да токтойт. Эми тааныштарым жакшы калгыла! Мен көргөн кайгыны көрбөй, мен көргөн кубанычты көргүлө!»
* * *
Чыгармачылыктын туу чокусу көркөмдүк жана ойлуулук болот. Демек жаратуучу ошол экөөнө жеткенде сөзсүз жеңишке жеткен болот.
* * *
Акылман айтыптыр: « Асыл нерсени жараткан адамдын жүрөгүндө өлбөс шоолалар жанып турган жокпу! Ошону байкагылачы, ошол шоолага биз дагы баарыбыз жылыналы!»
* * *
Алыкул Осмоновдун жана Чынгыз Айтматовдун чыгармалары ченемсиз акыл, ченемсиз талант менен жаралган. Ошол үчүн алардын жазгандары ченемсиз мейкиндикти, ченемсиз ааламды аралап кетип жатпайбы. Биз ошону сезели жана чын дитибизден баалайлы.
* * *
Жаманга жакшы окшош эмес, барга жок окшош эмес, эч убакта өлүмгө өмүр окшош эмес.
* * *
Бийликте жүргөндөрдүн баардыгын жакшы иштеп жатат деп ойлобогула! Алардын арасында билинбеген жеп ичкичтер жашап жүрөт. Ошолордон сактангыла! Алар биз үчүн келмиштен миң эсе коркунучтуу!
* * *
Президенттик шайлоо жүрүп жатканда жүз бир жашка чыккан акылман карыя айтыптыр: «Шайлайлы деген жетекчибиз, элдин маңдай терин жеген желмогуз болбосун. Акылмандар, элди тескеген билермандар, урматтуу эл ошону жакшылап байкагылачы! Жаңылыштык кетирип азап тартып калбайлы!»
* * *
Улуу Пушкин өлөөрүндө төмөндөгү армандуу сөздү айтыптыр: «Мүмкүнчүлүк бергилечи ырларымды бир карап алайын!».
* * *
Өлөөрүндө бир адам өкүнүп айтты: « Жашоодо кайта жаралсам баарын жаңыча баштамакмын. Бирок баары кайтарымсыз кеч болуп калды. Бул менин кайта жаралгыс арманым!».
* * *
Чынгыз Айтматовдун бир чыгармасын окуп бир жазуучу арманданыптыр: «Мындай чыгарманы мен деле жазмакмын, болгону ал менден мурун жазып салыптыр.
Демек ар бир адам ачылышты башкадан мурун ойлонуш керек турбайбы».
* * *
Кандуу кабалаңды Напалеон, Чынгыз хан, Гитлер баштабадыбы, бирок анын азап-тозогун баары бир айыпсыз жалпы эл тартты.
* * *
Жапа тарткан адамдын өңүнөн кайгынын элесин көргөм, жокчулукту тарткан адамдын өңүнөн суранууну көргөм, барчылыкта жашаган адамдын өңүнөн бардарлыкты көргөм.
* * *
Акылмандан сурашты: « Өмүр улуубу, же өлүм улуубу? Акылман: « Тирүү жашап жаткан адамга өмүр улуу, ал эми дүйнөдөн кайтып жаткан адамга өлүм улуу, ал өлүмгө баш ийбегенге чарасы калган эмес, бирок ал жашоонун жаркын элесин көрүп, адамдар менен аралашып кеткен адам».
* * *
Аты өчпөс эргүү менен жаралган чыгарманын жолу түбөлүк өлбөстүккө карай умтулат.
* * *
«Сынган кылыч» адабий улуу чыгарма анда кыргыз тилинин байлыгы, туюму кенен ачылып, адамдардын образы даана байкалып, аркыраган дайрасы, шамалы бар укмуш сыйкыры өзүнчө тербип жаткан көз жеткис мейкиндиги көйкөлүп, кадимки биз сүйлөгөн сөз өрөөнү ачылып чыга келет.
* * *
Эне тилибиздин уңгусунда, биз сезе элек, биз билип көрө элек бир укмуш керемет ажайып нерсе жашынып жаткансыйт, ал ыйык нерсе, ак элечек кийген энебиздин курсагынан жарала келип, биз менен кошо төрөлүп, түбөлүк жашап өлбөс болуп калган сыяктанат.
* * *
Эне тилибиз ыйыктын ыйыгы.Ал баарыбыз үчүн түбөлүк түгөнгүс байлык. Жашообуз ошону менен ачылып, ошону менен көркөмдөлүп, тыкыс байланышып калган сыяктанат. Өмүрүбүз эне тил менен башталып эне тил менен аяктайт.
* * *
Кыргыз тилиндеги ар бир сөздү ыйык наристебиз сыяктуу чачынан, денесинен сылап эркелетким келет. Бирок аны кармай албайм, аны кенен жүрөгүм жана жан дүйнөм кармалап, балам сыяктуу эркелетип жатканын билип эле турам. Сезип эле турам.
* * *
Эне тилди биз канчалык баалап барктасак, биз ошончолук түгөнгүс бакытка, байлыкка жолугуп, океандай кенендикке жеткен болобуз.
* * *
Эне тилибиз биз жаралганда эле киндик каныбыз менен кошо жаралган. Эне тил эне сүтү сыяктуу таттуу андан бизди жылыткан өлбөс-өчпөс жашоонун сүйкүм мээрим төгүлө жанып турат.
* * *
Биздин бир чоң жетекчибиз эне тилин билбейт экен ал жетекчи болуудан мурун эне тилин үйрөнүп алса болмок. Эне тилин билбеген адам кантип чоң кызматка барды. Ошол жагы анын элден кемитип салган шору болуп жатпайбы.
* * *
Эне тилбиз өлбөйт, ал биздин балдарыбызга, бизден кийинки муундарга, тукумдарыбызга кол тийбес өлбөс- өчпөс мурас, байлык, таберик болуп жашап кала берет. Алар эне тилди биз сүйгөндөй сүйүп,баалап, биздин жолубузду улантып кетет.
* * *
Манас ыры турганда, эне тилибиз өлбөйт, ошол ырды жараткан касиеттүү эне тилге, касиеттүү элге, касиеттүү улуу акындарыбызга миң мертебе ырахмат айтылат! Улуу адамдардын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат!
* * *
Эне тилибиз жок болуп кетсе, биз жетим калып энебизди жоготкон бала сыяктуу болуп калбайлы! Ошол элести ар дайыма унутпай эсте сактап жүрөлү!
* * *
Эне тилибиздин керемети ичкериден ачылып, биздин жан дүйнөбүздү ичкериден байыта берет. Ошол ата-бабабыз жараткан ыйык дүйнөнү баалоо үчүн өнөр жана сүйүү кусалыгы керек.
* * *
Ар бир адам эне тилинин ыйыктыгын сезиш керек, аны билбей, сезбей калуу бул жашоонун оордуна келбес жоголгон арманы.
* * *
Эне тилин билбей калган уул-кыздарыбыздын айыккыс шору жана түгөнгүз кусалык кайгысы бар экенин биз алардын өңдөрүнөн, сүйлөгөн сөзүнөн көрүп, билип эле турабыз…
* * *
Эне тилдин түгөнгүс кереметтүүлугүн улуулугун түшүнүү: ал өзүнчө окуу, өзүнчө чыгармачылык , өзүнчө жол, өзүнчө эргүү жана талыкпас татаал эмгек. Ошол жолдон ким өтсө, ал эне тилинин ыйыктыгын жана кереметин толук түшүнүп, эне тилинин кереметин канына сиңирет.
* * *
Манас ыры ал өзүнчө ыйык чыгарма, аны окуган сайын, өзүбүздүн байыркы жан дүнөбүз ачылып, эзелки бабаларыбыздын керемет тарыхы биздин жан дүнөбүздө жашап жана жакын болуп сиңип, жаркып чыга келет.
* * *
Манас ыры жөн эле ыр эмес, анын ыйык маанисинде Ала –Тоону, Алтайды ыйык мекенди, эне тилди, кийинки муундарды, ата-бабаны коргоп келген түбөлүктүү өлбөс-өчпөс эрдиги жатат. Биз ошол тереңдиктин маанисин жана кереметин түшүнөлү.
* * *
Байыркы бабаларыбыз бизди сүйлөсүн деп эне тилди калтырган. Эне тил алардын бизге арналган ыйык касиеттүү таберик белеги.
* * *
Эне тилин жоготон адам байыркы ата-бабаларынын таберигин жана өзүнө арналган ыйык мурасын жоготкон адам.
* * *
Мен дүйнөгө келе электен мурун эле ата-бабам сүйлөсүн деп, мага эне тилди жаратып калтырган. Эне тилим, мага ошолордун калтырган улуу мурасы жана түгөгнгүс улуу кенчи. Эне тилин жоготкон адам ошол байлыгынан ажыраган адам.
* * *
Жок болуучу эл өз эне тилин жерий баштайт. Ошол жоругу өзүнүн башына далай сапкыны көрсөтөт, бара-бара ата-бабасы түзгөн байыркы маданиятынын ажырап, өз тилин жоготуп, эл болуудан акырындап калат.
* * *
Тилибиз сүйлөнбөй башка чоң улуттун тилине өтүп кеткен күнү маданиятыбыз, адабиятыбыз эмне болот? Анда улуу Манасыбыз да айтылбай калуучу күн келеби? Бизден кийинки муун Манас ырын, эл тарыхын билбей калган күн келеби?
* * *
Тилибизди сүйүп, барктап бааласак, байыркы ата-бабалардын жаркын элесин, мурасын сактап калган болобуз. Баарынан мурун өзүбүздү –өлбөстүгүбүздү сактап калган болобуз.
* * *
Он баланын ичинен бирөө эне тилин билбей калган коркунуч, ал эми үчөө билбей калса трагедия, ал эми бешоо тең билбей калса, тилибиздин жок болуп баратканы.
* * *
Бүткүл дүйнөлүк уюмдар айтат «Кыргыз тили бара-бара жок болуучу тил»– деп. Бул сөз денебизге муздак суу куюп жибергендей сезилет. Анда бизге эмнеден коңгуроо кагып жата. Кеч болуп кала электе ар бирибиз ошону терең ойлонолу?
* * *
Күн өткөн сайын аз калктуу элдер эне тилин жоготуп башка элдин тилине өтүп жатат. Анда ошол элге да арман, ата-бабасы таштаган эне тилге да арман. Оордуна келгис арман ошентип жаралат. Ал кайра оордуна келбес арман. Ошол окуяны кыргыз эли да ойлонуш керек.
* * *
Биз башка улуу тилдерди да билишибиз керек бирок, кыргыз тилинин кереметин жүрөгүбүздө жоготпой бекем сакташыбыз керек. Анткени ал өзүбүздүн жоголгус менчигибиз.
* * *
И. Арабаев, К. Тыныстанов, Х. Карасаев, Т. Байжиев, З. Бектенов, Т. Саманчин. С. Каралаев, С. Орозбаков, Т. Сыдыкбеков, К.К. Юдахин, Ж. Мукамбаев ж.б. толуп-толуп жаткандар кыргыз тилинин ар бир сөзүнүн колу менен кармалап көрүп алардын кереметине кубанып жан дүйнөсү көөлгүп эргишкен. Биз ошололр сыяктуу эне тилибиздин ар бир сөзүн ошолордой жүрөгүбүз менен кармап көрүп, сүйүүгө берилсек кыргыз тили баардык-баардык заманда жоголбойт .
* * *
Ар бир адамдын жан дүйнөсүн ачуу өтө татаал нерсе, ал үчүн дипломаттык эпчилдик, элчилик өнөр керек. Бул үчүн дагы чоң шык жана жөндөм талап кылынгат.
* * *
Жашоодо эки нерсе бар. Белгисиздик жана белгилүүлүк. Биз анда белгисиздиктен белгилүүлүккө өтсөк жакшы болгон турабыз.
* * *
«Балаңы элдин баласындай болбой калды»– деп өкүнбө. Ошону элдин баласындай кылып тарбиялаш керек болчу.
* * *
Бири-бирин жактырып, кошулбай калган сүйүү деле адамдын жан-дүйнөсүндө өчпөй, өлгөнгө чейин бирге жашап жүрө берет.
* * *
Жалгыздык татаал нерсе, бирок чыгармачылык эргүүгө сөзсүз жалгыздык керек болууда.
* * *
Тарыхта жаңы жана эски кубулуштар болот. Мезгил жашообузга жаңы нерсе жаңылык ачып келбесе, анда тарых жаңы боло албай эскирет.
* * *
Кожожаш жаратылышка кастык кылгандыктан ал аскага барып бошоно албай кадалып калды. Аны карап турган эл , достору дагы, жары жада калса Сурэчки дагы бошото албай арманда калды.
* * *
Алыкул деген акындын атын угуп, анын бала чагындагы жетим калып азап-тозокту көрбөгөндү көргөнүн аядым. Аябай оорулуу болуп, канаттуу ырларын жана котормолорду которгонун кубана келип, анысын дагы аядым. Адамга бир берилген сүйүүсү өтө армандуу экенин билип, мунусун дагы аядым. Жана дагы өмүрү кыска болуп жаңы сонун чыгармаларды жарата албай кеткенин билип, андан бетер аядым. Аягында Алыкул өтө армандуу акын экенин билип жүрөгүм ооруп армандана мунусун дагы аядым.
* * *
Өмүрүбүз миң кайрык эмес бир эле кайрык, анткени жашообуз миң кайрыкты толук жарата албай, бир эле кайрык менен бүтүп калып жатпайбы?
* * *
Араа жыгачты араалап кесет, оор кайгы адамдын жүрөгүн араалабай эле кесет.
* * *
Бизден Үзөнгү –Кууш башка жакка берилип, адамдар өлүп оор тополоң башталбадыбы. Ошондо карыялар дүйнөдөн өтүп бараткан бир акылмандан сураптыр: «Акылманым бизден узап баратасың башыңда эмне арманың, эмне кубанычың бар?» Акылман кары оозун чүпөрөк менен аарчып: «Жараган жигиттерибиз тиги дүйнөгө шейит кетти, андан сырткары ыйык жерибиз башка жакка өтүп жатат, күйүтүм менен арманымды тиги дүйнөгө алып кетип баратам, менде кандай кубаныч болмок эле»– деп сай сөөктү сыздата капаланып тиги дүйнөгө көзү жумулуптур.
* * *
Аябай мас болуп жетелетип келаткан кишини көрүп, адамдар акылмандан: «Акылманым бул кишини эмне дейсиз» – деп сурашат, Акылман: «Эмне демек элем адам аракты ичет, бул кишини арак ичип, акылынан такыр адаштырып салган тура»– деп капаланыптыр.
* * *
Куру үмүт жок элес, ал жок нерсени эч убакта бар кыла албайбыз.
* * *
Акылман терең көлдү карап ойлонуп турган экен. Бирөө сурайт:
– Акылманым терең көлдү карап эмнени ойлонуп жатасыз?
– Таза адамдын ойлогон оюу дал ушул көлдөй терең жана тунук, болуш керек,– дептир.
* * *
Бйиктиктин элесин тоолор сактап турушат. Адамдар эмгеги менен ошол бийиктикке жетели деп канат байлап турушат.
* * *
Балалыгым өткөн алыстагы туулган жердин тоолорун сагына берем, жете албайм канатым жок. Бирок ойлорум менен канат жасап, бир канча жолу жетип, кайра эле келип-кетип турам.
* * *
Уурулук бул-бирөөнүн бар нерсени жок кылып ээсинен адаштырып кетүү, мындай ишти башканын эмгегин баалабаган кейбирлер гана жазайт.
* * *
Туулган жердин тузу ыйык, жери алтын дейбиз, а эмне үчүн Үзөнгү-Кууш менен Каркыра башка өлкөгө кетип жатканда, кайдагер болуп, такыр көңүл бурбадык, ошону түшүнбөй башым маң болуп турат. Байкуш туулган жерибиз бизге таарынып көз жашын төгүп, шолоктоп ыйлап турат. Ошол жерге коюулган биздин ата-бабаларчы? Ошолорду эстеп, жерден башым көтөрүлбөй турат.
* * *
Акылмандан сураптыр:
– Ысык күндө иштеген жакшыбы же салкын убакта эмгектенген ылайыктуубу?
Акылман жылмайып:
– Экөөндө тең иштеген жакшы, бир гана такыр иштебей койгонуң эңжаман.
* * *
Таланттуу адамдар турганда биз бакытка жетип кайра-кайра өлбөстүктө термелип турабыз.
* * *
Кээ бир адамдардын өмүрү табышмактуу жашоого барып такалат. Адам ошол табышмактын арасынан жакшылыкты таап чыгып, алдыга жол улаш керек. Табышмактын чындыгы биз эңсеген жагы ошондо чечилет.
* * *
Улуу Шекспир туура айткан «Бул дүйнө өзүнчө театр. Ар бирибиз ролдо ойногон адамдарбыз» деген. Ооба, баардык адам рол аткарып келген бизден кийинкилер дагы рол аткара берет. Бирок ролду ынанымдуу бүткүл адамдарга пайда келтиргендей аткарсак бактылуу болобуз.
* * *
Ар бир адам жашоосунда жакшы жаңылык жаратып туруш керек. Антпесе турмушубузду жаңылык аралабай эскирип калган жатпайбы!
* * *
Таза сүйүүгө көз артып, аны булгоо, бул келесоолук же, аңгилик жаман сапат. Жаратканым биз десең ошондой ыплас нерседен алыс кыла көр!
* * *
Күзгү сары жалбырактарды аяныч менен карап турдум. Өзүм дагы курагым өтүп улгайып баратам. Өмүрүм өтүп мени дагы аяныч каптап, күзгү жалбырактарым түшүп жаткандай болду.
* * *
Махмуд Кашгари, Жусуп Баласагун, К. Тыныстанов. Б. Юнусалиев, К. Юдахин, Б. Орузбаева, биздин эне тилибиздин сыйкырдуу элесине эмгек сиңирип кеткен. Алардын эмгегин унутсак, эне тилибиздин керемет тарыхын баалабай калган жатабыз.
* * *
Турмуш чындыгын билбей туруп жашоону жакшы жакка бура албай кыйналдык.
* * *
Түшүнүүнүн негизги көңүл чындыгы абийрге барып такалат.
* * *
Эмгек менен жаралган өмүр бактылуу, анын негизинде өлбөстүк жана келечекке арналган акыйкаттыктын жолу жашайт.
* * *
Чолпонбай Түлөбердиев келечек жашоосун ата журтка арнады анын өмүрүндө мекенге берилген өлбөстүк жана кайра төрөлүүнүн өдбөс доору бар.
* * *
Жаман сапаттан алыс жүрөлү антпесек бир берилген жашообузду булганыч жана ыплас нерселер аралап калганы жатат.
* * *
Талант бул- адам жетем деп эңсеген ийгилик же бийиктик ошол үчүн ага биз дагы жетели деп жаныбызды сабап жатабыз.
* * *
Өткөн күндөрбүз биздин артта калган баяныбыз, ал эми келүүчү күндөр биздин баштала элек тарыхыбыз. Демек биз өткөндү карап туруп, баштала элек тарыхыбызды бактылуу кылып түзөлү деп жаткан адамдарбыз.
* * *
Адам улукпу же тагдыр улукпу? деген суроо туулат. Менимчсе адам улук. Анткени адам тагдырды түзөт. Ошол үчүн тагдырыбызды таалайлуу жакка буруп, бактылуу кылып түзөлү деген өкүнүч бар.
* * *
Өткөн жаңылыштыкты эстеп, кайра-кйра чатак чыгара берүү бери болгондо, кемчилдик, ары болгондо келесоолук.
* * *
Кээ бир адамдардын тагдыры ачуу болот. Ошол ачуунун арасына арман жана куса болгондук жашынып жатпайбы.
* * *
Кокустук бул күтүлбөгөн жерден пайда болот. Ал кезде адам өзүн токтоо жана чечкиндүү кармап ошол кокустуктан аман эсен чыгып кетүү керек.
* * *
Асмандагы айды миңдеген адамдар карайт. Үйүнөн куулган адамды эч ким үй- бүлөсү да карабайт. Демек эөөндө эки башка тагдыр жаткансыйт.
* * *
Илимдеги ачылыш жолу табышмактуу болот. Ошол табышмакты таап, адамдарга жарык чачкан окумуштуулар бактылуу болот.
* * *
Көңүл көтөрүү, баланы эргиткен көрүнүш болгон жерде, коркуу, зекүү жок калып, тарбиянын башат эшиги акырындап ачылат.