
Полная версия
Адамдын Асыл ойлору
Мугалимден, ата –энеден жана коомчулуктан жүрүш- туруштун үлгүсүн алып, балдарыбыздын жакшы тарбияда болушу келечек жолдун ишке ашкан кубанычы.
* * *
Мен улуу педагогдор Макаренконун, Сугомлинскийдин жана Януш Корчактын китептерин ыйык чыгарма катары окуп суктандым. Аларды көрбөсөм да, китептердеги насаат иштери мага аябай чоң үлгү болгон жана аларды окуп балдарды тарбиялап, өзүмө жакшы нерселерди алдым. Ал китептер мага үлгү болгон жана боло берет.
* * *
Кыш катаал болгон менен алтын жаздагыдай мээрим чачып турат. Катаал адамдын жүрөгүнөн да, алтын жаздагыдай жылуулук төгүлөөрүн унутпайлы тааныштарым, санаалаштарым!
* * *
Ханын кууп качырган эл жаманбы? Же элин бата албаган журттун байлыгын соруп. сүлүк курттай болуп жашаган хан жаманбы? Иши кылып, хан менен элдин ортосуна айыкпас бир балакет ажырым иштер уялап алганы жаман. Ханды да. жакыр эджи да жаратканымдын көзү көрүп турат.
* * *
Биздин тоолорубузда алтыныбыз бар. Ал дагы элибиздин байлыгы. Андан сырткары аягы чеги жок түгөнбөгөн «Манас» эпосубуз бар. Бул дагы биздин кийинки муунга кала турган журтубуздун чексиз байлыгы.
* * *
Таланттуу акын Алыкул жалгыз «Толубай сынчы», «Жеңишбек» чыгармаларын жазса деле ал өлбөс-өчпөс улуу акын бойдон жашап кала бермек.
Азыркы эл башчылары элдин алдында сокур Толубай сынчы көргөн адилеттикти көрөөр беле?
* * *
Начар жазылган чыгарманын он бетин окуу азап, аны дагы арылатып окуу андан бетер азап.
* * *
Түшкө кээде оор аяндар кирет, аны оңдой албайбыз, ал сыяктуу адамдын жашоосу кээде ачуу тагдырга кабылат, биз муну да оңой менен оңдой албайбыз.
* * *
Көөнөрбөс акылдан улуулуктун жолу ачылып даана көрүнүп турат.
* * *
Байлык адамда илеешкен катуу оорудан сактай албайт, бирок, азаптуу жокчулуктан толук коргоп, сактап калат.
* * *
Акылман осуяттардын баары эле айтылып жүргөн сөздөрдөн турат. Бир эле айырмасы аны акылман жоготпой кагазга көчүрүп, китеп кылып, чыгарып койгонунда турат.
* * *
Кээ бир адам бир баскан жолун кайра-кайра бир канча жолу басып чыгат. Ал ошончо жолу жаңылыштык кетирген адам.
* * *
Акыл, ишенчи, токтоолук жана сүйүү өкүм сүргөн жерде, адамдын жан дүйнөсү, бузулбайт, жоголбойт, алданбайт баардыгы таза алтын сандыкта сакталып турат.
* * *
Турмуш даректүү жана дарексиз нерселерден турат. Дарексиз нерселердин жогору жагына дарактүү нерселер калкып чыгып көзүбүзгө даана көрүнөт.
* * *
Жаңы жыл өтүп, күн узарган сайын, жаз бизге: – «Шашпай тургула мен силерге жакында барып калам»,-деп кабар айттырып жаткансыйт. Адамдар ал кубурды угуп алардын жүрөгүндө кубаныч калкып жаткансыйт.
* * *
Жакынды жакын дейбиз, алысты алыс дейбиз, адамдар аралыкка карабай, бири-бирине мээрим чача байланыша жүрсө дейбиз.
* * *
Кайгы оор, оор нерсени көтөрүп жүрүү андан бетер оор, бирок адамдын жүрөгүндө кайрат жана ишеним бар. Алар адамды ошол оор нерсенин азабынан коргойт.
* * *
Жашоодо өмүр сүргөн эркек жана аял бар. Экөөнүн ортосунан жаралган мотурайган балдар, кыздар бар. Демек аягында бактылуу жашап жаткан таалайлуу үй-бүлө бар.
* * *
Эл башчы же өкмөт саясатты жакшы жүргүзө албай калганда, элдин баары баладан чоң кишиге чейин саясатты кобурап, саясаттычыга айланып кетет.
* * *
Карылат айтат: «Элибизди Көкчөкөз, Көзкаман, Тазбайматтар башкарбасын. Булардын жолу башка, элдин жолу такыр алардан башка. Бизди азыркынын баатыры Манас башкарсын ошону таап бийликти ошого берели!»– дейт
* * *
Саясатчымын деген адамдын жүрөгүндө элге болгон адилеттүүлүк, чындык, Ата -Мекенди сүйүүнүн жолдору көрүнүп турсун. Андан мурун ал адамда эне тилин, ата-бабасынын жолдорун сыйлаган урматы көрүнүп турсун.
* * *
Кээ бир саясатчылар өз караанын жалаң ак үйдүн ичинен көргүсү келет. Жок алар өз караанын элдин арасынан көрсүн. Ошондо элге да, өзүнө да эң жакшы болот.
* * *
Ар бир күн жөн эле өтпөйт, ар бир күндө адамдар бири-биринин жүрөгүнө коштошуу жана жолугуунун аянычын таштап кетип турушат.
* * *
Мен жүрөгүм менен Гиминимди, конституциямды жана желегимди сыйлайм алар менин ким экенимди, жашоодогу законумду жана туулган жеримдин үнүн менин жүрөгүмө угузуп шыбырап турат.
* * *
Түн ортосунда жолочуларды ташыган поездин үнүн угулуп жатат. Демек адамдар түн ортосунда да жолочулап, тынбай жашоосун улантып баратат.
* * *
Кечөө эле бийликке келип, өлкөнүн каражатын аябай жеп, колуна чынжыр тагынып, калган адамдардын караанын көрдүк. Биз бир көрүнгөн утурумдук жок болуучу караандарды көрдүк.
* * *
«Турмушта эмне ачуу, эмне таттуу?» деп балдардан сурасак. Алар « Шекер таттуу, туз ачуу» деп жооп беришти. Митаамдыгы жок алтын балалыктын жообу ушул.
* * *
Кээ бир саясатчылар айтат: « Саясат бул баланын ойну» деп, алар саясатты баланын ойнундай куурчак кылып ойноп кирсе, алар терең жаңылышат.
* * *
Саясаттын башында турган адам. «Бул меники, бул сеники дебей, Мунун баары менин элимдики», деш керек.
* * *
В.В. Радлов айтыптыр: «Кыргыз сөзү кулакка ырдай болуп угулуп, өтө жагымдуу жана назик» деп эскертиптир. Карагылачы касиеттүү улуу окумуштуунун кыргыз сөзүнүн кереметине маанисине тан берип, суктанганын. Бул улуу ойду биз да унутпай урматтап, жүрөгүбүзгө сактай жүрүшүбүз керек.
* * *
Байыркы биздин ата-бабаларыбыз, өзүнүн арман кубанычын, суукта жоголбос, чагылгандын отуна күйбөс, шамалда убаланбас таш бетине чегип сөздөрүн, осуяттарын бизге калтырган. Ошол ыйык сөздөрдөн биз байыркыдан кабар алып турабыз. Биздин киндигибиз байыркы бабаларыбыз менен байланыштуу.
* * *
Эл эне тилин сактап турат. Эне тили элди сактап турат. Ал жоголсо, ошол элдин улуттук идеясы кошо жоголот. Анда эли эмне болот? Ошону терең ойлонгулачы?!
* * *
Ар бир элдин ой жүгүртүүсү, философиясы, психологиясы, дүйнө таанымы, даанышмандыгы, саясаты, жүрүш-турум эрежелери ошол элдин эне тилинде чагылып, улуттук идеясын өлбөс болуп жанып турат.
* * *
Кыргыз элинин улуттун идеясы, улуттун руху. эне тилинде чагылып, ар бир адамдын жан дүйнөсүндө, жүрөгүндө тирүү жашап турат.
* * *
Түбөлүктүү улуттук идея ошол элдин байлыгын, биримдигин, чарбасын чыңап, ошол элди жоготпой түбөлүккө сактай алат.
* * *
Ар бир элдин эне тили ошол элдин байлыгы жана келечеги, аны аман-эсен сактап, алдыга алып барып, урпактарга тапшыруу ошол элдин колунда.
* * *
Кыргыз тили ата-журтубуздун символу. Ар бир элде өз эне тили өз өлкөсүнүн символу, Символ ыйык нерсе. Кайгысы, кубанычы, келечеги, баардык үмүтү, ыры, чоору элибиздин символунда өлбөй жашап калат.
* * *
Жандуу, өлбөс, ой-элес, схема, акылмандын башында жаралып, жоголбой кагазга түшүп, жана ишке ашырып, бүт өлкөнүн келечегине даңгыр жол салса, ошол дагы улуттук идеяга жатат. Же улуттук идеяны мен-менсинген акылмандар жаратып, аны ишке ашыруу жалпы элдин колунда
* * *
Улуу акылмандар, жазуучулар, акындар улуу китеп жазып бүткөндө айтышыптыр: « Мен өлбөйм, мен түбөлүк тирүүмүн» -деп кубанышыптыр.
* * *
Кыргызда бир сөз бар: « Кесир урганды, кусур урат»– деп ушул сөздүн маанисин баарыбыз өмүр боюу унутпай жүргөнүбүз оң.
* * *
Биринчи качып кеткен адамыбыз аялын гений атады. Экинчиси адамыбыз баласын гений атады. Мейли алар аялын, баласын гений деп атай берсин. Анысына каршылыгыбыз жок. Бир гана арман алар өз элин, өз эне тилин, өзү жашаган Ата-Журтун унутуп калган. Алар жумурай журттан түңүлүп, аялын, балдарын гений эсептеп калышты. Алар өз элинин генийлигин билбей такыр унутуп калган.
* * *
Өлкөнүн башына келген адам хан Шырдакбекти, анын аялын, даңкы таш жарган Акбоз жоргону эске сала жүрсүн. Буларды хандарыбыз такыр унутуп калбасын, унутуп калса, аларга жаман. Ал унутулбас улуу сабак!
* * *
Мугалим бала үчүн ким? «Адам бол жана дагы адам бол!» деген улуу насаатчы, акылман болуш керек.
* * *
Адамда оң жана сол көздөр бар. Адамдар оң, сол көз дебей эки көз менен айлананы бирдей карайт. Бирок саясатта терең жаңылыштык болот. Айрым жетекчи адамдар өң көзү менен өзүн, туугандарын, жакындарын карап, сол көзү менен элди карайт. Алар өтө катуу жаңылган адамдар. Эл андай сокур сол көздүү адамдарды бат эле бийликтен кууп түшүрүп, өз жолуна салат.
* * *
Көзкамандар менен Көкчөкөздөр Манастан мурун да чыккан, азыр да чыгып жатат. Керек болсо мындан кийин да чыга берет. Жана жерди саатып азыр да чыгып жатат. Адамдар сак болгула! Алар биздин жерибизди сатып, элди талоонго учурата тентитип, байлгыбызды алып, чет жакка качып кетпесин. Кайталап айтам адамдар сак болгула! Баарыңар сак болгула!
* * *
Жашоодо арамза адамдын жети акылы болот. Алар бир акылын салат. Экинчи акылын да сала баштайт. Ошентип 3…4…5…6… анан 7 акылын салып бүткөнчө. Чыныгы акылмандын бир эле акылы иш жүзүнө ашып кетиптир.
* * *
Биз малчынын балдары элек. Жайлоодо күн желеси Асан-Үсөн пайда болчу. Топ балдар ошол Асан,– Үсөнгө күн желесине жетели деп, суу болгон шалбааны аралай жыңайлак чуркаган балдар болчубуз. Бирок биз ага такыр жетчү эмеспиз. Чуркаган сайын алыстап кетеер эле …
Биз бала болуп, ошол жеткирбес балалык Асан-Үсөндү кууп бараткан балдар элек.
* * *
« Ата –Журт» деген ыйык сөз бар. Бул сөз биз төрөлгөндө өзүбүз менен кошо жаралган. Жана биз менен кошо жашап, өлгөндөн кийин да биздин денебизден, жүрөгүбүздөн кетпей кала берет. Демек Ата-Журт биз менен кошо жаралган.
* * *
«Манас» чыгармасы ата журтту, адамдарды элесин, турмушту, баатырдыкты, сүйүүнү, коркоктукту, чыккынчылыкты, деги койчу… баарын, баарын … чагылдырган улуу эпос, улуу китеп. Генийлердин эсинен жаралган улуу арман, аягы бүтпөс улуу ыр. Бул улуу китепти окубаган адам сөзсүз армандуу пенде. Окуп туруп анын идеясын кан-жанына сиңирип алса, жан дүйнөсү тазарат.
* * *
Үзөнгү -Кууш жерибиз башка жакка кетип жатканда, ошонун кайгысына чыдай албай, ачкачылык жарыялап, Шерали Назаркулов деген жигитибиз 22 күндөн кийин каза болду. Кайран ата журтун сүйгөн жигитибиз мекенинин кайгысын көтөрө албай калды. Ал жигит мекенге болгон сүйүүсүн өзү менен ала кетпей элине таштап кетти. Эли үчүн күйгөн жигитти анын караанын баатыр катары санап, элесин ар дайыма унутпай эстей жүрөлүчү! Анын атын укканда биздин мекендин ыйыктыгы,өлбөстүгү байкалат!
* * *
Атактуу жазуучубуз Төлөгөн Касымбековдун классикалык « Сынган кылыч» деген чыгармасы бар. Кайсы адам эл башчысы болуп көтөрүлсө ошол чыгарманы окуп койгон абзел. Баарын окубаса да, чыгармада «Чокой жөнүндө жазылган икаясы» бар. Ошол жерин окуп койсо, келечегине пайдасы тийип калмак. Чыгармада чокой кийген адам хан болуп шайланат. Акылман адам ошол ханды күндө чокойун көрүп туруп, аны өткөндөгү кезин унутпасын дегени.
* * *
Жакшы жазылган чыгармаларды, кайра-кайра окуп, сөздөрүн кармалап эркелетким келет. Тамгаларды кармай албасам да, аларды жүрөгүм жана көңүлүм кармалап алдейлеп, эркелетип жатканын билип эле сезип эле турам.
* * *
Эл жалаң саясатты сүйлөп, же баардыгы саясатчы болуп кетсе, ал жерде биз билбеген шойкомдуу мандем жашап жатат.
* * *
Жымжырттыктын элеси түн, эмгеетин энеси күн. Демек жашоонун элеси күн менен түн.
* * *
Өлкөнүн каражатын жеп, элди аябай жакырчылыкка отургузуп, качып кеткендер, элди терең азапка салгандар алардын баары адам кебетесин кийген тирүү шайтандар. Алар уурдап алган байлыгы менен башка өлкөнүн жетекчисин багып, ошонун жардамы менен эптеп тирүү жашап жатат.
* * *
Акылмандар китепти окуп аны терең түшүнүп талдап чыгып, жан дүйнөсүндө кайра башкача сонун китеп жаратат.
* * *
Жан дүйнөсүндө боорукердик, кенендик, чынчылдык, эмгек, сүйүү баардыгы уялаган пейли кенен пенде ал- кеменгерликк жолго кетип бараткан адам.
* * *
Бобу түздүктөгү мелмилдеп агып жаткан чоң дарыя кайдан келеерин айтым берейинби, адам чыгып көрө элек аскасы асман тиреген, башын булут ээлеген тоолордон башталып, агып келет. Ал жактардагы аскаларды карасаң башың айланат. Башында бүркүт уялап, сүрдүү тарткан булуттар башынан такыр кетпейт. Ошол жакты мекендеп, кайберендер жашайт. Бизге өмүрдү азыгын ошол жактан тартуулап алып келет. Бизге ошол жактын турмуш шапатасын алып келет.
* * *
Эли жакыр, кейпи кетип бараткан өлкөдө үч гезиттин түрү чыгат. Бийликти жактаган газеталар жана бийликке каршы күрөшүп жаткан газеталар. Үчүнчүсү чындыкты жазып элди жактаган газеталар. Баягыдай эле ал өлкөдө үч түрдүү саясатчылар болот.
* * *
Дүйнөдөн өтүп бараткан акылман карыя карыларга айтты: «Эл журтум эч убакта Үзөнгү Кууш чет элге кетип жатканда Аксылык элдин толкундоосун, алардын көргөн азап тозогун, көз жашын, аны сатып ийген өлкө башчысынын жоругун эч убакта унута көрбөгүлө! Ошондой оор тагдырды кайра кайталабагыла! Баардыгын унута көрбөгүлө!»
* * *
Өлкөнүн күч кубаты анын жетекчилигинде турат. Ошол үчүн бизге, рухий күчтүү, кубаттуу элдин ишенимин актаган жетекчи керек болуп турат. Себеби биздин тагдырыбыз, келечегибиз ошол кишинин колунда болгондой сезилип турат.
* * *
Жетекчиликке кыраакы, көзү ачык, мекен деген адамды коё берип шайлап алалы, ал келечек жана баардык оорчулук менен бетме-бет кездешип, элибизди жакшы жолго алып кетсин. Журтубузду оорчулукка кабылтпай жакшы жолго салып кетсин!
* * *
Алыскы адам буту баспаган жерлерди көргүбүз келет, ошол жерде биз эңсеген нерселер бардай сезилет. Жымжырттык жана таң калыштуу жашоо аты өчпөс тынчтык бардай сезилет. Биздин жүрөгүбүз ошол жактагы көрүнүштүн баардыгын сезип жана билип тургандай сезилет.
* * *
Дүйнөдөн өтүп кеткендерге биз түшүбүздө жолуктук, тирүү пенделерге өңүбүздө жолуктук, экөөндө тең өмүрдүн өчпөс элесине жолуктук.
* * *
Акылмандар жазган осуят жана асыл ойлор чыгармасын окугандан кийин адамдын эсинде калып, көпкө сакталып, жан лүйнөсүн жашоосун керемет дүйнөгө айлантат.
* * *
Жакшы адамдын сага жолукканы кубаныч, ал эми коштошуп кетип баратканы арман. Демек жашоонун өзү деле кубаныч, арман жана жолугуу коштошууданганын билдик.
* * *
Жакшы адамды көргөндө адамдын жан дүйнөсү тазарат жана жашарат. Ошол өлбөстүккө бараткан жышаана эле.
* * *
Жакшы досума жолугуу кубаныч жана таалай. Ал досум менин сүйүп окуган ардактаган китептерим болчу.
* * *
Адамдын өмүрү деле жолугуудан жана ажырашуудан турат. Жолугуу кубаныч, ажырашууда армандуулуктун бир түрү болгонсуп турат.
* * *
«Ырларым силер кайда жүрөсүңөр?»– деп сурадым. Алар: «Биз сенин жүрөгүңө келдик бизди тосуп алып кайра жаркытып жакшынакай кылып башка адамдардын жүрөгүнө аттандыр»,-деди кубана.
* * *
Биз жаратылышты сактайбыз, жаратылыштын улуулугу сулуулугу, өлбөстүгү бизди сактап жана жашартып, жашылдандырып хүрүп отурат.
* * *
Улуулукту адам жаратабы же адам улуулукту жаратабы, менимче алар бири-бирин жаратып түбөлүк өчпөс болуп жашап жүрүп отурат.
* * *
Куштардын сайраган үнүнөн жашоонун үнүн уктук, адамдардын сүйлөшкөн үнүнөн жашоонун сырын уктук. Демек биз тынымсыз жашоонун сырына, шыбыртына, өлбөстүгүнө жолугуп турдук.
* * *
Адамдар өзүңөрдү өзүңөр эмгегиңер менен жаратып алгыла! Ошондо силер өзүңөрдү эскиртип жана жоготуп салбайсыңар!
* * *
Сүйүүдө улуулук бар. Эгер адам ошол улуулуктун даамын татыса, ошол улуулукка жолуккан адам. Демек ал адам сүйүүнү, жашоону, өмүрдүн өлбөстүгүн сыйлаган адам.
* * *
Шаркырап аккан суунун үнү жашоонун өлбөстүгүн айтып турат .Суу- өмүр, өмүрдүн дагы андан ары уланаарын жаратылыштын өзү эле айтып турат.
* * *
Жүрөгүнө таза тунук сүйүүнү алып жүрбөгөндөр, көзүмө шектүү адамдардай туюлду.
Оорду менен сүйлөп, оорду менен жүргөн адамдар, көзүмө кандадйдыр бир маданияттуу адамдардай туюлду.
* * *
Бирөөнүн жакшы акылын угуп, аны өзүңүн акылыңа кошуп алганың жарым байыганыңа барабар болот.
* * *
Жардылык жоголгондон кийин, адамдардын жашоосу оңолуп, анан рухий байлык мен быяктамын деп өзүнөн өзү келет.
* * *
Адашпай жүргөн адамдар бар, жалгыздыкта жүрүп буюуккандар бар, өзүбүз менен бирге эле жүрүп буюугуп адашкандар да бар. Адамдар силерге ошол адашып жүргөндөрдү оң жолго салып койсоңор алардын алкышына татыйсыңар!
* * *
Жакшы адамдын жан дүйнөсү деле кооз жаратылыш, табяттын кооздугу жакшы адамдын жан дүнөсүндөгү жаратылыш.
* * *
Чындыктын жүзүнөн эл үчүн иштеген кишинин өңү көрүнөт, а жетекчинин жүзүнөн чыныгы турмуштун өзү көрүнөт.
* * *
Мен силерге көргөндөрүмү гана айтам, эгер бир нерсени көрбөй туруп көрдүм деп айтсам, анда калпычы болом.
* * *
Жаңы министр келсе, эски министр кетет бирок жаңысы эскисинин кетирген кемчилдигин оңдой албаганы эң жаман. Анда эл үчүн эскиси да жаңысы да эң жаман.
* * *
Жакшы адам болуп, ата-энеңин үмүтүн актаганың ал чоң кубаныч, ал эми жалпы элиңин күткөнүн актаганың ал аябаган эле зор атак даңк!
* * *
Шакирт менен устат жолукса алардын ортосун талант даарыйт, жинди менен дардаңбай жолукканда жин даарыйт, ушакчы менен ач көз жолукса бузукулук даарыйт.
* * *
Жашоодо эки жүздүү адам жаман. кошоматчылык эң жаман, кыянаттык, жүзү каралык андан бетер жаман.
* * *
Бийликке жетем деп дүрбөлөңдү саясатчылар баштайт, бирок анын азап- тозогун эл көрөт.
* * *
Жашоодо адамга өлүм жана ачарчылык коркунучтуу. Ушуларга элине алып келген өлкө жетекчилери андан жүз эсе коркунучтуу.
* * *
Эрке жел эч убакта токтоп калбайт, ал токтоп калса, адамдын бетин сылаган назиктик менен боорукердик жоголот.
* * *
Акылмандык болгон жерде акылсыздык болбойт, аны акыл «Ары бол, бери бол!» деп оң жолго салып турат.
* * *
Бир жөнөкөй адамдын баласы чоң кызматка көтөрүлгөн экен. Атасы баласын оңурая карап: «Менден тууган баланын ушундай чоң болот ,-деп, өңүмдө эмес түшүмдө да элестеткен эмесмин»– деп баласын улам-улам тиктеп аябай таң калыптыр.
* * *
Мен элди башкарган жетекчилерге собол кеңеш айткым келет:
«Ааламда бир эле күн бар, эгерде сенде эки күн болсо, ого бетер жакшы, Асмандагы күн сени жылытсын, сенин жүрөгүңдөгү күн сен башкарган элдин жүрөгүн жылытсын. Ошондо элге да сага да бейиш күн келет.
* * *
Тамгадан сөз, сөздөн сүйлөм, сүйлөмдөн чыгарма түзүлүп, китеп пайда болот.
Ал эми мүнөттөн саат, сааттан күн,күндөн жума, жумадан ай, айдан жыл куралып адамдын өмүрү түзүлгөн. Чындыгында китеп да адамдын өмүрү да кичинеден куралып отуруп түзүлгөн.
* * *
Бир нерсени өтө көп билгениң абдан жакшы бирок ошол билгениңди турмушуңда пайдаланганың, андан бетер жакшы.
* * *
Көп окугандыгың сага байлыкты алып келбейт, бирок жан дүйөңдүн байлыгын түзүп тураарына бекем ишен.
* * *
Тоону карасам, ашууларды ашкан ата-бабалардын жолу жатат. Биз басчу жолдорду ошол бийиктикке алып барган ошол ата-бабаларыбызга чын жүрөктөн ырахматыбыз айтылат.
* * *
Китепсиз билим жок, кайсы китеп бактылуу баардык кылымдарда окулган китеп бактылуу.
* * *
Адам бир ийгиликке жетсе, дагы бир ийгиликке жетем деп аттанат антпесе жүрөгүндөгү күрөш жолу токтоп калат.
* * *
Жашоодо коркунуч жана баатырдык бар. Адам коркунучту аралап жүрүп отуруп, баатырдыккажеткенин билбей калат.
* * *
Жүрөгүбүздө эрк, кайрат, эмгектин деми кайнап жатат, демек биз күчтөнүп жан рухту жыйнап жаткан адамдарбыз.
* * *
Бала бирде жыгылат, бирде чуркайт, бирде күчүк болуп үрөт, ал жашоонун сырын жаңыдан үйрөнүп келе жаткан кичинекей адам.
* * *
Чындыкка жетели деп, күрөштүк дагы алдыбызда сонун күндөр бар, ошондо чындык үчүн кан жаныбызды берип, дагы аябай күрөшөбүз.
* * *
Адам улгайган сайын айланасындагы майда барат ыпыр-сыпырды даана көрөт. Анткени ал жашоону бийиктиктен карап калган болчу.
* * *
Бийиктикте күн улуулук, сулуулук, даанышмандык нурун төгүп турду. Адамдар ошол асылдыкка жетели деп, канат издеп турду.
* * *
Бул дүйнөгө келип жашоонун сырын түшүнүп жана түшүнбөй кеткен адамдар бар. Сен кайсы жагына киресиң ошону айтчы замандашым!?
* * *
Адамдар келгиле жүрөгүбүздү кенен ачалы ага күн нурун төксүн. Ошол нурду биз жүрөгүбүздү кенен ачып башка адамдардын жүрөгүнө чачыраталы!
* * *
Уйку тынчтык болсо, түн жымжырттык, экөөсү тең чарчап калган адамга күч кубат берет. Ошондон кайрат эргүү алып, эртеңки оор ишке аттанганы жатабыз.
* * *
Жашоодо пайдалуу жана пайдасыз нерселер болот. Өтө пайдалуу нерселерди генийлер гана жаратат. Ал эми майда барат нерселерди арасында майда адамдар алышып жүрө беоет. Алар ага пайдалуу нерседей көрүнөт.
* * *
– Баарынан эмне күчтүү деп, баладан сурасам? « Пил менен өгүз күчтүү»,-деди
Улгагйан киши: « Адамдын акылы, сүйүүсү күчтүү» деди. Албетте экөөнүкү тең туура.
* * *
Көзү көрбөй калган адам айтты: «Көзүм барда күндү көрүп андан жылуулукту, улуулукту алып турчумун, азыр күндү көрбөй ошолорду сагындым. Мен күндү көрбөй калсам дагы күн берешендик жана улуулугун салып алтын нурун мага чачып турат»,-деп ыраазы боло кубана айтты.
* * *
Бийик тоонун башы адамдарды өзүнө чакырып жатпайбы. Анткени чокуда улуулук, сулуулк менен бийиктик жашап жатпайбы.
* * *
Акылмандардын арасында отурсаң алардын сөзүн угуп, суктанып отурганың жакшы, акмактардын арасында отурсаң алардын сөзүнө көңүл бурбай башка бир сонун нерсени ойлонуп отурганың жакшы.
* * *
Баш кошуп үйлөнгөндөрдүн арасында айтылбаган бир сырлар болуш керек, аны экөө гана билет бирок ачыкка такыр чыгарбайт.
* * *
Арстандагы каардуу айбаттуулук арстанга гана ыйгарылган. Анткени ал – арстан.
* * *
Улуу Толубай сынчы хан көрбөгөн улуулукту, кыраакылыкты көргөн. Хан аны эч убакта көрө алмак эмес, анткени анын жан дүйнөсү сокур. Сокур хан ошого жини келип анын эки көзүн ойдуруп, өзүндөй сокур кылып салган. Толубай сынчы сокур болсо да хан көрбөгөн улуулукту баары бир көрүп турду. Толубай сынчынын элди сүйгөн соолбос жүрөгү бар. Ошондо хан менен Толубай сынчынын ортосунда айгышкан элдешпес эрегишкен күрөш жаралган.
* * *
Мен улгайган адаммын, көрүнбөгөн өмүрүмдүн көп барагы жазылып бүтүп, аз гана барагы калды окшойт. Ал барактарда кандай окуялар баяндалат жана качан жазылып бүтөт ошону ойлоп башым маң.
* * *
Бир үй-бүлөөнүн кубанычы, кайгысы, Ошол үйбүлөөнүн баардыгынын жүрөгү аралап өтөт. Ошол үчүн алар үй-бүлөө.
* * *
Бирөөнөн алган карызгаңды кайра бере көр, Ал берген байлыгын эч убакта унутпайт. Ошол сенин мойнуңда унутулбай өмүр боюу кала берет.
* * *
Адамзатка эмне кооз? Өмүр кооз жана жаратылыш кооз.Анткени адамдан өмүрүндө өлбөс жаратылыштын төрт мезгили: жаз. жай, күз, кыш төгүлүп аны жаратылыштын өзү сыяктуу кооздоп турат.
* * *
« Жөнөкөй адамдарды аягыла! деп жаратканым айтат. Анткени алардын жүрөгүндө боорукерлик жана карапайымдык бар. Алар эч убакта башкаларга жамандык жасабайт».
* * *
Бир тоголок алма өлбөс-өчпөс улуу эмгектин үэүрүн даңазалап турат.
* * *
Бизде үч жолочу бар эле. Бирөөсү сүрөтчү, бирөө акын, бирөөсү музыкант. Булар ар бир адамга жакын жана түбөлүктүү. Адамдар ошол үчөөнөн өлбөстүктүн элесин алып, жан дүйнөсүн шыктантып жатат.
* * *
Пайгамбарлар деле биздей пенделер. Бирок алар өтө терең акылдуулугу, жол көрсөткүчтүгү менен айырмаланып тарыхтын алтын барагына өчпөй сакталып калышкан.
* * *
Жөнөкөй нерседен татаал нерселер куралат. Ошондуктан татаал нерседе биз билбеген көп сырлар жашынып жатат.
* * *
Жаратылыш сырдуубу, же адам сырдуубу, менимче экөө тең сырдуу. Алар ошол сырларын бири-бирине үйрөтүп өмүр сүрүп жанаща жашап келе жатат.
* * *
Начар адам болсоң бирөөнүн эсинде жамандык менен эскерилесиң, жакшы адам болсоң, адамдардын эсинде кубаныч менен эскерилесиң.
* * *
Курандын жаралышында бтр улуу сыр бар. Касиеттүү Пайгамбарыбыз Жаратканым менен байланышта болгон болуш керек. Ошол үчүн ушундай улуу осуят, улуу китеп жаралган болуш керек.
* * *
Жаратылыштын үнүнөн кооздук жана кереметтүүдүк угулуп турат. Жакшы адамдын сүйлөгөн сөзү жүрүм-туруму,ошол жаратылыштын үнүндөй музыка чыгырып кайра жаратылышты кооздоп турат.
* * *
Эмне үчүн Жусуп Абдырахманов, Искак Разаковду, Төрөбай Кулатовду, Султан Ибраимовду, Апсамат Масалиевди адамдар атын айтып кайра-кайра эскеришет. Алар бул дүйнөдөн жөнөкөй адамдар катары эле өткөн. Алар мени эскергиле деп бир да жолу айткан эмес. Аларды биз өзүбүз эскереп жатабыз. Анткени алар эл үчүн көп жакшылыкты таштап, эли үчүн жашап кеткен. Ошол жакшылыгын ошол кашкөй эрдигин эстеп, эскерип жатабыз.