Тагдыр жана үч эже-сиңди
Тагдыр жана үч эже-сиңди

Полная версия

Тагдыр жана үч эже-сиңди

Язык: Русский
Год издания: 2025
Добавлена:
Настройки чтения
Размер шрифта
Высота строк
Поля

Алтын Иниятовна

Тагдыр жана үч эже-сиңди

Тагдыр жана үч эже-сиңди.

(Чоңдор үчүн жомок).

….Ошентип, Тагдыр 3 кызды турмушка узатты. Жалкоо кыз эмгекчил жигитке, урушчаак кыз боорукер, айкөл жигитке, ал эми мээнеткеч жакшы кыз аракеч, жалкоо, жаман жигитке туш болушту…. (Элдик баян)

***

(Элдик баянда улантылбай калган үч эже-сиңдинин тагдырларынын автордук чыгармачылыкта улантылышы. @Автор Алтын Иниятовна)

Жомокто окуялар:

1) Жалкоо кыз

2) Урушчаак кыз

3) Эмгекчил кыз

Автордук баян мына ушул 3 кыздын турмушка чыккандан кийинки жашоо тирликтерин сүрөттөйт.

Ар бир жаңы сюжет мына бул ❄️❄️❄️ үч белги менен башталат.

***

Автордук жомок баяндын башталышы.

❄️❄️❄️…Тээ мейкиндиктен Тагдыр байбиче баягы өзү араба менен алып барып таштап келген, турмушка чыккан 3 кыздын жашоосуна көз салып турду. Жалкоо кыз менен урушчаак кыздын жашоосуна кээде башын чайкаса, кээде ачууланып тим болот. Эмгекчил кызга болсо Тагдырдын боору ооруйт. Боору ооруганда айласы канча аалам мыйзамын, мейкиндик тең салмагын Тагдыр байбиче буза албайт да…

….Жалкоо кыз барган жерин жыргатпай аябай балит, жүдөө болду. Казан аягын жуугусу келбей ары алып барып жыйнай берип, идиштери бирине бири жабышып катып калган. Такыр жуулгус болуп катып, көгөрүп кеткен идиштерди жүдөө кыз дагы ары тыгып көрсөтпөй жыйнай берди. Тамактын калган-катканын жытына курт-кумурска, келемиш, чычкан келип, жашаган үйү бир башкача жыттанат. Жалкоонун жууркан төшөктөрү баары кирдеп, кирдегенине чыдабай жылтылдап жылмакай болуп калган. Таалайы тайкы уста жигит эптеп, чүргөп салып алган эки бөлмө үйүнүн кейпи кетти. Устачылыгына карап үйгө киши-кара келип калса, үйдүн балиттигинен жигит уялганынан кирээрге жер таппай кала турган болду. Бара-бара үйүнө киши келбесе экен деп кишиден качып, басынган бир кургур жашоо кечирип жатты. Мээнеткеч күйөө айылдын эгин талаасын сугарып, муздак баткак кечип, чарчап үйгө келсе, жалкоо аялы үйүндө жок же кошунанын үйүндө кобурап ушак айтып отурган болот. Аялы кыбырап эле тирлик кылгансыйт же бир жыйынтык көрүнбөйт. Короодон баштап чачылган үй, төргө чейин бытырап, эртең менен чай ичкен дасторкон шашкеге чейин жыйналбай, чымын үймөлөктөшөт.

Жигит аялын тарбияга салууга аракет кылып, талап кылат, бирок баары бир майнап жок. Бир күнү жакшы аял болуп калып, эртеси чалкасынан кетип, күйөөсү айтор тажап бүтмөй болду. Жигиттин жакасы агарбай жүдөп бүтөт. Санаадан улам кара шыргыдай болуп, итирейип кейпи кетип арыктады. Кийээрге таза кийими жок, аялы жуумакчы болуп чогултуп койгон кир кийимдин арасынан эптеп бир кийим таап, айласы кетип силкип-силкип кайра кийип алат. Ал кийим эчак жыттанып кеткен болот. Такыр айла-амалы түгөнгөн күйөө суу кулагында муздак жерге көчүк басып үшкүрүнүп, алакан жайып бата кылып, аялымды оң жолго сала көр, жашоомду оңдой көр деп тилене берет. Тагдыр байбиче жигиттин үнүн уккан сайын тынчы кетип, акыры Тагдыр байбиче жалкоо кызга бир сыр-белги жөнөтөйүн деп чечим кылды…

❄️❄️❄️

….Ал эми экинчи кыз-ажаан кыз эшикте жүргөн ит, мышык, карга, чымчык калтырбай баарын кубалап урушат. Келген кишини жөн кетирбей, бул бир максат менен келди деп жамандык издей берет. Буюмдарымды уурдап кетти деп үйүнө келип кеткен адамга догун артат. Берешен, айкөл, элден жардамын аябаган жигиттин үйүнөн киши үзүлчү эмес эле. Убакыт өткөн сайын элдин баары качып калат. Кошуналары катышпай, киришип-чыгышпай жигиттин үйү томсорот. Эл бул жигитти мейманга чакырбай калат. Тууган урук, бир туугандары да келбей баары алыстайт. Жигиттин энеси гана түтпөй уулуна келип, кетип турат. Бирок ал келгенде урушчаак кыз сөзсүз себеп таап, үйдү үч көтөрүп карыган байбиче менен айтышып майдан кылат. Байбиче жакшы да, жаман да айтып, айтор тажап бүтөт. Жан адамга “жок” дебеген жигиттин элге сиңген кадыры бара бара унутулуп, жардамга келчү бир да жан жок айкөл жигиттин шаабайы сууйт. Мурда ашардан калбай эл кызматында жүргөнү тез эле элдин эсинен чыгып,жигит үйүнө жардамга киши чакырса эч ким келбей калат. Жигитти да эч ким чакырбай калат. Себеби мунун аялы каякта болсо издеп таап барып алып “бекер иштеп жүрө бер!!!” деп чырдын кебин баштап, ызы-чуу кылаарын элдин баары билип бүтөт.

Эмне кылаар айласын таппай, бул жигит да алакан жайып тиленип аялынын оңолушун сурана берет. Тагдыр байбиче жигиттин суранычын уккан сайын, айласы кетет. Кантип, кандай кылып жагдайды оңдосом дейт. Акыры, Тагдыр байбиче бул урушчаак кызга да бир сыр-белги жөнөтмөкчү болот….

❄️❄️❄️

….Эрбеңдеген эмгекчил кыз келин болуп барган үйүн гүлдөттү. Бир күн соо, эки күн мас күйөөсүнүн апасынан калган үйүн оңдоп түзөп, жаркырата жууп тазалап, огородуна жүгөрү отургузду. Отоо баскан жердин баарын өрттөп тазалап, эшигинин алдына кыдырата гүл отургузуп, көргөн адамдын көзү кубангыдай кылып койду. Эски болсо да жууп тазалап тизип алган идиш аяктары жаркырап, көңүл бурдурат.

Баягы оонап жаткан мас жигитти жуунтуп, койкойтуп кийинтип төргө отургузуп койчу. Өзү талаага чыгып иштеген сайын, үйүнө 2-3 тоголок кызылча, капуста, жер-жемиш алып келип эчтеке менен иши жок мас күйөөнүн курсагын тойгузчу. Эртең менен адамга окшоштуруп кийинтип, татынакай кылып төргө отургузуп кетсе, келин кечке келгенге чейин тигиниси отурган жерин булгап, дардайып мас болуп уктап жаткан болот. Ары карап ыйлап, бери карап күлүп, шору арылбаган кыз Тагдыр байбичеге наалат айтып, ичинен сызып куурап бүтөт.

Канткен менен баары бир аялдык сапатынан бир кемчилиги жок бул шордуу журт арасында сөзгө сөлтүк, кепке кемтик болду. Айылдаштар чогулуп ашар кылса, келинди жана күйөөсүн эч ким чакырбай, элден, катардан калышты. Элге тескерисинче мунун аракеч күйөөсүнүн келбегени жакшы эмеспи. Ар кимди жөөлөп арак сураган немени ким жактырмак.

…Мейманга барган учурунда өзүндөй эле коңшулары төргө өтүп кадырлуу болсо, соксоюп жалгыз барган мээнеткеч келин улагадан өйдө жылбай кепке деле кошулбай айтор бир жанга айланды. “Эркектин төбөсү көрүнсө төр бошойт” деген чын белем, колтукташкан кошуналарына кай жерде болбосун төр буйруп, сөз алып, эркеги бар үчүн алардын кадыры бар экенин көргөндө келин ызаланып эмне кылаарын билбей калчу. Алар ээрчишип эшиктен кирсе жабылып баары тура калып орун бошотуп, ал эми келинге эч ким деле көңүл бурбайт.

Бир ирээт жүгөрүлөрүн сугара албай келин үйүнө соолуктап ыйлап келди. Таң эрте сууга кезек алып суу буруп келсе, заматтын ортосунда сууну башкалар улам жыгып кетип, келиндин айласы түгөнөт. Күз келип жүгөрүлөрү эптеп бышат. Корулбаган огородундагы жүгөрүсүнүн бир топ жерин коңшусу эч тоготпой эле өзүнүкүнө кошуп чаап алат.

Эчтекеге алы жетпеген, эч кимге сөзү өтпөгөн курган келин ызага уугуп жашайт.

Аракеч күйөөсү эчтеке менен иши жок, эптеп курсак тойгонуна ыраазы болуп күн кечирет. Үй ичинде тирлик жагы жай болгон менен, бири эки болбой, көгөрө албай, көбөйө албай, өсө албай түйшүкчүл келин аябай кейийт.

Бир ирээт айылдаш бирөө келип короодогу кайнатасынан калган темир мамы казыкты чыгарып кетет. Тиги аракеч күйөөсү акча карыз имиш. Келин ошондо аябай арданып ботодой боздойт. Короосуна коркпой-үркпөй басып кирип, жулуп кеткен, “эринин кейпи тиги болсо, колунан мунун эмне келмек эле?” деген мамилеге абдан арданат…

Жашоосуна наалат айткан келиндин үнү да Тагдыр байбичеге жетип, ал эмне кылсам деп ойлоно баштайт…

❄️❄️❄️

…Тагдыр байбиче жалкоо кызга жана анын күйөөсүнө сыр белги жөнөттү. Ал белги лөлү кейпин кийип айыл аралап арабада келе жатты. Көчө бойлоп келе жаткан кооз арабага баары суктанып карашат. Анын ичиндеги алтын буюмдар күнгө чагыла калып ого бетер элдин назарын буруп жатты. “Сатам” деп же дагы бир нерсе деп жарыя кылбай эле кетип бара жаткан лөлүгө эл таң калып,узата карап артта кала беришти. Лөлү жалкоонун эшигинин алдына келип токтоду. Короодо дөңгөчтө күнгө кактанып, буту колун тырмап жалкоо келин отурган. Лөлү карыя колун шилтеп аны чакырды. Ышынып, ордунан тургусу келбей жалкоо кыз саксайып арабанын жанына барды. “Оо…сулуу айым…идиштерди мына мындай алтын буюмдарга алмаштырып жүрөм. Эски идиштердин ордуна алтын идиш аласың. А буларды карачы…карачы…карасаң…ушуларды ар бир идишке кошуп берем”…деп алтын чынжырларды, сөйкөлөрдү шылдыратып жалкоонун алдына кармады.

Алгач жалкоо кош көңүл гана карап турган. Секунд өткөн сайын көзү чоңураак ачылып алтындарга азгырыла түштү. Канча көп караган сайын ошончо дагы карагысы келип, алтындын баарын алгысы келип баштады. Пенде ач көздүгүн жакшы билген лөлү кытмыр күлүп, улам бирин шылдыратып жалкоонун алдына таштайт. Билегине чынжырларды тагып, келин жараштырып көрө берди. Канча көп убакыт алтынга кызыкса, ошончолук напсиси кетип азгырылып жатканын жалкоо сезген жок. Алтындын табигый антын жана шертин жалкоо билбейт да. Лөлү “Айым, алып чык идиштериңди. Алардын ордуна мына мунун баарын аласың” деди. Жалкоо көзү чакчайып, этегин эки колу менен өйдө бүйрө тартып, талпылдап чуркап үйүнө жөнөдү. Баягы тыгып ката берген идиштердин баарын сууруп чыкты. Ак бубактай көк басып, чирип жаткан идиштерди ташып келди. Лөлү аларды көрүп “жо-о-ок мен таза жуулган идиштерге алмашам. Буларың көгөрүп, чирип кеткен турбайбы” деди. Жалкоо кыз “ой…коё туруңуз азыр жууй коём” деп чуркап үйүнө кирсе бир кашык да суу жок. Сууну тээтиги айыл башындагы кудуктан алып келиши керек.Жалкоо баятан жалкоосу кармап, барбай отурган. Тигил карыя эми сууну күтпөйт да. Жалкоо эмне кылаарын билбей калды. Лөлү:– “Мен кеттим. Күтө албайм. Бир келген мүмкүнчүлүктү алып кала албадың, сулуу айым. Эми кайра келемби же келбеймби билбейм. Мүмкүнчүлүк ар кандай болуп кубулуп келет…” – деп арабасын айдап кетип калды. Жалкоо кыз алтын чынжырларды албай калганына ызаланып ары бери баса баштады. Эмне үчүн мындай болуп калганына териштирип, ой жүгүртүүгө жалкоонун ой чабыты жетмек деле эмес. Карыянын акыркы айткан сөзүнө жалкоо келин түшүнгөн да жок. Күйөөсүн күтүп, ал келсе “Суу алып келип койбопсуң. Кандай сонун алтындар келди! Кур калдык!” деп чыр кылмак болду.

…Мүңкүрөп чарчаганына, жашоосуна, аялынын жамандыгына наалып көңүлү ачылбаган иштемчил жигит капыстан бутун баткак арасындагы айнекке тилдирип алды. Бул Тагдырдын чийген чийиндеринде иштемчил жигиттин таалайсыз жагдайын өзгөртүшү керек…

❄️❄️❄️

….Арабасын кылдыратып айдап алып жалкоо келиндин үйүнөн узаган лөлү, тажаал кыздын үйүнө жакындады. Тагдыр байбиченин тапшырмасы менен бул карыя урушчаак кызга да келиши керек эле.

Көчө ылдый кетип бара жаткан кооз арабага суктанган журт моюн созуп узата карап турушат.

Ажаандын үйүнө токтогонун көргөн кошуналары, азыр бир сонун кызык театр көрчүдөй короолорунан чыгып жардана карап калышты. Азыр урушчаак кыз чаңкылдап, сөзсүз чыр болооруна эл көнүп бүткөн. Араба бир кыйлага турду. Терезеден урушчаак кыз арабаны көрүп шыкаалап дем тартпай карап турган. Чоочун адамга, башына кызыл чалма чалган лөлү кейпине коомай караган тажаал тартынып турган шекилдүү.

Урушчаак кыз өзүнөн алсызыраак, кичирээк, жоошураак көрүнгөн адамдарга жана анын тажаалдыгына теңелбеген жандарга үстөмөндөп, моюн бербей ажылдай берчү. А чынында өзүнүн даремети жетпей турган нерседен абдан коркоор эле. Лөлү үн чыгарып “Кожойке…аауу…кожойке!” – деп кыйкыра баштады. Тажаал кыз эмне кылаарын билбей терезеге жармашып шыкаалайт. Тиги шадылуу, бойлуу, түрү башка адамдан урушчаак кыз коркуп турду.

Лөлү арабадан түшмөкчү болуп жатканын көргөн чыр келин үйүнөн атып чыкты. Жанына жакындап барып, коргонууга даяр болуп “Кимсиң сен?! Кимге келдиң?!” деп кабагын тырыштырып чаңк этти. Лөлү карыя мээримдүү үн менен: “ Оо сулуу айым…мен идиш-аяктарды мына мындай алтындарга алмаштырып жүрөм. Мына кумган…чылапчын…казан… а мына бул алтын чынжыр, сөйкөлөрдү белекке берем”-деди. Тажаал кыз чакчайып бир аз тиктей калып, алтындарга арбала түштү да “Алам..мен алам! Келе бериңиз!” деп жулуна калды. “Кадимки идиштериңди алып чык, сулуу кыз” -деди карыя. Чыр келин үйүнө чуркап кирип бардык казан аягын көтөрүп чыкты. Аптыгып, алдастап, жанталашып алтын идиштерди үйүнө ташып, көзү чакчайып, өңү бопбоз. Бирөө тартып алчудай шашып, күтүүсүз келген байлык, ооматка башы айланып карбаластап ары бери чуркайт. Лөлү алтындарды келиндин идиштерине жараша айырбаштап бүтүп кетмекчи болду эле, урушчаак кыз калган алтындын баарын алып калмакка жан үрөп арабага жабышып “Бериңиз тигилерди да!!!” – деп кудум анын оокатын тартып алып бара жаткандай колдору лөлүнүн өңүрүнө карышып, көзү чакчайып кеткен. Карыя башын чайкады да. Көздөн кайым болуп кетти.

….Тажаал келин үйүнө жүгүрүп кирип өрөпкүп, аптыгып алтын идиштин баарын бир бөлмөгө ташып кирип сыртынан чоң кулпу салып алды. Алдастап, башы айланып, эгер алтындарды бирөө алам десе өз абийир, уят-сыйытын тебелесе да, алтынды алам деген кишини өлтүрүп болсо да, бир граммын карматпай турган абалда турду.

…Кечинде үйүнө кайткан боорукер жигит, эшиктен кирсе төркү бөлмөгө чоң кара кулпу бекитип, босогосуна калың төшөк салып ажаан аялы отуруп алыптыр. “Үйгө дөөлөт, оомат келди!, Биз байыдык!, Сен далдырап жүргөндө мага алтындар буюруптур! Үйдө болуп калганым жакшы болгон турбайбы! Кур калмак экемин!” -деген аялын март күйөөсү карап туруп анын баягыдан бешбетер өзгөргөн кебетесине, көзү чанагынан чыгып алдастаган абалына оозу ачылып, таң кала тиктейт…

Конец ознакомительного фрагмента.

Текст предоставлен ООО «Литрес».

Прочитайте эту книгу целиком, купив полную легальную версию на Литрес.

Безопасно оплатить книгу можно банковской картой Visa, MasterCard, Maestro, со счета мобильного телефона, с платежного терминала, в салоне МТС или Связной, через PayPal, WebMoney, Яндекс.Деньги, QIWI Кошелек, бонусными картами или другим удобным Вам способом.

Конец ознакомительного фрагмента
Купить и скачать всю книгу