
Полная версия
Тагдыр жана үч эже-сиңди
.....күйөөсү жүрөгүн оорутуп жаман сөз айтса, этин оорутуп муштум көтөрсө анда “Аялзат Баш Мыйзамы” бузулмак. Анын натыйжасында аракеч эч кимге керексиз болуп, ай талаада калмак. “Оо айдайым….Ооо…күндөйүм….сууңдан берип ко-о-ой”- деп ичкен жеринде томолонуп уктай бергенден башка, жүрөк ооруткан жаман сөзү жок, же ажыдаар болуп жаалданган каары жок, же камчыланган кызыл камчысы жок бул аракеч Тагдыр байбиченин жана Аалам падышасынын “Аялзат” аттуу Баш мыйзамын бузган эмес экен. Ал Баш мыйзамда: ✍️ 1.1 Аялзат бул бир бүтүндүк. Ал өзүнө карата болгон жакшыны да, жаманды да эч качан унутпайт. Бул маалыматтар эс тутум акылында эмес, жүрөгүндө жана жан Өзөгүндө сакталат. ✍️ 1.2 Аялзаттын эч нерсени унутпаган жөндөмдүүлүгү жүрөгүндөгү маалыматтарды ар дайым иштетип, өзүнө жана өмүр шеригине же жакшылык, же жамандык кылып чагылдырып турат. Анткени Аялзат алган нерсесин өзгөртпөй, аны көбөйтүп, күчөтүп туруп, кайра чагылдыруучу касиети менен жаратылган.


