Полная версия
Türkiye'de Kırgız Araştırmaları
1.19. Yaydan Çıkan Nağmeler (Жаадан чыккан күүлөр) – Бексултан Жакиев.
Бексултан Жакиевдей залкарды кыргыз журтчулугунан тааныбаган адам аз болсо керек. Анын кыргыз адабиятына, искусствосуна салымы өтө чоң. Жазуучунун калемине таандык ушул китеп – биз билгенден, кыргыз адабиятындагы түрк тилине которулган алгачкы пьесалар жыйнагы. Китеп Калмамат Куламшаевдин котормосу менен 2016-жылы ТҮРКСОЙ тарабынан жарык көргөн.
1.20. Köklerden Кanatlara Кadar (Тамырдан канаттарга чейин) – Кожогелди Култегин.
ТҮРКСОЙ түрк элдеринин маданиятына, адабиятына, тарыхына жана искусствосуна байланыштуу көптөгөн иш-чараларды аткарып, өткөрүп келүүдө. Кыргызстан менен байланыштуу иштердин координатору – акын Кожогелди Култегин. Ал жалпы пландагы иштерди ийгиликтүү аткаруу менен бирге өзүнүн чыгармачылыгын да улантып келүүдө. Ушул китептеги ырлардын көпчүлүк бөлүгү Түркияда жазылганы менен айырмаланат. Бул эмгек – акындын Түркияда жарык көргөн алгачкы ырлар китеби. ТҮРКСОЙ тарабынан 2018-жылы жарык көргөн.
1.21. Türk Dünyası Masalları Dizisi (Түрк дүйнөсүнөн жомоктор) – Мезгил Исатов.
Мезгил Исатов тарабынан даярдалып которулган кыргыз жомоктор китеби Түрк дүйнөсүнөн жомоктор сериясынын курамында, «Гендаш» басмасынан 2004-жылы басылып чыккан. Кыргызстан эркиндигин колуна алгандан кийин алгачкылардан болуп которулган китеп болуу менен айырмаланат.
1.22. Kırgız Masalları (Кыргыз жомоктору) – Зекерия Карадавут.
Кыргыз элинин элдик маданий байлыктарынын бири – элдик жомоктор. Бир нече жомоктон түркиянын эл жомоктору менен болгон окшоштуктарды тапса болот. Ушул китеп Зекерия Карадавут тарабынан даярдалып, «Көмен» басмаканасынан 2006-жылы жарык көргөн. Китепте кыргыздар, кыргыз жомоктору жөнүндө жалпы маалыматтар берилип, алардын өзгөчөлүктөрү, айтылуу ыкмалары, мазмундук өзгөчөлүктөрү, мотивдик түрлөрү боюнча бөлүнүшү тууралуу сөз болуп, мисал катары жомоктор берилген.
1.23. Kırgız Masalları ve Efsaneleri (Кыргыз жомоктору жана уламыштары)– Дмитрий Брудный, Касымбек Эшмамбетов.
Кыргыз адабияты уламыш жана жомокторго бай. Ушул китепте 87 жомок, 22 апендинин жоруктары, 41 уламыш орун алган. Кээ бир уламыштар жана жомоктордун бир нечеси түздөн-түз эл оозунан жыйналып алынганы жана биринчи жолу ушул китепте орун алышы менен айырмаланат. Кыргызстандын ушул түрдөгү эң көлөмдүү эмгеги деп бааланууда. Китептин котормочулары Женгиз Буяр жана Илмира Рагипова болуп, «Билге Күлтүр Санат» басмасынан жарык көргөн.
1.24. Kırgız Мasalları (Кыргыз жомоктору) – Ахмет Али Аслан, Акылай Арапова.
«Көмен» басмасынан жарык көргөн китепте, кыргыз элинин байыртадан келген маданий мурастарынын бири болгон жомоктордун айрымдарынын котормолору берилген. Кыргыз маданиятын Түркияда таанытуучу булактардын бири болгон китеп, Ахмет Али Аслан жана Акылай Арапова тарабынан которулуп, 2017-жылы жарык көргөн.
1.25. XX. Yüzyıl Kırgız Edebiyatı Tarihi (ХХ кылымдагы кыргыз адабияты тарыхы) – Качкынбай Артыкбаев.
Жазуучу ХХ кылымдагы кыргыз адабиятын ХХ кылымдын башындагы (1900-1917); Жаңы социализмге өтүү доорундагы кыргыз адабиятынын пайда болушу (1917-1940); 2-дүйнөлүк согуш жана андан кийинки доордун кыргыз адабияты (1941-1960); 1960-1980-жылдардын кыргыз адабияты; кайрадан түзүлүү жана капитализмге өтүү доорундагы кыргыз адабияты (1985-2000) деп бөлгөн. Эмгек адабият изилдөөчүлөргө, студенттерге арналган. Кыргыз адабиятын жана анын тарыхын үйрөнөйүн дегендер үчүн баа жеткис булак экенине шек жок. Китеп 2014-жылы Майрамгүл Дыйканбаеванын котормосунда «Беңгү» басмаканасынан жарык көргөн.
1.26. Çağdaş Kırgız Öyküsü (Заманбап кыргыз аңгемелери) – Хүсейин Су.
«Хеже» басмасы – бөлөк мамлекеттердин адабияттарына өзгөчө көңүл бөлгөн басмалардын бири. Ал атайын журнал сандарын даярдоо менен бирге эле, китептерди да басып келүүдө. «Хеже» басмасынан 2014-жылы жарык көргөн ушул китепте, «Хеже» журналына чыккан ар кайсы курактагы жазуучулардын калемдерине таандык аңгемелердин котормолору камтылган. Китептин даярдоочусу – Хүсейин Су. Ал эми чыгармаларды бир нече котормочу которуп чыккан.
1.27. Çağdaş Kırgız Hikayeleri Antolojisi (Заманбап кыргыз аңгемелери антологиясы) – Орхан Сөйлемез, Халит Ашлар.
Ушул антологияда совет доорундагы кыргыз жазуучулардын калеминен чыккан аңгемелерге орун берилген. Орхан Сөйлемез жана Халит Ашлар тарабынан которулган китеп «Салкымсөгүт» басмасынан 2009-жылы басылып чыккан. Котормочулар бир жылдары Бишкекте эмгектенип, кыргыз-түрк адабияттарына оозго алынарлык эмгектери менен салым кошуп келишкен.
1.28. Kırgız Edebiyatı – I (Кыргыз адабияты-1) – Сулайман Кайыпов.
Кыргыз адабиятын бардык жагынан таанытууга арналган ушул китеп Түркиянын Маданият министрлиги тарабынан энциклопедия түрүндө даярдалган. Долбоордун башчысы жана редактору – Невзат Көсеоглу. Жалпы кеңешчиси – проф. А. Бижан Эржиласун. Даярдаган – Проф. Сүлейман Кайыпов. Которгондор – Исмаил Туран Каллимжи, Абдулмукаддес Кутлу жана Калмамат Куламшаев. Китепте кыргыз адабиятынын жалпы тарыхына, бардык жанрлар боюнча эң биринчи өкүлүнөн, акыркы жылдары эл ичинде билине баштаган өкүлүнө чейинки көп сандагы адабиятчыга орун берилген.
1.29. Kırgızca-Türkçe Sözlük-2 Cilt (Кыргызча-түркчө сөздүк- II том).
Түркиялык окумуштуу жана изилдөөчү Экрем Арыкоглу – бөлөк тилдер менен кошо Кыргыз адабияты менен байланыштуу бир нече эмгектердин автору. Анын акыркы эмгеги Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде эмгектенген жылдарда, Экрем Арыкоглу, Жылдыз Алимова, Рахат Аскарова жана Билге Каган Селчук тарабынан даярдалган «Кыргызча-түркчө сөздүк» болуп саналат. Эки томдон, 70.000 сөздөн турган сөздүк 2018-жылы «Бенгү» басмасынан жарык көргөн. Сөздүк кыргызча-түркчө сөздүктөрдүн арасынан эң акыркысы жана көлөмдүүсү болуу менен айырмаланат.
1.30. Tanrı Dağlarının Anadolu’daki İlk Profesör Kızı Gülzura Cumakunova (Теңир тоолордун Анатолиядагы алгачкы профессор кызы – Гүлзура Жумакунова)– Редакторлор: Абдрасул Исаков, Гүлдана Мурзакулова.
Китеп «Бенгү» басмаканасынан 2018-жылы басылып чыккан. Китепте Гүлзура Жумакунова жөнүндө макалалар, аны менен маек, ошондой эле кыргыз тили, адабияты, тарыхы жана фольклору тууралуу бөлөк тилдерде макалалар орун алган. Китептин редакторлору – Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.
1.31. Türkistan’da Büyük İsyan 1916 (Түркистанда чоң көтөрүлүш 1916) – Бактыбек Максутов.
Үркүн темасы Түркияда толук түрдө изилдөөчүлөрдүн жана адабиятчылардын назарына келе элек. Ал боюнча жазылган китептер али аздык кылат. Бирок ошол өксүгөн жагдайды толуктоого арналган эмгектер четинен жарык көрүп келүүдө. Алардын бири болгон ушул китеп, Бактыбек Максутовдун калемине таандык жана Ак падышанын 1910-1916-жылдарда Батыш Түркстандагы зулум саясатын документтердин негизинде чагылдырган. Аталган китеп жазуучу Бактыбек Максутовдун Түркияда ушул темада жарык көргөн экинчи китеби болуп саналат. Китеп 2018-жылы «Беңгү» басмаканасынан чыккан.
1.32. Kırgız Sözlüğü I-II (Кыргыз сөздүгү I-II)– К. К. Юдахин, Х. Карасаев.
Кыргыз сөздүгү кыргыз-түрк адабият жана тил билими багытындагы байланыштардын туңгуч үлгүсү болуу менен өзгөчө орунда турат. Бул сөздүктүн түп нускасы орус тилчиси К.К. Юдахин жана кыргыз тил аалымы Х. Карасаев тарабынан 1930-жылдарда даярдалып, кыргызча сөз жана терминдердин негизинде орусчага которулуп, кыргызча-орусча жана орусча-кыргызча болуп Москвада жарык көргөн. Ал эми биз сөз кылган ушул сөздүк болсо, орусча нускасынын негизинде Абдуллах Таймас тарабынан кыргызча-түркчө болуп даярдалып, «Түрк тарых коому» тарабынан алгач 1945-жылы, андан кийин 1988-жылы басылып чыккан. СССР доорунда кыргыз адабиятынын ушул тунгуч сөздүгү узак жылдар бою Түркиялык илимпоздор пайдаланган бирден бир сөздүк болгон, ошондой эле кийинки сөздүк түзүүчүлөргө жол көрсөткүч болуп келген.
2. Түркчөгө которулуп Кыргызстанда жарык көргөн китептер
2.1. Türkçe-Kırgızca Sözlük (Түркчө-кыргызча сөздүк) – Гүлзура Жумакунова.
Сөздүк Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин басмасынан 2005-жылы жарык көргөн. Гүлзура Жумакунова – Түркияда эмгектенип келе жаткан, иштемчил, эмгекчил кыргыз илимпоздорунун бири. Ал 1990-жылдардан бери кыргыз-түрк адабият тармагына талыкпай салым кошуп келүүдө. Ушул сөздүк анын калемине таандык. Сөздүк 50.000 сөздү камтыйт. Карасаев менен Юдахин тарабынан даярдалган сөздүктөн кийин алгачкы жолу жарык көргөн сөздүк болуу менен айырмаланат.
2.2. Türkçe-Kırgızca/ Kırgızca-Türkçe Sözlük (Түркчөкыргызча/Кыргызча-түркчө сөздүк) – Уулкан Камбаралиева.
Ушул сөздүк чөнтөк сөздүгү катары даярдалган. «Папирус принт» тарабынан 2017-жылы басылып чыккан. Сөздүк ушуга чейин жарык көргөн сөздүктөрдөн алгачкы чөнтөк сөздүгү болушу, көлөмү жана чоңдугу менен айырмаланат. Кыргызча жана түркчө сөздөрдүн кыска түшүндүрмөлөрү, түркчө антоним, синоним жана жер-суу аттары да камтылган.
2.3. Cengiz Hanın Kayıp Defteri (Чынгыз хандын жоголгон дептери) – Арслан Койчиев.
Ушул китеп, тарыхий-фантастикалык роман жанрында болуп, Арслан Койчиевдин калемине таандык. Автордун «Чынгыз хан жана бахшы» деген романынын котормосу. Ибрахим Түркхан тарабынан которулуп, 2018-жылы Бишкекте, «Турар» басмасынан жарык көргөн. Роман Чынгыз хан, анын урпактары жана СССР доорунда болуп өткөн окуяларды камтыйт. Романдын кыргызчасы 2015-жылы «Арча» сыйлыгына татыган.
2.4. Isık Göl, Seni Sevdim (Ысык-Көл, сени сүйдүм) – Алыкул Осмонов.
Алыкул Осмонов – кыргыз адабиятынын классик акындарынын бири. Анын ырлары тилекке каршы бөлөк тилдерге көп которулбай келе жатат. Алыкулдун ааламын Түркиялык окурманга тааныткан жана «акынды тааныйт элем» деген изилдөөчүлөргө арналган ушул китепке Алыкул Осмоновдун 120 ыры киргизилген. Китептин өзгөчөлүгү кыргыз тили менен кошо түркчө котормосу чогуу берилгенинде. «Имак офсет» басмасынан 2018-жылда Бишкек шаарында басылып чыккан. Котормочусу – Ибрахим Түркхан.
2.5. Күн сайын адам болуу (Hergün İnsan Olmak) – Чыңгыз Айтматов.
Бул китеп – Кыргыз улуттук илимдер академиясы тарабынан даярдалып чыгарылган, Айтматовдун басма сөздөрдө чыккан жана китептеринен алынган сөздөрүн камтыган «Айтматовдун асыл ой берметтери» аттуу китебинин котормосу. Айтматовдун 90 жылдык юбилейине арналып которулган бирден-бир китеп болуу менен өзгөчө орунда турат. Китептин дагы бир өзгөчөлүгү – Кыргыз жана түрк тилдүү болушу. Ибрахим Түркхандын котормосунда 2018- жылы Бишкекте «Имак офсет» басмасынан жарык көргөн.
Корутунду сөз
Бул макала илимий изилдөө максатында эмес, түрк тилине которулган адабий жана адабият менен байланышы бар китептердин колдон келишинче тизмесин даярдоого багытталган. Макалада көрүнүп тургандай, кыргыз тилинен түрк тилине которулган китептердин саны аябай аздык кылууда. Бир авторго таандык китептер аз. Ушул багытта иштеген туруктуу котормочулар өтө аз экени байкалат. Бирок которулганы менен китеп болуп чыкпай калган ыр жана аңгеме түрүндөгү чыгармаларды жана табылбай калган китептерди кошкондо мурункуга караганда кыргыз-түрк адабий байланышын өнүгүп келүүдө десек болот. Ушул которулган китептердин ар бири Түркияда кыргыз таанууга өзүнүн салымын кошот деген, ошондой эле кыргыз жана түрк окумуштуулары жана котормочулары боордош эки элдин адабий байланышын мындан ары да өркүндөтөт деген тилектебиз.
Пайдаланылган адабияттар
ABALI, İsmail, Bir Kırgız Masalı: Külbaaram ile Asan, Ankara: Sage Matbaacılık, 2017, 242 s.
ARIKOĞLU, Ekrem, ALİMOVA, Cıldız, ASKAROVA, Rahat, SELÇUK, Bilge Kağan, Kırgızca -Türkçe Sözlük, C. I-II, Bişkek: Kırgızistan-Türkiye “Manas” Üniversitesi Yayınları, 2017, 2235 s.
ARTIKBAYEV, Kaçkınbay, XX. Yüzyıl Kırgız Edebiyatı Tarihi, Çev. Mayramgül Dıykanbayeva, Ankara: Bengü Yay., 2013, 680 s.
AYTMATOVA, Roza, Tarihin Ak Sayfaları, Çev: Orhan Söylemez, Samet Azap, Azamat Toktosunov, Erzurum: Salkım Söğüt Yay., 2011, 176 s.
AZAP, Samet, Tanrı Dağından Sesler, Ankara: Bengü Yay., 2016, 138 s.
AZAP, Samet, Tölögön Kasımbekov- İnsan ve Eser, Ankara: Bengü Yay., 2017, 324 s.
Bayırkı Doordon Azırkıga Çeyinki Türkiya Türk Adabiyatı, Red. Sulayman Kayıpov, Kot. Sulayman Kayıpov, Kalmamat Kulamshaev, Ankara: Türk Ocakları Yay., 2003, 704 s.
BRUDNIY, Dmitriy, EŞMAMBETOV, Kasımbek, Kırgız Masalları ve Efsaneleri, Çev. Cengiz Buyar, İlmira Ragibova, İstanbul: Bilge Kültür Sanat Yay., 2017, 400 s.
Bübiyna Oruzbayeva Armağanı, Haz: ve editor Gülzura Cumakunova, Ankara: TDK Yay., 2013, 207 s.
CAKIPBEKOV, Aşım, Biz Babasız Büyüdük, Çev. Orhan Söylemez, Kemal Göz, Ankara: Bengü Yay., 2008, 199 s.
CAKİYEV, Beksultan, Yaydan Çıkan Nağmeler (Piyesler), Çev. Kalmamat Kulamşayev, Ankara: Türksoy Yay., 2016, 178 s.
CUSUPOV, Keneş, Kalbimin Dağları, Çev. Kalmamat Kulamşayev, Mayramgül Dıykanbayeva, Ankara: Türksoy Yay., 2017, 114 s.
ÇEVİK ŞAVK, Ülkü, Kırgız Atasözleri, Ankara: TDK Yay., 2002. 262 s.
DEVLET, Nadir, “Türkiye’de Tarih, Dil ve Edebiyat Araştırmalarında Kırgızistan ve Manas Destanı”, Manas 1000 Bişkek Bildirileri (26-31 Ağustos 1995), Ankara, 1997, s. 81-86.
DIYKANBAYEVA, Mayramgül, Uzun Yol. İlk Kırgız Romanı Üzerine Oluşumsal Yapısalcı Bir Yaklaşım, Konya: Kömen Yay., 2017.
DUMAN, Gül Banu, Kırgız Çocuk Edebiyatı, İstanbul: Kriter Yay., 2016, 179 s.
ELEBAYEV, Mukay, Uzun Yol, Çev. Mayramgül Dıykanbayeva, Ankara: Bengü Yayınları, 2015, 156 s.
ELEBAYEV, Mukay, Zor Zamanlar, Çev. Orhan Söylemez, Halit Aşlar, Ankara: Bengü Yayınları, 2012, 116 s.
FEYZİOĞLU, Yücel, Şılk Burun ile Bılk Burun (Kırgız Masalı), Ankara YTB Yay., 13 s.
FEYZİOĞLU, Yücel, Şirince Şeşen (Kardeş Masallar Dizisi 20- Kazak-Kırgız), İstanbul: Parşömen Yay., 2012, 144 s.
GÖKÇEN, Esra, Akıllı Eşek, Ana Yurttan Masallar Dizisi, İstanbul 1999, 16 s.
GÜNGÖR, Ahmet, Asel, CAİLOVA GÜNGÖR, Türkçe Açıklamalı Kırgız Atasözleri, Ankara: Engin Yay., 1998, 328 s.
İSATOV, Mezgil, Türk Dünyası Masalları Dizisi, İstanbul: Gendaş Yayınları, 2004.
İSMAİLOVA, Gülnara, Kırgız Mizahı ve Mizah Tipleri, İzmir: İrfan Kültür ve Eğitim Merkezi Yay., 2005,
KADIRAKUNOV, Kerimbek, Göl ve Kuğu, Çev. İbrahim Türkhan, Ankara: Bengü Yay., 2015, 70 s.
KAPAĞAN, Enver, Kırgız Şiirinde Ekim Devrimi, Ankara: Akçağ Yay., 2015, 228 s.
KARADAVUT, Zekeriye, Kırgız Masalları, Konya: Kömen Yay., 2006, 381 s.
KASIMBEKOV, Tölögön, Baskın, Çev. İbrahim Atabey, Saadettin Koç, Ankara: Gençlik Kitapevi, 2008,
KASIMBEKOV, Tölögön, Doğduğum Yer, Yetim, İnsan Olmak İstiyorum, Çev. A. Enis Turan, İstanbul: Kafkas Yay., 2000, 227 s.
KASIMBEKOV, Tölögön, Kanlı Saray Sınğan Kılıç (Kırılan Kılıç), Çev. A. Enis Turan, İstanbul: Kafkas Yay., 2000, 288 s.
KASIMBEKOV, Tölögön, Kırılan Kılıç I (Han Sarayı), Çev. İbrahim Atabey, Saadettin Koç, Ankara: Yargı Yay., 2003,
KASIMBEKOV, Tölögön, Kırılan Kılıç II (İsyan), Çev. İbrahim Atabey, Saadettin Koç, Ankara: Yargı Yay., 2004,
Kırgız Hikayelerinden Seçmeler, Çev. İbrahim Türkhan, Ankara: Bengü Yay., 2015.
Kırgız Şiirinden Seçmeler, Çev. İbrahim Türkhan, Ankara: Bengü Yay., 2015.
KURT, Şaziye Berin, Baybiçe, İstanbul: Maarif Vekaleti, 1933, 35 s.
MAHMUTBEKOVA, Mistegül, Kanlı Özgürlük, Çev. İbrahim Türkhan, Ankara 2016 Baskıda.
MAKSÜTOV, Baktıbek, Kızıl Katliâm, Kanlı Kavga, Çev. İbrahim Türkhan, Ankara: Bengü Yay., 2016, 264 s.
OSMONOV, Alıkul, Ben, Şairi Kırgız’ın, Ankara: Türksoy Yay. 2015, 167 s.
ÖZGEN, Nurcan, Yirminci Yüzyılın İlk Yarısında Kırgız Edebiyatı Tarihi, Ankara: TDK Yay., 2008.
RAEV, Sultan, Haftanın Beşinci Günü, Çev. Orhan Söylemez, Halit, Aşlar, Ankara: Bengü Yay., 2011, 168 s.
REVANOĞLU, Özer, Doğudan Batıdan Hikayeler, İstanbul: Ötüken Yay., 2016, 239 s.
REVANOĞLU, Özer, Tanrı Dağları’nın Gözyaşları, İstanbul: Ötüken Yay., 2016, 574 s.
SARMANBET, Aydarbek, Aytmatov’un İzinden, ed. İbrahim Türkhan, Ankara: Bengü Yay., 2013, 118 s.
SEYFİOĞLU, Ali Rıza, Kırgızlar hakkında 5 serilik makale, Ankara: Türk Yurdu Dergisi, 11.-15. sayılar, 1922-1925.
SÖYLEMEZ, Orhan, Aşlar, HALİT, Kırgız Hikayeleri Antolojisi, Erzurum: Salkım Söğüt Yay., 2009.
SU, Hüseyin, Çağdaş Kırgız Öyküsü, Ankara: Hece Yay., 2014. 200 s.
SULTANOV, Omor, Ak Yol, Çev. Nurabiubiu Borsokeyeva, Ankara: Bengü Yayınları, 2015, 116 s.
SULTANOV, Omor, Yorgunluk Şiirleri, Çev. İbrahim Türkhan, Ankara: Bengü Yayınları, 2015, 152 s.
ŞAHİN, Yeter, Kırgız Sokakta Bir Kadın, Roman, İstanbul: Yayın B, 2015, 480 s.
ŞEYŞEKANOV, Turdubek, Göl’deki İsyan 1916- Çarlık Mezalimine Karşı Soylu Direniş Hareketi, haz. A. R. Yeter, A. Ünal, İstanbul: Ötüken Yay., 2013, 230 s.
Toktogul Satılganov. Seçilmiş Eserleri, Çev. İ. Türkhan, Ankara: Türksoy Yay., 2014.
Toktogul: Şiirlerle Örülen, Nağmelere Dökülen Ömür, (Kırgızca, Azerbaycanca, Kazakça, Özbekçe, Türkçe, Türkmence), Gülzura Cumakunova – yazar, Türkçe çevirmeni ve editor). İstanbul: Akademik Kitaplar, 2014, 320 s.
TÜRKHAN, İbrahim, Tanrı Dağlarının Yankısı (Hatırat), İstanbul: Kaynak Yay., 2007, 112 s.
YILDIZ, Naciye, Kırgız Halk Edebiyatı, Ankara: Alp Yay., 2007, 355 s.
YUDAHİN, Konstantin, KARASAYEV, Hüseyin, Kırgız Sözlüğü C. I-II, Ankara: TTK Basımevi, 1945, 820 s.
Атсыз, Нихал. Көкжалдардын өлүмү. Анкара 2000.
Балдар аӊгемелери. Кот. Гүлзура Жумакунова-Рахат Разак. Анкара, 1999. 112 б.
Диваны хикмет (санат-насыят китеби)-Кожо Акмат Яссави (Жазылык Кул Кожо Акмат), Кот. Назгүл Кадырова. Эскишехир 2016. 96 б.
Кожо Насирдин, Кот. Назгүл Кадырова. Эскишехир 2016. 96 б.
Коркут Ата аңгемелери, Кот. Назгүл Кадырова. Эскишехир 2016. 96 б.
Месневиден тандалмалар, Кот. Назгүл Кадырова. Эскишехир 2016. 96 б.
Садык Турал, Тарыхтан Дастанга Аккан Сезимталдык, Ред. Калмамат Куламшаев. Анкара 1999. 139 б.
Түрк дүйнөсүнүн акындарынан тандалмалар, Кот. Назгүл Кадырова. Эскишехир 2016. 96 б.
Түрк дүйнөсүнүн балдар адабиятынан тандалмалар, Кот. Назгүл Кадырова. Эскишехир 2016. 96 б.
Түрк дүйнөсүнүн дастандарынан тандалмалар, Кот. Назгүл Кадырова. Эскишехир 2016. 96 б.
Түрк дүйнөсүнүн дастандарынан тандалмалар, Кот. Назгүл Кадырова. Эскишехир 2016. 96 б.
Түрк тектүү элдердин жомокторунан тандалмалар, Кот. Назгүл Кадырова. Эскишехир 2016. 96 б.
Юнус Эмре. Кот. Назгүл Кадырова. Эскишехир 2016. 96 б.
ЭКИНЧИ БѲЛҮМ
ТҮРКИЯДА КЫРГЫЗ ТААНУУГА САЛЫМ КОШКОН КѲРҮНҮКТҮҮ ИЛИМПОЗДОР ЖАНА ИНСТИТУТТАР
«Евразия жазуучулар биримдигинин» кыргыз танууга кошкон салымы
Абдрасул Исаков171
Нурабүбү Борсокеева Уянык172
Аннотация
Бул макалада «Евразия жазуучулар биримдигинин» кыргыздар боюнча жасаган иш-чаралары, жарыялаган эмгектери боюнча сѳз болмокчу.
Ачкыч сѳздѳр: Евразия жазуучулар биримдиги, кыргыздар, адабият.
The Contribution of The Writers Union in Eurasia to Kyrgyz Studies
Abstract
This article examines the activities and publications of The Writers Union in Eurasia on Kyrgyz people.
Keywords: The Writers Union in Eurasia, Kyrgyzs, literature.
«Евразия жазуучулар биримдиги» (ЕЖБ) 2006-жылдын 26-апрелинде Анкара шаарында Йакуп (Жакып) Ѳмероглу тарабынан курулган. Йакуп Ѳмероглу ошол күндѳн бери ЕЖБ тѳрагасы кызматын аркалап келет. Биримдиктин негизги максаты Евразия чѳлкѳмүндөгү, ѳзгѳчѳ Түрк дүйнѳсүндѳгү жазуучулардын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо болуп эсептелет. Ушундан улам биримдиктин мүчѳлѳрүнүн кѳпчүлүгү чет элдик акын- жазуучулардан (жетимиш жетиси чет ѳлкѳдѳн, алтымышы Түркиядан) турат. ЕЖБ жаш жазуучуларга адабият курстарын уюштуруу менен бирге жаштардын эмгектеринин жарыяланышына жардам берип келет.
ЕЖБ кыргыз адабияты, тарыхы жана маданиятынын Түркияда таанытылышына албан салым кошуп келүүдѳ. Биримдик өз кеңсесинде адабиятчы жана айдың кишилерди эскерүү кечелерин, жаңы басылган китептердин бет ачарларын ѳткѳрүп турат. Мисал келтире турган болсок, азырга чейин ЕЖБда Чыңгыз Айтматов, Алыкул Осмонов, Токтогул Сатылганов, Мукай Элебаев боюнча жыйындар, Гүлзура Жумакуновага арналган китептин жана Кожогелди Култегиндин ыр жыйнагынын бет ачарлары уюштурулган. Мындан сырткары, 2007-жылдын 25-27-октябрында ЕЖБнын колдоосу менен Элазыг шаарында ѳткѳрүлгѳн 15-Эл аралык Хазар поэзия кечелери Чыңгыз Айтматовго арналган. Залкар жазуучубуз катышкан иш-чаралардын алкагында шаарда «Айтматов» атындагы парк дагы ачылган. Залкар жазуучуларыбыз Чыңгыз Айтматов, Тѳлѳгѳн Касымбеков жана Султан Раев ЕЖБге ардактуу мүчѳ болуп шайланган.
ЕЖБнин эшигинин кыргыздарга ар дайым ачык экендигин айта алабыз. ЕЖБде Кубаталы Топчубаев, Рахат Абдиева, Нурабүбү Борсокеева, Назгүл Кадырова жана Салтанат Асанбекова сыяктуу кыргыз жаштары эмгектенип, тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүгүнѳ ээ болушкан.
ЕЖБ 2008-жылдан бери «Түрк дүйнѳсү адабий журналдар конгрессин» уюштуруп келүүдѳ. Кыргызстандан аталган конгресске ѳкүл катары Омор Султанов жана Айдарбек Сармамбетов катышышкан. Белгилей кетчү жагдай, ЕЖБ 2015-жылы Омор Султановду «Түрк дүйнѳсүнүн адабият адамы» деп жарыялаган.
2017-жылдын 14-18-август күндѳрү Стамбулда ЕЖБ тарабынан «Түрк дүйнѳсү жаш жазуучулардын жолугушуусу» ѳткѳрүлүп, ушул иш-чарага Кыргызстандан Алтынбек Исмаилов, Чолпон Оразалиева жана Элдияр Элчибек уулу катышышкан.
2008-жылдан бери биримдик «Махмуд Кашгари Барскани» атындагы аңгеме конкурсун уюштурууда. Конкурс республикалык жана эл аралык болуп эки этапта ѳткѳрүлѳт. 2008-жылы Элмира Ажыканова, ал эми 2012-жылы Айдарбек Сармамбетов эл аралык «Махмуд Кашгари Барскани» атындагы аңгеме конкурсунда байгелүү орундарга татыктуу болушкан. Кошумчалай кетчү жагдай, 2007-жылы ЕЖБ Махмуд Барсканинин 1000 жылдыгын утурлап, залкар бабабыздын алигиче табыла элек болгон «Китаби жевахирин нахв фи лугатит түрк» эмгегин тапчу кишиге 1000 түрк алтыны бериле тургандыгын жарыя кылган.
ЕЖБнин «Бенгү» атында ѳзүнүн басмаканасы бар. «Бенгү» 12 жылдын аралыгында жүздѳгѳн китеп чыгарууга жетишкен. Биздин колубуздагы маалымат боюнча азырга чейин басмакана кыргыздарга тиешелүү 25 китеп жарыялаганга жетишкен. Кыргызча-түркчѳ сѳздүк, «Манас» эпосу, Үркүн окуясы, кыргыз жедидчилиги, Кыргызстандагы репрессия темаларындагы китептерди жана Мукай Элебаевден Султан Раевге чейин ондогон кыргыз жазуучуларынын эмгектерин түрк тилине которуп басып чыгарган. Аталган басмаканада кыргыз жазуучулары арасынан Мукай Элебаев, Омор Султанов, Султан Раев жана Бактыбек Максүтовдун экиден китеби басылган. Мындан сырткары, Түркияда алгачкы жолу бир кыргыз илимпозуна арналып даярдалган китеп ЕЖБда 2018-жылы жарыяланды. Проф. Гүлзура Жумакуновага арналган китепке кыргыз таанууга тиешелүү изилдѳѳлѳр киргизилген. Түркияда кыргыздарга тиешелүү 25 китеп басып чыгарган мекемелердин саналуу экендигин баса белгилей кетүү керек.
Биримдиктин 2007-жылдан бери үзгүлтүксүз чыгып келе жаткан «Тил изилдѳѳлѳрү» аттуу илимий, «Боордош калемдер» аттуу адабий журналы бар. Жылда эки жолу жарыяланган «Тил изилдѳѳлѳрү» журналында кыргыз тили, кыргыз сѳздүгү, Энесай, Теңир тоо руникалык жазуулары, Жусуп Баласагындын «Кут алчу билими», Махмуд Барсканинин сѳздүгү темаларында түркчѳ ондогон макала жарыяланган.
ЕЖБнин «Боордош калемдер» адабий журналы болсо, 2000 тираж менен ай сайын чыгарылат. Журналдын дээрлик бардык сандарынан кыргыз адабиятына тиешелүү чыгарманы же макаланы жолуктуруу мүмкүн. 2007-2018-жылдар аралыгында журналда кыргыздарга тиешелүү 527 жазуу жарыяланган. Журналдан кыргыздар жана кыргыз адабияты боюнча роман же повесттерден үзүндүлѳр, аңгеме, ыр, кошок, репортаж, эскерүү, илимий макала, китеп рецензиясы жана кабарларды кѳрүүгѳ болот.
Журналдагы кыргыздарга тиешелүү жазуулардын жылдарга карай бѳлүнүшү
Таблицадан кѳрүнүп тургандай, журналда жылына болбоду дегенде эле, кыргыздарга тиешелүү 20 эмгек жарыяланып турган. Бүгүнкү күнгө чейин Чыңгыз Айтматов, Мукай Элебаев, Токтогул Сатылганов, Алыкул Осмонов, Омор Султанов боюнча журналдын атайын сандары чыккан.