bannerbanner
Бабалардын жанырыгы
Бабалардын жанырыгыполная версия

Полная версия

Бабалардын жанырыгы

Язык: Русский
Год издания: 2018
Добавлена:
Настройки чтения
Размер шрифта
Высота строк
Поля
На страницу:
23 из 24

Атыгай атанын абалы аяба начар болуп турду. Узак жашка келип, ушундай оорусуна карыя аябай өкүндү.

– Түш түш болбой калсын жанагы боз үйлөрдү сүзгөн өгүздөр кирди эле, эл чайпалып азапка батат экен ээ. Караң катыгүн. Балдарым мени алачыкка калтырып ушул эле жерге таштап кеткиле узак жолдо силерди кыйнабайын. Өзүм да кыйналам го. Өлсөм тынч өлүп калаармын.

– Жок ата, биз аман турганда сизди талаага кантип таштайбыз.

– Эл журт эмне,– дейт.

– Ушунча бай киши эмне талаада калмак беле. Кыргыздар орустар эмес кара кытай, калмактардын чапкынында деле калбады беле.

Атыгай атанын: Тына, Тынай, Акун, Акмат, Асылбек деген балдары бар эле ата балдарын колдон суурулма тың кылып үйрөткөн. Мал сал, жылкыларын айдап көчүп жөнөнштү. Тынайдын кабелтең жоош тору аты бар эле ошого мингизип жөнөп калышты. Алар көчүп, конуп отуруп көп жолду арытышты. Жолдо калмактар менен кагылышуу болду. Көчүп бараткандар алар менен кагылышып кээ бирлери шейит кетишти. Алар адам көрбөгөн тозокту көрүштү. Атыгайдын балдарынын көчү Балгарт суусун кечип, аркайган Ак- Өгүз ашуусын ашып, Туура- Суу, Шибелүүнү өрдөп, Тарбагатай тоолоруна келгенде карыянын абалы өтө оордоп калды.

– Оңоло албай калдым, Көңдөйгө да сөөгүм буюрбады, ата бабам көрбөгөн жерде сөөгүм калат го.

Балдарга оордук кылбай эле кете берсем дейит. Бирок тагдыр деген тагдыр да. Каралдыларымы оордук кылып жүдөттүм го. Бай ата ат үстүндө баратып үргүлөп кетет.

Башкалар Атыгай атанын балдарына:

– Атаңарды кор кылбай талаада таштабагыла, силердин эмгегиңерди кудайым көрүп турат. Жараткандын буйругу бар эмеспи. Ата-энесин мекеге деле көтөрүп баргандар деле бар эмеспи.

Канча кылса да карыянын балдары эстүү эмеспи атасын балдары абышканы кор кылып талаага таштабай алып кетип баратышты. Карыя ат үстүндө өңөртүп, уйку соонун ортосунда кетип баратты. Кээде үргүлөп, кээде соо болуп эки жакты карайт. Кээде эс-учун жоготуп жөөлүп кетип жатты. Алар Тарагай тоолоруна келишти. Бул тоодо арча, кайың, карагай түркүн өсүмдүктөр өсөөр эле. Тоодон башталып өзөн суулар агып жатат. Атыгайдын көчү ушул берекелүү жерде орун алып калды. Атыгай ата ошол жерде бир кызык түш көрдү. Ата жер жайнаган жылкыларын Арпа -Тектир, Ат- Жайлоодо жайып жүрүптүр. Ал баягы Тору кашка күлүктү минип жүрүптүр, эртеси көңүлү ачык жайдары ойгонду да балдарын жанына чакырды.

– Балдарым, быякка көчөрдө эң жаман түш көрдүм эле, түндө жакшы түш көрдүм мен Арпа -Тектир жайлоодо Тору кашка атымы минип жүрүптүрдүм. Анан эле Бүтөбай атам «кыйналып кеттиң келгин» деп чакырып жатыптыр. Мен ушул жерден кетет окшойм, силер кайра аман –эсен жериңерге барат окшойсуңар,– деди карыя демигип, анан кашын бир сылап алды да, кайра кебин улантты: – Башымдагы бир арманым, сөөгүм касиеттүү Кара Көңдөйгө коюулса болот эле, андай болбой калды. Эмне кылам тагдыр ушул экен. Ичеер суум көрөөр күнүм түгөнгөн экен. Эми ушул оор капсалаң бүтүп, туулган жерге кайра барсаңар экен. Эл журт бириксе экен. Менин каалаганым ошол. Карыя демигип кетип айтаар сөзүн токтотту. Алар кудай арбакка жалынып бир тай союушту. Ошол эле күнү таң эртеңде сүйлөп эле отуруп Атыгай ата жол салып чын дүнөгө кете берди. Балдары Тарагай тоону жаңыртып өкүрүп, келиндери кошок кошуп киришти. Ошол жерде чоң дарактын түбүнө бир жалгыз мүрзө пайда болду. Көп өтпөй жакшы кабар келди. Ак падыша тактан түшүп оордуна башка жаңы падыша келиптир деген кабар келди.

Азап- тозокту көргөн качкындар кайра өз мекенине кайтып келатышты. Ошентип улуу тоолордун арасында бир мүрзө кала берди. Ал мүрзөдө жаткан адамды тукумдары кантип унутмак эле. Алардын тукумдары деле ата-бабанын санжырасын унутпай айтып келатышкан эле. Атыгай атанын тукумдарынан белгилүү элге-журтка тирек болоор тукумдары чыкты. Ошол Көңдөй жеринде Атыгай ата турак кылган Атыгайдын колоту деген колот бар ошол колот менен басып бараткан урпактар ошол атанын элесин ар-дайыма эстешет. Беккулу атанын тукумдары анын атын унутпай айтып келет.


АК БАТА

Коңур –Өлөң деген жерде, саяк деген элде бир чоң бай аш берет деген сөз эки айдан бери Тоң элинин аяк-быягына тарап кетти. Ашта ат чабыш, жорго жарыш, кыргыздын ар түркүн оюндары болот деген аңыз көңдөйдөгү кара көйнөк тукумдарына да келип жетти. Кара көйнөк элинде ат таптап, жорго салдырган бай адамдар бар эле. Чабандестер аттарын таптап, жоргосун суутуп байлап, ашка катышканга кам уруп жатышты. Шоңко атанын тукуму Сүйөрдүн уулу Эсенгул ары чабандес, ары мүнүшкөр адам эле. Анын ат таптаган саяпкерлик өнөрү көп жерге белгилүү болгон. Ушул эле көңдөй айлынын белсемдүү адамы Түмөнбай эки күлүгүн камдап жатты. Анын Тору аргымагы кетмен туяк кең сору, көкүлүн көккө серпип, калың жалдуу куйруктуу жаныбар болчу. Экинчиси Акжелек кулжа моюн төгөрөк, бул жылкынын көкүл жалы узун, мойну боёп койгондой аппак ал эми көкүрөгү жону буттары чаар ала, сом туяк келген чоң жаныбар эле. Башы ак желекке окшош ыйык жаныбар марага чуркап келе жатканда бирөө желек булгап келаткандай шекилденип көрүнчү. Анын чуркап келатканы бир керемет укмуш. Ошол үчүн « Акжелек» деген ат ага ылайыктуу коюлган. Дагы бир көңдөйдүн байы Атыгай анын көп жылкысы болуп, алардын ичинен Куларгымак бар эле. Жаныбар Манастын Аккуласына окшошуп турчу. Анын карааны алыстан көрүнүп, бир караган адамды мыкты тулпар экен деп улам-улам суктанта карап турчу. Элде мындай бир имиштер айтылган. Ошол ат кулун чагында мындай бир окуя болуптур. Атыгай орто курак кезинде Кочкор жерине бир иштер менен Элебес байдын үйүнө барып калат. Бай менен жакшы ыкласта алыш-бериш соода кылат. Кетеерде ошол Элебес бай Атыгайга:

– Атыгай үйүмө келип, эки-үч жолу даам татып жакын болуп калдың, эми бобереги жайнаган жылкыдан бир жакшысын тандап жетелей кет, жөн кетпей,-дейт.

Анын жылкылары көп эле Атыгай үйүрдү ар жагына бир чыгып, бери жагына бир чыгып, ылайыктуу жаныбарды карап жатты. Анын кыраакы көзү ары-бери тынбай ойноп турган бир тайды көрдү. Атыгай бирге жүргөн жигити менен үйүрдү жыйра айдап тайды кармап:

– Касиеттүү байым, сизден анча деле көп нерсени сурабайм, болгону бобу жабаганы мага ыйгарып койсоңуз болду,– деди сылык түрдө.

Бай көп жылкы күткөн менен жылкы күлүгүнө анча сынчы эмес эле, «сөлпөйгөн бир тайды алды, мынча болду керилген эле жылкыны албайбы» деп ичинен аяп турду.

– Ой, Атыгай башкасын эле алсаңчы, бул жолдо баспай сени мүшкүл чектирет го,-деп аяп.

– Жок байым, жылкыңдын ичинен ырым кылып, ушуну эле ала кетейин,-деди оң колу менен кара мурутун сылап.

Бирок кыраакы байдын атасы бул тайдын даңазалуу күлүк болоорун ошондо эле билип койгон. Байдын атасы ичинен өкүнүп:

– Ай болбостур мейли эми байкоостук кылдык ушунча жылкынын ичинен касиеттүү адамдан бир жаман тайды талашканда болбойт. Бирок бул кулундун куну ушунча жылкыга барабар,– деп өкүнгөн экен.

Ошол иш ошол болду.

Ошентип Атыгай Элебес байдын Кула кулунун менен айлына карай жол арбытып жүрүп отурду. Кула тай жолдо баспай кержейип азапка салып жүрүп отурду. Алар араң деген айлына жеткен экен. Андан бери токтобой жер күндү айланып, далай мезгил артта калып, ошол кержейген тай Кула аргымакка айланды. Анан дагы бир мындай аян болуп өтүптүр. Атыгай ошол күлүктү таптап жүргөн чагы экен. Бир түнү түн ортосунда ээси эшикке чыкса, ак калпакчан бир карыя күлүктүн жал-куйругун сылап жатыптыр. Ээси аны таң кала карап турду. Анын карыя жумшак колу менен жылкынын ашказанын жай акырын сылады. Аргымак кыйналып-керилип чоюулуп, аянычтуу үн чыгарып каткан кыгын таштап жиберди. Ээси «эмне кылаар экен» деп карап турду. Ошондо күлүк тегин эмес колдоочу саяпкери бар экенин билди.

Эми кайрылып ошол ашка келели. Береги саяктардын ашына көңдөйдөн Эсенгул Кара торуну, Түмөнбай Акжелек менен Тору аргымакты, Жантай Карагер күлүктү, Атыгай Кула аргымагын алып чыкмай болушту. Балбан күрөш, улак тартмай жана башка оюндарга катышабыз деп жыйырмадай киши шатыра-шатман жөнөп калышты. Күлүк аттар менен бат эле аш берилүүчү жерге жете келишти.

Аш шааниси жакшы өтүп жаткан экен. Ак жуураттай болгон боз үйлөр. Эт бышырып ары-бери чуркап жүргөн жигиттер. Үнү заңкылдаган жар чакырып жүргөн пенделер. Бир аздан кийин аксакалдар кудайдан бата тилеп аргымактар коё берилди. Алыска талыбас куштай закымдап учкан аргымактар. Ээрге бекем минип, башына ак жоолук байланган тың чыкма чабандестер. Күлүктөр закымдап учкан куштай кетип баратат. Ал арада балбан күрөш, ордо атыш, төө чечмей, кыз куумай, улак тартмай дагы, дагы толгон оюндар болуп өттү. Күлүктөр эмне болду деп тынчы жок жер тыңшаар маамыттар жата калып, тура калып жерди тыңшап жатышты. Аңгыча жер дүңгүрөй көчүп, бир топ убакыт өтүп, туяктар тапырата жерди сабаган тулпарлардын дабышы жакындап келатты. Жер тыңшаар маамыттар айтып жатты:

– Аргымактар келатат, буудандар келатат,– деп жарыя айта башташты.

Дүрбү салган адамдар дүрбүсү менен оң имерип бир карап, сол имерип бир байкап жатты. Алдыда Баатыркандын Кара аты кеалатат. Жарыктыктын буту жерге тийбей асмандап учуп күйүп келаткандай сезилет. Анын артында Байсейиттин Актуягы куйрук улаш келатат. Анан биринин артынан бири болуп ээрчише келаткан күлүктөр. Чаң уюулгуп улам жакындап аш берген жакка келаткандай. Күлүктөрдүн дабышынан жер дүңгүрөп тынбай көчөт. Жер тыңшаар Маамыт бутун тыбырчалатып, жата калып жерди тыңшап « Бирде кара ат алдыга чыкты десе, бирде Кула аргымак алдыга чыкты» деп жарыя кылып жатты. Чабандестер кызыган аттарын эми накта камчылап, жер өлчөмүн так аныктап, кээ бири атынын тизгинин тартса, кээ бири акырын солгундата тартып келатат. Кара көйнөктүктөр дүрбүсүн алып караса эч дарек жок. Алардын жан дүнөсүн кубаныч аралабай шаабайлары сууп калды. « Ушундай да болобу, жок дегенде бир атыбыз чыгып келбей калабы» деп, дендароо болуп турушту.

Баамчыл Түмөнбай менен Эсенгул:

– Балдар ат тизгинин коё береер чак келе элек экен.

– Ошондой кылсын азыр коё бергенде болбойт. Алар чарчап марада башкаларга алдырып жибериши мүмкүн.

– Бир аздан кийин ат тизгиндерин коё беришет.

– Балдар туура аныктап жатышат.

– Иши кылып Беккулу атанын талы колдоп, биздин күлүктөр чыкса экен.

– Ошондой десең, Беккулу атанын арбагы, Мүйүздүү эненин касиети жар болсун!

– Ой, ким билет Баатыркандын күлүктөрү тың сыяктанат. Анын жылкылары дабан жарган мыкты күлүктөр эмеспи.

– Байсейит байдын күлүктөрү да мыкты.

Түмөнбай, кара мурутун сылап, калпагын оңдоп кғийип, ойлоно айтты:

– Менин баамымда Баатыркандын күлүгүнүн үч сууту кем экен. Кандай болоор экен марага чукул алардын жүрүшү жайлайт го.

Эсенгул Түмөнбайдын баамчыл ары аяр, ары сынчы экенин билчү. Ал ичинен ойлоп жатты «Буюрса Түмөкемин айтканы эле келет го» деп.

– Ошондой эле болсун Түмөке Беккулу атанын талы колдоп биздин күлүктөр чыгып кетсе гана.

Экөө ойго батып унчукпай калышты. Бир топ убакыт өттү. Күлүктөр марага алып-учуп кирип келатат. Ат үстүндө чабандестер күлүктөрүнө удама –удаа камчы урат. Чечүүчү мезгил өтө жакын калды. Чаң чубалып, аш берген жакка карай келатат. Эң алдыда Түмөнбайдын Акжелеги келатат. Ал аш берип карап турган элге желек булгап келаткандай чоң майрамдык шаани, кубанычты белгилеп тургандай болду. Үстүндөгү чабандес да кара көйнөк, ак жоолук байланган тың бала экен. Атына удама-удаа камчы уруп келатат. Анын артында Кула аргымак каалгый, туягын жерге мылгытып, көкүлүн көккө ыргытып сыймыктуу келатат. Кара байыр казанат, мактаса кеп жарашат талыбай чуркап алган экен. Экөөнүн ортосу эң эле жакын тизгин улаш келатат. Куланы минген Тынайдын баласы, тың чыйрак аттын кулагы менен тең ойногон бала, күлүккө олбуй-солбуй камчы уруп келатат. Анын артында Эсенгулдун Сарыторусу кыска моюн туу чукак жаныбар экен. Кулактарын жапырып, буту менен жерди сапырып келатат. Андан ары Баатыркандын Кара аты келатат. Тал жибектей куйругу шамаалга чубалат. Сай—сайлап жүнү бөлүнүп, аркардай көзү кызара келатат. Анын артында Жантайдын Кара аты келатат. Күлүктөрдүн келатканын көрүп кара көйнөктүктөр аябай жыргап, асманга секирип, эки алаканын бир-бирине ургулап кубанышат. Түмөнбай өзүнчө эле дердеңдеп, Атыгай ага күлө карады:

– Беккулу атамын арбагы колдоп Кула аргымак чыкса экен.

– Талашым жок кайсынысы болсо, ошонусу чыксын иши кылып Беккулу атанын күлүгү чыкса болду. Бизди атанын талы колдосун.

Бирок күлүктөр улам кызый чуркап орун которуштуруп жатышты. Биринчи болуп, Акжелек булгап, ашка чоң салтанат жаратып, Акжелек аргымак чыгып келди. Үстүндөгү кара көйнөк кийген бала марага эки колун көкөлөтө шаңдуу чыгып келди. Түмөнбай минген атын таштап. «А кудайлап чуркап барып, күлүгүн тосуп алды. Үстүндөгү кара көйнөк кийген бала шамдагай түрдө жерге түшүп, Түмөнбайды кучактап калды. Түмөнбай баланын оң бетинен, бир өөп, сол бетинен бир өөп баланы таштап, күлүгүн чуркап жетелеп суута баштады. Экинчи болуп Атыгайдын Кула аргымагы келди. Ал биринчи келмек эле эмегендир ашказанынан жабыр тартып калган шекилденет. Үчүнчү болуп капталында канаты бар, Баатыркандын Кара аты чыгып келди. Үстүндөгү бала кара атка окшошуп чылгый кара кийинген экен. Баатыркан күлүгүнүн артта келгенин кападар болуп турду. Ал саяпкерди жемелеп да жиберди.

– Жакшы тапталбай калыптыр, бу саам кара көйнөктүрдүн күлүгү кара тулпарымды артка сүрүп таштады,– деп капаланды.

Төртүнчү болуп, Шоңко Сүйөрдүн уулу Эсенгулдун касиеттүү Сарыторусу учуп күйүп чыга келди. Ушунча күлүктөрдүн ичинен анын төртүнчү болуп келиши да чоң кубанычты жаратты.

Эл бир ооздон кыйкырып:

– Беккулу атанын күлүктөрү бринин артынан бири чыга келди.

– Кара көйнөктүктөрдүн күлүктөрү дүбүрт таштап чыгып келди.

– Көнөчөктүктөр көнөчөктөгү каймыган жеп күлүктөрүн жакшы таптаган экен.

Чогулган эл кыраан каткырып күлүп жатышты.

– Буларды Бугу энесинин арбагы колдоду.

– Көзгө чабаарлар кыйын эл болот. Намысты оңой менен бербейт.

Элдин баары ыйык жаныбар Түмөнбайдын Акжелегин мактап жатты. Журттун көзү тиет деп жабуу жаап далдаа жерге жетелетип жиберди. Ошол даңазалуу чоң ашта негизги байгени Беккулу атанын тукумдары алды. Биринчи байгеге он жылкы, жүз кой, беш уй ыйгарылды. Калган байгелер да жакшы болду. Ошондо Атыгай, Түмөнбай, Эсенгул үчөө кеңешип, ошол аш берген жердин жүз жаштан ашкын үч карыясы бар экен. Байгеден алган үч бээни карыялардын алдына жетелеп келип, ийилип салам берип, «алгыла» деп өтүнүштү.

Карыялар:

– Ой, Беккулу атанын кулундары күлүктөрүңөрдүн арышы арбый берсин!

– Беккулу атаңардын талы колдосун!

– Күлүктөрүңөр дайыма чыгып аман-эсен жүргүлө!

– Колуңар ачык болуп, ырыскыңар ташысын!-деп бата беришти.

Беккулу атанын тукумдары:

– Айтканыңар келсин аталар!

– Дагы узак жашка чыккыла аталар!

– Аталар бата бергениңер үчүн силерге ыраазыбыз!

– Аталар тукумуңардын күнүн көргүлө!

Ошондо узак жашка чыккан бир карыя маселдетип бата берип сүйлөй баштады:

– Жараткан кудайымын алдында аман-эсен болгула! Беккулу атанын күлүктөрү биринин артынан бири чыгып келиптир, талаа, түздөрүңөрдө камбар атанын тукуму көбөйүп, күлүктөрүңөр жарышты топ жарып чыга берсин! Ойсул ата жергеңерден кетпесин! Беккулу атанын тукумдарын калктын пири Калкаман ата колдосун! Бакыттын пири Кыдыр Иляс колдосун! Бүгүн дагы кара көйнөк кийген бала байгеде күлүк чаап чыгып келди. Балдарыңардан бакыт кетпесин! Жигиттериңер эл керегине жарап аман-эсен болсун! Карыяларыңар, ак жоолукчан энелер журтту жолго салган акылман болсун! Оомийин!

Ошол жерде турган элдин баары бата кылышты. Беккулунун тукумдары эт жеп, куран окуп бата берип, аштын ээлери менен жакшы ырай менен коштошуп, малын айдап, көңдөйгө карай агылып келатышты.

Жер Үй Суусуна жакындаганда Беккулу атанын тукумдары бир улак таап, эки жаатка бөлүнүп улак тартып, айылга кубаныч, шаң- шарапат менен кирип келмей болушту. Аларды жолдон санжырачы, төкмө акын, куудул, Боргөтөн менен Канай тосуп алды. Боргөтөн менен Эсенгул комуз чертип жамактатып ыр төгүп келатышты. Жигиттер көкбөрү тартып айылга кирип келишти. Улакты шарт боюнча Бекулу атанын эң улуу карыясынын үйүнө ташташты. Карыяга алган байгеден бир бээ беришти. Элге ашта болгон жаңылыкты баян кылып айтып жатышты. Ошондо карыя алаканын жайып, кудайга жалынып:

– Оо кудайым, Чоң Жергес жеринен сабылып көчүп келдик эле, ушул эки тоонун ортосундагы кара көңдөйгө жай алдык, кудайым ушул жерден биздин элдин тукумун көбөйтсүн! Ушул жерде небере-чөбөрөлөрүбүз өсүп көбөйсүн! Жаратканым бизди кырсыктан сырткары кылсын! Жалпы журттун алдында ушинтип күлүгүбүз чыгып, балдарыбыздын атак даңкы жалпы кыргызга тарай берсин! Оомийин! –деп ак сакалы белине жеткен карыя бата берди. Баардыгы алакан жайып бата кылды. Эртеси Түмөнбай, Атыгай, Эсенгул үчөө үч бээ союуп элден-журттан бата алды.

Ошол күнү чоң той болду.

Ошол күнү Беккулу атанын тукумдары кудайга жалынып жатышты.

Ошол күнү Беккулу атанын даңазасы дагы бийиктеп баардык элге жайылып жатты.

Ошол күнү күздүн эң сонун күнү тийип адамдар кубанып жатышты.

Ошол кубанычтуу күн ошантип санжырага айланып, жомок болуп кеткен экен.

***


Автордун оюу

« Ассалому алекум!» « Алейкума ассалам?» Жаратканым бул китепти качан баштадым эле, суук болуп, Балыкчынын шамалы уйгу-туйгу согуп турган бороонду күздө баштабадым беле. Андан бери итабар мезгил өтүп, жылдар жылып, айга-ай жармашып, эсепсиз күндөр закымдап өткөн экен. Китепти жазган мен дагы ак чач адамга айланыпмын. Же болбосо карып улгая түшүпмүн. Жарыктык мезгил адамдарды ошондой кылып салат тура.

Менин алды жагыман,

Коён качты сереңдеп.

Чар тарапты карап коюуп,

Безип барат элеңдеп.

Бир кезде мен жаш элем,

Чачтарымды ак басты.

Гүл чачтым эми алчадай,

Жылдар дагы коён өңдүү,

Дайнын кетти таптырбай.


Мен бул китепти баштагандан бери далай суулар агып, далай мезгил өткөн экен. Ортодо эки хан алмашыптыр. Кайраттуу кыргыз эли эч убакта эзүүгө чыдай албайт, алар эч кимге баш ийбес улуу Манастын тукумунан эмеспи. Башка элдер бир эле хандын эзүүсү алдында турат. Ал эми кыргыз эли экөөнү тең сүрүп айдап, салп этек катынча жолуна салыптыр. Алар бир жерде чогултуп алган байлыгы менен өмүр сүрүп жүрсө керек. Баракелди кыргыз элинин түгөнбөс кайратына! Ошол замандын оорчулугуна чадай албай канча пенделер тиги дүйнөгө узады. Эл чачылды, тербиди, тентиди. Оор замандын капшабы далай сонун адамдарды тиги дүйнөгө алып кетти. Кечөөгүңкү эле мени менен бирге жүргөн адамдардын далайы тиги дүйнөгө узап кетиптир. Арман деген ошол экен. Мен алардын сүйкүм элесин ырларыма салбадым беле. Эми алардын жаркыраган элесин сыйпалап таппай отурам. Эмне дейбиз жаткан жери жайлуу, топурагы торко болуп, тиги дүйнөдө бейишке чыгып, артында калган балдары, жерге жээги аман- эсенчиликте болуп, уланбай калган өмүрдү улап кетсин. Туулган жерди араласам ошол сүйкүм адамдардын элеси менин көз алдыма тартылып келет. Аларды мен баардык кезде эстеп келем. Кээде уктап жатсам түшүмө кирет. Кантип кирбей коёт балалык күнүм ошол сүйкүмдүү адамдын тегерегинде өтпөдүбү. Тагдырдын жаратканы адамга ченелүү гана өмүр берилет тура. Эмне дейбиз.

Мен эки кол жазма китепти эчак эле тараткам. Ал тее- тетиги 1992- жылдар болуш керек эле. Анан китепти ошол боюнча таштап коюуп азыр кайра карап отурам. Оңдоочу жерлерин оңдодум. Бул китеп негизи үч адамдын кол алдынан өттү. Жалгыз эле мен жазып салдым десем тигилердин акыл эмгегин жеп кеткен болом. Китептерди Жүзөнова Айгүл, кызым Жылдыз тирмийип отуруп алып, баш ылдый оңдоп, уйкаштыгын келиштире оңдоп чыкты. Же алар толугу менен кайра жазып чыкты десем болот. «Туулган жер жөнүндө китеп экен элге уят болуп калбайлы» дешти. Эң эле осол жерлерин алып салышты. Анын оордуна башка ырларды жазышты. Мага караганда алар коп окугандык кылды жана орус тилин терең билгендиги менен айырмаланды. Балким дале осол начар жерлери бардыр аларды алып салаарбыз. Кимдир бирөө жазылбай калгандыр. Аларды чыгармага кийреербиз. Иши кылып туулган жер жөнүндө анча-мынча болсо да жазылаар китеп жазылды. Кудайга ошол каниет. Ыйык жерди кантип китеп кылып жазбайбыз, жазабыз. Туулган жер жөнүндө китеп жазып анан башка темага кайрылабыз. Өзүңөр билесиңер китеп ар кандай сюжеттик линияда түзүлөт. Чылгый эле мактоо болсо, ал китеп болбой калат. Эч кимдин деле окугусу келбейт. Китеп жаратылыштан, армандан, кошоктон, юмордон, жаштыктан, күлкүдөн, балалык, карылык жана башка көптөгөн нерселерден тураарын билесиңер да. Кээ бир жазуучуларды билем туулган жери жөнүндө бир эки эле ыры болот. Ал туулган жерин ошол эле эки ыры менен элестетет. Мынчалык терең жазыш үчүн көп окуш керек болуп жатпайбы. Фольклорду, чыгармачылык эстетиканы, логикалык ойлонуу, ата-журттун уңгусун,турмуштун өнүгүү темпин, көркөм аң-сезим, реалдуу ойлоо ыкмаларын, чыгармачылык профессионалдык жана башка толуп жаткан нерселерди билиш керек. Чыгармачылыкта эки куплет ыр эле көп нерсени чечип коюушу ыктымал. Бул өз жайы менен болсун. Мен эми көп алыс кетпей кайра эле өзүбүздүн турмушубузга келели. Туулган жерге сагыныч пайда болот. Биздин жайлоолорубуз кандай керемет ал жерлерге киндик каныбыз таапм балалыгыбыз калбады беле. Жерибиздин адамдары кандай ыйык. Мен тууулган жерде бир-эки адамдан эле көңүлүм калбаса ал эми жалпы карапайым адамдардын бирөөнөн да көңүлүм калбаптыр. Алардын ыйык элеси, сүйлөгөн карапайымдыгы баардыгы менин көз алдымда даана кино болуп тартылат. Мен аларды кантип ырга жазбай коём. Кандай гана чыгарма болбосун анда тарбиялык маани болуш керек. Тарбиялык маани болбосо, ал чыгарма болбой калат. Ал ошол үчүн адабий чыгарма да. Ошол тарбиялык чыгарма менен адамдык калыптануу келип чыгат. Албетте адамдардын арасынан ар кандай терс сапаттар жолугат. Мисалы: зулумдук, ач көздүк, көрө албастык, зөөкүрлүк, уурулук, мастык жана мындан башка адамдарда толуп жаткан терс көрүнүштөр бар ошолордон четтеш үчүн мен ырларымда жазып кеттим. Ал жагын жаман көрбөгүлө. Канчалык биздин эл жогорку маданияттуу болсо, биздин элде жашоо ошончолук сонун болбойт беле. Албетте андай жаман көрүнүш баардык элде кезигет. Мисалы падышадан тартып карапайым адамга чейин жаман сапаттар бар. Мисалы биздин качып кеткен адамдарыбыз жакшы адамдарбы алар дүйнөкор, талоончу болуп чыга келбедиби. Кечөөгүңкү эле жакшы деген адамыбыз жүзү толук ачыла келбедиби. Ушундай жерде кантип заман оңолот. Өзүңөр эле ойлоп көргүлөчү көп депутаттар, губернатор, акимдер чыкты, ушулардын деги бирөө эл үчүн иштедиби? Жок элди тоноп алды да басып кетти. Эч бир элге жакшылыгы болгон эмес экен. Жалпы эл үчүн иштеген адамдар керек болсо онго да жетпейт. Мен аларды санап берейин. И. Раззаков, А. Масалиев, Шералы Назаркулов, Султан Ибраимов, Топчубек Тургуналиев, Дооронбек Садырбаев менин эсимде эл үчүн иштегендер ушулар эле экен. Ал эми депуттар, акимдер, губернаторлор жөн эле бир бийликке келип кеткен адамдар тура. Байып алат анан жылт коёт. Анан аларды кантип эл үчүн иштеди дейбиз. Алар атын калтырыш үчүн кээ бири тирүүсүндө эле мектептерге, көчөлөргө ысмын коюуп киришти. Деги ошолордун аттарын койгондой эмне эмгеги бар эле. Алардын аттарынын киге кереги бар. Жансыз элге эмгеги жок ашыкча нерсе болуп жатпайбы.

Эми саясатты коюуп кайра жазмага келели, биздин ишибиз ошол эмеспи. Жазаарын жазып бердим эми калганы силерден. Баса төртүнчү китеби да бар эмес беле. Кудай аны санаага жеткирсе айылга барып кыдырып көрүп анан байкаштырабыз.

Кагылайын айлымдын карапайым адамдары менин айтаарым ушулар.

Баарыңарга ден соолук, алдыңарга жакшы күндөрдү каалайм!

Ар бириңер жолукканча саламатта аман-эсен болгула!

Кудайм алдыбызга жакшы күндөр менен жолуктурсун!

Жаратканым өзүң колдой көр!

Бизди касиеттүү ыйык Бугу энебиз жана Беккулу атанын талы колодосун!!!

Буюрса кайра аман-эсенчиликте жакшы салам менен жолугалы!

«Ассалому алекум!» « Алейкума ассалам!»

БАБАЛАРДЫН ТАРАЛЫШЫ

Акбагыш

Үрүмчү-–Чоңбагыш

Сарыбагыш

Долон бий

Ак багышЫрыскан–

Домбул бий


Куууул (Сол)

Долон бий–Акуул (Оң)–

Кызылуул (Ичкилик)


Койлон (Жедигер эли)

Адигене Богорстон ( Солто эли)

Ак уул–Тагай –Кылжыр–

Моңош Кара чоро

Наалы эже Тондуу балдары

Саяк

Азык

Черик

Коңурат

Чертике


(Бугу уусу тарайт) Арыкмырза

Кылжыр–Орозбакты–Мырзакул–

Дөөлөсбакты Карамырза .

(Сарбагыш уруусу тарайт) Токочмырза

Асанмырза


Алсейит ата үч аял алат

1.Биринчи аялы Токтобүбү эне 2.Экинчи аялы Мүйүздүү эне. Ушул касиеттүү энеден Беккулу атанын тукумдары тараган. 3. Үчүнчүсү Калмак Чок төрөнүн кызы Чежимжан эне.

-–Мырзакулмырза– Алсейт

Тынымсейит


Бейшембай

Алсейит–Жамангул– Төрөкочкор—Куржун–Торгой–

Боор Кыдык Чолпоке

Туумакашка Бооке Султангазы

Бапа Белек Түлөсүн

Итибий Ырыс


Бекназар

Майназар

На страницу:
23 из 24