bannerbanner
Бабалардын жанырыгы
Бабалардын жанырыгыполная версия

Полная версия

Бабалардын жанырыгы

Язык: Русский
Год издания: 2018
Добавлена:
Настройки чтения
Размер шрифта
Высота строк
Поля
На страницу:
22 из 24

– Сенин малыңды өлтүрдү, эми аз күндө сени баканы менен келип өлтүрүп кетет, сен жоош байкушум, менин жанымда мени кайтарып отур – деп кагат.

– Эмне кылайын короосун будуң чаң кылбадыбы.

– Ий, өлүгүңдү көрөйүн жоош кургур сени ушундай кылат ал иниңе сенин алың жетпейт. Баарын өлтүртүп отура бер. Эми өлгөн буканы саарасы менен этин жеп жат, сенден башка аны эч ким жебейт жоош кой момун байкушум.-деп тилин тартпай дагы бир топ заар сөздү айтат.

Аялынын жаман сөзүнө уукан Шопок килейген кой айдаган укурукту алып, Арттын үйүнө келет. Шопок:

– Ой, сен менин букамы эмне өлтүрдүң, ал сенин аялыңын койнуна кирди беле ия?

Арт да бул сөздү угуп ал дагы жини келип чоң таякты алып, Шопок менен чабышканга өтөт. Экөө укуруктар менен качырышып келип чабышып кирет. Экөө кой ай дегенге келбей чабышып жатат. Жини келген эки тууган бири-биринин өлөөр-тирилеерине карабай чабышып жатты. Буларды көрүп турган Тынымсейит тукумунан Эсенгул деген киши чаап келип ортого түшөт.

– Ой, туугандар койгула, бети башыңар, киймиңер айрылыптыр бириңерди-бириңер өлтүрүп салсаңар элге шерменде болосуңар.

Чын эле Шопоктун көзүнүн үстү шишип, кан жая агып жүрөт. Бети-башынын баары кан. Таяк тийген окшойт Арттын жаагы когала болуп, канап жатат. Балдары келип, экөөн тең ээрчитип кетти.

Ушул чатак ушул болду.

Ошону менен эки тууган көпкө элдешпей таарынышып жүрдү. Акыры Алсейит жана Тынымсейит атанын аксакалдары келип экөөнү элдештиргенге аракет кылды.

– Ураалынын тукумдары атаңарга шек келтирбегиле, бир бука алачыкты тепседи,– деп жүз карашпай каласыңарби.

– Касиеттү Курумшу атаңардын арбагы эмне,– дейт.

– Мал эмне өлбөй жүрүптүрбү, өлсө бир бука өлүптүр, бука үчүн ушунча чабышканыңар жетишет, арбакты сыйлагыла.

– Чабышып отуруп, бириңердин көзүңөр көрбөй калды, бириңердин жаак тишиңер сынып, эмдигиече айыга албай жатасыңар, ушул дагы жарайбы.

– Эл эмне дейит, баягы көзгө чабардын тукуму деп, бүткүл журтка шерменде болосуңар,-деп келгендер көп кеңеш берип кетишет.

Ошентип эки бир тууганды эл элдештирип тарап кетет. Эки бир тууган «мындан ары урушпайлы» деп ынтымакка келишет. Бирок баягы эл айткан «көзгө чабаардын» тукумдары деген кеп тарап кетет. Ошондон кийин Беккулу атанын тукумдарын айланасындагы эл « Көзгө чабаардын» тукумдары деп атап калышат. Ошондон бери Беккулу атанын тукумдарынын атына «Көзгө чабаардын» тукумдары деген ат жармашып балакет болуп кетпей калыптыр.

Бизди төрөгөн энелерибиз да, апаларыбыз да, жеңелерибиз да, келиндерибиз да «мен көзгө чабаардын тукумдарын төрөп жатам» деп сыймыктанышат экен. Анан эмне кылат алар да кан-жаны менен көзгө чабаардын тукумдары болуп калбадыбы. Алар көзгө чабаардын тукумдарын арбытыш үчүн бүлө болуп келген эмеспи.

Бирок баарыңарга айтам урушсаңар көзгө чабышпай эле жөнөкөй элдешип ала көргүлө. Анан касиеттү ата –бабанын санжырасын унутпай анда-мында кобурашып айта жүргүлө.

Жана түбүлүктүү көзгө чабаардалрадын тукуму бактылуу болгула! Күндөн-күнгө саныңар арбып, асты жаманчылык көрбөгүлө! «Баягы көзгө чабаарлардын тукуму кыйын чыкты» деп атагыңар жер-жерге угулуп даңкыңар чыксын!


АСКАНЫН ЫЙЫ


Мен уулум менен кой кайтарып Тескей тоодо жатам. Бет алдымда нечен кылым жашап, көптү көргөн карт аска бой керет. Уулум экөөбүздүн атыбыз көк чөпкө тоюп ары жакта ысык күнгө үргүлөп уктоодо. Койлор аркы суунун жээгинде чоң-чоң таштардын түбүндө күндөн коргонуп жуушап жатат. Ободо каргалар, көгүчкөндөр айланып учуп өтөктүн ар кайсы жерине конуп жемин таап жеп жатат. Атам замандан бери карт асканын башын булут чалат. Асканын булут менен тең жаткан жерин каардуу бүркүт айлана үн салып шаңшыйт. Береги асканын үңкүрчөсүндө кыраан ар кандай чырпык, бадалдын сыныктарын чогултуп, уя салып алганы көрүнүп турат. Бул жерге уя салуу кыраан үчүн кубаныч анткени ага эч ким жете албайт. Бир жетсе ага булут жетет. Соккон жел жетет жана башындагы куштар жетет. Кышкысын аскага шамал үйлөп, тынбай зуу-зуу , дуу-дуу деген дабышы жанып, өзүнүн ырын ай-ааламга даңазалап турат. Ал эми жайкалып таза жел аймалап жамгыр бетин тазалап, ысык күн какшыта тиет. Бул биздин ата-бабаларыбыздын карт аскалары далай болумуштун көп тарыхтын күбөсү. Бизден ары Сорок-Таш андан ары Ат –Жайлоо. Анан Чоң Ашуу андан ары Кара-Каман. Береги суунун аркы өйүзүндө соройгон эки таш турат. Төрөкелди атабыз ушул жерге кой кайтарып, ушул жерге эс алып, учтуу таягы менен береги таштарды тык-тык уруп калчу экен. Тээ берегиде биздин балалыгыбыз өткөн Ак-Эчки тоосу сороёт. Көпөлөк кууп жүргөн балам бир кезде менин жаныма келип отуруп:

– Ата тээ береги аскадан Сулайман ата учканбы.

– Ооба балам, Сулайман аскасы,-деп аталат.

– Сулайман деген ким болот?

– Илгери бир жигит ушул аскадан учуп каза болгон.

–Анан аска ошондон аталып калганбы.

– Ооба балам, ошондой болгон.

– Ошондой болгон балам мунун баарын сен чоңойгондо билесиң.

Балам бир жерге тура албай кайра көпөлөк кууп ойноп кетти. Менин эсиме тээ небак жылдарга сиңип кеткен элестер көз алдыма чубуруп келе берди. Кандай болду эле. Ошондогу элестер улгайып, көз алдыма закымдап чубуруп келе берди. Келе берди. Мен тиги карт асканы карадым. Карт аска мени карады. Карт аска мени карап томсорот. Карт аска айтты:

– Айланайын балам, мен баардыгын көргөм бирок менде тил жок тил болсо баардыгын сага айтып бермекмин.

Андан бери түзөңдө ала-сала күркүрөп-шаркырап Чоң Таш суусу менменсинип агып жатат. Ал эмне деп агып жатканы белгилүү ата-бабанын санжырасын айтып агып жатат. Бул шар суу жөнүндө мындай ыр чыгаргам.

Мен ойлоном,

Чоң –Таш суусу шар агат.

Суунун үнүн толкунданып угамын,

Суу да агып мезгил сымал аркырайт,

Баардыгын тең ушул жерден туямын.


– Айтчы тууган шар суу агып жатабы?

– Ооба дайра ага берип күү курайт.

Өкүмдөнүп суудай улап өз жолун,

Өмүрүбүз күлүк минип жол улайт.

Менин көз алдыма өткөндөгү элестер закым болуп чубуруп келе берди. Мен бул баянды оюман чыгарган жокмун. Мурункулардан уккам. Ошол баян кечөө өткөндөй болуп менин жадымда калыптыр.

Беккулунун тукуму Баястан анын тукумдары тарап, Ыстам деген киши болуп, анын Ыбырай жана Сулайман деген эки уулу бар экен. Ата балдарына каниет кылып, «ушул балдарым аман-эсен болсо келечегим алдыда» деп ойлонот. Ыбрай жаш кезинен эле мал бакканга ал эми Сулайман аңчылыкка, тузак салганга жана жан дили менен мергенчиликке кызыгат. Ал тузак тартып, кекилик, чил, улар, коён кармаганга аябай ышкыбоз болот. Кийин ал мылтык саттырып алат. Ал аңчылык кылып жүрүп, ар бир жаныбардын жашоо шарт тиричилигин өздөштүрүп алат. Бир күнү ага ата-энеси айтты:

– Балам, жаныбарларды сактачы алардын да убалы болот,– деди. Ал бир күнү эликтин чаарчыгын кармап алды. Жаныбар дайма аны ээрчип алаар эле. Бала жаралуу жаныбарларды аяган. Бир жолу мындай бир окуя болду. Каргалар, көгүчкөндөр чуру- чуу үн салып, асманга көтөрүлүп айланып учуп калды. Ошолордун арасында эки ителги пайда болуп көгүчкөндөрдү тээп жатты. Анан эле бир көгүчкөн калдалаңдап учуп келип баланын алдына түштү.

– Ата, көгүчкөн кармап алдым буту сынык окшойт

– Балам, аны өлтүрбө, айыктырып кайра тобуна жибергин.

Бала аны көпкө бакты анан тобуна кошуп жиберди.

Андан кийин көп убакыт өттү.

Мезгил жаз айы болчу. Небак жер жылып, көк чөп өнүмдөп калган. Бир күнү эне:

– Уулум бой тартып келатасың, үйлөнсөң экен, колум узарып келин жумшайын.

– Энеке, үй-турмушубузду оңдоп алалы, аң уулап тери сатам.

– Үйлөнө бер уулум, куданыкын кудай камдайт.

Ошентип мезгил өтө берди. Алардын үйү Иймекте болчу. Саздан ары Жер- Үй суусу казганактап агып жатат. Ошентип Ыстамдар эл менен кошо Арпа-Тектир жайлоосуна көчүп келди. Эл бээ байлап кымыз ичип, тирденип калышты. Бир күнү Сулайман энеси менен кошо Күн-Тийбес жайлоосундагы жылкычынын үйүнө келди. Анын Айнагүл деген кызы бар экен. Жигиттин көңүлүнөн ошол кыз кетпей койду. Сулайман бир күнү эртең менен эрте туруп, Арпа-Тектирдин Күн-Тийбес тарабындагы аң уулап жүрүп, жылкы айдап келаткан баягы кызды көрдү. Жылкычы кыз күлүк үстүндө учуп-күйүп келатып анын жоолугу шамалга желбирттейт. Жоолугу кызыл, көйнөгү жашыл, өтүгү бир укмуш. Кыз кээде адамга, кээде чүрөккө окшошот.

Бир күнү Ыстамдын эки койу тоодон жоголуп кетти. Сулайман койду издеп атчан жылкычынын конушундагы малчыларга келди. Ал кымыз ичем деп жылкычынын үйүнө кире калды. Кыз кара тоголок тартып, учкул көздөрү балбылдап, жигиттин көңүлүн өзүнө буруп алды. Ал гүлгө да окшошот. «Ушундай гүлдү кайдан көрдүм эле» деп ойлонду.

Эне байкуш баламды көзүмүн тирүүсүндө үйлөнтсөм десе эки көзү төрт болот. Үйлөнүүнү эки тарап ушул күздүн аягына болжоп койушту. Жигиттин көңүлүн ошол селки ээлеп алды. Ал бир күнү өзү көргөн аскадан топ гүлдү көрүп, ошол гүлдөр кыздын элеси болуп көрүнүп туруп алды. Гүлдөрдүн кыймылы бир укмуш бирде абада назик желбиресе, бирде абада тынч албай баягы жылкычы кыздай жылкы айдап бараткандай сезилет. Кыздын баягы жылкы айдап бараткан элеси анын жүрөгүндө көңүлүндө түбөлүк калып калгандай…

Ал бир күнү түш көрдү. Ал аскадагы гүлдү көрдү. Гүл Сулайманды үзүп алчы деп чакырып туруп алды. Жигиттин көңүлү ошол гүлдү үзүп алышта болгон.

Жакыр үй-бүлөлөрдүн бирин-экин малдары төлдөп сүткө жетип калган. Ыстмадын үй-бүлөсү тамак аш жактан кичине кыйналып турган чагы эле. Эки уй жакында төлдөйт. Уй төлдөсө болду сүт- айранга жетип жакшы жашап калышат.

– Жылкычыныкына барып кымыз ичип туралы.

Сулайман уурутунан жылмайып койду. Ата энелери сөз бекиткен. Буюрса ушул күздө эки бала баш кошмок. Куйдай буюрса ал учур деле алыс эмес.

Күн көптөн бери ачылбай, үстү-үстүнө суук болуп туруп алды. Айрыкча сөөк какшаткан шамал Ат-Жайлоо ашуусу тараптан тынбай байма-бай согуп жатты. Адамдар калың кийимин күпүйө кийинишип турмуштарын өтөп жатышты. Антпегенде эмне кылат бирин-экин тирдик бар эмеспи. Сулайман таң заарынан туруп, өйүздөн тезек терип келди. Антпесе болбойт суук кезде түтүн булатып туруш керек. Өздөрүнө жеткендей бирин-экин малдары бар. Эне күйүмдүү баласына жалынып:

– Кагылайын уулум бой тартып келатат. Үйлөнүп алса мени көр кылчу кебетеси жок.

Чай ичип бүтүп Сулайман энесине:

– Эне мен кекилик чил, уларга тузак тарткам, бир нерсе түшкөндүр көрүп келейин.

– Балам барбачы күн суук болуп аба-ыйрайы бузулуп турат, суукка урунуп каласың го.

– Барып келейин энеке, тузакка бир нерсе түшсө түлкү жеп кетет.

Ошентип Сулайман түштөн кийин тузактарын карап келгенге чыгып кеткен…

Анын ар кайсы жерде тарткан кылтактары бар эле. Сулайман жүрүп отуруп кычыкка келди. Бул жерге кекиликтер топ-тобу менен келип, жем жеп кетет. Ырас эле тарткан желеге эки кекилик түшүптүр. Аларды алып желени кайра тартып койду. Эмки сапарын ал Ак –Эчки тоосуна карай бурду.

Күн суук бирок үшүгөн жок кыймыл жасап келатпайбы. Анын үстүнө кубанычтуу келатат. Желеге эки кекилик түшүптүр үй-бүлсөүнө азык. Уларга тарткан желелер турат. Эч нерсе түшкөн эмес экен. Канаттуулар башка жактарга оттогону кеткен окшойт. Бирок бул жакка келбей койбойт. Ал желесин кайра оңдоп тартып сапарын Сорок- Таш жайлоосун карай бурду. Бул кезде тээ алыскы тараптар көрүнбөй айлана күүгүгө оронуп келатты эле. Жарыктык шамал энебиз басылбай согуп турат. Караандай суук денени какшатат. Күн дагы жылымык тартып жайдын сонун учурлары келсе экен. Анан күз сүйкүм кызына үйлөнүүчү учур келет. Анын эсине сүйгөн кызы Айнагүл келе баштады. Ал гүлгө окшош болчу, андай гүлдү кайдан көрдүм эле… Тигил аскадагы өскөн гүлчү. Баса ошол аскадагы гүлгө окшош. Ал кадамын ылдамдатып басып келатты. Аска кандай абалда экен. Тарткан тузагына бирдеме түштү бекен. Бат эле аскага жете келди. Ырас эле тарткан тузакка бир улар түшүптүр. Ал жерде ар түркүн сонун чөптөр өсчү. Уларды кармап денесин бек байлап баштыгына салып алды. Андан өйдө момуя бар чычкандын богунан алып, баштыгына салып алгысы келди. Энеси башы ооруганда ысык сууга кошуп ичсе айыгып калат. Момуядан ары ыргалып баягы сүйгөн кызы Айнагүлгө окшош гүл ыргалып турат. Өсө берсин, бирок жыты кандай болду экен? Гүлдү жаттагысы келет. Бирок ал өтө бийик жерде өскөн ага жетүү Айнагүлгө жеткендей эле кыйын. Ага убакыт керек. Качан убакыт келгенде Айнагүлгө да гүлгө да жетет. Баарысына жетет. Аскада бир тынымга туруп ушуларды эс алып, ойлоп алды. Сулайман ары жылып момуяны алгысы келди. Кичине эле үч карыш жерге жетпей турат. Кичине эле жылса жетчүдөй болот. Алдында бир урчук таш турат. Ошону кармап, анан момуяга жетиш керек. Ал эки жакты карады. үстүдө бой керген бийик аска башын булут челип жатат. Эң эле бийик, алдында чоң-чоң таштар. Ал эки жакты карап башы айланып кетти. Кой мындан ары жылууга болбойт. Андан көрө кетейин. Бирок аны момуя аскырып туруп алды. Ошону алгысы келди. Ал ошол азгырыкка берилип туруп алды. Ал оң ийнин карады. « Кой, аракет кылбай эле кете бер, аны эмне кыласың, жетпей турган нерсеге жетем деп аракет кылба!» Сол ийнин карады «Эмне турасың алдыга жыла бер, акыры момуяга жетесиң, ал сага дары болот». Ал эмне кылаарды билбеди. Ал урчук таштарды кармап момуяга карай жакындай берди. Ал сүйгөн кызына окшош гүлдөрдү карады:

– Кайда баратасың, чеберде алдыңда чоң таштар турат, кулап кетип ага тийбе, карт аска менен ойнобо, сен ойночу нерсе эмес. Өмүрдүн даамын татпай каласың!

– Жок мен момуяны алайын, анын дарылыгы бар экен. Андай дары мындан башка көп эле жерде толуп жатат.

– Кичине эле калдым, астыга жылсам ага жетем.

Жигит алдыга карай жыла баштады. Кичине эле умтулса ага жетип бармак. Ошол кезде шамал дуу-дуу эте катуу согуп кирди. Ошол кезде бир жаман окуя болду. Шамал күчтөнө согуп, жигиттин кармаган ташы бош омкорулуп кетти. Ал сүрдүгө эс-мас ылдый карай кулап баратты.

– Аа…ааа..ааа.. деген жигиттин армандуу дабышы баардык жерге тарады. Ошол армандуу добушту ушул чөлкөм бүт укту.

Ааламда чоң асканын этек жагында бир жаман окуя болду. Жигиттин денеси ташташ-ташка урунуп анын онтогон үнүн шамал алыска-алыска коштоп кетип жатты. Аны менен таштар ылдый карай кулады. Айланага күңгүрөнгөн максатына жетпей калган армандуу добуш таралды. Жигиттин узун чымыр денеси таштан-ташка сүрдүгүп тийип, жүрөгүндөгү бир асыл нерсеси үзүлүп кеткендей болду. Ал ташка башы менен улам-улам тийип эс учун жоготту. Эс учун жыйып ташты кармайын деди. Ага алы келбеди. Оозунан суубу, каныбы агып жатты. Өйдө турууну ойлоду, тура албады. Аскадагы өскөн жанагы гүлдөр, а түгүл аска да жигиттин абалына кайгырып ыйлап жаткансыды. Эмне кылат адам да, жаратылыш эненин бир бөлүгү эмеспи. Ал эс учун жоготуп, көмкөрөсүнөн ошол жерде жатты. Анан аны жаны бийик аскага карай көкөлөп өйдө учуп кеткенсиди. Гүлдөр да карт аскада шолоктоп ыйлап далайда басылды. Шамал такыр басаңча болуп калгансыды. Асмандагы булуттар кайдадыр бир жактарга айдалып, теңир көк ачылып, жылдыздар жымыңдап анын ыйык өлбөс нуру жерге чачыла баштады. Айлана тарапты түн толук басып эч нерсе көрүнбөй калды. Бир гана батыш тарап агарып эртең күн ачык болоорун айгинелейт. Анан эле үкүнүн кооптуу үнү угула баштады. Шүмшүк үкү бул коюу түндө эмнени кабарлап жатат. Өлүмдүбү же өмүрдүбү? Эмнен кабарлап жатасың?– деп андан сураган киши болбоду.

Суунун жээгиндеги өтөктө эки боз үй. Ыстам катуу ооруп аны Ыбрай Молдого жакага алып кеткен. Үйдө эне жалгыз. Анын санаасы бир жерге токтоло албай уйгу-туйгу болот.

– Балама эмне болду мынча кечикпейт эле го?

Ал кошунасынын үйүнө келди. Болгон окуяны айтты. Үйдөгүлөрдүн баардыгы бушайман боло баштады. Айрыкча ата бушайман болуп балдарына:

– Эки жакка чыгып карагылачы, бир жерде болбосун, балким кечигип жаткандыр.

Кошунанын балдары көп жерди кыдырып чыгышыты.

– Сулайман кайдасың?

– Сулайман…

– Сулайман… Сулайман…

Ушул ат айланага тарап жатты.

Жооп жок. Бир гана мемиреген тынчтык.

Көп жерди кыдырып балдар үйүнө келишти. Кошуналар дагы, эне дагы уктаган жок. Балага эмне болду…? Качан келет…?

Эне үргүлөп уктап кетет. Элес-булас түштөр кирет. Бирде баласын көрсө, бирде карышкырды көрөт. Айтоор чалды-куйду элестер. Эне оордунан туруп, сыртты карайт. Караңгы түндө «балам келип калабы»– деп, эки жакты элеңдей берилүү менен тыңшайт. Баласын жаманчылыкка эч убакта кыйбайт. Эненин жүрөгү шекшимал тартып кандадйдыр бир нерседен коркот. Бирок көңүлүнө кайрадан үмүт жанат. Балким келип калаар. Ал тирүү эле. Тирүү.

Ошентип таң супа салып, жылдыздар сапарга кетип, ак чабарман келип жерге жарык нуру төгүлө баштады. Кошуна Алаштын, Ысабектин балдары эки жакка сапарлап чыгышты. Чоң чокуга барды баардык жерди кыдырып көрүштү. Акыры асканын түбүнө келип, муздап калган жигиттин сөөгүн табышты. Эне менен ата аябай кейип алардын күнү түнгө айланды.

Аскадагы назик гүл самаганына жетпей калган. Ал шамалда кыймылдап, дир-дир этет. Арманын айтайын дейт. Бирок арманын айта албай калган. Эне менен ата багат деген уулунан айрылып эсине келип-келбей турду.

Бул жердеги адамдар ошол жигиттин аты өчпөсүн деп асканы «Сулаймандын аскасы» деп атады. Улуу аска бой керип турат. Бул жерди кимдер гана көрүп өткөн жок. Ал биздин ата-бабаларыбыздын тарыхы.

Ошол аскадан учуп өлгөн мерген жөнүндө мындай бир ыр жаралган

Учуп кеткен жаш мерген,

Улар алам деп аскадан.

Жалбарыңкы тагдырды,

Жаратканым ыйгарган.

Жаратканым адамдын,

Кайгысын сезип ар чакта.

Жаш мергенди жоготуп,

Жашын төгөт карт аска.

АТЫГАЙ АТА

Беккулу атанын тукумдары Тоңдун үстүнкү өрөөнүндөгү Кара Көңдөйдү конуштап, бул жердин сырын жакшы эле билип калгандай болушту. Бул аймак аларга түбөлүк ырыскыга берилген жердей болду. Же аталар мал багып, энелер бешик терметип, бешик ырын ырдашып, Беккулу атанын тукумдарын чоңойтуп, ушул жер шарындагы бир кичинекей жерин байыр тутуп жашап калышты.

Түмөнбай айтты:

– Бул Кара Көңдөй жер биздин ырыскыбыз ушул жерден биздин кийинки тукумубуз таралат.

Кулет ата бакылдады:

– Кара Көңдөй бешикке окшош жер ушул жерден тукумдарыбыз таралат.

Канай бакылдады:

– Биз эми башка жакка кетпейбиз.

Ураалынын жээни Жаркымбай айтты:

– Көп эле жерди көргөм мындай сонун жерди көрбөгөм.

Аймандын уулу Абылай айтты:

– Жайлоолору эмне өзүнчө эле ыр ташкындап турат. Кийинки балдарыбыздын киндик каны ушул берекелүү жерде калат.

Беккулу атанын тукумдарынын ичинен Түмөнбай, Канай, Кулет, Абылай, Жаманак, Боштай ушул адамдар бир-биринен өткөн ата-бабанын санжырасын сүргөн адамдар эле. Койсойбостун уулдарынын ичинен Канай тың чыкты. Башка журттар менен алыш-беришти жөнгө салып турган. Бөргөтөн менен Эсенгул ары чечен ары акын чалыш болуп өстү.

Биздин эми сөз кылуучу баяныбыз Мамай атанын уулу Атыгай атанын акыркы тагдыры жөнүндө баян куруп кетмекпиз. Атыгай атанын жайкы жайлоолору: Тепши, Чоң-Тепши, Котур- Төр, Күн-Тийбес, Чоң-Таш андан аркы жайлоолор. Анын балдары, неберелеринин ушул жерде көпөлөк кууган издери, кой кайтарган күндөрү эстен кеткис болуп калды. Атыгай ата сан жылкылуу, койдон күттү канчаны, уйдан күтүп канчаны күтүрөгөн мал жандуу болуп калды.

Бул күндөр улуу үркүндүн асты эле. Кыргыздарга жебирейил азап күндөр жакындады. Казак орус деген пайда боло баштады. Алар кыргыздарды таш доорунда жашаган маданятсыз жапайы эл деп эсептеп, жер үстүнөн кырып салып, турагын ээлеп алгысы келди. Америкадагы индецтерди актар кыра баштады. Алардын байыртадан бери жашап келген жерлерин тартып алып жапырт жогото баштады. Такыр кырылып түгөнбөй койгонда ал элге чечек ар кандай оорулардын түрүн таратып, аёсуз канкордук менен жоготууга өттү. Ушундай эле кыргын Австралия материгинде болуп жатты. Орустардын жери бир кезде аз эле болгон эми бүтүндөй Сибирди каратууга өттү. Ал жердеги кыргыздардын бир уруусу болгон алтайлыктарды, кахастарды, шорлорду жана башка элдерди кырып жок кылып, християн динине сордоп өткөрүп, а түгүл алардын атын такыр өзгөртүп, Иван, Алексей, Василий, деген орустун аттарына зордоп өткөрүп өздөрүнүн ата-тегин, байыркы санжыраларын такыр унута баштап алар чочко жеген орустарга айланып чыга келди.

Ушундай эле азаптар кыргыз жеринде болуп өттү. Улуу үркүндөн тарыхчылардын эсептөөсү боюнча кыргыздардын көбү кырылып жок болгон экен. Ал эми кытайга үркүп баратканда кордук көрсөткөн калмактардын азабычы. Кыргыз эли улуу үркүндүн учурунда бүтүндөй азап-тозокко учурады. Кыргыздар балдарын бир бадыбот талканга саткан күндөрү болбодубу. Бул азаптуу күндөн Улуу орус революциясы бошотту, же улуу В. И. Ленин бошотту. Улуу Лениндин нуру менен кыргыз өзүнчө эл болуп түзүлдү. Азыр кээ бир кыргыздар бул адамдын эмгегин унута башташты.

Биз эми сөзүбүздүн маанисин башка нукка буралы. Атыгай атанын ошол үркүндөгү тагдырын айта кетели.

Мамайдын уулу Атыгай Көңдөй жеринде өзүнүн акыркы өмүрүн өтөп ал чоң байлыкка жетет. Акыры адамдын башына карылык келет экен Атыгай атага да айттырбай буту, колун, кайрат күчүн алып карылык келди.

Карыянын көңүлү ачык, жүрөгү тунук бир гана буту колдо кайрат жок. Ал сүйөп, таяп басуу менен алек. Түн ичинде уктай албайт. Төшөктө жатты эле бир шектүү үн чыкты. Ушул чөлкөмдө үкү, бабырган, байлуу үкү учуп жүрдү эле, ошол үн берип жатабы? Түндүн канаттуу жырткычы ошол тамак издеп жүрөбү. Карт адам боз үйдө жатып ошонун үнүн эшитти. Булардын көзү түн ичинде жакшы көрөт. Эркеги экен ургаачысын чакырып жаткан шекилдүү. Тоолуу жерде жашагандыктан куштардын сырын жакшы билчү. Өзү деле далай жылы куш салып, тайган агытып аңчылыкты жакшы көрчү. «Жарыктык үкү жаныбардын түндүн кырааны. Ал эми бүркүт күндүзгү баатыр эмеспи. Үкү менен бүркүт башынан бир-бирине каршы, үкү бүркүттүн жемсөөсүн жарып салса, бүркүт үкүнүн мойнун жулуп алат. Үкүнү түн ичинде аңчылыкка үйрөтсө болот. Бирок бутуна кичинекей коңгуроону байлап коюш керек адам анын каякта жүргөнүн ошол дабыш менен билсе болот. Үкүнү коёнго салса болот.

Байлуу үкү дале дабыш берип жатат. Дабыш өтө кооптуу жана сүрдүү туюулду. Карыя ойлонду, « Бул эмне менин өлүмүмдү кабарлап жатабы?» Ал өз өмүрүн эстедеи «Эмнени көрдүм, эмнени көргөн жокмун. Эмнеге жеттим, эмнеге жетпедим? Дос күттүм, тууган күттүм. Баарын күттүм. Тагдырым экен бала чакалуу болдум. Эл орустардан үркүп кытайга качып жатат ушундай оор кезде менин тагдырым эмне болот. Мени кантип эми Кытайга алып кетет. Балдардын кыйнабай эле алардын алдына кетип сөөгүм ушул жерде калса гана? Артымда эмне арманым калды. Балдары, неберелери уктап жатат. Байлуу үкү дале тынбай үн салып жатат. Анын үнү өтө кооптуу, өтө өкүнүчтүү сезилет. Ушул оор кезде балдарга жүк болуп, кытайга карай кетемби? Үкүнүн шектүү дабышы дале чыга берип, оорулуу карыяны миң сан ойлорго жетелеп турду. –Каапыр балапанын жоготконго, же түгөйүнөн ажырап калганбы, мынчалык үн салбайт эле го?

– Гүү…гүү…үүү …гүү…

Карыяга анын үнү ажал сыяктанды. Бир кезде үкүнүн үнү чыкпай калды алыс учуп кеткен шекилденет.

– Башыңы жегир куш эмнеге үн салат же ажалдын кабарыбы.

Анан эле ит улуду. Ал көп ойлорду ойлоп анан үргүлөп уктап кетти. Боз үйдүн түндүгүнөн жылдыздар жымыңдайт. Анан карыя үсүл-кесил үргүлөп кетип, түш көрдү. Түшүндө боз үйлөрдү семиз букалар сүзгүлөп өрттөп жатыптыр. Карыя ойгонуп кетти. Аябай тердеп суусап калыптыр. Жатаарда жылкынын этин жеди эле ошондонбу!

– Түндөгү түшүм түлкүнүн богу болсун. Эл журттун башына көрүнбөсө экен. Анын оюунан жанагы түш кетпей турду. Бул эмне деген түш бала болсо унутуп калат эле. Улгайган адамдар түшүн кантип унутат. Карыя түшүн балдарына айтып берди.

Күн суук асман ала бүркөк. Тоонун суугу калтырата денеден өтөт. Ылдыйкы төө көрүнгүс калың чий анда ар кандай илбеесиндер көп. Жер –Үй жактан бир атчан катуу чаап келатат. Карыялар Кызыл-Дөбөнүн башында жай баракат маек куруп отурган эле. Атчан катуу келатат деги журтка тынчылык берсе экен.

– Бул кимдин баласы болду эмне мынча катуу келатат. Журтка тынччылык берсе экен.

– Жөн келаткан жок бир катуу кабарды айтканы келаткан адам окшойт.

– Ушундай учурда журт тынч жашаса экен.

– Арбак колдой көр атчандын жүрүшү эң эле катуу.

– Жакшыгабы, жамангабы?

– Берилеп келсин эмне кабар болсо дагы уга жатабыз.

Бир атчан анын артынан дагы бир атчан чаап келатат. Экөө тең кара атчан экен. Отурган карыялар оң даалаттан кетип эмне кылаарын билбей калды. Журт чайпалчудай болду. Эмне кабар болду экен? Эки кара атчан элге жакындай берди. Кара атчандардын артында кузгун куркулдап, карга каркылдап кошо учуп келатат. Аларды карга менен кузгун узатып келатты. Атчандар дөбөнүн этегине келип ыргып түшүштү. Шайдоот жигиттер чуркап барып аны тосуп алышты.

– Орустар, казак-орустар кыргыздарды кырып жок кылып келатат. Кокуй журт кытайга карай жаныңарды сактап качкыла, алар эч кимди аябай кырып келатат. Кокуй журт кытайга карай качкыла, же болбосо кырылып каласыңар. Баскынчылар Коңур Өлөң тушта келатат. Жакындап калышты. Чабаган эс алып, суусундук ичип, андан ары жол улантты. Көп өтпөй мал айдаган арбын көч чоң ашууга карай баратты. Бул жердеги Беккулу атанын тукуму өгүз, аттарын белендеп алар да көчүп жөнөштү. Ошентип чоң башаламан азап күн башталды.

На страницу:
22 из 24