
Полная версия
Адамдын Асыл ойлору
* * *
Дүйнөдө эмне өкүнүчтүү десем, жакшы өтүп кеткен күндөр өкүнүчтүү экен. Анткени, ал кайра келбейт экен. Келсе да дал ошол калыбында келбейт экен.
* * *
Жайлоодогу калып калган очогубузду карап, ошол очоктун жанында өткөн күндөрүбүздү эстегибиз келди. Ошол очокту жаккан энекебизди эстегибиз келди.
* * *
Бир жылда үч жүз алтымыш беш күн бар, бири-бирине окшош өткөн күндөр эсте калбайт, бири-бирине окшобогон күндөр адамдын эсинде түбөлүк калат.
* * *
Адамдардын баардыгы көрүнүш үчүн бакылдап сүйлөп жатат. Алардын арасында бир гана адам сүйлөбөй ойлонуп отурат. Демек ошол маданияттуу жана акылдуу пенде. Ал сүйлөсө такыр башкача сүйлөйт.
* * *
Адамдын рухунун, жан дүйнөсүнүн оңолушу анын денесиндеги бардык кубулуштун оңолушу.
* * *
Бийлик адилеттүүлүгү менен жагымдуу, өмүрдүн уланыпы жагымдуу, жакшы күндөр өчпөстүгү менен жагымдуу.
* * *
Чөлдө чаңкап суусап келаткан жолочунун эсине, өзү өскөн салкын тоосунун мөлтүр булагы оюна келиптир.
* * *
Адам бар же жок. Бар болсо, жашап жатат деген белги.
Жок болсо, жашоодон өтүп кетти деген белги.
* * *
Эч ким бара албаган, эч ким чыга албаган, жерде улуу ачылыштар бар. Андай жерге улуу адамдар гана аттанат.
* * *
Ээн талаага койдун корголу калат, жакшы өткөн адамдын артында жакшылыгы калат, эч нерсе иштебей кеткен адамдын артында эмне калат?
* * *
Жалгыз дарак жалгыздыгы менен армандуу, анын жанына башка дарактын өспөй калганы армандуу, аны карап турган адам дагы армандуу.
* * *
Арабыздан жакшы адам келбес жакка кетти, ал өзү кетпей, жакшылыгын бизге таштап кетти.
* * *
Шаар ичинде сайраган куштун үнүнө караганда, чөлдүү жерде сайраган куштун үнү мукам. Анткени ал өзүн эркин сезип, добушун жагымдуу мукам чыгарат.
* * *
Сүйүү бул таза нерсе, ал булганыч жерде жаралбайт.
Булганыч жерден, ал булганып калат.
* * *
Ызы-чуудан чарчаган адам жымжырттыкка умтулат.
Аялы чанган эркек жакшы аялга умтулат.
Жардылыктан чарчаган адам байлыкка умтулат.
* * *
Турмушта комедия, драма, трагедия өтө көп болуп келген. Жашоо ошонусу менен армандуу жана кубанычтуу. Анан адам баласы ошондой чыгарманы аралап жашайт. Турмуштун өзү деле жазыла элек чыгарма.
* * *
Адам кандай болсо анын сүйлөгөн сөзү ошондой, сөз адамдын акылы менен анын ойлонуусунан жаралган керемет. Сөз эч убакта кармалбайт. Кереметтин учкуну көңүлдө гана кармалат.
* * *
Өзү өскөн жерине батпай калган күнөөлүү адамга, үйү да тар болот. Ага кенен көчөсү да, тар болот. Көчөсү эмес бүткүл айылы тар болот.
* * *
Күн алыс, бирок анын чачкан жарыгы биздин жүрөгүбүзгө жакын. Жалганга караганда чындык адамга жакын.
Алыскы жылдыздарга караганда ай жерге жакын.
* * *
Жакшы сонун жасалган буюм кичинекей эле болот. Ал ошонусу менен көркөмдүккө бөлөнгөн.
* * *
Талаанын турмушун өскөн шыбак айтып берет.
Тоодо өткөн турмушту койчу айтып берет.
Аты өлүп, талаада калган жолочу, башындагы арманын айтып берет. Кыскасы айтылбай калган нерсе болбоду.
* * *
Кытайдан качып келген Алманбет баатырдын арманы жалпы кыргыздарга сабак. Кыргыздар өз баатырын батырбай башка жакка качырса, ал андан бетер сабак.
* * *
Жакшы өнүккөн өлкөдө жакшы жаңылык бар, а өнүгө албаган жакыр өлкөдө эмне жаңылык бар?
* * *
Көз жаштын артында оор тагдыр жатат.
* * *
Сапар келип тоодогу таш короону көрдүм, Ата-бабамдын жашоосун көрдүм, анан өзүмдүн балалыгымды ккошо көрдүм.
* * *
Асыл ойдун касиети тоодой ойду ичине батыргандыгында, Тоодой ойдун улуулугу анын тереңдигинде.
* * *
Мээримдүүлүк менен достук болгон жерде сөзсүз бир жакшы нерсе башталат. Ар кандай сонун иштер бизге ошол жактан келип турат.
* * *
Чындык оңго, жалган солго кетти. Баардык китептеги жомок ошондой башталып, ушундай бүткөн.
* * *
Жек көрүү, арам саноо, көрө албастык жүрөгүмө кайдан келди, аны дагы изилдейин, жаркын үмүт, жакшылык, берешендик, кенендик жүрөгүмө кайдан келди, муну дагы изилдейин.
* * *
Мен ага эчтеке деген жокмун, ал мага бир нерсе айткан жок, биз үнсүз сөзсүз гана коштоштук…
* * *
Макоого менин айтканым түшүнүксүз, анын мага айтканы түшүнүксүз, экөөбүз үчүн бул дүйнөнүн баары түшүнүксүз
* * *
Элет жер. Бир гана куштар, бир гана тынчтык
– Куштар кандай жашооңор жакшыбы?, – дедим.
– Жакшы биз тынчтыкта жашап жатабыз, – дешти.
– Тынчтыгыңарга береке берсин силер тынч болсоңор биз да тынчпыз, – дедим.
* * *
Бир кары айтты:
– Бүтүндөй өмүрүм тоодо мал багуу менен өттү. Досум-жамгыр, иним-шамал, кошунам-туман, өлөң төшөгүм, асман менен жер. Ырчыларым: Бороон менен албууттанган дайранын үнү болгон, – деди. Ошол менин өмүр бою мал багып өткөн атам экен.
* * *
Кел жагымсыз жаман нерсени сүйлөбөй, жагымдуу бир жакшы нерсени ойлонуп отуралы!
* * *
Жаманчылыкты билбей туруп жаңылган адам күнөөлү эмес, билип туруп ошого барган адам күнөөлү.
* * *
Чындыкты айтса, жалгыз адамдын сүйлөгөн сөзү да оорундуу, миң адамдын атынан бир жалгыз адамдын сүйлөгөн сөзү да, андан бетер орундуу.
* * *
Бала энесин түшүндө көрсө, ал сагынычтын элеси, суук кышта жаздын жаркын элесин түшүндө көргөн, ал үшүгөндүктүн элеси.
* * *
Үшүгөн адам «Отун кайда?»-дейт, ачка адам «Тамак кайда?»– дейт, элинин каары жанып, жаалданган журттун эл башчысы «Тынчтык кайда?» дейт.
* * *
Бир жөнөкөй адамга жакшылык кылсаң жалгыз адам сүйүнөт, бир үй-бүлөгө жакшылык кылсаң ата – энеси сүйүнөт, жалпы элге жакшылык кылсаң журт атасы менен кудай сүйүнөт.
* * *
Улуу адамдын тиги дүйнөгө узап кетиши ошол элге келген жетимчилик.
* * *
Күндүн чыгышын токтото албадык, залим ханга каршы элдин толкунун токтото албадык, мезгилдин өтүшүн дагы токтото албадык.
* * *
Чынчыл киши өлгөн, бирок анын жүрөгүндөгү чындык өлгөн эмес.
* * *
Терезеден кирген желден эшик ачылат, пендеге жакшылык чачсаң ал адамдын жан дүйнөсү сага карай ачылат, өнөрдү барктап бааласаң сага таланттын эшиги ачылат.
* * *
Билгенимен билбегеним көп экен, айтканыман айта элегим көп экен, көрбөгөнүмөн көрө элегим арбын экен.
* * *
Жалган атак-даңктан көрө көзү өткөн жакшы адамды эстеген убак улуу, жалгыз бир адамдын чирип жаткан байлыгынан көрө, маңдай тер менен тапкан бир сындырым нан улуу, курк-курк эткен кузгундун үнүн уккандан көрө, булбулдун бир кайрыгын уккан улуу.
* * *
Өз элинин эсебинен байып алган хан, хан эмес ал жөн эле жеп ичкич дүйнөкор адамдын сөлөкөтү.
* * *
Соо убакка караганда оору оор, топуракка караганда таш оор, байлыгың жакшы, жардыга жокчулук оор.
* * *
Кыштын ызгаарынан жаздын жели жумшак, жан ооруткан орой сөздөн, назик сөз жумшак, жокчулук күнгө караганда, бапыраган барчылык жумшак.
* * *
Атанын батасынан айрылган жаман, эненин батасынан айрылган андан бетер жаман, баарынан кудайдын батасынан айрылган өтө жаман.
* * *
Жакыр өлкөнүн эли атты: « Президентибиз бизди талап-тоноп алып качып кетти»– деп арызданышты. Анда ал өлкөнүн эли да байкуш, эли шайлап алган президенти да байкуш, жакырчылыктын өзү деле байкуш.
* * *
Жашоодо жакшы адамдардан сабак алалы, таза тунуктукту тоо суусунан сузуп алалы, өмүрүбүздүн кемчилдигин, өткөн күнүбүздү таразалап андан сабак алалы.
* * *
Көп элдин эсебинен бир ууч адамдардын шаң-шарапат курган жыргалы, жалпы журт үчүн накта тозок.
* * *
Жазуучунун улуу китепти жазганы кубаныч, аны жарыкка чыгарган сүрөөнчүнүн иши андан бетер кубаныч, окуучу ошол китепти окуп жыргалга батканы баарынан кубаныч.
* * *
Бир жетекчинин адашканы тозок, ал эми ошонун кесепетинен миңдеген адамдардын адашканы накта азаптуу окуя.
* * *
Акылмандын оюу кайда умтулат, бийиктин бийигине, тереңдин тереңине, ошол үчүн ал-акылман.
* * *
Мен күч кубаттуу болсом, үй-бүлөм күч кубаттуу болот, үй-бүлөм күч кубаттуу болсо, элим күч кубаттуу болот. Элим кубаттуу болсо, заманам күч кубаттуу болот. Заманамын күч кубаттуулугу мекенимин күч кубаттуулугу.
* * *
Асыл жарга айтуучу сөз бар, жакшы доско айтуучу сөз бар. Эч кимге айтпай, жүрөктө сактап жүрүүчү сөз да бар.
* * *
Адам катуу кайгыга жолугаарда кирпик кагып, көз ирмебейт, арманды күтөт. Бирок, күндү, абаны, тоону, сууну, жакшы адамдарды көрүп туруп жакшылыктан жардам күтөт.
* * *
Мен жакшы адамдарды карап туруп, жакшылык кайдан келгенин билдим. Жакшылык кандай жүрөктөн жаралаарын дагы билдим.
* * *
Эзүү, каар менен башталган бийликтин учурунда жашаганыбызды эстей жүрөлүк, ошол бийликтин кандай бүткөнүн да унутпай эстей жүрөлүк.
* * *
Доор алмашканда алдамчы жетекчилер туйтунат. Жан бакты соодагерлер туйтунат. Бийликке жан тарткан алдамчылар туйтунат.
* * *
Коом өзгөрүдгөндө баара өзгөрөт. Адамдардын турмушу кошо өзгөрүдөт. Адамдар сак болгула! Ушул кезде байкабай жаман жетекчини шайлап албагыла! Жашооңор шал оорусуна кабылат. Сак болгула!
* * *
Бирөө президент болуп шайланганда «Ленинге окшош акылман жакшы сүйлөгөн киши экен»– деп кубанганбыз,Өлкөнү талап-тоноп, элди жакырчылыкка отургузуп качып кетеерин билбей эле мактай берипбиз.
* * *
Кээ бир куштардын ыры бир эле кайрыктан турса, булбулдун ыры миң кайрыктан турат. Аны башкалардан айырмалап турган алтын сапаты ошол.
* * *
Бизде бир журтту башкарган киши өзүнүн аялын гений атады.Экинчиси баласын гений деди.. Алардын элди бийлеп жүрүп, генийлик менен жаралган Манас эпосун окуп чыкканына шегим бар. Манас эпосун билсе, элдин улуу генийлигин тааныса ушундай айтмак эмес.Генийлик журттун байлыгын талап алган буюм эмес. Бул улуу атакты эд берет.
* * *
* * *
Ар дайым адилет, ак сүйлөгөн адамда бир жакшы баш-
талыш болгон.
* * *
Жакшы адам болуу өзүңдөн, жаман адам болуу дагы өзүңдөн. Кыскасы, баардыгы эле өзүңдөн.
* * *
Бирөөгө кылган жакшылыгың эч убакта кирдебейт, жакшылык бул – кир жукпас асыл нерсе, же бир гүлдесте.
* * *
Улуу адамдар өздөрүн жөнөкөй пенделер менен катар көрөт. Демек, жөнөкөйлүк баардык пендени бирдей көрөт.
* * *
Таз жору бийликке келип элдин башына каран түн түштү. Таз жорунун артынан, балта жутаар жорулар, кузгундар, сагызгандар, каргалар жана башкалар учуп жүрүштү.. Эл тонолуп жакыр болуп, айласын таппай калышты. Ошентип журт кыйнала баштады. Элдин колунда таптаган итедгилери, барчындары,кыргый,шумкарлары бар эле. Бир акылмандын колунда кыраан бүркүтү бар болчу.
Акылман:
– Кагылайын кыраан бүркүтүм, мен сени эддин керегине жарасын леп таптагам, Сен эми асманга уч, сенин колдоор жөлөгүң бар, элдин крегине жара деп,-акылман бүркүттү асманга учурду.
Ошондо анын артынан ителги, барчындар, кыргыйлар калбай учуп, таз жлруну, карга кузгундарды ыргыта тээп асман тазарды. Эл акыры эркиндикке жетиптир.
Бул окуя жомокто эмес кадимки эле биздин турмушта болуп өтүптүр.
* * *
Жакшы жүрүм-турумдуу адамдар башкаларга бакыт чачат. Аларга жооп кылып жакшылыкты кайра өзүңө чачат.
* * *
Дүйнөдөн кайткан адам жаман эмес, аны жамандап, ушактап жаткан биз жаман окшойбуз.
* * *
Карааны калдайган бай туугандарың бар экен. Бирок башыңа кырсык келгенде жардамы аз экен. Калдайган караанда кайрат, кубаныч жок экен. Көлөкөдө жашаган элес экен
* * *
Сыйлаган адамга да ыраазыбыз, сый көргөн пендеге да ыраазыбыз, кыскасы кыргыздын сый салтына ыраазыбыз.
* * *
Жакшылыкты көзүң көрөт, айтылган сонун кабарды кулагың угат. Булардын баарына жүрөк кургур кубанат.
* * *
Адамдын жан дүйнөсү оңолмоюн, эч убакта өзү оңолбойт. Кеп оролу ошол жан щүнөдө жатат.
* * *
Сынчылар жакшы китеп жазып кеткен таланттарды эскерсин.Адамдар көзү өтүп кеткен ата-энелерин эскерсин, Пенделер өтүп кеткен досторун эскерсин. Чыныгы жакшы нерселео эскерилбей унут калбасын.
* * *
Начар адамдар бактылуу күндө дос болгон, Кыйынчылык башка келгенде ажырашып жок болгон.
* * *
Эгерде адам ач көз, көрө албас болсо, өз жолун өз шыбагасынан тапсын. Эгерде адам кайраттуу ток пейил болсо, ал дагы өз шыбагасынан тапсын.
* * *
Кудайды эскере жүрөлү, кудайды эскере жүрсөк, дүйнөдөгү улуулукту, жакшылыкты кошо эскере жүргөн болобуз.
* * *
Бир четинен узак жылдардын өткөнү биз үчүн арман, ошол узак жылдарда эмне сонун иштерди иштедик ошону эскерүү биз үчүн кубаныч.
* * *
Чыныгы сүйүү жашыруун келип, жүрөктү түбөлүк уялап ошол жерде бүр ачып, билинбей түбөлүк гүлдөй берет.
* * *
Ийгилик менен бүткөн иш адамдардын жүрөгүнө эргүүнү, кубанычты алып келет.
* * *
Өмүр сүрүү биринчи да эмес, акыркы да эмес ал түбөлүктүү.
** *
Кайсы адам пенделер үчүн жакшылыкты жаратса, ал бактылуу, ошого туш келген адам да бактылуу.
* * *
Адамда төрөлгөн жана өлгөн күнү болот. Төрөлгөн күн «Бул дүйнөгө адам келди» ,деген кубанычтуу жаңырык. Ал эми өлгөн күн бүт өмүрүңү, эмгегиңи жыйынтыктаган негизги жаңырык.
Күрөш бүтпөйт, күрөш дагы уланат, демек жашоо бүтпөйт өмүр дагы уланат. Жашоо уланса, өмүрдүн кызыгы такыр бүтпөйт.
* * *
Биринчи байлык ден-соолук, эгерде ден-соолугуң жок болсо, курап алган тоодой алтының, татымы жок болот.
* * *
Жоготуу бул оор нерсе. Адамдар ошол нерсени кайра калыбына келтириш үчүн аракет кылып жатат, Пенделер жоготууга жол бербей, жакшы нерсени түзүш үчүн жашап жатат.
* * *
Чиркей бир адамдын канын сорот, ал да коркунуч, жегич адам коомдун байлыгын сорот, бул да коркунуч, тигиниси да, мунусу да коркунуч.
* * *
Жашоо таң калаарлык, анткени ал күрөш менен жык толгон,талбаган күрөштүн өзү дагы таң калаарлык.
* * *
Күрөш, эмгек, сүйүү – бул өмүрдүн өчпөс уландысы.
* * *
Анын мага берген жардамын жүрөгүмө сактап, жүрөгүмө катып келем, бул жакшылыктын унутулгус элеси. Бул адамдын адамга берилген баягы эле унутулгус элеси.
* * *
Базарда иштеп жүрүп баарын көрдүм. Араба сүйрөп эптеп үй-бүлөсүн баккандарды көрдүм, араң соода кылып кара жанын баккандарды көрдүм, Бийликтин артынан бүтүндөй базарды ээлеп алгандарды көрдүм, Комуз чертип, кыяк тартып, эптеп акча чогултуп жүргөндөрдү еөрдүм. Оорулу болуп, кайыр сурап жүргөндөрдү көрдүм, кыскасы баарын көрдүм.
* * *
Сен бакыт барсыңбы? Мага качан кабар бересиң? Ар бир адам ушул жардамды күтө берет.
* * *
Жүрөгүнөн жылуулук чыгара албаган киши башка бирөөдөн жылуулукту күтүшү кыйын иш.
* * *
Чыгармачылык керемет, ошол чыгарманын кереметин сезгендик андан бетер керемет.
* * *
Жакшылык өзүнө-өзү жар салып, анан башкалардын жүрөгүнө өтөт. Жакшы адамдын жүрөгүнө жакшылык тез өтөт.
* * *
Ыйлап жүргөндөр күлөт, кайгыргандар кубанат, коркоктор баатырдыкты жаратат, мунун баары жашоонун жеңиши.
* * *
Бөтөн аймактан туулган жеримдин бир ууч топурагы, төрөлгөн жеримдин бүткүл топурагынын касиеттүү элесин бергендей болду.
* * *
Сөздү кулак угат, окуяны көз көрөт, уккан жана көргөн нерседен адам бир жакшы жыйынтык чыгарганга аракет кылат.
* * *
Жакшылыкты көзүң көрөт, айтылган сонун кабарды кулагың угат, булардын баарына жүрөгүң кубанат.
* * *
Сынчылар жакшылыкты, жакшы китеп жазып кеткен таланттарды эскерсин, уулдар көзү өтүп кеткен ата-
энени эскерсин, кыскасы адамдар бири бирин унутпай эскерсин.
* * *
Баланы энеси кайгы, капа, муң, арман үчүн төрөбөйт. Ошону ар бир пенде эстей жана унутпай биле жүрүш керек. Кайгы, капа, муңду адамдар тагдырга өзү жаратат. Жакшы адам башкаларга жакшы сезимди жаратат. Ал ошонусу менен бактылуу.
* * *
Байкабай калып кырсык жараткан адамдын кемчилдигин кечирген бул улуулук. Бирок ошол кечиримдүүлүктү унутпай эстеп жүргөн дагы улуулук.
* * *
Күн, өмүр, суу, аба, үмүт, кубаныч, келечек, эмгек – ал биздин жашообуз жана ал биздин өмүрүбүз.
* * *
Бирөөнүн мага кылган жакшылыгына унчукпай коё албайм.
* * *
Сенин жүрөгүңдө башка бирөөнүн сүйүүсү жүрсө ал кубаныч.
* * *
Мейли Африкадабы, Азиядабы, Америкадабы ач көздүктү, көрө албастыкты, жек көрүүнү алып жүргөн адам жаман көрүнөт. Анткени бул үчөө жер жүзүндөгү баардык адамдардын душманы болот.
* * *
Арыздангандар айтты:
– Жаман адамдар пенделерди кор кылып ыйлатып жатат. Кудайдын көзү аны көрбөй кулагы неге укпай жатат?
* * *
Жеңилип бараткан адам кимге таянат. Кудайгабы? Адамдаргабы? Адамдарга таянат. Адамдар кудайга таянат.
* * *
Улуу эмгектен чыныгы жашоонун булагы менен чындыктын барагы ачылган.
* * *
Күн да узак, түн да узак алар бизге кайталанып кайра келе берет. А жашоодо эмне кыска. Адам пенденин өмүрү кыска. Анткени ал бир кеткен соң кайрылып келбейт.
* * *
Кары адамга жакшылык кылсаң, ал батасын берет. Ал бата сенин көңүлүңө кубаныч себет.
* * *
Таалайлуу өмүр узак болот. Ошол узак өмүр унутулгус эмгек жаратса ого бетер узак болот.
* * *
Өмүр бул: ден-соолук, а ден-соолук айлуу түндө капарсыз ак чөөлмөк ойноп жүргөн балалык.
* * *
Байлыктан мурун ден-соолук болсун, ден-
соолук болсо, байлыкты курап алыш колдон келет. Бирок байлык ден-соолукту чыңдаганга жардамга келет.
* * *
Айрым адамдар ден-соолугуна маани бербей эрте кеткен. Алар ден-соолугунан мурун, өздөрүнүн өмүрүнө маани бербей кеткен.
* * *
Жокчулук кайда десем ал биздин элде эле жашап жүрүптүр, эл башчысы, жогорку бийликтегилер, депутаттар элди тоноп алып жүрүптүр. Элдеги жокчулукту ошолор жаратыптыр.
* * *
Мээримдүү адамдар Жаратканга жана жакшы адамдарга жакыныраак болот.
* * *
Мен эмнени самасам, сен да ошону кааласаң, анда биздин үмүтүбүз бир жерден чыккан.
* * *
Адам энеден таза жылаңач, баё төрөлөт бирок, дүйнө, байлык, мүлк чогултам деп булганычты, арамдыкты кийин жаратат.
* * *
Алдуу сонун адамдын жанында жүргөн пенде, коркунучка учурабайт, аны жакшылык коргоп жатат.
* * *
Бирөөгө берген жакшы кеңешиң ал адамды бакытка чакырып, жаманчылыктан сактайт.
* * *
Өзүнүн өтөөрүн билген адам жарыкчылыкты карап туруп, бул дүйнөгө толгон муңду, көз карашы аркылуу таштап кетет.
* * *
Оорубай жашоо бул бакыт анын сырын ооруп азап тарткандан кийин билдик.
* * *
Жаңы жолго түшсөң, эскини ойлобо, эскини ойлогон, жаңылыктын даамын жакшы тата албайт. Ошону ойло!
* * *
Таз жору бийликке келип, элдин башына каран күн түштү. Анткени ал жорулук сапатын таштабады. Жорулук сапат менен эл келише албайт.
* * *
Биримдик болгон жерде, тынчтык болот, тынчтык болгон жерде, жашоо болот, жашоо болгон жерде, чыныгы турмуштун өзү болот.
* * *
Балдарың күлүп турса, үй-бүлөң бактылуу, үй-бүлөнү күлкү араласа, ата-эне бактылуу, таалайлуу ата-энеден эл бактылуу.
* * *
Биздин жашообузду поэзия жана проза аралап жүрүп отурат. Поэзия жаштык кубаныч жана эргүү баскан өмүр. Ал эми проза саламактуу, турмушту өтө олутту караган чагыбыз.
* * *
Жөлөк бала турганда, ата-эне бактылуу, үмүтү ишке ашкан жигит бактылуу, эли токчулукта жашаган, хан бактылуу.
* * *
Калыстык, тынчтык барда, көңүл аман, көңүл аман болсо, журт аман, журт аман болсо, заман аман.
* * *
Жымжырттыкта туруп, алып кимге жаманчылык кылдым, кимге жакшылык кылдым ошону эстеп жатам.
* * *
Кээ бир пенделер адамдарды иштеген ишине, даражасына, байлыгына карап сыйлашат, андай адамдар чыныгы адамдар кайда экенин билбей жаткандыр, же ошол адамдар алардын көзүнө кудай сыяктуу көрүнүп жаткандыр.
* * *
Жүрөгүмө жаманчылык жана, жакшылык кирем дейт.
Кайсыны кийирүү ал менин эрким.Албетте мен чыныгы адам болуш үчүн жакшылыкка жакындашым керек.
* * *
Алыска аккан дайранын жолу узак, кайгылуу жанга кыштын түнү узак, бирөөнү зарыгып күткөн мезгил узак.
* * *
Көл тамчыдан куралат, акча тыйындан куралат, ар бир жыл сааттан куралган сыяктуу, сенин өмүрүң эмгектен куралаарын унутпа!.
* * *
Жоголоор эл тилин жерийт, түшөөр хан элин жерийт, кетээр аял келген жерин жерийт.
* * *
Аарынын чакканы ачуу, балы таттуу, чындык менен айтылган сын ачуу, кээде жалган мактоо таттуу.
* * *
Ай күндөн алган нурду жерге чачат. Колубуз менен кармаганда анын нуру муздак. Бирок анын жылуулугун жүрөгүбүз сезип эле тургансыйт.
* * *
Башында ийгилик менен башталган нерсе ийгилик менен бүттү, а ортосунда изденүү, жаңылуу, жаңылануу жакшыруу кубулуштары сөзсүз болуп өтөт.
* * *
Жүзүңдү чындык менен акыйкаттыктан буруп кетпе!
Эгер буруп кетсең, кайсы жакты карайсың!
* * *
Жазуучу, акындар бардык окуяларды жазып бүткөн. Бирок, жаза турган нерселер өтө арбын. Эскирген турмушту жаңыртып такыр башкача кылып жазыш керек болуп жатат.
* * *
Ар бир адамдын оң, сол буту бирөө, оң, сол көзү бирөө, анын оозу бирөө, аягында анын өмүрү бирөө.
* * *
Көктө жылдыздар миң, жерде адамдар миң. Алар асманда, жерде миң болгон менен ар биринин тагдыры ар башка жалгыздык. Ар биринин өмүрү бул дүйнөгө келип-кеткен жалгыздык.
* * *
Күкүк сайрап жатат, жай бүтө элек экен. Адамдар ырдап жатат, той бүтө элек экен. Акын жаңы чыгармаларды жаратып жатат. Картайса да, кайраты кете элек экен.