
Полная версия
Адамдын Асыл ойлору
* * *
Адамдын ниетинин жаман жакка бурулушу, анын денесинин чирип баратканы. Ошону ошол адам сезип оңдосо– ал ийгилик.
* * *
Лирика жылт-жулт эткен өлбөс назик жалынды чачыратып турат. Ошол жалын анын өлбөс кылган кайрыктын кубанычы.
* * *
Элдин эсинде калбаган бийлик бат унутулат. Же анын журттун эсинде жакшы жагы болгон эмес.
* * *
Өтө чоң ачылыш ачам деген адам көп окуш керек, андан да көп иштеш керек. Баарынан мурун көп ойлонуш керек.
* * *
Адамдар байыркы замандан бери асыл ойлор китебин жазып келген жана дагы жаза берет. Асыл ойлор китеби адамдар үчүн табылгыс кенч.
* * *
Чыныгы адам болбой туруп бийликтин жогорку сересине жулунуп жаткан адамдар көп болуп жатпайбы. Алар ошол жакка жеткен менен элди ойдогудай башкара албайт ошол арман.
* * *
Жакшылык кала берет ал эми жамандык унутулат.
Жазмыштан байыртадан берки тагдыры ошондой.
* * *
Мен ыр жазам демек мен түзүүчүмүн. Акындардын баардыгы түзүүчү болуш керек. Түзүүчүсү жок эл болбойт.
* * *
Жыйырма бир адам президент болом деп жулунуп жатат. Бир эле киши президент болуш керек эле. Ушунча адамдын арасынан элдин жүгүн көтөрөөр бир адам чыгаар бекен? Ошончо адам бир эле акылман адамга жол берсе кана? Анда алар эл үчүн жакшылыкка жол берген пенделер болбойт беле?.
* * *
Жаратылыштын көрүнүшү төрт эле мезгилден турат. Жаз, жай, күз жана кыш. Ошол төрт мезгил биздин өмүрүбүздү коштоп кетип баратканын такыр эле эске албай калыптырбыз.
* * *
Ойчулдун жан досу – жалгыздык. Жана талбаган эмгек.
Жалгыздык менен эмгек бирге кеткен ойчулдун жан досу.
* * *
Мээ кайык киши өлкөнү башкарса ошол өлкөнүн эли мээ кайык кемеге түшүп, ары-бери чайпалып бараткандай болот. Чоң толкунга туш болуп, кеме талкаланып калбаса экен.
* * *
Өмүр бою өз жолун таба албаган кишиден эч нерсени күткөн жокмун. Жана күтө да албайм.
* * *
Аракеч аял жаман. Ал аялзаттын бактылуу оордун беш эсе кемитет. Же энеликтин ыйык жолун шек келтирип жатат.
* * *
Талаш-тартыш, кеп-кеңеш менен башталган иш натыйжалуу алды жакка жол алып бараткан болот.
* * *
Акыры чындыкка жеткен адам чындыктын желегин элге булгалап,көрсөтүп келаткан адам.
* * *
Капаста отурган адам бир нерсесинен айрылган. Ал – жүрөгүндөгү эркиндик жана тынч жашоо.
* * *
Күзгүнү карасам сакал мурутум агарып калыптыр. Карылык бат эле келгенин байкабай калыптырмын. Өмүрүм кандай өткөнүн да билбей калыптырмын.
* * *
Кээ бир адамдар өзүнүн ким экенин билбей өтүп кетет. Ал өтүп кеткенден кийин ал пенде ким экенин башка кишилер да, билбей калат.
* * *
Куулук-шылуундук менен жүргөн адамдарда биз билбеген бир кыянат кайым мүнөзү бар.
* * *
Жаш чагыңда кедей болгонуң деле жакшы кийин кедейликтен качып бай болууга умтуласың.
* * *
Зөөкүр, сөгүнгөн, чоң муштум, эркек кооздуктун душманы, жээ анын мээсинде бир мандемдүү дарт бар.
* * *
Адамдын генийлик өмүрү, жаратылышты, ачылышты, өлбөстүк дүйнөсүн кооз жана бийик кылып турат.
* * *
Жай айында ала-күүгүм тынчтыктын мемиреп кирип келиши бейкуттуктун өлбөгөн элеси.
* * *
Ар бир түнүбүз жоголбосун, анда биз улуу тынчтыкты жоготуп алган болобуз. Ошол мемиреген тынчтыкта биз жакшы нерсени түзөбүз.
* * *
Ар бир адамга уйку, тынчтык, мемиреген жымжырттык керек. Булар пенде үчүн табылгыс дары. Демек аларга тынч жашоо керек.
* * *
Ойлуу кыска сүйлөгөн адамдар, убакытты үнөмдөйт. Бирок алар турмушка кандай ой жүгүртсө ошондой жашайт.
* * *
Атам айтат:
– Менин эң жакшы көргөндөрүм: Арсак-терсек бийик тоолор, анда согуп жаткан шамал-бороон, шаркырап аккан суу, сапар тарткан катмар-катмар булуттар, жайкалып өскөн чөптөр, өтөк, талаалар. Аңкуштаган суурдун үнү, бүркүт, карга кузгундун дабышы, маараган койлор, жайылган малдар. Мен өмүр боюу малчы болуп кой бактым, мен ушулар менен бирге жашагам.
* * *
Адамдардын жүрөгүндөгү эң назик нерсе- лирика, күлкүлүү окуя бул -сатира менен комедия, эпикалуу чыгарма бул- роман, булар адамдардын жүрөгүндө жаралып анан китептерге түшүп өлбюөстүк жашоого айланган.
* * *
Куулуп кеткен жетекчинин өмүрү, ар бир адамдын көңүлүнө кетпес тарых болуп жазылып калган, ал эми азркы жетекчинин өмүрү жаңыдан тарых болуп жазылып жатат.
* * *
Сатирик мылтыгы жок майданга кирген аңчы.
* * *
Алга жылуунун жардамчысы: акыл жана эмгек.
* * *
Өлгөндөрдүн арасында тирүүлөр жүрөт, Тирүүлөрдүн арасында өлгөндөр жүрөт.
* * *
Ар бир жөнөкөй дам мендей эле ойчул бирок алар учкул сөз
жазбаган пенделер.
* * *
Кара жерге оор, анткени ал эң эле кылмыштуу адамдарды көтөрүп турат.
* * *
Учкул сөз жаратканың жакшы, бирок ошол жазганың адамдардын жүрөгүндө жашап жүргөнү андан он эсе бакыт.
* * *
Жаштыкка караганда карылык түбөлүктүү, чаң тополоңго караганда жымжырттык түбөлүктүү, аягында жым-жырт өмүрдө карылыкты тынч өткөргөнүң түбөлүктүү.
* * *
Өлүмгө караганда өлбөстүк түбөлүктүү, жокко караганда бар түбөлүктүү демек өлбөс өмүрдө бардар жашоо түбөлүктүү дегибиз оң болуп турат.
* * *
Баарынан мурун улуулук айтылат, улуулуктун артында ак эмгек айтылат. Ошол ак эмгектин ичинде биздин жашообузга керектүү иштер айтылат.
* * *
«Даанышмандык каякта»? деп сурасам «Ал сенин жүрөгүңдө жана ак эмгегиңде», – деди.
* * *
Өмүргө оор күндүн келгенин эстейли, ошол оор күндү жеңип жеңишке кеткенибизди дагы эстейли.
* * *
Зулумдук болгон жерде жеңиш жок, кайгы болгон жерде кубаныч жок, зулумдук менен кайгы жашап жаткан жерде баары жок.
* * *
Акыл түбөлүктүү, акыл менен кошо эмгек түбөлүктүү, эгер ушунун баары сенде болсо, анда сенин өмүрүң түбөлүктүү.
* * *
Жакшы адам өлгөндө арабыз бирге азаят, акылман адам өлгөндө карааныбыз жүзгө азаят, улуу адам өлгөндө жашообуз миңге азаят. Демек өлүмдүн жолунан өмүр азаят.
* * *
Жалганды чындыкка кошуп ийген күнөө, ал эми жалганды чындыктан бөлүп алуу накта ийгилик.
* * *
Өмүр сага берилген белек аны кандай түзөсүң ал сага ыйгарылган ишеним.
* * *
Атаңын «Адам бол!» – дегенин унутпа! Энеңин «Эстүү бол!» – деген сөзүн урматта!» – баарынан мурун атаң менен энеңин элесин унутпа!
* * *
Ыйык китептерди мезгил-мезгили менен окуп жүрсөң жакшы нерселерге кабыласың, жөн эле кабылбай жандүйнөдөгү кереметтүү нерселерди аралайсың.
* * *
Бакыт ооруга чалдыкпайт жана жаман нерсеге кабылбайт.
Ошол үчүн ал – бакыт.
* * *
Эки жашты карап эмнени айтамын? «Бактылуу болгула!» деген карылык каалому айтамын.
* * *
Адамды адам кылган кайрат, кайраты жок адам уча албаган канатсыз карга. Канатсыз карга уча албай кор болот.
* * *
Байыркы замандан бери адамдар кайгырып келген азыр деле кайгырып жатат. Кайгыны жеңиш үчүн түгөнбөгөн кайрат керек.
* * *
Адам биринчи өзүн кандай адам экенин билгени жакшы. Андан кийин ал башка адамды ой жүгүртүп билип алат.
* * *
Баарынан мурун өзүңү сыйла, өзүн сыйлай албаган киши өзгөнү сыйлай албаган киши.
* * *
Жалгыз аяк жолдон чоң жолго жетиш кыйын, даңгыр жолго жеткенден кийин барчу жагың дайын болот.
* * *
Билимди казып окуган кишиде бир тереңдик бар. Ал – тырышчаактык жана өзүнө кайратты топтогон тереңдик.
* * *
Байыркыдан байыркы, азыркыдан азыркы турмушту көрүп,турабыз жана экөөнүн жакшы жагын сыгып алып жакшы келечектүү жолго түшүүнү самап турабыз.
* * *
Өлгөндөн кийин тирүүлөрдүн арасында жашап калган адамдын өмүрү эрдикке барабар.
* * *
Өлүм оор бирок өткөндөн кийин өлүм ал адамды баардык азап-тозоктон кутултат.
* * *
Акылмандын айткан сөзү баардык адамдарга жетет, анткени анын маанисинде өлбөгөн чындык жана келечек жатат.
* * *
Улгайган адамдарды сыйлай жүргүлө, анткени, силер дагы ошолордун курагына жакындап баратасыңар!
* * *
Балдар алсыз ошол алсыздыгынан пайдаланып аларды кордой көрбөгүлө! Антсеңер жаратканым силерди жаман көрүп калат.
* * *
Жаман адамдын уккан сөздү жерге тез көөмп сал, анткени ал сенин көңүлүңдү кирдетип үшүңдү алып жатпайбы!
* * *
Бирөөнүн кубанычын бөлүшсөң, ал сенин кубанычыңа тилектеш болот.
* * *
Башкаларга зыян келтирбей акылдуу адам байлыгын топтойт, анткени байлык менен акыл, эмгек эзелтеден дос экен.
* * *
Бийлик бул тепкич, акылдуу адамдар акырындык менен өйдө көтөрүлөт. Акылы жоктор ал тепкичтен кулап түшүп, бир жерин сындырат.
* * *
Жакшы өткөн балалыкты эстөө кубаныч, кайгылуу өткөн балалыкты эстөө арман. Бирок экөө тең эле адамдын эсиңде жашап жатат.
* * *
Адабияттагы түбөлүктүүлүк ал -өлбөстүк менен таланттын жашап турган кубанычы.
* * *
Адамдын адамга кылган жакшылык болгон азыр да болуп жатат, мындан ары да боло берет. Анткени ал түбөлүктүү нерсе. Адамдын адамга кылган жамандыгы болгон бирок мындан ары болбойт. Анткени анын келечеги жок.
* * *
Аял, эркек чыныгы сүйүү менен жашап, алардан үчүнчү адам жаралат. Ал дагы сөзсүз жашоодо бактылуу болуш керек. Үй –бүлөдө бактылуулук уланса,таалайлуу жашоо аралайт.
* * *
Кимдир бирөөгө турмушка чыгуу үчүн өзүңүн жана анын адамдык тагдырын таразалап туруп, анан келечекке аттан.
* * *
Чыныгы эне үй-бүлөнү сакташ үчүн өзү жаккан очогун өчүрбөш керек. Ошондой жерде биримдик бекем болот. Анткени үй-бүлөнүн биримдигин очок эне сактайт.
* * *
Баардык кезде баардык замандарда сүйүү коомго жараша болот. Бактылуу коомдо бактылуу үй-бүлө жаралат. Андай жердин эли да бактылуу.
* * *
Өлкө башчысы канчалык мекенчил болсо, ал жерде ата-
мекенчил жаштар жаралып, мекен ыры жүрөктөрдү каалгып аралайт.
* * *
Каардуу, заардуу үн сүйүүнү жоготуп келген. Назик музыка, сызылган мукам добуш байыртадан бери сүйүүнү жаратып келген.
* * *
Адамдагы акыл эс эң башкы нерсе, анткени анын жашоосу ошого баш ийип турат.
* * *
Кандай жашадым тааныгандар аны да айтсын, кемчилдик кылдымбы, жашырбай муну да айтсын, жакшылык эмне? Жамандык эмне? Баарын так айтсын!
* * *
Мектептин балдары коңгуроону көрбөй эле анын үнүн угуп, класска кирип-чыгып жатышат. Коңгуроонун бардык болгон касиети кабар айткан жаңылыгында, жаңы шыңгыр үнүндө, ар бир адам мектептеги балалыгын эстесе коңгуроо каккан кишини да эстеп жатышат.
* * *
Өмүр бою көп нерсени үйрөнүп келатам. Дагы көп нерсени үйрөнөт окшойм. Жана дагы үйрөнүп бүтпөйт окшойм.
* * *
Адамдын денесинде ысык от жана жалын бар. От менен жалын өчкөн күнү пенденин жашаган күнүнүн бүтмөгү бар.
* * *
Сен тиккен дарактар сенин эмгегиңди даңазалап ыр ырдап жатат.
Ошонун үнүн укчу адамым!
* * *
Баланын эрдиги ата-эненин даңкына айланат, жүрүп отуруп, жалпы элдин кубанычына айланат.
* * *
Пенделерге кылган жакшылыгың сени менен болот. Сенин көзүң өткөндөн кийин алардын жүрөгүндө болот. Демек жакшылык түгөнбөс нерсе болот.
* * *
Улуулук түгөнбөйт, ал ошонусу менен таалайга бөлөнгөн.
* * *
Өсүүчү баланын атасы – акыл, энеси-эмгек, конушу -талант, минген тулпар аты-үмүт.
* * *
Бири-бириңерди сыйлай жүргүлө! Араңар алыстап баратат. Араңар алыстаса, баягы өзүңөр жараткан жакшылыгыңар өчүп, унутта калат!
* * *
Ата-бабабыз калтырып кеткен туулган жерди башка элге сата көрбөгүлө! Антсеңер, ата-бабанын аманат керезин аткарбаган болобуз. Асыл керезди аткарбай кийинки муунга уят болобуз!
* * *
Жалпы дүйнө элин оору каптаса, ал арман. Бирок дүйнө эди ал арманды жеңбей койбойт. Анткени дүйнө элинин биримдиги ал оорудан миң эсе күчтүү.
* * *
Бирөө келбей ага экөө келатат. Келбей калганы өткөн өмүрү. Келатканы карылык дагы бирөө келатат? Ал эмне эле?
* * *
Үчөө болчу, экөө келди. Бирөө күтүп отурат. Карылык, оору келди. Ал кишини дагы эмне күтүп отурат? Анын жайын азырынча кабарлабаш керек.
* * *
Эне тилим, ата мурасым – менин байлыгым. Менин байлыгым– элимин байлыгы. Ар бир эне-тил дүйнө элинин байлыгы.
* * *
Атасы кетсе баласы калат, баласы жок болсо ким калат? анда ата очогу ээнсиреп калган жатат.
* * *
Жардынын арманын кудай угат. Андан башка угуучулар барбы?
* * *
Бул дүйнөдө жакшылык бар экенин билдим. Бирөөгө жардамдашсам анын кайрымы бар экенин дагы билдим.
* * *
Үй-бүлөбүз кичинекей өлкө болот. Өлкөбүз чоң мамлекет.
Кичинекей өлкө бейпил жашаса, чоң өлкөдө кубанычы артат.
* * *
Ынтымакыз эл, келечеги жок өкмөткө кабылган.
Келечеги жок өкмөт болот, ал эми келечексиз эл болбойт.
* * *
Өкмөт чындыкты элден бир жолу жашырат, эки жолу жашырат, а түгүл жыйырма, отуз жолу жашырат. Ал эми жүз жолу кантип жашырат? Ошончо эл чындыгын кантип эле жоготуп жиберсин?
* * *
Үлгүлүү жүрүш-туруш адамды көрккө бөлөйт. Андан ары анын бүткүл өмүрүн көрккө бөлөйт.
* * *
Ийгиликтин дарагы талант. Аны дайыма сугарып турбаса куурап калат. Суусу – эмгек.
* * *
Башкаларга зыяны жок ак пейил киши уктаганда да сонун түштөрдү көрөт. Андай адам түшүндө жакшылыкка эрте жолугат .
* * *
Талант менен ширелген улуу эмгек, мезгил өткөн сайын эскирбей жаңылана гүлдөп, ажарына чыга берет.
* * *
Ал башкалардай эле ачка алсыз болуп жүрүп, улуу китепти жаратты. Улуу адамдар башка жактан келбейт. Элдин ичинде жүрүп, эле элден чыгат.
* * *
Бирөөгө мээрим чачсаң, анын мээримине сөзсүз кабыласың. Көп адамдар ушул сырды билбей башканын мээримине кабылбай жүрүшөт. Алар такыр ушуну түшүнбөй жүрүшөт.
* * *
Күн эртең менен чыгып, кечинде батып кетти. Дагы бир күн сапар кетти.. Өмүрүбүздүн кечмелиги токтобой өтүп кетти.
* * *
Адам болгон жерде, аласа жана бересе болот. Аласа болгону жакшы, сен – байсың. Бересең болсо – жардылыгың.
* * *
Сылык мамиле мээримдүү жүрөктөн жаралып, башка адамдардын жүрөгүнө ошол мээримди жоготпой өтүп, кубанычты арттырат
* * *
Падышанын кампасында алтын күмүш ар түрдүү кымбат нерселер катылып, аны куралдуу жоокерлер кайтарып турат. Кайтарбаса бирөө уурдап кетет.
Ошондой эле улуу китептерде улуу кенч катылып жатат. Аны окуучулар окуп, жүрөгү, аң сезими акылман нерселерге чулганат. Себеби ал жалпы адамзатка арналган улуу байлык аны эч ким уурдай албайт. Уурдап алып окуса, уурунун жан дүйнөсү жашарып, уурулугун таштайт. Бирок ал байлык падышанын алтын зергерлеринен миң эсе артык.
* * *
Ичпеген адамдар кандай бактылуу. Алар кайгы, капа масчылыктан алыс болушат. Эң башкысы алар оору, сыркоодон алыс болушат. Алар таалайга жана жакшы ден-соолукка жакын болушат.
* * *
Адам дайыма чек аранын жанында жүрөт. Ар жагы чөл жамандык, бери жагы жайкалган жашыл бактуу кереметтүү талаа – жакшылык.
* * *
Адамдар майда барат жана түбөлүктүү иштерге бел байлайт. Бирок майда барат нерсе түбөлүктүү өмүрдүн өзөгүн түзөт.
* * *
Пенделер болбогон нерселер менен алектенет. Негизги нерсе унутулуп, өмүр сая кетип жатат.
* * *
Кылым өтүп, кылым оошот, ар бир кылымдын кара жана ак жагы болот. Карасы – ошол кылымдын арманы, агы – ошол кылымдын кубанычы.
* * *
Байкап карасам ыраак калган өмүрмдөн үл-бүл этип жакшылыктын жышааны көрүндү. Анда мен алыс калган жаркын өмүрүмү көрүп жатам.
* * *
Деңизден ары кургактык жатат, тоолордон ары түз жер жатат, каарман эрдиктен ары өчпөгөн улуулук созулуп жатат.
* * *
Мен ага эчтеке деген жокмун, ал мага эчтеке деген жок. Биз үнсүз, сөзсүз коштошконбуз. Биз бири-бирибизге кереги жок адамдар окшойбуз.
* * *
Элде мындай сөз айтылат: «Кемпири өлгөн чал жетим, энеси өлгөн бала жетим, ээси жок аңгырап калган үй жетим», – мен деле ошол сөздү айтам.
* * *
Кээ бир адамдар жанындагы адамдарды сыйлабай, «Кудай, кудай», – деп эле кудайга сыйына берет. Кудай айтат «Сен жаныңдагы адамдарды сыйлап анан мага кайрылсаң ошондо сага чыныгы бакыт келет», – дейт.
* * *
Ар бир нерсенин башталышы, бүтүшү болот. Иштеген ишибиз жакшы баштадык эле эми бактылуу бүтсө экен деп кудайдан тилеп турабыз. Ошол тилектен үмүтүбүздүн акталышын күтүп турабыз.
* * *
Акындын ырларынан жылдыздар чачыраса, ошол жакшы жышаан. Анын чыгармачылыгы түнкү жылдыздуу дүйнөгө окшогон жышаан.
* * *
Көп адамды ыйлатып байып алган байлыгың, оорду толбос жоготуу деп, ойлосок болот, анткени, кайгыдан чогулган көз жашты кайра ордуна кантип коюуга болот.
* * *
Түндө айылдын четинде бир кырсыктуу окуя болуптур. Аны иштеген шайтандар качып кетиптир. Кылмыш иликтөөчүлөр адамдардын арасынан, ошол шайтандарды издеп жүрүшөт. Адамдардын арасынан аларды издеп табуу оңой иш эмес. Шайтандар да карматкандай бала эмес.
* * *
Кайгы баасы канча десем эч ким жооп бере алган эмес. Ал акча менен эсептелбейт. Оорду толбос жоготуу акча менен алмашса, жашоо мынчалык армандуу болмок эмес.
* * *
Кээ бир жетекчилер атка мингенде эле ээрге кыйшык отурат. Ээрге кыйшык отурган киши атты жакшы бастыра албайт. Анын үстүнө кыйшык отурган адам тең салмагын сактай албайт. Жини келген ат мөңкүп-мөңкүп кирет. Тигил адам денесин башкара албай чаң топуракка башы менен жерге сайылат. Аны көргөн жалпы эл күлгөнүн токтото аябай каткырышып боору эзилет.
* * *
Өмүрдө эки эле китеп болот. Эмгектенип өткөн өмүрүбүз окулуучу китеп, экинчиси бош өткөргөн өмүрүбүз окуйлу десек да окулбаган актай китеп.
* * *
Кышкы түн канчалык узак болгон менен эсептей келсек ал деле кыска, бийик улуу тоолорго чыгалы дейбиз, бирок өмүр кыска.
* * *
Үйгө эшик да, терезе да керек. Эшиги жок үйгө, конок кире албайт, терезе жокто жарык кире албайт. Муздак жүрөккө мээрим кире албайт.
* * *
Иттер үрүп, жылкылардын дүбүртү угулду. Биз күткөн адамдар келаткандай туюлду.
* * *
Кечээ күнү суук болуп өттү эле, ал сууктун каарынан бүгүн да үшүп отурам.
Кечээ күнү мага бир адам жаман сөз айтты эле, анын жан ооруткан жаман сөзү тиги каар сууктан кем болбоду, ага да бүгүн үшүп отурам.
* * *
Эки атчан аңгемелешип отуруп тоодогу конушка кандай жеткенин билбей калышы.
Эки жаш сүйүшүп, баш кошту эле, экөө катарлаш жүрүп отуруп, карылыкка кандай жеткенин да билбей калышты.
* * *
Эгерде сен мени менен сүйлөшөм десең жүрөгүңдөгү
каралыкты кууп чык. Ошондо экөөбүздүн жүрөгүбүз таза болот, бири-бирибизди жакшы түшүнүшөбүз. Андан кийин чын берилип баарлашсак болот
* * *
Калптын күнү өкүм сүргөндө, караңгылык каптап, басаар жолдон такыр жаңылабыз.
* * *
Жерге жарык бериш үчүн күн жаралды. Ал эми адам адамга жарык бериш үчүн жүрөк жаралды. Таза жүрөк, достук, эмгек, кубанычты, махабатты жаратып, аны башкаларга бериш үчүн өлбөстүк жаралды.
* * *
Канаттуулар болбосо биз учууну билбей калмакпыз. Ал эми эмгек, талант болбосо, жашообуз көрксүз болуп, көккө көкөлөп учпай калмакпыз.
* * *
Бассаң, турсаң ойлонуп жүрүп, адамдар үчүн бир сонун нерсе жаратканың бактылуулук. Ал жакшы нерсени башкаларга бергениң, андан бетер бактылуулук.
* * *
Биздин жүрөгүбүзгө кудай каяктан келсе чындык да ошол жактан келген. Кудайды сыйлаган киши чындыкты
сыйлайт. Чындык жок жерден кудай качат. Андай жерден баары качат.
* * *
Силер да эми жакшы калгыла! Биз да сапарга чыгалы. Жолукканча бири-бирибизди эстеп, эсен болуп, соо-саламат жүрөлүк.
* * *
Мугалим окуучуга – устат. Устат деген – чоң чебер. Демек, устатты эл да, коом да, журт да кадырлаш керек. Анткени ал – устат.
* * *
Алыкул менен Мидин эрте жанып, эрте өчүп калган жылдыздардан экен. Эгер өчпөй турганда көп сонун чыгармаларды жаратмак экен. Эрте жанган жылдыздын эрте өчмөгү бар экен.
* * *
Караңгыда тоодо күйгөн от адамды кайра-кайра өзүнө чакырат.
Талант менен жаралган эмгек адамды өзүнө чакырат.
Эмне даңктуу болсо, баары тирүү жанды өзүнө чакырат.
* * *
Мыйзамсыз жол менен кабыл алынган мыйзам такыр жараксыз
* * *
Улуу эмгекти жараткан адамдын үйүндө дайыма той болот. Тойдун ырыскысын жөнөкөй адамдар көрүп шыктанса, алардын жүрөгүндө дагы той, салтанат болот.
* * *
Өмүрүң күйгөн шам чырак, адамдар үчүн бакыт ачып кетсең, шам чырактын жарыгы ошончолук нурдуу асан-үсөн түстүү болот.
* * *
Эл байлыкты жакшы жетекчинин жардамы менен жаратат. Андай жерде турмуш оңолуп, бүтүндөй эл бакубат жашоону жаратат.
* * *
Казылган көр, көр казуучуларга керек эмес, өлгөн кишиге керек. Жазылган ыр акынга эмес ыр сүйүүчүлөргө керек.
* * *
Жашоо экөөңөрдүн ортоңордо чыгып турган музыкалык мээримдүү үн. Силер ата-эне болгон соң ал үндөн үй-бүлөөгө сүйкүм добушу угулуп турсун.
* * *
Баш кошкон жарлар күн сайын сүйүүнүн жаңы барагын жаратып турушат, антпесе сүйүү карып, улгайып кетиши ыктымал.
* * *
Ким сулуулук менен сүйүүнү сактап жүрсө, ал дүйнөнүн сулуулугун сактап жүргөн болот.
* * *
Кара мүртөздүк менен сулуулук бир жашаган эмес, экөөнүн жолу бул дүйнөдө эгерим бириккен эмес..
* * *
Эмне үчүн улуу адамдар байыркыдан бери сүйүү деп тамшанып келген. Алар сүйүү өлбөй анын жашоосу түбөлүктүү экенин билип келген.