Полная версия
С. Сатарова: Ноокат билимканасы биринчи бойдон кала берет. Келерки миллениумга саякат
Саадат Сатарова республикадагы мугалимдердин конференциясында, Бишкек, 1997 -жыл.
Лицейдин алгачкы директору Саадат Сатарова, соңку жылдары Кыргыз Республикасынын агартуу системасындагы көрүнүктүү ишмерге айланып калбадыбы.
Ноокат билимканасы түптөлүп аткан мезгилде өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн алгачкы жылдарында ал жаш адист болгон, ошого карабастан мыкты педогогиялык уюштурулук таланты менен билим чөйрөсүндө адистердин коомчулугуна көрүнүп калган педагог эле. Аны менен таанышып калган күнүм балким менин эң бир бактылуу күнүм болуп калган чыгаар. Ылайым ушундай адистерибиз жана айымдарыбыз элдин калың катмарында арбындай берсин! Балдарды мыкты тарбиялоо үчүн жаралган инсан, кулк-мүнөзү, рухий дүйнөсү, өң-түсү жагынан абдан жука, назик, чебер калыптанган аялзат… тилибизде мындай адамдарды сүрөттөп берүү үчүн али сөздөр да, түшүнүктөр да жок болушу керек. Балким, ушул лицейде анын колунан тарбия алган акын-жазуучулардын колунан келип калаар мындай иштер. Мен болсо силерге кыскача эле бул биздин outstanding and extremely beautiful and subtle айымыбыз жөнүндө маалымат берип кетейин.
Саадат Сатарова 1952-жылы Кызыл-Кыя шаарында шахтердун үй-бүлөсүндө дүйнөгө келген. Кызыл-Кыя шаарындагы номер 6-чи кыргыз орто мектебин бүтүрүп, борборубуздун Кыргыз кыз-келиндер пединститутун ийгиликтүү аяктап, англис тили адистигине ээ болду. Студенттик кезинде эле ар-тараптуу жөндөөмү бар инсандай аныкталган. Шахмат боюнча институттун курама командасына бир нече жолу катышып, далай ийгиликтерге жетип, студенттердин жана окутуучулардын арасынада сый менен урматка бат эле ээ болгон. Ал эми мылтык атуу, мергенчилик жагынан бул чыгаан кызыбыздын ошондо эле 1 разряд деген жогорку спорттук наамы бар болучу, бул жаатындагы спорттук республикалык мелдештерге тынбай катышып, ал жерде да байгелүү оорундарга ээ болуп, окуган институтун кадыр-баркын көтөрүп турган. Ал бардык жагынан заманбап айым болуп тарбияланып калган болсо да, ошол эле убакта – бу дагы анын өзгөчөлүгү, уникалдуулугу болгон – Саадат 14 жашынан тартып апасынын жолдоосунун, жетектөөсу астында нукура кыргыз элинин салтарын, кол-өнөрчүлүгүн, байыркы көчмөн маданиятынын асыл мурастарын таанып, аларды жаш кезинен терең урматтап үйрөнүп келген. Ал 14 жашынан тартып килем сокконду, шыйырдак жасаганды мыкты өздөштүрө алган. Бул өнөрчүлүк дагы анын өмүрлүк хоббилерине айланган. Мектепте окуган жылдары физика, тарых, география предметтери боюнча шаардык, областттык олимпиадаларга катышып жүргөн, аерде да дайым биринчилерден болуп, мектептеги уюштуруу, коомдук иштерине да активдүү катышып, ушундай жашоо образына биротоло көнүп калган.
1974-жылы Кызыл-Кыядагы мектеп-интернатта педагог болуп иштей баштайт. Бир жылдан кийин гана анын классы үлгүлүү деген наамга ыйгарылып класстагы окуучулары менен Саадат Сатарова Москвада өтүүчү Бүткүлсоюздук мугалимдердин конференциясына катышып келет.
Дагы үч жылдан кийин Ош областынын Кеңешине депутаттыкка аны Кызыл-Кыянын эли шайлаган болот. Саадат эженин педагогиялык өзгөчөлүгү, анын окуткан ар бир балага инсан катары мамиле жасаганы, анын табигый өзгөчөлүктөрүн, жөндөмдөрүн өстүрүүгө, курчутууга далалаттанганы – мына ушул нерселерде бул педагогдун эң чоң секрети, ийгиликтерди жараттүүчү сыры, ички механизми катылып жатат окшойт. Аны алгачкылардан Саадат эже балдарды окутуп жаткан ата-энелер түшүнүп, жүрөктөрү сезип, анын шаардын өкүлү болом деген ниетин катуу, жапа тырмак колдошуп Ош областынын кеңешине депутат кылып шайлап бербедиби. Мындайда калың эл адашпайт, ошондуктан таланттуу педагогду элдин өкулу болгонуна сүйүндү, ошону менен бирге келечекте өзү дагын, калайык-журт, көптөгөн утуштарга ээ боло алды. Талантттарды туура билип, колдоп турган элдин гана келечеги кең болот эмеспи.
Саадат Саттарова ушул туралуу өзү педагог катары эң мыкты билет. Педагог кесибин тандаганы да ушул себептеп.
– Мугалим, педагог, – дейт Саадат Сатарова, – балдардын бактылуу келечегин ачып берүүчү адам. Анын жогорку максаты жана миссиясы мына ушунда. А бирок класстагы ар бир бала жаратылышынан бири бирине окшобогон болгондуктан, ошол окуучуга индивидуалдуу подход, мамиле, ачкыч табылганда гана анын жолу ачыла баштайт, педагогдун таланты да мына ушундайда билинет, байкалат. Аны үчүн педогог менен баланын ортосунда эч кандай дубал болбоого тийиш. Кызматташтык педагогиканын негизги аксиомасы ушул эмеспи. Албетте, педагог окуткан баланын үй-бүлөлүк абалын жакшы билиш керек, ошондой эле эң негизгиси өзүнүн билим деңгээли, кругозору абдан кенен болушу керек. Антпесең азыркы заманда окуучулар да, алардын ата-энелери да сени педагог катары сыйлабай коюшат. Кыскасы, мугалим окучууга канчалык жогорку талап койгон болсо, ошол деңгээлде өзү да тынымсыз үйрөнүүгө, окууга, чеберчилигин өркүндөтүүгө мажбур болот. Балдардын билимин өстүрүүдө эң негизги нерсе – аларга тынымсыз билим берүү процесси, ошого алардын табиятын, кулк-мүнөзүн, ички жана сырткы чөйрөсүн көнүктүрүү болот. Ар күнү алдыга жылуу, кайсы бир жаңы нерсени системдүү түрдө үйрөнүү, өткөндөгү үйрөнгөндү кайталап элесинде бекемдөө, цементоо, аны керек болгон учурда пайдаланууну билүү – билимдүүлүккө алып баруучу жалгыз жол ушул. Лицейде конкуренция, бири-бири менен тирешүү духу өтө күчтүү болгондуктан, мугалимдин иши башка мектептерге салыштырганда оңоюраак көрүнөт. Биердеги балдарга бир жолу айтсаң эле болду, ал турсун берген темаң боюнча өзүлөрү түнү менен иштеп чыгып, сен билбеген нерселерди чукуп таап келишет.
А бирок кандай болгондо да, педагог балдардын ата-энелери менен да тыгыз байлангышта иштеш керек. Ошондо натыйжа жакшы болот, эки тарап тең катуу аракет жасаган болсо.
– Педагогика жаатында, – дейт Саадат Саттарова, – өзүмдүн кеңешчим катары ошол Кызыл-Кыядагы интернатта бирге иштеген педагог, Кыргызстандын элге билим берүү, агартуу системасынын отличниги Альберт Вартанович Сагамоновду тааныймын. Бул армян улутундагы агайым зор инсан, өзүнүн кесибине чексиз берилген педагог болгон. Ушул адамдын мугалимдик тажрыйбасы, таланты, инсандык образы аркылуу мага Сухомлинскийдин тарбиялоо методу ачылган десем туура болот.
1988-жылы методист-мугалим Саадат Саттарова Бүткүлчоюздук мугалимдердин съездине делегат болуп, Кызыл-Кыядагы 700 ашуун педагогдордун арасынан шайланат.
Андан соң Ноокат районунун Чечме-Сай айылына үй-бүлөлук шарттарга байланыштуу (жолдошу Абдрахман Матмуратов ушул айылдан болот) көчүп келет. Кызыл-Кыя шаарына салыштырганда бул тоонун этегинде жайгашкан айыл асман менен жердей айырмаланып турган болушу керек шаарда өсүп тарбияланган Саадат эже үчүн. А бирок чыныгы профессионал жана адис бардык жерде профессионал бойдон калат эмеспи, ошондуктан Чечме-Сайда да жылдыздуу айымдын жылдызы өчпөдү, ал тургай «коюланган түндө», шаарга салыштырмалуу караңгы, түнт чөйрөдө анын адистик таланты ого бетер жалтылдай баштайт. Кайнар-Булак орто мектебиндеги анын жасалгаланган окуу кабинети бир жыл өтпөй район бонча мыкты болуп бааланып, баардыгына таанылды, ал эми 1993-жылы жогоруда айтып кеткенибиздей Саадат Сатарова Кыргызстандын агартуу тармагынында «Жылдын мыкты окутуучусу» деген даңазалуу республикалык наамга ээ болуп, бүткүл өлкөбүзгү таанылат.
Ушундан кийин Саадат эже Ноокат билимканасына чакырылган.
Ал лицейге келери менен англис тилинин окутуусу кескин түрдө оңолгон болот. Сегиз айдан кийин (!) лицеисттердин 70% – 8-класстан тартып 11-класска чейин – англис тилинде эркин сүйлөп калышат. Кээ бири балдар, кыздар англис тилин орус тилинен да жакшы билишип, бул тилде ыр-аңгеме жаза баштаганы таң калтырбай кое албайт.
Ноокат районун олимпиадасына лицейден 37 бала катышууга укук алып, алардын ичинен 30 (!) байгелүү оорундарды ээлеп кайтышты. Алардын арасынан англис тилинен жеңгендер да болгон. Андан соң Ош областтык олимпиадасында билимкананын 17 баласы 1,2,3, 4-орундарды ээлеп, башка Кыргызстандагы ушул эң ири областынын мектептердин окуучуларын пъедесталдын, байге тапшыруучу жайдын жанына жолоткузбай кайтышат. Ошентип республикалык олимпиадага Ноокат билимканасынан 7 лицеист катышкан болот. Ошолордун ичинен экөө байгелүү орундарды ээлешти. Ал эми Ош областында ал убакта республикабыздын калкынын жарымы жашап атканын жана Кыргызстан боюнча 2 миңден ашуун орто мектептердин бар болгонун эске алсак – жалпы окуучулардын саны 1,5 миллиондон ашып, мына ошондо Ноокат билимканасынын бул ийгиликтерин туура баамдаган болобуз – бул чын эле таңгаларлуу кыргыз элинин айылдык мектеби экен деп тааныйбыз! Анын негиздөөчүүлөрүнүн башынан эле түпкү максаты – Кыргызстандын алыскы тоолуу аймактарында дүйнөлук деңгээлдеги стандарттарга жакын кыргыз мектебин жаратуу, ошол максат үчүн катуу аракеттенгенин баалап, Ноокат билимканасы мына ошондой мектептердин алгачкылары болгонун тастыктаган болобуз.
Лицейде 13 окуутуучу иштейт. Алардын баары тажрыйбалуу адистер, балдарды тарбиялоого, билим берүүгө жан-дили менен берилген адамдар.
Мамарасулов Мукушалы, математик, Ош мамлекеттик педагогикалык институтту Маккамбай Мамаюсупов менен 1978-жылы бирге бүтүргөн. Мукушалынын атасы да Кыргызстандын агартуу системасында эмгеги сиңген жогорку педагогикалык наамга жеткен мыкты математик болгон. Лицейге Мукушалы Кайнар-Булак орто мектебинен чакырылат. Ал мектепте Мукушалы математикалык адистештирилген класста тереңдетилген программанын негизинде иштеп бир топ такшалып калганда Маккамбайдын суроосу боюнча лицейге которулат. Мукушалы Саадат эженин лицейдеги оң колу болгон, ансыз директор бир кадам да жасай албаганын ачык эле айтат. Себеби Мукушалы Мамарасулов мыкты адис гана эмес, жакшы адам, анын мүнөзүндө, ата-бабаларынан калган таалим-тарбиясында, генинде, каныныда көптөгөн сонун улуттук касиеттери чогултулган. Абдан жөнөкөй, адамгерчиликтуу, ар-бир аткарган жумушуна өтө жоопкерчиликтүү мамиле кылган педагог, адис. Билимкана материалдык жана уюштуруулук жагынан толукталып бутуна туруп жаткан кезде, негизги педагогикалык жумуштардан тышкары ар-түрд үү чарбалык, курулуштук майда-чүйдө иштер кыстаганда, мындай адамдардын коллективде бар болгону өзгөчө маанилуу эмеспи.
Лицей математика, физика багытында тереңдетилген программа менен иштейт. Жаңы окуучуларды кабыл алгандан мурда атайын уюштурулган экзамен, сыноолор өтүшөт. Бир оорунга 20—30 балдар талашып, мындай жогорку конкурстун натыйжасында райондун эң мыкты окуган балдар-кыздары гана лицейге өтүшөт. Бул класстардын негизги максаты – райондук, областтык, республикалык «күч сыноолорго», олимпиадаларга, эффективдүү даярдануу, аерде сөссүз түрдө жеңүүчүлөрдөн болууга аракеттенүү, предметтерден терең билим алууга умтулуу.
«Өзүмдүн мектебимде жалаң „бешке“ окуганмын, – дейт лицейдин подкурсунун окуучусу Гулнара Кабылова. – А биерге келип билимимдин чабалдыгын түшүндүм, компьютерде алгач жолу ушуерде иштеп, англис тилин чындап окуп…»
Ооба, жөнөкөй мектептин отличниктери, мыктыгерлери, лицейге келери менен арттагыларга кошулуп калышат, араң үч деген баага окушуп. Кийин гана, эгерде баланын аракети күчтүү болсо, алдыга акырын жылат.
Информатика сабагынан Кошмурзаев Исмаил башкарат. ОМПИ-ни 1989-жылы бутүргөн. Студенттик кезинде Бүткүлсоюздук математикадан олимпиадага катышып женүүчүлөрдөн болгон. Райондук Финасылар бөлүмүндө компьютерлерди тейлеп иштеген. Бул адисти да Маккамбай Мамаюсупов издеп, таап лицейге алып келген, Чечме-Сай айылынан турак-жай менен камсыз кылып, анткени Исмаил бул жерлик эмес коңшу номер 44 конезаводтун аймагынан болот. Мугалимдер аны «биздин волонтер» деп тамашалап коюшат. Информатика жана математика сабагын үстүртөн караганда кургак, кызыксыз окуганы менен, анын ар-бир сөзү математикага шыгы бар балдар үчүн алтындай кымбат. Себеби, бул момун, көп сүйлөбөгөн, шашпай баскан арыкчырай меланхолик жигит тубаса математик болуп жаралган десек жаңылышпайбыз. Анын мүнөзү, баскан-жүргөнү да муну далилдегендей – каерде болбосун чексиз математика, информатика дүйносүнө ою менен чөмүлүп, ошоерде жашап жатканы анык.
Физика сабагынан Жунусов Тургунбай алып барат. Бул жаш жигит дагы ОМПИ-ни 1991-жылы кызыл диплом менен аяктаган, өзү Чечме- Сайда ачылган физика-математикалык спецкласстын алгачкы бүтүрүүчүлөрүнөн. Олимпиадалык класс менен иштөөгө абдан көп көңүл бурат.
Физика предметинен республикалык спецмектептердин арасында олимпиаданын жеңүүчүлөрү тууралуу өзүнчө сөз кылуу керек. Ноокат билимкананын 11-класстагы окуучулар: Эмил Боркошев 2-орунду (область боюнча биринчини), Данияр Абдибаитов 3-орунду (областта экинчини) ээлешкен. Ал эми Акыл Жээнбеков лицейде жалаң бешке окугандыктан бир класстан аттап, 15 жашында окууну алтын медаль менен бүтүргөн. Физикадан жана географиядан республикалык мелдеште 3-орунга татыктуу болгон, өткөн жылы математика предметинен областта биринчиликке жеткен.
Тарых жана философия сабактарын Абдираим Мамытов жетектейт. Кыргызстандагы белгилүү журналист, бир нече жылдары райондук гезитте, областтык телерадиокомпаниясында иштеп келген. Соңку жылдары «Заман-Кыргызстан» кыргыз-түрк эл-аралык басма органында Ош областы боюнча кабарчы болуп, аты бүткүл өлкөбүзгө кеңири тараган. Тилге, эстетикага, ораторлукка, биздин турмушубуздун новацияларына дилгир, зирек, чыгармачыл типтеги адам, анын сабактары көпчүлүктө турмуш сабактарына айланып, өзүнүн бай фантазиясы, атылган энергиясы, жогорку интеллекти аркылуу балдардын назарын бурат.
Химия жана биология предметтери боюнча лицейдеги сабактарды Ташпу Каразакова жетектейт. Бул эже да өзүнчө кайталангыс инсан, ырды да, жумушту да, тамашаны да ар-түрдүү таланттарга ээ болгон мыкты билген өтө тажрыйбалуу педагог, уюштургуч иштери боюнча да лицейдин директорунун орунбасары.
Айтмакчы, Ноокат билимкананын окуу процессиинин дагы бир өзгөчөлүгү – сабактардын, предметтердин бири-бирине тыгыз байланышкандыгында. Гумманитардык предметтерге, сабак учурунда, так илимдердин маанилүү темалары, заманбап идеялары (математиканын, физиканын, информатиканын) кеңири аралашат, ошондой эле математика менен физика, информатика гумманитардык сабактарга да катышкандай болуп, тил чеберчилигине, речтин тактыгына, ойлордун тартибине, логикалуулугун өрчүтүүгө көмөктөш болот.
Түшүнүктүү болуу үчүн бир эле мисалды келтирейин. 11-класстын окуучусу Талант англис тилинде «My future home» (Менин келечектеги үйүм) деген темага даярданып жатып, компьютерде ошол келечектеги ажайып үй-жайын бир нече бөлмөлөрү, короосу, багы, гаражы, бассейни менен чийип баарын эсептеп, сүрөткө түшүрүп, бул объектилердин майда-чүйдө нерселери чейин чет тилинде абдан кооз аңгеме-дүкөн, келечектин планын түзүп берген болот. Ушинтип, англис тили сабагында информатика, эстетика, архитектуранын, дизайндын, фантастиканын элементтери пайдаланат.
Бардык предметтерди окутууда психологиялык даярданууга өзгөчө көңүл бурулат. Экзаменге киргендин алдында эмне кылуу керек, жоопту айтып берүү эрежелери, эгерде контролдуу сабакты жасай албасаң эмне кылыш керек, эгерде кокус кулаган болсоң экзаменден, кандай бул кризистен чыгуу болот жана башкалар.
Бардык сабактардан экологиялык, жаратылышты коргоо проблемалар кеңири чагылдырылат. Маселен, Тосойдо болгон трагедия ар-түрдү аспектинде лицеисттер аркылуу «изилденип»: «Эмнеге көчкүлөр пайда болот?», «Кандай физикалык процессер мындай апаатка күнөлүү?», «Бул трагедияда адамзаттын кандай күнөсү бар?», «Аны болтурбоого болот беле?» – ушул сыяктуу суроолор жана ага табылган жооптор аркылуу экологиялык трагедия абдан терең, ийне-жибине чейин изилденет.
Кыргызстандагы болуп жаткан бардык чоң окуялар, программалар, долбоорлоор англис, кыргыз, орус тилинде талкууланат. Балдар менен эркин сүйлөшүп калганыңда, ар-кимдин өзүнчө темасы, жүрөгүн өйүткөн мотиви, глобалдуу маселеси бар экенин байкоого болот. Маселен, Акыл Кыргызстандын бүгүңкү күндөгү эң бир орчундуу болгон маселеси катары Бишкек менен Оштун ортосунда темир жолунун курулушун эсептесе, бул проект боюнча атайын рефератты жазып бүтүргөн, кадимки экономикалык-социалдык далилдерди, эсептерди келтирип, даги бир лицейист, Кыял, элеттик аялдардын турмушун кантип жеңилдетсе болот деген ойго азыртадан эле терең чөмүлүп, конкретүү кадамдарды, иш-планын түзүп берген болсо, дагы бирөө туулган айылын, Чечме-Сайдын келечегин ойлоп, Карагой жайыттарын, токойлорунун көркүн, сулуулугун сактоо жөнүндө долбоорлордун үстүндө иштеп жатат.
Биздин көз алдыбызда ушинтип келечектин мууну калыптанууда десе болот. Эч кандай оор маселеден жалтанбаган, эч нерседен коркпогон, соңку мезгилде калыптанып калган улутубуздун өксүк комлекстеринен – биз кичи элбиз, алыбыз чектелүү, кыргыз тил жана өлкө чабал, акырын жургөн болсок эле жакшы, арабызда тоң мээ, акмактар көп, ошондуктан мурдагыдай эле жашаганыбыз оң, эч нерсеге умтулбай жана башка ушул сыяктуу арам ойлордон таптакыр бош, эркин ойдуу жүгүртүүнү билген 21-кылымдын накта балдар-кыздары десе болот.
Бул балдар бүгүн эле дүйнө-жүзүндөгү эң мыкты мектеп, лицейлердин окуучулары менен атандаша алышар, эртең алар үчүн бүткүл дүйнө өзүнүн мекениндей болуп, каерде болушпасын, баардыгын жеңишип биздин түшүбүзгө кирбеген, көзүбүз көрбөгөн, кулагыбыз укпаган йигиликтерге жетерине, кыргыз элинин даңкын, сыймыгын, туусун ааламдык масштабка көтөрө алаарына биз терең ишенебиз.
Балдар жана Паскы аралындагы балбалдар
Балдар жана бөбөктөрарабызда быдылдап чуркап жүргөн тынымсызэнергия жана жашоо менен толгон,абдан тез кыймылдуу жана активдүү,бир жерде олтура албайт,баарын сорттоп, чачып жана талкалап,бардык көйгөйлөрдү дароо чечип,ооруган башты сакайтып,аткарылбаган тилекти ошол замат аткарып,бул балдар эмес эле шумдуктар!Алардын ички дүйнөсү жана фантазиясыканчалык жандуу жана укмуш болгонун элестетиңиз,алардын кыймыл аракеттин көрүп.Бул кичинекей жандыктарчарчоо дегенди таптакыр билишпейт,же кыймылсыз бир жердебир секунд да отурушпайт,алар албеттебашка дүйнөнүн тургундары,же алыскы келечектен бизге адашып келгендер,алар биздин оор жүргөн-басканыбызды,биздин солгундап, катып калган кыймыл-аракетибизди,тоңуп калган ой-жүгүтүүлөрүбүздү,арак менен май баскан мээбизди,биздин ички жана тышкы дүйнөбүздүташтан чегерилген эстеликтердей,ошол Пасхи аралында табылган гигант далдыраган монументтердей,Кыргызстанда да табылаторой өңдүү таштан жасалган балбалдар,мына ошол сыяктуу эстеликтердей,тарыхтын селейип калган монументтериндей,Ленин атабыздын колун сунганар бир айылдагы эстелигиндей,кабыл алышат бизди балдарыбыз,өзүнүнүн абыдан тирүү, жеңил, бай ички дүйнөсүнөн,көз карашынан карап бизди көрүпөткөндүн тоңуп калган калдыктары катары.Баштагандандын жолу азаптуу болот
Биз Ноокат билимканасы бүт бардык проблемаларды ийгиликтүү чечип элдин сый-урматына бөлөнүп беймарал отуруп калдык деген ойдон алыспыз. Кыйынчылыктар, оор адашуулдар, жоготуулар, оркойгон кемчиликтер бул жерде да жок эмес. Лицей эми гана бутуна бекем туруп келе жатат, анын материалдык базасы жагынан ушул сыяктуу чет элдик лицейлерге Ноокат билимканасын салыштырууга болбойт. Алар менен теңелиш үчүн дагы көптөгөн каражаттар, инвестициялар, эмгек жана убакыт сарпталыш керек. Биринчиден лицейдин имараты, окуу корпусу абдан тар, мындай окуу стандартына таптакыр төп келбейт, ылайыкталган эмес. Жатакана да ошол эле кейиштүү абалда. Ар-бир бөлмөдө беш-алты лицеист бирге жашаган болушат, бир тумбочка кээде эки адамга туура келет. Ошондой эле кысылуу шартында лицейдин окуу кабинеттери, лабораториялары, ашканасы жайгашууда. Ушул жагын эске алганда лицейде окугандардын жашоо шарты, образы кадимки «спартандардыкындай» десе болот.
Анын үстүнөн билимканада чын эле байыркы Грециядагы атлеттердикиндей, балдардын билим жаатында бири-бири менен конкуренция, таймашуу, эрегишүү өтө күчтүү болуп кошумча кыйынчылыктарды, интенсивдүү окуунуну азаптарын туудуруп жатпайбы. Лицейде эрте менен саат алтыдабы же түндөсү саат 11—12би кирип калсаң окуу залында кайсы бир китепти «кемирип» окуган же бир нерсени жазып иштеген «олимпиецти» көрөсүң.
Эрте менен сегизден тартып, кечки жети-сегизге чейин окуганы, кошумча сабактарга катышканы, эртеңки күнгө даярданганы аз келгенсип. Лицейде, ачык айтуу керек, илимге, окууга багышталган фанатизм жок эмес. Көпчүлүк балдардын сабакка мындай ашыкча берилип кеткенин лицейдин кемчили катары бааласа болот. Физкультура, дене-тарбия, эс алуу маданияты дегендер биерде унутулуп калгандай сыяктанат. Ошондой эле лицей алыскы тоолуу айылда жайгашкандыктан, анын окуучулары шардык балдарга салыштырганда жалпы маданий кругозору, дүйнө таануусу жагынан бир аз өксүп турганын, мектептен тышкары спорттук, чыгармачылык, өнөрчүлүк секцияларга катыша албаганын байкаса болот. Бул көп жагынан мыйзамченемдүү көрүнүштөр. Айылдын деңгээли өзү биздин өлкөбүздө башынан тартып шаардын деңгээлинен асман менен жердей айырмаланып турган эмеспи.
А бул типтеги лицейлерибиз, урматтуу мекендештер, биринчи кезекте биздин коомубуздун ушул бейнормалсыз карама-каршылыгын, оор дартын жойдуру үчүн ачылып жатпайбы. Келечекте, ошол 21-кылымда шаар менен айылга, түндүк менен түштүккө бөлүнбөй бир эл болуп цивилизациялуу түрдө жашайлы деген ниетте, биздин бүгүнкү балдарыбыз ошондо дүйнөлүк аренага чыгып, аерде өзүнүн ордун таап, мекенибиздин сыймыгы жана тиреги болсун деген ийги тилекте.
Лицейдин материалдык базасы бара-бара чыңалган сайын, окутуучулардын тажрыйбасы артып, балдардын ата-энелеринин лицейге бар болгон түшүнүгү, мамилеси өзгөрүп, өзүлөрү да тарбияланышып тарбия иштерине активдүү катыша баштаганда, көп бугунку кемчиликтер өзүнөн өзү эле жоголушу бышык. Кантпегенде, системанын жакшы иштеп кетүүсүнө, стабилдүүлүккө жетүү үчүн бир катар жылдар, а балким ондогон жылдар керектир. Ага чейин кыйналып иштегеңден башка айла жоктой туюлат. Алгачкы баштагандын жолу татаал, азаптуу болот эмеспи. А бирок ошого жараша биринчилер элдин тарыхый элесинде, сый-урматында бекем калышат. Кийин Кыргызстандын алыскы тоолуу аймактарында балким жүздөгөн эң сонун, эң мыкты лицейлер пайда болоор, ошондо да алардын баары Ноокат билимканасын өзүнүн чоң энесиндей таанып, терең урматташат.
Биз жогоруда лицейде иштеген мугалимдердин орточо айлыгы жөнөкөй орто мектептин мугалимдердин айлыгынан эки-үч эсе артат деп айткан элек.
– А бирок жалпы республикабыздын финансалык абалынын начардыгынан, – дейт Тургунбай Жунусов, – Ноокат билимканасынын окутуучулары убагында айлыкты толук алалбай кыйналышууда. – Менин айлыгым 300 сомдон ашуун, убагында бул суммадагы акчаны алып турганымда, эч кандай материалдык проблемам жок болот эле. Райондогу банкыбыздын нак акчасы жоктугунан, айлыгыбыз убагында тийбей, төрт-беш ай кечигип алабыз. Соңку мезгилде райондун жетекчилери атайын мугалимдердин камкордугун көздөө аракетинде, алар үчүн айлыктын ордуна ошол эле суммадагы талондорду бере баштады. Ал талон аркылуу райондун кээ бир мамлекеттик дүкөндөрүндө негизги азык-тулук товарларды: нанды, кантты, унду жана башканы сатып алсаң болот. Тилекке каршы, бул товарлардын талонго сатып алуу баасы эки эсе кымбат туруп, натыйжада менин алган айлыгым 150 сомго чейин кыскарап жатпайбы.
Өмүрзак Мамаюсупов:
– Айла жок болгондо, кээде өзүңдүн чөнтөгүңөн мугалимдердин айлыгына акча чыгарып бересин. Ишти баштагандан кийин, анын аягына чыгыш керек да. Лицей материалдык жактан биротоло бутуна турганда гана эс-жайыбызды алабыз окшойт.
– Албетте, ушул сыяктуу күнүмдүк проблемаларыбыз арбын, – дейт лицейдин директору Саадат Саттарова. – Аларды чечүү үчүн бүткүл өлкөбүздүн экономикасы оңолушу, реформаланышы ыктымал. Ошого карабай, ушундай кыйын кырдаалда мугалимдерибиздин да, окуучуларыбыздын да лицейдеги абалын, жашоо-шартын жеңилдетиш үчүн колубуздан келген бардык нерсени жасап атабыз. Баса, балдарыбызга күнүнө үч маал жылуу, сапаттуу тамакты жасап берүү да (лицейдин мугалимдери да эки жолу ашканада тамактанышат) биз үчүн оңойго келбейт. Ат менен райцентрге түшүп нан ташыган, велосипедде базардан жамгыр шатырап жааганда пияз алып келген күндөрүбүз болгон. Өкмөтүбүзгө дайыма карап, өзүбүз камырабай жатканыбызда, балдарыбызды кээ бири күндөрү тамак жагынан кыйнап койбойт белек – техника сынып же, эгерде кайсы бир себептерден бензин түгөнүп продуктулар убагында лицейге жеткирилбей калган болсо. Кудая шүгүр, буга чейин биздин балдарыбыз бир күн да жылуу ашканабызда нан тамаксыз калган жок. Азыр нан жабуучу электроагрегатыбыз, «тандырыбыз» да бар. Аны биздин шефповарыбыз Насиба Усманова жана анын жардамчысы Буниса Матмуратова эң мыкты иштете алышат – нан, боорсок, каттаманы жасап. Тамакты бышырганда да, ар-түрдүү Чечме-Сайдын айланасындагы адырларында өскөн адамга пайдалуу, витаминдерге бай өсүмдүктөрдү кошконду билет. Жазында бир аптада жок дегенде бир жолу адырга чыгып кийик отун, ысмалакты, тоо сарымсагын жана башкаларын терип жыйнап келет.