Гастарбайтер (кыргызча тили)
Гастарбайтер (кыргызча тили)

Полная версия

Гастарбайтер (кыргызча тили)

Настройки чтения
Размер шрифта
Высота строк
Поля
На страницу:
3 из 9

Коноктор бекерчиликтин даамын татып рахатына батышты. Алар зеригүү менен кумар оюндарынын ортосунда убакытты өткөрүшчү болушту. Эркектер карта ойношту, аялдар коридордо өздөрү менен кошо ала келген сай таштарынан бир нече жолу төрттөн болуп чакмак ойношту. Шаарга чыгуу дагы эле кооптуу болчу.

ЖЕРДЕ ЖАТКАН САКАНАК

Тыштан кирген Сармат менен Бек полдо жаткан саканакты көрүшүп ал плинтустуку экенин тактап, ордуна коюп жармаштыршса эч боло турган эмес. Ошондо Бек аспабын алып чыгып саканакты кадоого киришкенде, бекерчилик оорусунан тажаган жердештери подъезди ремонттоо ишин жабыла колго алып киришти. Түш оой бириничи кабаттан баштаган ремонтту бешинчи кабатка жеткирип бүтүрүп салышты. Жыгач шакшактарды түшкөн жерлерине кайра кадап, акиси түлөгөн дубалдардын ал жерлерин шыбап, ремонттоп салышты.

Ангыча Мария Ивановна пайда болду. Директор айым муну ЖЭК оңой тапкан пайда катары эсептеп, өз ыктыяры менен эмгектенген жарандарга акча жазып берейин дей кетти. Бирок Султан ататтырбай, биз бекер иштеп бергибиз келди, акчанын кереги жок деп чыкты. Ошол эле күнү директор аларга жумуш буйругун берип, ал үйдүн подъездерин оңдоону сунуш кылды. Кийинки күнү учурдагы жылдын бюджетине ишти планга киргизип, складдан боёк менен акиташ бердирти.

– Же болбосо, мен силерге бир аз акча жазып берейин, – деп дагы бир жолу ооз учу сунуштады. – Силер, тартынбагыла.

– Биз бекер оңдоп беребиз! – деди Султан дагы бир жолу, кең ийиндери менен артында иштеп атышкан жолдошторун калкалап туруп. – Кабатыр болбогула, биздин кишилерди бекер жатуу намыстантат, бекер иштөө кубантат!

Бектин коноктору унчукпаганы менен ийнинен дем алып күңкүлдөштү. Алар менен коштошуп машинесине олтуруп атканда, турак жай кеңсесинин директору Султанга кол сунуп:

– Болуптур анда, мен силерди көндүрүүгө убактымды кетирбейм. Султан сен азаматсың! Сенден мыкты менеджерлер чыгар эле. Эрте келбегениң өкүнүчтүү. Эгер оңдоо иштерди сапатту жасап берсеңер, келечекте менин жумушчуларымды алмаштыра аласыңар, – деди.

Директорду көрүп, Сармат ары басып өз алдынча ойго батты.

Ошол күнү кечинде Бек:

– Сыноо мөөнөтүнөн өтүшүңөр керек, – деди астыртадан. – Тажрыйбалуу Мария Ивановна, силерди дароо жумушка ала койбойт. Көнүп алгыла. Шаардыктар ушундай.

– Жок, аны акча менен алдай албайсың! – деп күбүрөдү Сармат. – Жок, ага пулуң эмес камкордук керек. Ал ким-кимге энедей, аял катары периштедей, бирок кол жеткиз алыста...

– Ишеним адамдарды бириктирет, – деди Бек.– Эгер булардын ишенимине кире алсаң иш аласың; болбосо, жумуштан бошотуласың. Ошого карабастан, сенин аракетиң текке кетпейт! Аракет кылсаң береткет!

Тапшырма оор болуп чыкты. Алар имаратты оңдоону колго алышты, бирок кире бериштин аркасын жабууга гана боёк менен акиташ өп-чап жетти. Тургундар дубал боорлорун чукулап жаткан бирөөлөрдү көргөн сайын квартирин ичинен бекитип алып, кооптонуучу болушту. Бек кошуналарына мындай иштер турак жай кеңсесинин уруксаты менен жасалып атканын кайра-кайра түшүндүрүп жүрдү.

Бектин коноктору мырыйган, сынган, бүлүнгөн жерлерди оңдоодон, шыбактары күбүлгөн дубалдарды жаңыртып шыбап, актоо, сырдоо жумуштарын ырахат алып аткарышчу болду. Ошол күндөн тартып алар подъездке кире беришти демейде тазалоочу аял эмес өздөрү тазалачу болду. Бул демилге Бектин жердештери үчүн керектүү жумуш эле. Алар бекер аткарып аткан ишинен ырахат алышчу болду.

СОНЯНЫН ИТИРКЕЙИН КЕЛТИРГЕН КУУРЧАК

Соня Идолду таңган скотчту сыйрып атты. Скотч алаканына жабышып, кычырап мээни чага берди. Дал ошол учурда Алма пайда болду. Соня чок басып алгандай Идолду колунан түшүрүп ийип, тигини карап калды.

– Бул жерде эмне кылып жүрөсүң? – деди ал.

– Эч нерсе... – деп чолок жооп берди Соня.

Сармат да бөлмөдө пайда болду.

– Эмнеге аны кароосуз калтырдың? – деп ал аялын тилдей кирди. – Сага канча жолу айттым, уурулар кармап кетиши мүмкүн деп. Аны жаныңда алып жүр! Жоготуп алуу бир паста! Эгер бул жерге калтырсаң, бир балээ болот дедим эле го.

– Мен күзөтчү жалдай албайм!

Соня алаканынан скотчтун калдыктарын жулуп, айрып бүтө албай атты.

– Эмнеге Идолго тийдиң? – деди Сармат – Уурдагың келдиби?

Кожойке кызарып, бетинде бүдүр пайда болду.

– Бутпарастар! – деп ичи күйүп кетти Сонянын. – Мен силерден уяламын! Жыгачтын ыйыктыгына ким ишене алат? Эгер чоочун бирөөлөр билип калса шылдыңга каласыңар!

Алма күйөөсүнө, аялы ага карады. Скотч мындан ары кычыраган жок. Соня калдыктарды тоголоктоп, Алманын колуна карматты.

– Мен скотчту жулуп алдым, бирок жыгачыңды ыргытып жиберүүгө үлгүргөн жокмун!

– Жок, сен аны бизден уурдап алып Ломбардка коюп, тез баюунун жолун издегенсиң! – деди Алма. – Сен Идолго экинчи тийбе. Түшүндүңбү?

Соня унчукпай калды.

– Башка бирөөнүн кудайын деги сатууга болобу? – деп Сармат сөзгө аралашты. – Ал биздин жүрөгүбүздө жашайт. Ойлонуп көрүңүз тажеңе. Эгер ал менин жүрөгүмдө жашаса, аны кантип Ломбардка коё аласыз? Эгер ошондой болсо, анда бул кудайга ишенген бүтүндөй элди Ломбардка кантип коюп сата аласыз!

– Эмне мени ууру дейсиң! – деп Алмага демите басты Соня. – Менин туугандарымды да ошентип ата, эр болсоң!

Соня коңшу бөлмөдө отурган Бек уга тургандай кылып үнүн бийик чыгарып сүйлөдү.

– Алар мени коркутуп жатышат. Уктуңбу? Мени ууру деп айтты? Ук, Бек! Алар мени аябай кордошту! Туугандарың менен жаша! Мен бул жерде калып, алардын шылдыңына чыдагым жашагым келбейт!

Бек гезитти коюп, аялын караганы жөнөдү. Бирок ал буга чейин эле жалгыздыгын баамдап жашып алган болчу.

Күйөөсүнүн ыйлап чыкканын көргөндө Соня албууттана кыйкырды:

– Адамдар туура айтышат, абийири жок адамга эркиндик бер, ал сени адам катары санабайт!Ушундан соң биз кимбиз бул үйдө! – деди Соня.

Квартира жымжырт болуп калды. Ар кайсы бөлмөлөрдө Бектин жердештери анын жообун күтүп, кулактарын түрүп калышты. Алма ашкананын эшигинин чала жабылган кычыгынан эрди-катын экөөн көрүп турду.

Анан кожоюн аялына бурулду:

– Соня, жыргалым, эмне эле ушубакка тынчтана албай атасың? Биз эми эмне кылышыбыз керек? Мунун баары менин күнөөм. Мойнума алам!

Алгач Соня ыйлап жиберди, анан ыйлаган бойдон чуркап ашканага кирип кетти. Ангыча идиш-аяк шыңгырап сынышы угулду.

Алма алдыңкы бөлмөдөн кабарлады:

– Хрусталь ваза! Эми ал башкасын издеп жатат.

Анан дагы бир идиштин полго урулуп талкаланганы угулду.

Бир нерселер сынып, шыңгырап артынан кулак кескендей жымжырт боло калып атты.

– Эмнеге мынча чачыласың? – деп Бек буулугуп сүйлөдү. – Эсиңе кел, буга идиш-аяктын кандай тиешеси бар?

– Мени күнөлөбө! – деп кыйкырды Соня үнү каргылданып. – Мен баарынан жийиркенем! Биринчиден, сен жийиркеничтүүсүң! Бул адамдарды квартирден чыгаргының! Мекендештериңди бул жерден жоготкун! Болбосо мен кетем! Тамашалап жаткан жокмун! Дагы бир жолу айтып атам – мен кетем! Же тигилер, же мен!

Аркы комнатадан суурулуп Сармат чыкты. Ал жалынып-жалбара кирди:

– Тажеңе! Эгерде биз туура эмес жашап атсак, кечирип кой. Алардын баары, азыр сенин алдыңа тизелип тууруп кечирим сурайт! Каалайсыңбы? Кааласаң, мен аларга айтам, алар сенин алдыңа келип тизелеп туруп кечирим сурашат. Бирок алар баары бир өз кудайына сыйынышат.

Мурда алар поезден түшүп келери менен, Сармат жарымы тамаша, жарымы олуттуу ушундай номерди өткөргөн. Анда ал Бектин жердештерин Сонянын маңдайына тизип туруп, буйрук берип, аларды жүгүнткөн:

– Бул жергиликтүү айымдан силердин боюңар кыска болушу керек, сөзүңөр нуска болушу керек! Ал жергиликтүү эжеңер! Силер аны угууга милдеттүүсүңөр! – деген.

Соняга ал номер жаккан эмес. Эми Сармат кайрадан баарын анын алдына тизип коюп тажеңесинин эмне буйрук айтарын күтүп калышты. Соня жооп берген жок, болгону, эчкирип ыйлап атты.

Алма алдыга чыгып, тамагын кырып, токтоо сурады:

– Эй, сен, тажеңе? Дагы эле ыйлабаң! Бизди коркутпаң! Биздин эч кимден коркпой турган жанга айланган чагыбыз!

– Сен унчукпа! – деп Соня үңүлдөп ыйлап кирди.

– Эмне болду, Сармат? Тажеңе эмне мынча эркелейт, ыя? Же башка бир себеби барбы?

– Сен менин сотум эмессиң, мага кантип жашоону айта тургандай! – деп Соня чыңырып жерди тепкилеп ийди Алмага тик карап туруп. – Бек таякеңе кол салбагын! Эмнеге аны суу ташуучу кылып алдың? Ал ансыз да өз көлөкөсүнөн коркуп жашаган жан. Акылы жок болуп көрүнүп атабызбы сага, чын эле бизди квартирабыздан кууп чыккың келип жатабы? Биздин балдарыбыз бар. Алар сенин оңой бизден кутулушуңа жол бербейт!

– Соня, тынчтан, жыргалым... – деп Бек аялынын айланасында айланып, үйрүлдү. – Эч ким эч нерсебизди тартып ала албайт.

– Сен таякенин кадырына жетпейсиң, барктай албайсың! – деди Алма!

– Унчукпа сен! – деп Соня каргылдана кыйкырды.– Биздин кандай жашаганыбызды сен кайдан билесиң?

– Сенин ким экениңди дароо эле билгемин! Сен кыялыңдагыдай жашайсың, зериккенде ушак айтып рахаттанасың!

– А сен айылдагылардын баарын окутканга көнүп калгансың!

– Мени оңдо анда, кана? Оңдо! Кана?

– Сени көр оңдойт!

– Сен шаарда жашаганың үчүн баарын билем деп ойлойсуң, а мигранттарды мээси бөксө делбелер деп ойлойсуң! – деп Алма алкылдап кирди. – Жолдо канчалаган аялдарды көрдүм, алардын баары иштеп жатышат. Алар өздөрүнө ыраазы экени ошонусу менен кишини өзүнө тарта турганы көрүнүп турат. Алар сендей жалкоо эмес!

– Болду, унчукпа! – деп ангыча Бек орой кыйкырды. – Менин үй-бүлөмдү жайына кой-э!

– Мага бул жерде мекеме шыпыручу боло аласың дешти, – деп болбой Алма кебин улантты.– Сен сантехник боло аласың. Боёкчу, мешке от жагуучу. Бетончу, кыш куюучу боло аласың дешти... А түгүл жыныстык мүчөсү менен нан тапса болот дешет. Кечинде алар аялдар клубдарында жыныстык мүчөсүн көрсөтүп акча табышат экен. Демек, бул шаарда баары иштеп атышат. Бирок менин жүрөгүм сезген нерсе биз жакында жумуш таба албайбыз. Ырас, кээ бир адамдар оңой эле жумуш табышат экен. Биз алар эмеспиз! Бизге жумуш таап бер, таяке! Канча убакка чейин колубуз бош отурабыз?!

Баары унчукпай калышты. Алма башка бөлмөгө кирип, бирөөнү сөгүп жиберди:

– Бас нары! Жинди болуп атасыңбы?

Султан ошол бөлмөдөн чыгып, үн-сөзсүз тышка чыгып кетти.

– Аз жерден Идолду жара чаап сала жаздады! – деди Алма тигил үйдөн үн катып.

– Эмне болду? – деп күйөөсү бери жактан үн катты.

– Ал Идолду балка менен, аз жерден, жыга чаап сала жазды.

– Таарынып калдыбы?

– Эми ал мени коркутат эмесмпи.

Баары терезеден карап, Султандын ары баратканын көрүп турду. Ал машыгуу учурундай алдындагы ава менен мушташып баратты.

– Сенин сөзүңүн ага чиркей чакканча да таасири жок! – деди Сармат.

Топтун биринчи жарымы түшкү тамакты ичип бүтүштү. Анан Сармат башкаларды чакырганы кетти да, кожойкени көрбөй:

– Тажеңе кайда? Ал көрүнбөйт, кайда кетти?

– Соня биз менен жашагысы келбейт, – деп Бек оозу бош жооп берди.

– Оо, кандай сонун! – деп кыйкырып ийди Алма. – Мен ушуну туура кылдым, аны мен туура жолго салдым!

Ошол учурда Соня үч вокзал станциянын алдында бараткан. Анын колуна кичинекей чемодан ичинде эң зарыл нерселер гана бар болчу, ал кечээтен бери үйдөн кетүүнүн даярдыгын көрө баштаган. Бирок ал башка шаардагы энесине жөнөөрдөн мурун бирөөнү күтүү керек болчу. Ал Султандын келишин күтүп аткан. Алгачкы күндөн тартып ага жылуу мамиле кылгандыктан аны менен сырдашсам деп жүргөн. Ал каалагандай артынан келсе анан алар түбөлүккө чогуу боло алышмак.

Ошол эле күнү Алма дүкөндөн джинсы рюкзак сатып алып, ар дайым өзү менен кошо кумирди алып жүрүүнү чечти.

Кечинде Алма баары жайгашып алганын текшерүү үчүн бөлмөлөрдү кыдырып, гезитти колуна алып кайра басты. Көп жолу колдон колго өтүп окулган барактар анын колунда аянычтуу шуудурап, эшиктин алдына келгенде токтоп калды.

– Башка бирөөгө гезит керекпи? – деп сурап калды.

– Ага бер! – деп Бекти үчүнчү жак менен атап, баары бир ооздон кыйкырышты. – Окуп берсин!

– А мен эмне кылып жатам? – деп Алма кыйкырды.

– Бек гезит менен жүзүн жаап, бөлмөсүнөн чыгып кетти. Алма анын артынан ээрчип, андан ары ашканага бурулду.

– Айтчы, Батыш эмне жазып жатат? – деп сурады Сармат таякесинен.

– Батыш басма сөзү биздин көйгөйлөрүбүздөн башка нерселерди жазышат...

– Капиталистер баарын алдап жазышат, сен бактылуусуң! – деп аялы сөздү бөлүп койду.

– Алардын баары акмактар! Алар өздөрүн дүйнөнүн жарандары деп ойлошот, ошондо биз бир өрөөндүн адамдары болуп калабыз!

– Чыгыш бул санда эч нерсе чагылдырылган жок – деп Бек жыйынтыктады.

Сармат өйдө болуп Бектин колунан гезитти алды.

– Батыш жакшы болушу мүмкүн, бирок биз бул жерде жашайбыз, таяке, – деп тамашалады Сармат. – Асмандан жерге түш. Чындыкты бул жерден издеш керек!

– Ал бараткан жолуңда жаткан жок. Ал көмүлүп жерде жатат! – деп жооп берди Бек. – Аны көпкө издөө талап кылынат, не дегенде, чындыгың, түгөт, туруксуз нерсе, сымаптай мөлт этип улам бир жакка качып кетип турат.

Бектин үйүнүн артындагы бульварда чөп бийиктеп өсүп калганда турак жай кенсесине барып чалгы алып, чаап салышкан. Ошондон бери Сармат конторага көп баруучу болуп кеткен. Мария Ивановна баарын көчө шыпырууга дайындаганы менен алар дагы эле көчөнү шыпырууга чакырыла элек. Директор эми кышкы жумуш сезону кирип келди жумуш берем деп тил эмизип калган. Көптөгөн мигранттар кышкы сууктан качып жылуу климаттагы үйлөрүнө кетишет. Бош орундар көп болот деп ынандырууда.

Сармат жеке өзү турак жай кеңсесине барып кабар алуучу адат таап алган. Заңгыраган көп кабат үйлөр аска зоодой, аяк башына көз жетпеген көчөлөр кокту колот, жылгадай сезилип жүрдү.

Султанды биринчи жолу коңшу үйдөн жардам сурап чакырышты. Аны арык чырай жаш бала чакырып келди. Ал Барселонанын бейсболкасын кийип мойнуна ошол эле команданын шарфын салынып алган. Оң кашына күмүш салмак тыгынып алган. Султанды көргөндө эки көзү коркконунан алаңдап, шаардык эместигинен улам селт эте түшкөн. Бул анын, кантсе да, мигрант менен биринчи жолугушуусу. Чоочун киши отуз жаштарда көрүндү. Жүзү капалуу, өңү баланын атасыныкындай эмес. Чачы кара дене түзүлүшү чыныгы бокусчудай чың, бою бийик болчу. Анын чоң келбети жаш балага коркунучтуу сезилди. Экөө басып баратканда, ортосунда аралык бир метрдей сакталып баратты.

Анан подъездге жете бербей бала:

– Токто! – деп кыйкырды. Эки колу шымынын чөнтөгүндө болсо да буйрук бере сүйлөдү.

Султан токтоп күтө калганда жаш бала кайра да:

– Ушул жерде күт! – деди.

Сыртта турганда, Султан мурунку машыгып жүргөн кикбоксинг аны таштап кеткендей сезди. Ал жогорку лигага жетүүнүн алдында эле. Бирок ал үчүн машыгууну улантуу абдан керек экенин дагы ойлоду.

– Спортко кызыгуубуз.... – деп шыбырады Султан. – жоголуп баратат. Мен кө-өп убара болушум керек. Колум бош. Спортто машыгуу, куду азоо атты үйрөткөндөй кеп: булчуңдарды өстүрүү, дем алууну тартипке салуу, чыдамкайлыкты бышыруу дагы да көп нерселер жетпейт. Буларды өздөштүрө албасам мен анда өмүр бою ушинтип жашайм – уят, уят! Максат алигиче асманда! Мен ага жетишим керек. Секирик жазоо керек! Укмуштуудай күчтүн ээси болуш мен үчүн зарыл нерсе! Алибетте кыйыныраак, андан да кыйыныраак! Аябай ырайымсыздык салгылашуу ушуну талап кылат. Андан качпоо крек. Антпегенде акыры келип мен мынбу жаш баладай таноосуна сөйкө тагынган, жат кишиден корккон балакайга айланам. Астымдан чыккан ар бир чоочун киши мени коркутчу чалажан балакайга айланам. Ушул маалдан тарта аракет кылууга өтүшүм мен үчүн милдеттүдөй керек! Спорт зал керек. Эсимде дайыма болсун. Кечинде Сарматка айтам. Баса, Шарипа кайра да шаарга чыгып кетти. Анын жеке аракети бирдин ичинен чыгарат. Мен дагы ошол абалга көчүшүм керек. Мен жергиликтүү тургун болушум керек. Болбосо, мен аман калбайм.

Чоочун киши квартирасына башбакканда, алты жашар баланын эсин ого бетер чыгарды. Ал апасынын этегин оронуп, эч койо берген жок. Ал апасы менен кошо кыймылдап, Султандан чоң көздөрүн айырбай карай берди. Келин анан Султанга:

– Мынабу дааратканалык бачоктун арт жагын караңызчы, – деди.

Султан дааратканалык бачоктун капкагын ачып караса, желим калкымасы кыйшайып суунун агышы тынбай, бачок какшып калыптыр. Султан калкымасын кыпчылган жерирнен алып калкытып койду эле суу токтоп бачоктун ичине суу ага баштады. Аял дароо бир жагы бырышкан сары он сомдук рублди сунду. Султан алган жок. Бул аялды таң калтырды окшойт. Акчаны камап кура берди. Султан бачокко толуп чыкакан сууга колун жууп, капкагын бекем кынаптап жапты да коштошпостон баса берди.

РЕКЛАМА ТАРАТУУ МААЛЫ

Шаарда алгачкы үшүк жүрө баштады. Имараттын кире беришинен тарта ары жактагы тротуар үшүктүн аппак кыроосун жамынып чар тарапты бубак каптап, кайсы тарапты караба баары өзгөрүп калган. Адаттан тышкары аппак таңды башка күндөргө окшотпой салган.

Бектин коноктору бош убактысынан тажап бүтүшкөн; ал кыш түшкөнүнө кубанган да кайгырган да жок. Мария Ивановна убада кылган участокторунан мигранттар кетпегенин бетке кармап дагы эле иш бере албады.

Анан алар метрого жакын жерде рекламаларды таратканы барышты. Бир нече адам кире бериштин жанында туруп, колунда гезиттерди метродон чыгып бараткан кишилерге, алар жанынан өтө бергенде, бирден кармата коюп, таратып атышты.

– Аларга бирден бергиле, – деп эскертти Сармат. – Биз аларды бекер берип жатканыбыз менен, гезит чыгарууга бир топ акча коротулган. Аз-аздан. Шашпагыла, көбүрөөк адамдар билиш үчүн керек...

– Мен буларды дароо таратып ийем, – деп мактанды Султан.

– Өзүңдүн ишиң, спортчу! – деди Алма.

– Аларга чөнтөк телефону болсо болду, гезитиңди ачкан жерине таштап салып, басып кетишет. – деп кошумчалады Сармат. – Мына, дагы бирөө эскалатор менен метродон чыгып келатат!

– Мунун эмнеси жаман? Алар ушунчалык көп басып чыгаршыптыр, – деп кайра нааразы болду Султан.

– Реклама берүүчүгө материалдарды этияттык менен таратууну айтышыбыз керек, – деди Аскар. – Биз аларды бул жерде таратып жаткандын аралыгында коюлган талап убактысы эскирип калат. Ушуну эске алыш керек.

Ар биринин колунда бир кучактан гезит. Мигранттар метрого кире беришти кайтарып тургандар, жанынан өтүп бараткандарга удул сунганда тигилердин кай бири гезитти аларды колунан жулуп алып кеткендерге "Рахмат!" деп кыйкырып ийип атышты.

Алар бул адатты Шарипа менен болгон окуядан кийин өздөштүрушкөн. Ал гезит алгандардын баарына "Рахмат!" деп айтып турганда анын гезиттери бүт таратылып бүтүүсү жарым саатка жетпеген убакыт корогон. Мындай көрүнүш баарын таң калтырды. Акыры андай жетишкендик бир гана “рахмат” деген сөздөн улам болгону таң калтырган.

Чет тилдеги гезиттер, адатта, тезирээк сатылып кетет, ошондуктан Сармат менен Алма дүңүнөн сатуучулар англис же немис тилиндеги көптөгөн гезиттерди сатып алышчу. Алар кемчиликсиз иштешчү. Ошондо Сармат мекендештерине:

– Алар жазышат – алар көптү иштешет! – деп жооп берди Аскар. – Жергиликтүү элге эмне керек экенин таамай түшүнүшөт.

– Ооба, алардын коркууга эч себеп жок, алар бул жерден алыс, – деп тамашалады Шарипа.

Бек онтоп, бул жагынан тигил жагына бүткөн боюн чоюп, кайра керилип алып анан кеп баштады:

– Азыр адам адамга карышкыр болгон заман, – деди жай баракат. – Атасына уулу жардам бербейт. Ар ким өзү үчүн күрөшөт. Ошондой сандрак коомдо жашайсың, андан да өз наныңды өзүң табууң керек! Баса, мурунку өкүмөт элди ушундай болот деп коркуткан. Көрсө, ал билген экен.

Бектин жердештери мурдагы жашоо адатын жогото баштаган. Сармат мындай үстүдөн караган бийликке кыңк дебей баш ийүүнү эч жерден жолуктурган эмес. Бирок, ал аялы менен жердештеринен чогуу болууну талап кылышкан. Алар бул маселени ачык талкуулашка батына алышпайт, болгону Алма жердештери менен талашып-тартышканда, күйөөсү анын таламын талашып келет.

– Жакында байлар көбөйүп, кедейлер азаят – деди Сармат. – Коомчулук гүлдөйт. Туурабы, таяке?

– Жо-о-о. Миллиондогон акча чогулткан жандар мындан ары наоборот кайырчыларды кабыл алышпайт. Бул Крылов тамсилине окшош: ак куу асманга тартат, чортон балык көлдүн тереңине тартат, чаян болсо эч жака тартпайт. Кеч болуп кала электе байларды кысып чыгарып салыш керек. Алардын акчасынан коркпоо керек!

– Коркуш керек. Кесепеттери жөнүндө ойлонуп көр, таяке.

– Эки тарап тең элдин бороон-чапкынына кабылганын түшүнсө, баары жакшы болот. Жок, ар тарап өз күчүн сынагысы келсе кыйын болот.

Алма гезиттерди баарына бирдей бөлүштүрдү. Ал чет элдик басылмаларга көз чаптырып, күңкүлдөдү:

– Буларды гана алышыңыз керек. Башка эч нерсе жок. Жергиликтүү гезиттерди таратууга көп убакыт кетет. Аларды өтүп бара жаткандарга таңуулашыбыз керек.

– Реклама өлкөнүн эмес, ээсинин кызыкчылыгына кызмат кылат. Эмнеге үнөмдөйбүз? – деди Султан. – Титиреп олтурганда болбойт, аларды боо-боо кылып кармата берген оң!

– Акылдуу жигиттин тапканы! – деди Шарипа. – Бул башка бирөөнүкү, ошондуктан баары мыкты болушу ылайык. Эгер сиз башка бирөөнүн эмгегин коргосоңуз, бирөө сиздин эмгекти баалап, кам көрөт.

– Мунун бизге кандай кереги бар? Биз гезиттерди кишилерге бекер таратып атабыз. Мен аларды каалаганымдай таратам!

Султан кээде гезиттердин үймөгүн бир жакка алып барып, бош кол кайтчу болду. Мындай күндөрү Шарипа ээсине Султан анын нускаларын таратпаганын билдирүү үчүн эрте кетчү. Андан кийин анын алчу акысына үстөк кошулчу.

Бекер таратуу үчүн бөлүнгөн нускалар шаар боюнча реклама агенттиктерине таратылган. Бул гезиттерде либерализм жана демократия көйгөйлөрү боюнча материалдар да болгон.

– Эски Батыш жаштыгын эстеди! – деп бир жолу Султан айтып калды. – Ал Париж Коммунасын каалайт, бирок андай сценарий бул жердеги массага туура келеби же жокпу, эске албайт.

– Гезиттер окугандар үчүн чыгарылат, массанын ага эч кандай тиешеси жок! – деп жооп берген Бек. – Көптөр мындай чакырыктар алар үчүн жазылганын билишпейт. Эл үмүтү бүткөндө, адам эч нерсеге ишенбей калат. Батыштыктар рекламага канча көп акча коротушпасын мындан кайтарым жок. Өлкөнүн бир четинен экинчи четине чейин, талаалар менен токойлор, тоолор менен талааларда жашаган көптөгөн адамдар бул үгүттү билишпейт! Бул жердеги адамдардын оюн өзгөртүү оңой эмес. Бул Европа, Америка же Кытай эмес. Бул жерде жеке менчик баарын башкарып, менчик ээсине гана эмес, жарандарга да кызмат кылат.

Аскар реклама сатууга уруксат берилген станция алдында турду. Ал дароо жаттап алган сөздөрдү кыйкыра баштады:

– Келгиле! Мен силерге өз тагдырыңардын кожоюну болуу боюнча көрсөтмө берип жатам! Алгыла! Кармагыла! Баары бекер!

– Байлардын силерди эзип кордошуна жол бербегиле! – деп Бек бери жактан кыйкырып атты.

Ошол эле учурда Шарипа экинчи кире бериште туруп, ал дагы кыйкырып атты:

– Ойгонгула, эл! Баалуу кеңеш!

Андан анча алыс эмес жерде чоң Султан турду. Адамдар анын гезитин алуудан тартынышты, метродон чыгып баратып гезит алганы умтулуп, бирок баатыр сындуу эбегейсиз Султан сунган гезитти даап ала албай, бурулуп кетип атышкандарга:

– Оп-па! Ката кетти! Кечиресиз! – деп тамашалайт Султан.

– Дагы бир көп адам чоглуган жер, футбол! – деди Сармат. – Эл чогулган жерлерди калтырбашыбыз керек.

Жердештер стадиондун чыга беришине чейин чуркап олтурушту. Алар өздөрүн көздөй келе жаткан адамдарга үнсүз кол сунуп, Батыштан кабар деген сөз менен гезит кармата коюп ары чуркап баратышты.

– Ар жерде айкелдей болуп турбагыла! – деп Сармат жолдоштору менен урушту. – Адамга кабар айтуу үчүн анын жолун торогула!

Алма жүргүнчүлөргө гезиттерди берүүнүн өзүнүн ыкмасын тапты. Ал станцияга кирип, жылып аткан эскалатордун агымына каршы эл жерге чыга турган кычыка туруп жеңинин үстүнө ала салдырып алган гезиттерди бирден алып жер астынан чыккан жүргүнчүгө кармата коюп атты. Бир күнү акыры тынбай агылып келип аткан элдин тобунан кимдир бирөө аны түртүп жибергенде колундагы гезиттер чачылып кетти. Аларды алууга шашып эңкейе бергенде эскалатор менен чыгып, арттан келген кишинин таманы, Алманын колун тепсеп алды.

– Эй, акырын! Колумду сындырасың! – дегенге үлгүрдү.

Жүргүнчүлөр деңизи анын чакырыгына көңүл бурбай, алып бараткан эскалатор лентасы менен жай жылып, узай берди.

– Эй, эл! Унчукпагыла! – деп Алма метродон чыккандарга какшык айтчу болду.

На страницу:
3 из 9