bannerbanner
Мезгил ажырымы
Мезгил ажырымыполная версия

Полная версия

Мезгил ажырымы

Язык: Русский
Год издания: 2015
Добавлена:
Настройки чтения
Размер шрифта
Высота строк
Поля
На страницу:
6 из 7

***

Асылкүл жээни Денис менен сапарга даярданышып, аларга Руслан кошулуп жолго чыгышты. Русланда бир сыйра элестетүү болсун деп коңшу өлкөдөгү иш чаранын болжолдуу программасы менен оозеки тааныштырды. Сапар 3 күнгө уланат экен. Негизинен көрүүчү гана болуп бара турган болушту. Бул Асылкүлдүн маанайын абдан чөгөрсө да, жолдошу Сабырбектин шыкагы менен иш чараны калтыргысы келген жок.

Жолдо катар Денис машиненин артына жатып алып адатынча саамга уктай калып, кайра тура калып ар түрдүү темалардан кеп козгоп келе берди. Денис бир маалда – “айтмакчы Руслан. Мен сага барганда өрүк кыздарды көрсөтөм…иий…өрүгү да алчасы да толтура…дейсиң…бирди “сүйүп” калбасаң эле болду” деди ажыкыс чыны аралаш. Асылкүл жигиттердин кеп төркүнүн аңдаган жок, бирок учурдан пайдаланып оюн айтып калгысы келгендей – “Балдар, барганда өзүңөрдү маданияттуу алып жүргүлө ээ. «Провинциядан келишкен” го деп мыскылга калбайлы. Негизи мындай иш чараларда адамдар көнүл бурбагандай көрүнгөнү менен, бири бирине көз кырын таштап байкап коюшат. Шведдик стол да уюштурулат, бул ишкерликте таасирлүү салмагы бар адамдар менен таанышып, жакын маанайда баарлашууга мүмкүнчүлүк берет. Руслан сен жанымда болушуң керек. Денис катышпайт болуш керек…менимче мындай нерселерди жактырчу эмес эле..” деп Денис тарапка кылчайып койду. Денис “Ээ…барбайм аныңарга…момунтип-момунтип басышып, калп эле жылмайып күлүшүп…Стаканды да колдорунун учу менен назик кармашат…ий-ий..итиркейим келет да....”-деп колдорун чычайтып кимдир бирөөнү туурап койду. Асылкүл: “Ал жалгандан келип чыккан жасалма жүрүш-туруш эмес, Денис. Ал ошол чөйрөнүн калыптанган журуш-туруш адаттары. Эми элестетсен ошол жерде адыраңдап жөөлөп басып, ары бери карап шалп түкүрүп, оозуна тамак толтуруп алып ууртунан чууртуп каткырып сүйлөп отурганын…айтмакчы…айрым адамдардын кафе ресторанда отуруп алып тишин чукуп кайра эки жагын карап түкүрүнө бергени эрөөн-терөөн деле болбой баратат. Менин оюмча, коомдо маданияттуу жүрүш туруш адамдар тарабынан кабыл алынып, калыптанат. Мисалы мен адамдын статусун журуш турушунан, кийген кийиминен баалап коем. Бир эле нерсени айтайын, акыркы жылдары менин байкашымча чон ресторандарга барсаң айрым кыз-келиндер чачтарын эптеп байлап алышып, жасалгалап алышса да ыраазы болосуң да; колуна тийген бирдемени кийип алып эле келе беришчү болду. Бул конок ээсине карата болгон сыйлабастык. Мурда ресторан дегенде болушунча жасанып бараар элек. Эми болсо үйдөгү турпаты менен көйнөгүн башка кие салып эле жетип келишет. Менимче бул албетте жаман. Айтор, билбейм…” – деди.

Жолдогу жол тескөөчү кызматкерлер эки ирээт Асылкүлдү токтотуп документтерин текшеришти. “Ушул жумуш мыкты жумуш ээ тайэже. Чаар таякты көтөрсөң эле болду …хоп…акча түшүп калат” деди Денис. “Айтор. Билбейм. Булардын да “ашканасы” укмуш экен. Ушул кызматта иштеген бир байке кээде бир жолку айлыкты албай кол коюп берип коебуз. Айлыгыбызды жолдон чыгарып алабыз деп айтты эле” – деди. “Айлыгын ким алат экен анан?” деп Руслан таң калды. “Ушул кызматтан кетпей иштеши үчүн жана тиешелүү майлуу чөлкөмдөрдө кармалып туруу үчүн, өзүнөн жогору кызматта турган “тагдырын чеччү” адамдарга “кекиртек май” катары берүүгө мажбур болушат экен. Бул катардагы кызматкерлерде деле күнөө жоктой. Жумушунан ажырап калбаш үчүн айлыгын берип, бала бакырасына нан таап барыш үчүн айдоочулардан акча алууга аргасыз болуп жатпайбы” деди. Ортодо жымжырттык боло түштү. Ар ким чын төгүнү белгисиз бул кепти өз акылында сиңирип жаткандай.

Болжогон жерге жете келишти таптаза көчөлөрдү, заңгыраган имараттарды көргөндө эле Руслан бир аз сүрдөй баштады. Боюн түзөп, Ася айтмакчы маданияттуу болууга кааласа каалабаса да жагдай мажбурлап жаткандай. Бизнес борбор деп жазылган жаркыраган чоң имаратка киришти. Үстүңкү кабатка көтөрүлгөндө алдынан чыккан айрым өзгөчө стилдүү адамдардын Асылкүлгө жана Русланга жылмайып, баш ийкеп өтүп жатканы Русланды ого бетер сүрдөтүп жигитти муздак тер басты…

***

Саадат идиш аяктарын жууп болуп, текчесин ирээттеп, бөлмөнү шыпырып тазалап, полду сүртүп жиберди. Керебеттеги жүккө башын жөлөп телефонун чукулап отурган Нурик, бая эле Ырыстан келген коңгуроодон баш тартып отуруп, эми телефонун өчүрүп таштады да, эки колун төбөсүнө алып кыңая жатып шыпты тиктейт. Тээ ички сезиминде өзүнө түшүнүксүз чийки май жегендей абалда, бир чекитти маанисиз карап жата берди. Саадат улам Нурик тарапка көз кырын таштап коюп, бир орунда тигилип калган көздөрүн байкап эмне болгонун сурагысы келип кайра унчукпай калды. Бул үйдө өзүн жөн эле коноктой сезип, Нурик эмнегедир үйүнө Ырыс тарапка кеткиси келип кетти. Кантсе да бирге жашап көнө түшкөндүктөнбү айтор Нурик азыр бул жерде убактылуу гана келгендей абалда жатат.

Аңгыча Саадаттын телефонуна конгуроо келип, келин түрмөдөгү Таланттан экенин көрдү. Конгуроодон кабыл албай кнопканы басып койду да, телефонун өчүрүп таштады. Саадаттын ичинде кыжаалат ойлор пайда болуп “Чалба дебедим беле, эми эмне чалып атат” – деп келиндин ичинен кучунашы кармай түштү. Ушундай эл жатаар маалда дайыма телефон чалчу. 4 жылдан бери бар тапканын түрмөгө ташып жүрүп акыркы айларда убактысы да акчасы да бекерге кетип жатканын түшүнүп Таланттан кол үзгөн эле. Талант жөн гана Саадатты башка аялзаттар сыяктуу эле телефон сыртында имерип жүргөнүн, башка бир номерден чалган адамдын маалыматынан сон Саадат түшүнүп калып бул эпчил жигиттен алыстай баштаган. Бирок аялдын акылын имергенди мыкты үйрөнгөн Талант бул шартка көнбөгөндөй, бир ай мурун бир тууган эжесин Саадатка элчиликке жиберген болчу. Таланттын эжеси инисинен өтүп, келинди бал тилге салып кудай буйруса аз калганын Талант Саадатка үйлөнүп той кылаарын. Мунун далили катары Саадат жаза аткаруу кызматына кат менен кайрылып, Талантка женилдик берүүнү сурап кайрылуу жазып беришин, кайрылууда Таланттын жоопкерчилигин Саадат өзүнө алаарын белгилешин өтүнүп келиптир. Саадат жок дей албады. Бирок жазган кайрылуусу колдоо тапкан эмес. Бул келинге окшоп темир тор артында сөздү аялзаттын кулагына жаккыдай кылып сүйлөөгө дасыккан айрым кызыл тилдүү эпчилдерге ишенип, тумандуу таалайын күтүп бар тапканын ошол жакка ташып жүргөндөр канча дейсиң. Эгер акылын ачкан ошол конгуроо болбогондо балким бул деле көзү тумандап, көңүлүндө көпөлөк айланып жүрө берет беле ким билсин. Бир жолу чоочун номерден телефонго коңгуроо түштү. Байланыштын ары жагында жашы бир топко барып калган өңдүү, үнү каргылданган эркек адам: “Саадат деген сенсиңби айланайын. Менин атым Мурат. Мен Таланттын жанында болчумун. Бүгүн башка жакка которулуп келдим. Номуруңду эптеп жазып алдым эле. Сөзүмдү аягына чейин угуп тур кагылайын. Пайгамбар жашымда тагдырым тайып минтип түрмөдө отурам. Мен сени адашпасын деп ойлоп чалып жатам. Талантка ишенбе. Ал сенден башка дагы 2 келиндин башын айлантып жүрөт. Баарыңар тен ал немеге тамак-аш ташып алданып жүрөсүңөр. Мен сени аягандыгым үчүн чалып жатам. Мен....” деген үндү бүткөн бою дүрүлдөп угуп туруп аягына чыкпай коюп койгон. Ошол номур кийин дагы деле чалып жүрдү. Бирок Саадат коңгуроого жооп берген эмес. Бир четинен бул эмне деген аракет деп түшүнө албады. Же балким Таланттан тартып алыш үчүн дагы бир эпчилдин аракети беле?. Эртенден калбай номурунун бир санын алмаштырып таштоону ойлой калды. Бирок, колу бутуна эчтеке жукпай шыпылдаган Таланттын эжесинен кантип кутулаар экен. Саадат конгуроого жооп бербей койгонун Нурик байкап, башын көтөрүп карап койду да унчуккан жок…


***

Палатадагылар кечки тамакка дасторкон жайышып чон энени чайга чакырышты. “Рахмат балам, кечинде суюктук ичпейм. Таң атканча дааратканага чуркатат. Өзүнөр эле тамактана бергиле” деп коншу керебеттеги келинди алкап койду. Шыпты тиктеп, ойлуу жаткан апанын оюна эмнелер келип, эмнелер кетпейт. Ойлору тээ жаш кезине чабыттап барып кайтып келет. Эмнени туура эмес кылдым, эмне туура болду деп өз өткөн жашоосуна саресеп салып, эң көбүрөөк ойлонткону уулунун эмнеге мынча кызыл камчы болуп калганын түшүнө албай кетет. Чоң эне мунун күнөөсүн өзүнөн издейт. Балким раматылык кайненесинин таасириби деген да ойлор кылт эте калат. Раматылык кайненеси “Аял дегенди башынан кармаш керек. Аял деген шайтан. Камчысы катуунун катыны уяттуу деген. Илгери Шырдакбек дегендин аялы болгон. Шырдакбек бий аялын ушундай эркелетчү экен, катыны чоюштап бир үшүп кеттим десе бир ысып кеттим дечү экен” деп кептин ыгы келген жерде айта бергенден тажачу эмес. Ал кезде жанында ээрчип момпосуй, набат күтүп жеп жүргөн Жакшыбектей куйма кулак тестиер балдары кайненесине эркелеп отуруп, анын айткандарын жадыбалдай жаттап алышаар эле. Жарамазанды жарыктык киши өзүнүн ойунан эле токуй салчу. “Кеп анда деле эмес го. Ошончолук таасир берсе раматылык абышкам деле чон муштум болбойт беле. Кайран чалым экөөбүздү кайраштырган кайненемдин далай сөзүнө жооп кылбай, унчукпай гана кутулчу эмес беле. Ансайын жарыктык киши күүлөнүп “Амчак берген бери жат, эмчек берген ары жат болуп калдым бул арсызга…” дечү эле. Абышкамдын ачуусу шакар болуп кеткенде килем, төшөк, жуурканга ороп алып муштаган болуп төпөштөп-төпөштөп жинин чыгарып алчу. Бир ирээт жайма жай отурганда “Балдардын атасы....төшөк, кийизге орогонуңду качан коесуң, бала бакыра эс тартып калды…” дегенинде, “Турган жеринде чапчу болсом өлүп каласың…бир айтканды угуп жүрчү…” деген жооп алган. Кайраным канчалык ачуусу келсе да мени аячу тура. Канткен менен эки алакандан дабыш чыккан сыяктуу, келинимдин эки айтмайын эсине түйбөгөнү баламдын ачуусун келтирээри чын. Байкуш келиним күйөөсүнүн кабагынын алдынан туюп, анча мынча зирек болгондо балким бир топ чырдын алдын алат беле” – деген ойлор эненин дилине закымдап келип кетет.

Палатада төрдө чай ичип отурган келиндин бири шыпты тиктеп кыймылсыз жаткан энени карап ээгин экчеп “Бул жакта эч кимиси жок го ээ. Эч ким келген жок баятан бери” – деп шыбыраса, берки келин “Карасаң кийимдери сонун экен. Аш-тойго барчудай жасанып алыптыр го. Чоңдордун апаларынан окшойт…” деп кеп чубады. Эшик ачылып орто жашаар санитар эже пол жуугучун көтөрүп келип баштык-үштүктүн баарын түрткүлөп “Алгыла, жыйнагыла, мындай койгон болбойт!” деп чаңкылдап палатанын орто жерин сүрүмүш болду да чыгып кетти. Ангыча залда чаңкылдаган үндөр чыгып, кимдир бирөөлөр урушуп жаткандай болгонунан келиндердин бири залды көздөй умтулду…

***

Ырыстын телефон номурун алып калууга аракеттенген Касым уста “Ырыскүл менде сеникине окшош тамак бышыргыч бар, алып колдоно бер. Мен сеники оңолгондо телефон чалып коем. Келип алып кетесиң. Бир бөлүкчө азыр менде жок эле ошону үйдөн карап, алып келип оңдоп коем ээ…?” деди. Баятан балмуздак жеп шашпай отурган келин муюган сыңары “Мейли…качан келсем болот?” деп сурады. Касым шаша: “Кел, телефон номуруңду айта сал. Мен жазып коейун. Эртен, бүрсүгүнү чалам”– деп жооп кылды. Келиндин номерин жазып алып көңүлү жайлана түшкөн Касым сатыкта турган, эски тамак бышыргычтын бирин Ырыска кармата салды. Ыраазычылыгын билдирген Ырыс эл арасына жайлай басып кирип кетип көрүнбөй калды. Келинди узата карап калган Касым акыркы күндөрдөгү көнүлсүз жашоосуна жакшы жаңылык пайда болгондой маанайы көтөрүңкү. Миң жолу аялды тансаң да, чансаң да акыр аягы аялзатсыз жашоосун бактылуу кылуу эркек үчүн мүмкүн эмес экенин мойнуна алгандай, ойго чөмүп ишин улантып отурат. Кызык ай…кандай гана аялзат болбосун теребелине мээрим терип жайып, маңдайына махабат отун жакканды билген эркек болсо ажыдаар болуп кетсе да ийге келип ак маңдай жар, уюткулуу эне болуп берээрин бул уста киши өмүрүнүн жарымын жашап өткөн соң түшүнүп калган.

Ырыс үйүнө көңүлсүз келди. Дилинде “Нурик келди бекен?” деген ой бар, ал ойго ээрчий “Түндө кайда түнөдү болду экен. Мас болуп көчөдө бир жерге уктап калдыбы?” деген ойлор убайт чубайт. Үйүнө келсе эч ким жок. Ачкыч ордунда эле экен. Ырыс жумушуна барып бул күнгө чейин иштеген эмгек акысын сурап алмакчы болду. “Эми жумушту улантып иштөө мүмкүн эмес. Алар баары бир башка жумушчу таап алдык деп коюшат” – деп ойлонгон Ырыс үйүн ачпай туруп эле бут чечмеге колундагыны коюп кайра көчөнү көздөй жөнөдү. Телефону шынгыраганынан алып караса апасы чалып жатыптыр. Апасы: “Үйгө келип кетчи. Айтаар кебим бар”– деди. Апасынын бул сөзү кызынын жүрөгүн дүкүлдөтүп “Тынччылыкпы?! Эмне болду? Азыр эле айта беринизчи?” деп безилдеп жиберди. Апасы: “Тез кел. Болду. Мен шашып жатам…” деп трубканы коюп койду. Үйдө бир нерсе болгон окшойт деп боолголоп элейген бул аялзат автобекетке токтоосуз бет алды. Жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй согуп, кадамы арбыбай жаткандай сезилет. Энтигип энтеңдеген келин автобекетке жетип барды да, айылына кетип жаткан таксиге илинип жолго чыкты. Айылына жетип, көчөнүн аягына имерилип кеткен жерден таксиден түшүп калды. Эрбеңдеп, шашып, энтигип келе жаткан Ырыс бүгүн атасынан капилет айрылганын биле элек… Үйү тарапта бирин-экин адамдар кирип чыгып жатканын көргөн келин, чындап эле бир балээ болгонун сезди. Жакындап барганда эски дарбаза кенен ачылып склад тарапта келиндер кирип чыгып жаткан экен. Кошу жеңесин көргөн Ырыс “Жеңе! эмне болду?!!!” деп чанырып жиберди. Жеңеси “Ай! Келиндер! кармагылачы кызды..” деп кыйкырып, эки аял келип эки колтугунан сүйөй калышты. “Кайрат кыл..атаң каза болуп калды…” деген жеңеси Ырысты колтуктай боз үйгө алып кирди…Баятан кабыргасы кайышып ботодой боздоп отурган Ырыстын апасынын ойунда “Кызым эл көбөйө электе келип калса болот эле…” деп кыпылдаган ой бар эле. Мындай ойлошунун да себеби бар болчу…

***

Асылкүлдү алыскы сапарга узаткан Сабыр ата-энесинин үйүн көздөй жол тартты. Жылына 2-3 ирээт барып ал жай сурап, таттуу табыр ала барып учурашып келүү келинчеги экөө үчүн адат. Карылыкка эчак моюн сунган апасы уулунун балалуу боло албай жатканына кейип жашап келет. Уулу келген сайын жалгыздатып алып аялы Асылкүл төрөттөн эми калганын, үмүт этпешин, андан көрө төрөй турган аял алып төшөк жаңыртышын айта берет. Атүгүл улуу женеси Сабырга ылайык келин да таап койгон имиш. Жаш кезде апасынын ачуусу мурдуна келип “Туубас катынды ээрчип өмүрүн өтөбү?…Эмне эле жабыштың да калдың ия…!” дечү, уулу бир солк этпеген сон, эми Асылкүлдүн үстүнө эле аял алууну айткандан тажабайт. Сабыр үчүн бул өтө талылуу тема. Асяга дагы аял алам деп кантип айтам, кантип ыйлатам деген суроо жүрөгүн өйүйт. Кээде өзүн жеңилдетүү үчүн жалгыз отуруп бугун суутмакка ичкилик ичип алат.

Өмүрүндө кездешкен керме каш сулуулар, ачык эле турмушка чыгууну сунуш кылган тайбас аялдар жолукса да, Асылкүлдүн бир тал чачын алмашкысы келбейт. Асянын өжөрлүгү ошол эле учурдагы алсыздыгы, ишенчээктиги ошол эле учурдагы акылдуулугу, аракетчилдиги, эмгекчилдиги сыяктуу сапаттарын жыйырма жылга жакын бирге түтүн булаткан жашоосунда беш колундай билет.

Бул жолу апасы катуу киришип алган өңдөнөт. Улуу жеңесин чакыртып маселени кабыргасынан койду. Апасынын айтуусу боюнча улуу жеңеси өз алдынча эле Сабырдын үйүнө барган киши болуп, Асылкүл менен сүйлөшмөкчү болуп жатат. Асылкүл макул болобу же болбойбу ал маанилүү эмес. Апасынын сөзү боюнча “Мага демектен өлүп кетсин!”…

Сабырга ушундай жагдайлар жакпайт. Абдан чайналып, кыйналып кетет. Дагы жакшы Асылкүлүм апам жөнүндө бир ооз жаман кеп айтпайт деп ойлоп коет. Апасы менен аялынын ортосунда кулагы бышып жүргөндөр кантип жашашат деген суроо бар. Бир ирээт теңтушу: “Э…с....кимисине болушаарыңды билбейсин. Оң кулагында апан…сол кулагыңда аялын…экөө эки жоодой…ушундай жиним келет дейсин …алкаш болуп ичип…талаалап тентип кеткиң келет…” дегени бар. Чынында, келин алдым деп ак жоолугун көтөрүп сүйүнгөн кайнене бат эле атаандашка айланса, койнундагыны төрөп өстүрүп күйөө кылып берген аялды көп өтпөй эле албарсты көрүп калган келин жүздөн да көптүр. Эркек үчүн эки аялзаттын “муздак согушунун” “чордонунда” болуудан өткөн азап жок окшойт.

Апасы Сабырдын үйүнө келгенде атайлап чыныны түртүп сунуп, кекээрлеп, кергиштеп, стол үстүндөгүлөрдү ары бери жулкулдап жылдырып, күүлөнүп, Асяга тийиштик кылчу. Анча мынча жагдайларды байкап калган Сабыр Асядан кийин сон кандайдыр бир сөз күтчү. Бирок, Асылкүл эч нерсе болбогондой, кайненеси тууралуу эч сөз айтпай “унутуп” койгону Асылкүлгө күйөөсүнүн көз алдында кадырына кадыр, баркына барк кошоор эле. Ансайын Сабыр аялына ооп ыктап, апасынан “алыстай” түшчү. Бул жолу да Сабыр кары апасынын “сабагынан” кейип чыкты. Сабыр үчүн балалуу болбой калуу эмес, Асылкүлдү өмүр бою таарынтып, кейитип албоо маанилүү болуп жүрөгү эзилип, каңырыгы түтөп кетти. Сабырдын өзөгүн өрттөгөнү “Деги, Сабыр өзү балалуу болгусу келеби?” деген суроо апасын эч кызыктырбаганы. Дегеле, апасынын Сабырдын тандоосун эч сыйлабагандыгы эле…


***

Төрдө кошуна-колоң апалар отурган экен. Чынырып ыйлаган Ырысты сооротууга аракет кылышты. Эки ийини сүлкүлдөп, ботодой боздогон Ырыс ишене албай, ишенгиси да келбей сөөк жаткан тарапка умтулду. “Ай! Ай! Кой! Сөөктү анан көрөсүң…Болду…Токтото тур ыйыңды…Ыйлаганга дагы жетишесиң…” деген катаал мүнөз коңшу эне келинди ныгыра отургузуп койду. Жер астын үстүн алаамат болгондой, бул дүйнөдө эми эч нерсенин кереги жоктой баары..баары..бир заматта жокко чыкты. Эмнеге…кантип…эмне үчүн…ушинтип бат элеби?…деген суроолор…

Апасы кызын эл көзүнө илинбей эрте келсе экен деп тынчсызданган себеби кызым бой жүрөт, эгер жанында жары, кайын ата, кайын энеси болгондо каадалуу кабар берилмек; кызым бүгүнкүдөй эрбендеп жалгыз келбей калдайган куда сөөктүн коштоосунда кадырлуу болуп келмек деген ой болчу. Курган эне кызынын башкаларга окшоп орун очок алып, турмушта ордун табышын, ал эми өзү миң жылдык куда сөөк күтүүнү каалабай коймокпу. Бир көчөнүн кыздар балдары тең чонойушуп, кызынын жакын жердеги классташтары арбын. “Кызым менен күйөө балам келип алтын шакек салып кетишти туулган күнүмдү куттукташып”, “Кудагыйым Турциядан атайын арнап алдым деп барча көйнөк берип жибериптир”, “Куда сөөк менен жайлоого эс алып келдик, кешик ооз тийгиле”, “Кыз-күйөө учурашканы келишиптир” деген сыяктуу жана башка жакшылык жагдайлардын дасторкону эненин курбуларынын арасында байма-бай болуп турат. Курган эне акыркы жылдары ушул сыяктуу себеп-жакшылыкты шылтоо кылып дасторконго чакырган коңшу-колоңго кирүүдөн айбыгып, чакырса баргысы келбей кан басымына шылтоо кылып калчу болду. Дасторкон үстүндө Ырыстын тааныган адам же классташы суроолорун жаадырып кызынын кайда? эмне жумуш? канча балалуу? болгонун сураса “Иии…шаарда эле…бир жумушта иштейт айтор…атын айта албайм…тилим бурулбайт…балалуу боло элек…күйөөсү да ырасыраак болбой…” деп мукактанып калгандан тажап келет…

Баланын ааламга аты чыккан белгилүү инсан болуп ата-энеге атак-даңк алып келбесе да, турмушта өз ордун таап, тамырын жайып, жакшылык жамандыкта душман көзүнө таяныч болуп маселенин бир жагын чечүүгө кудурети жетип, үй бүлө деген кичинекей мамлекеттин өкүлү болуп турушу ата-эне үчүн бир сыймык окшобойбу…Ошол сыймыкка жетишүүгө ата-эненин баланын турмушуна болгон өз учурундагы туура таасири канчалык маанилүү?…деген менен, эне Ырысты турмушунан ажыратып алганына өкүнүп келет. “Жакшы эле жерге турмушка чыкты эле. Күйөө бала деле жаман эмес эле. Кандай болуп калды деги…курчтук кылып койдум…майда нерсеге маани берип сыйдан кетип калдым…күнөө менден кетти…” деген ой эненин санаасынан ар дайым кетпейт. Ырыс сооронуп соолуктай “Атамды көрөйүнчү” деди. “Коркпойсуңбу? Коркуп калсаң көз алдынан кетпей кыйналасың. Сөөктү өппө. Кучактап жулкулдатпа. Мандайынан 3 ирээт сылап “Ыраазымын, ата, ыраазымын” деп 3 ирээт айтасың” деген катаал чон эне Ырысты колунан жетелей сөөк жаткан көшөгөнү ачты…

***

Атасын көз кыйыгы менен улам карап отурган Канат бүт бардык нерседен тажагандай түрүнөн тая элек. Мына азыр колунан келсе эч нерсе сезбей да көрбөй да жымырап калгысы бар. Жакшыбек колу менен бетин жышып сүртүп алып, дубалды таянып тепкич менен көтөрүлүп үйгө кирип бара жатат. Канат ордунан туруп атасынын артынан акырын басып үйгө жакындады. Yйгө бут кийимин чечпей кирген Жакшыбек “Эээй…Атыркүл” деп кыйкырды. Төркү бөлмөдөгү Атыркүл атып чыкты.

“Апам каякта?” деди Жакшыбек.

– “Апамды өзүн догдурга жеткирип келбедиң беле”

– “аа…ооба…”

– “Чай, тамак барбы?. Азыр апама барам” – деди Жакшыбек

Бул мас кебетеси бир балакетке кабылат эми деп чыйп пыйы чыккан Атыркүл “Эртең бар эми. Азыр Канат барганы жатат” – деп акырын үн катты.

“Мен азыр барам деп жатам” -деп ызырына түшкөн Жакшыбек тамактануучу столго отурду. Алдына чай, тамагын камдап Атыркүл коомайлана маңдайынан орун алды. Тамакты шалпылдаган үн чыгарып ичип болгон Жакшыбек окшугусу келгендей сыртка жөнөдү. Баятан атасын акмалап “апама кол салып жибербесин” деп босогодогу тепкичте отурган Канат ордунан туруп ары басымыш болот. “Бас ээ…эне-е…апаңа барабыз” деди Жакшыбек көзү менен Канатты атып жиберчүдөй олурайа карап. Ооруканага деп даярдап койгон баштыкты Канат көтөрүп атасынын артынан басты. Керели кечке көрүнгөн жерге отуруп, оонай берип ботала болгон шымын тазалаганга жарабай, көйнөгүн да онураак шымдай албай Жакшыбек көчө тарапка умтулду. Алдыда саал темтеңдеп кетип бара жаткан атасын карап Канат жек көрүп кетти…

Күйөөсү менен уулун узата карап Атыркүл калып калды. Yй ичи ээнсиреп, бардык жылуулук кайдадыр бир жакка учуп кеткендей томсорот. Ушул үйдөгү кут, ырыскыны кармап, толуктап турган кайненеси экенин билет. “Кайненемдин көзү өтсө кандай болот?” деген ой жүрөгүн үшүтүп, андан аркы жашоону элестете албайт. “Канат качан үйлөнөт? Карыганда Жакшыбек эмне болот? Аракты суудай ичкен, кеп укпаган, улуу кичүүгө теңтуш болуп келжеңдеген чалга айланабы?” деген ойго чырмалат. Атыркүл акыркы жылдары: “Канат үйлөнсө, өзүнчө бөлүп койсок. Канаттын баласын багып берем деп уулумдукуна кетип калам. Карыганда арагы менен алышып жүрмөк белем. Yйүндө жалгыз жашай берсин” деп ойлой берчү болду. Эмнегедир, Жакшыбек жардамга муктаж жагдайда болуп калса, анын жанында болуу тууралуу ойлогусу келбейт. “Анын бетин ары кылсын. Ден соолугу кудайга шүгүр” – деп коет. Бул аялзат жүрөгүнүн тээ түпкүрүндөгү качанкы муздаган сезими менен өмүрлүк жары Жакшыбек камкордукка муктаж болбойт…анын жан дүйнөсү сыздабайт деп ойлойт…

***

Бир нече адамдар менен кол алышып учурашкан Асылкүл жанындагы Русланды “ассистент-жардамчым” деп тааныштырууда. “О-о-о..абдан жакшы…Саламатсызбы?” деп Русланга колун сунуп, жигиттин көзүн тике карап, башын саал энкейтип, ийкеп жылмайган жогорку деңгээлдеги кесипкөй адамдар жигитти катуу сүрдөттү. Шаша буша алик алып жооп кылып жылмайып башын ийкеп коет. Асылкүл Русланга тигил адамдын, тигил адамга Русландын атын атап тааныштырып, Русланды мыкты кесипкөй адис катары мактай кетет. Колу колдой болбой узарып кеткендей, бул кенен имаратка батпай жаткансып жигит бир укмуш абалда. Желкеси нымдалышып, көйнөгү жонуна жабышып тердеп жатканын сезди. “ий-ий…бет аарчы да салып албапмын…”деп ойлогон Руслан “эми мойнумдан аккан тер жылтырап көрүнүп “ит” болом го” деп ойлоп ого бетер кысынып, ого бетер сүрдөйт. Улам улам Русланга карап жылмайып коюп, ишкерчилик алкагында кыскача сүйлөшө калып жаткан Асылкүлдүн жанынан кетип кала албай же кулагынын түбүнөн аккан терди сүртүп сала албай жигит тозоктун отуна түшкөндөй болуп турат. Руслан көз кыйыгы менен ары бери өтүп жаткан адамдарды карап коет. “Баары эле Голливуд жылдыздарынан кем калышпаган адамдар окшойт” деп ойлоп койду. Баскан тургандары, сүйлөө, кыймыл манералары өздөрүнө жарашып, эч бир өөн нерсе болбогон себебин Руслан азыр билбейт. Өнүккүсү, карьера жасагысы келген, же дегеле ишинин ийгиликтүү болушун каалаган бардык адамдардын көпчүлүгү, алгач өздөрүн ичинен өстүрүп, ар түрдүү өзүн өзү алып жүрүү-өнүктүрүү курстарында окушуп, этика-эстетика жаатында даярдыктардан өтүшүп аракет кылышарын Руслан дегеле уккан эмес эле. Бар ойлогону акча менен байланыштуу болуп турса этиканы үйрөтүп башын ооруткусу келбейт окшойт. Жигит отуздан жашы ашканча үй-бүлөсүндө деле “тамакка чүчкүрбө”, “элди карап эстебе” дегенден башка бир да журуш туруш, этикага тиешелүү сөздөрдү уккан эмес. Ата-эне акча табуу менен алек болуп, канчалаган тирүүлөй жетим балдар ар туугандын колунда “эптеп” чоңойуп жаткан мезгилде балдардын курсагы тойбой, кийим бүтөлбөй жатса “этика, эстетикаңды…психологияңды…ары алып барчы” дечүлөр четтен табылат. Ооба…четтен табылат…

Иш чара баштала турган болуп залдагылар башка залга агыла башташты. Руслан жеңилдей түшүп, шып эте даараткананы көздөй жөнөдү. Асылкүл жанында турган Русландын жок болуп кеткенин байкап, “Бул жаңы таанышкан даражалуу, таасирлүү эркек адамга “Таанышканыма абдан кубанычтамын…каршы болбосонуз байланышта болуп туралы” деп…дагы бир ирээт кол алышып визитка алмашып албайбы? ” деп ойлоп “үйрөтүп койсом болмок экен” деп ичинен өкүнүп калды.

Пикирлеши Асяга жылмая залды көздөй ишарат кылып, жанына келген таанышына алаксып калды. “Анан кездешебиз” деп жооп кылып баш ийкеп коюп, элге кошулуп жай кадам таштап бара жаткан Асылкүл “Бардык жерде иштин ийгилигине байланыштар да таасир береээрин, мындай иш чаралар ишкер мамиле түзүүдө бирден бир мүмкүнчүлүк экенин Русланга жакшылап айтып, даярдап келсем болмок экен. Мен негедир билет деп ойлопмун да. Жогорку билимдүү да. Билиши керек эле” деп ойлоп бара жатат. Аңгыча артынан Руслан жете келип экөө элдин шарында көргөзмө өтүүчү залга киришти. Конокторго делген катардан ордун тапкан Асылкүл менен Руслан саамга унчукпай отуруп калышты. Колундагы папкасын бетине калкалай Русланга энкейген Ася: – “Руслан…мен пикирлешип жаткан бардык адамдардын визиткаларын алууга аракет кылсаң. Айрымдары өздөрү эле сунуш кылышат. Жогорку даражадагылар сый үчүн гана кепке келишет. Алар баарына эле визиткаларын бере беришпейт. Ишкерлик алкакта ушундай нерселерден майда кадамдар башталат. Биз азыр эч кимге белгисиз кичинекей гана уюмбуз. Убагы келип көрүнүктүү деңгээлге жеткенде бизге да кол сунуп байланыш түзүүгө аракет кылгандар арбын болот. Байланыш десе биздегидей тааныш-туунуш экен деп түшүнбө. Бул жакта такыр башка. Дагы түшүндүрүп айтып берем…” – деди…

На страницу:
6 из 7