
Полная версия
Мезгил ажырымы
Кайниси каза болуптур деп уккан жеңе ордуна отура алган жок. 80ден ашып калган бул чоң эненин күйөөсү тараптан эң жакын тууганы ушул кайниси эле калган эле. Башкалары эртелеп эле 50-60жаштан ашып ашпай, тиги жайдын кишиси болушкан. Бара тургандар чогулуп жолго чыкмай болушту. Ал ортодо ортончу келини шыпылдап «Алыс жолдо кайра барыш деле кыйын да. Биротоло дасторкон даярдап чыкпайлыбы. Куран окута келебиз да»-деп жүгүрүп жүрөт. Чоң эне: «Салтта жок жосунду баштабачы! Сөөгү муздай электе, куран окуй калат элем деп жөөлөшүп жүрөйүнбү! Койчу! кайдагыны айтпай!»деп кагып койду. Курган чоң эне, акыркы мезгилде мындай көрүнүш эрен-терөөнү жок эле салтка айланып, сөөгүн жерге берип, жоготкон адамы эми кантип муздак жерди жазданаарына ишене албай, боздоп турган жакындарынын жанына таттуу-табыр баштыктарын колтуктап барып алып: «Куран окуй кетели, жолго чыга берели»-деп азалуу жандарды жеңинен тартып кыпчылып жүргөндөр көбөйгөнүн билбейт эле…
Акыркы он жылда жакшылыктарда жалаң кафе, ресторанда гана өткөрүлүп, баягыдай бутту чоюп кенен төргө отуруп, бала бакыра менен ал жай сурашып, алардын турмушунан аз да болсо кабардар болуп туруу деле калып бараткандай. Карылыктан уламбы, андай тойлорго деле чон эңе дайыма эле келе алчу эмес. Кайнисинин 2 кыз, бир эркек баласы үй жай күтүп, очор бачар болушканын чоң эне билчү.
Жамандык чыккан үйгө жете келишти. Эркектер машинеден түшүшүп өкүрүк салып алдыга жөнөштү. Аялдар аярлай басып артынан ээрчишти. Үй тараптан үн чыкпады. Кадимки боз үй да жок. Чон энени сөөк жаткан бөлмөгө киргизишти. Аялы каза болгон соң, 18 жыл бойдок өмүр сүргөн кайнисинин башында эки кызынан башка жан киши жок. Көздөрүнө бир тоголок жаш албай отурган эки кыздын бетинен өптү. Мелтиреп моло таштай катышат. Чоң эне таң кала түштү. Тунжураган, бир ыйлаган киши жок үрөй учурган бул көрүнүштү Сыйдагүл апа өмүрүндө биринчи жолу көрүп отурат. «Капырай, ай, кутула тажаган немедей ушундай да болобу. Ыйлаган бир киши жок. Ушунчалык жек көрүндү өмүр сүрдү беле?. Бар тапканын балдарына чаптап, айрымдарга окшоп кайра төшөк жаңыртам деп чамынбай, зыңкыя басып, зымырайып жашоо кечирген, билимдүү, журтуна кадыры бар кайнисинин акыркы сапары ушундай болот беле? Жакшы көргөн итиң өлүп калса деле жүрөгүндө мээрими бар адамдын көзүнө бир тоголок жаш келет эмеспи. Балдарына итче да кадыры өткөн эмеспи?» -деп көзүнөн аккан жашын улам бет аарчысын менен сүртүп эне ызалуу. Алыс-жакындан келген кишилер улам көбөйө берди. Сырттан бышактап келген аялдарды бат эле бас-бас кылышып бөлмөдө өлүү жымжырттык.
Аңгыча бөлмөгө кирип, кабагын чытып, колдорун силкилдетип сөөк башында отурган эки кызга бирдемелерди айтып жаткан өзүнүн улуу келининин оозу эле кыбырайт, эмне деп сүйлөп жатканын дааналап чоң эне уга албады.
Кайнисинин баласы да, кыздары да дин ишениминде экенинен Сыйдагүл кабары жок эле. Мал сойууга, боорсок бышырууга, ыйлоого катуу тыйуу салынган экен. Аркы кичине үйдө эки сааттан бери эненин улуу баласы сөөк ээсине кыргызда канга сиңген адат бар экенин түшүндүрө албай, короо толтура элди кайда батырып, эмне кылганы жатканын өзү түшүнө албай талаш-тартыш болуп жатканын эч ким билген жок. «Эмне…эт жегени келдиңер беле?» – деген үй ээсинин айтуусу боюнча сөөк коюлгандан 3 күн өткөн сон кафеге куран окулат экен. Кафеге кетчү чыгым менен сөөк башындагы чыгымдын айырмасын түшүнө албай эненин уул келини бушайман. Үй ээсинин чечими кандайдыр бир деңгээлде туура экенин, эл арасында калыптанып калган жамандыкта мал соймой деген көрүнүшкө көнгөн бул улуу муундун кабыл алышы, макул болушу күмөн эле.
Айтор, ары-бери кетип жатышып бир жылкы союлду. Жылкыны 5000 сомго сойуп, чучук, казы, картасын даярдап берген атайын кызмат да бар экен. Боорсок жасалып баарын көнүмүш үрп-адатка ылайыкташтырышты. Өмүрүнүн акырына чейин күйөөсүнүн колуна кол, бутуна бут болгон кичи пейил кайнисин жерге берип, ичи туз куйгандай ачышып жеңе көз жашын тыя албайт…
***
Ася, Денис жана Руслан болуп кайра жолго чыгышты. Ортодо жымжырттык…Үчөө бири бири менен жылдызы келишкен, команда түзүлгөн жагдайды бойлоруна сиңирип ар ким өз ойлору менен алектей. Ася ичинен абдан кубанып маанайы көтөрүңкү. «Эртен сейфтин ачкычын Русланга таштоого туура келет. Бул жигит тууралуу дээрлик маалыматым жок. Жашаган жерин, кайсы даректе жашайт экен көрүп алайын. Сейф деген менен ичинде акча-тыйын деле жок, болгону кыздар тууралуу маалыматтар бар» – деп ойлогон Ася бул жагынан Русланга ишенбөөчүлүк кылып чочулаган жок. Русланга чайкалган магдыраган сезим кайра келип, ал жагымдуу абалды ичине кирген шампан күчөтүп, өзүнчө эле эңди-деңги.
Ася: – Үйүңүзгө чейин жеткирип коелу. Автобекеттен кайсыл тарапка бурулушум керек? – деди
Руслан: А..жоок…деп алды да «Үйгө эле кете берсемби. Даяр машине менен түшүп калбайынбы ээ…уйкум да аябай келип чыкты..» -деп ойлоп кетти да «Мейли. Автобекетке жетпей, кийинки чоң көчөдөн оңго бурулсаңыз»…
Эртең менен Руслан айтылган дарекке келди. Бийик имараттын 6-кабатындагы жаркыраган эки чоң бөлмө экен. Ася Русланды күтүп алды. Заманбап жасалгаланган кабинетке ээрчитип кирип, таза булгаары капталган креслону «сиздин ордуңуз» деп көрсөттү. Чоң стол, анын үстүндөгү компьютер, календар, визитка салгыч, күндөлүк дептер, ручка баары ирээтүү коюлуптур. Руслан баарын сыдыра карап креслого отуруп көрдү да, «сонун го» деп жылмайып койду.
Сырттан кирген татынакай кызды Ася «сиздин жардамчыңыз, аты Жибек»-деп тааныштырды. Бул жаңы ачылган чакан офисте азырынча Руслан менен Жибек эле иштеп турушат экен. Ася сейфтен калыңдыгы бир кучак болгудай көп папкаларды алып чыгып, ар бир папкада келбети келишкен сулуу кыздардын сүрөтү, өмүр баяны жана башка маалыматтар бар экенин айтты. Русландын бүгүнкү жумушу ушул папкалардагы маалыматтардын баары менен деталдуу таанышып, жаш курагына карата бөлүштүрүп, өзүнүн табитине жараша эң сулуу деп эсептегендерди, өзүнчө кызыл папкаларга ирээттеп чыгат экен. Акылы тетик Ася өзүнүн кыздарды тандоо табити, эми эркектин көз карашы менен да бир сыйра каралсын дегени окшойт.
Ася Русланга ийгилик каалап жумушум бар эле деп кетип калды. Руслан дагы эле жаңы жагдайга көнө албай, бөлмөнү айланта карап жатты. Жылтылдаган мебелдер, таптаза кабинет, заманбап желдеткич, суу чыпкалагыч, кофе кайнаткыч, түрү менен тизилип турган чет элдик белгилүү маркадагы кофе кутулары, идиште салынган таттуу-табыр, салфеткаларды көзү менен сыдырып өтүп, баары өзүнө майдай жагып көңүлү көтөрүлө түштү. Креслосунда керилип, оңго солго термелип ырахаттанат…
***
Досу Канатты үйүнө узаткан Нурик бешимге чейин уктады. Жапалдаш бойлуу бул жигит 3 бир туугандын ортончусу. Биринчи никесинен 3 баласы бар. Балдары ата-энесинин колунда. Ушинтип, улам бир башы бош келиндин үстүнө күч күйөө болуп кирип жашап келе жатканына бир нече жыл болду. Нурик баятан келгенде туш келди ыргыткан кийимин таап, силкип-силкип кайра кийди да, денесин чоюп керилип сыртка чыкты. Ары бери басып, тамеки чегейин десе эч нерсе калбаптыр. Чөнтөгүндө да бир тыйын жок экен. «Жумуш караштырыш керек эле»-деп ойлоп койгону менен, дилинде жанын кыйнап иштегиси деле келбегендей. Ырыс таап сүйлөшүп койгон мөөнөттүк жумуштарды «Ооой..ат-т-та..аз төлөйт турбайбы»-деп коет, эртеңки күнү эмне жеп, эмне ичип, тирлик кылары тууралуу эч качан алдын ала ойлоп көргөн эмес. Күн өтүп курсак тойсо, ошого эле ыраазы болгондой. Эртеси кайра эле шашкеге чейин уктамай. Ырыс менен баш кошуп ушинтип жашап келе жаткан жашоосуна көнө түштү. Сыртта ар бери басты да, үйгө кирип шкафтын суурмаларын оодара баштады. Демейде Ырыс майда тыйындарды салып койчу эле. Оодарып жатып, Ырыстын күмүш шакек, сөйкөлөрүнө көзү түштү. «Өткөрүп жиберсем канча акча болот болду экен?»-деп ойлой калып, кайра ал ойунан кайтып, ойлонуп отура кетти. Ушунчалык тамеки чекиси келди дейсиң, кандай акча берем десе да макул болуп шакек сөйкөлөрдү кармата бергиси келип кетет. Телефонун чукулап отуруп классташы Азаттын номерин терди.
– Алло, Саллом аллейкум, Азат, кандай ээй…? Эмне чалбайсың? Чалсам же албайсың? – деди күлкү аралаш
– Аллекума ассалам. Жакшы. өзүң кандайсың?
– Эээ..жүрөм…
–Иштеп жатасыңбы? Эмне жаңылык?
–«Жаңылык деле жок. Жумуш жок ээ…Отурам үйдө…Аяшың багып жатат» деди Нурик калп каткырып.
– Бир чон мейманкананын ичин бүтүргөнгө бригада керек болуп жатат, кошулбайсыңбы?
– Эээ…прораб менен иштешким келбейт. Жүрөмбү акчамды ала албай…
– Эмнеге ала албай калмак элең. Иштегениңди аласың да…
–Жо-о-ок…эээ…Андан көрө карызга акча берип турчу. Иштегенде кайра берем…
– Акча жок..дос таарынба…Мейли анда…чалышабыз да…(Азат трубканы коюп койду)
Нурик телефонун карап өзүнчө сөгүнүп алды да. үйгө кирип тартмадагы сөйкө, шакекти төш чөнтөгүнө салып койду. Эми эптеп 20 сом таап алып, Ош базарына жетиши керек. Анан сөйкөлөрдү, шакекти өткөрсө акчалуу болуп калам деп ойлоп сүйүнө түшөт. Эскирген жыгач дарбазаны жаап сыртка чыкты.
***
Сөөк коюу зыйнатынан чон эне келин, уулдары менен үйлөрүнө кайтып келе жатышты. Кечээ көргөн бүгүн жок болуп, адам өмүрү тез эле жылт этип өтүп кетерине бир ишенип, бир ишенбей «Капырай десең, кечээ эле төрөлүп бирок, жылдар өтүп жашабагандай, тез эле убакыт сааты чыгып адам бул дүйнөдөн кетет экенбиз. Алдыга умтулуп, алдыдан жакшы бир нерсе үмүт этип жашай берет турбайбызбы. Көрсө ушул мүнөттөрүн, ушул сааттарың маанилүү да, маныздуу да турбайбы» – деп чон эне ойлуу…
Терезени тиктеген улуу келини кызмат кылчу бала-бакыра, келин-кесек табылбай бышырган эт чала бышып, колго суу убагында куюлбай, баш аламан өткөн бул сөөк коюу зыйнаты тууралуу ойлонуп келе жаткан. Улуу келиндин жүрөгүн өйүгөнү «Эгер кайненемдин көзү өтүп кетсе, шаарда жүрүп, шаарда өскөн бала-бакыра, келин кесек деле шыпылдап тейлеп жибербейт турбайбы. Баары эле дубалга жөлөнүп жалдырап туруп беришет экен да. Тыңыраак чай куюп, дасторкон тейлей алышпайт экен да…»-деген маселе болчу. Ортончу келинин оюнда атасына арнап, эки ооз сөз айтып ыйлоого жарабаган эки кыз бар эле. «4 сап кошок ыр жаттап алышса болмок экен. Секелек кыздай бышмыңдабай…» деп ойлоп коет да «Баса…ыйлоого, кошок айтып үн чыгарууга тыйуу салынган да…» деп өз оюуна өзү жооп табуу менен алек. Машинедеги эркектер сөөк жууганы киргенде сөөктүн жупжумшак болуп катыбай калганы тууралуу сөз кылып жатышкан.
Эненин улуу баласы:
– «Сөөктүн капкатуу болуп катып, анан кабырга түшкөнү жакшы. Сөөк катыбай калса жаман белги деп апам айткан. Тактап сурап көрөйүнчү»-деп апасына кайрылып үнүн бийик чыгарып «Ие..апа..сөөк катыбай калыптыр. Молдо ырым жырым жасаш керек болчу да ээ…?» – деди
Бул сөздү уккан апа чочуп кетти. «Караңгүн!!!, молдо ырымдаган жокпу кабыр башында…иия…??!!»-деп жиберди.Эркектер – «эмне ырым жырым болуш керек эле» дегендей бири бирин суроолуу карап коюшту. Азыркы орто жана жаш муундагы адамдар бул тууралуу билбей турганынан эненин кабары жок эле.
Бул нерсени уккан чоң эне чийки май жегендей абалда калды. «ээ..Жараткан жакшылыгын эле берсе экен. Арты кайырлуу болуп, калган өмүр жашын балдарына берип, балдары, тууган уругу аман эсен карылыкка жетишсе экен…Эээ..кудай жамандыктан сактай көр…»-деп ичинен миң мертебе тилене берди. Машинеде эркектер – «Көп дарыланып, дары-дармекке чыланган дене, жан чыккан соң катыбай былпылдап калат экен. Эч кандай ырым-жырымдын кереги жок, Алла-таала ажал жазса, ар бир пенде ичээр суусу түгөнгөн күнү, тиги жайга узайт»-деп бакылдап талкуулап келе жатышат.
***
Креслодо чайпалган Руслан папкалардагы анкета, документтердин баары менен таанышып чыкты. Эмне деген керемет сулуулар! Айрымдары ар түрдүү конкурстун жеңүүчүлөрү экен. Эл алдына чыгып өнөрүн тартуулап жүргөндөрү да бар экен. Деги, ар бир аялзат бул бир керемет аалам экенин дилинде туюп Руслан ойлуу отурат. Бирок жеке Руслан үчүн бир да аялзат өзгөчө эмес эле. Келбетине таянып кандай гана аялзат болбосун көңүлүнө жакса имерип алып, кол жоолук кылып каалагандай пайдаланып, аягында ортолорунда эч нерсе болбогондой басып кетүү, бул сулуу жигит үчүн кадимки эле эркектик көнүмүш жүрүш туруш катары сезилчү. Аялзаттын Русланга ишенген таза сезими, аруу махабаты бул жигит үчүн маанилүү деле эмес. Арзуусун айтып боздогон Гүкү, сүйүп калганын колко кылгандай айласын алты кетирген чатак кыял Наргиз, миң түрлүү айла амал ойлоп тапканга маш Тахмина…деги кандай гана түрлүү аялзат менен мамиле курбады. Акыр аягы көксөөсү канып, кызыгы тараганда эки колун чөнтөгүнө салып ышкырып кетип калчу. Бир да жолу аялзаттын арзуусуна татыш үчүн акактап аракет кылып көргөн эмес. Дегеле, Руслан өзү жоопкерчиликсиз, милдетсиз, эркин, жеңил мамиле курууга ыктачу…
Эшикти кыңайта ачкан жардамчы кыз «Руслан байке, мен үйгө кеттим.Сиз эртең саат канчада келесиз?»-деди. Ийкемдүү иш графиги Русландын көңүлүңө майдай жагып, бир аз ойлонуп «эртең саат он бирде келем»-деп койду.
Бир аз убакыт өткөн соң сырттан Ася кирип келди. Столго документтерин, компьютерин жайгаштырган Ася, алгач өзүнө, анан Руслан үчүн кофе куюп жигитти башынан аяк жылмайа карап, көзү менен сыдырып өттү. Оюнда сапарга чыгууда Руслан бир сыйра сырткы кийимин, стилин өзгөртүшү керек экен деп ойлой калды.
Жумуштун маани маңызын түшүндүрүү үчүн келген Ася орундукка отуруп кеп баштады: «Руслан, эми мындай, өзүңүз деле билсеңиз керек, акыркы жылдарда бардык эле жерде реклама, пиар өнүгүп, моделдик бизнеске карата суроо талап күчөп бара жатат. Бирок биздин кичинекей мамлекетибизде бул тармак анча деле өнүгө элек. Мына эми гана сулуулук индустриясы башын көтөрүп, анча мынча адамдардын аты чыгып келе жатат. Мен өзүбүздө моделдик мектеп жана өкүлчүлүк ачсам деген максатым бар. Убакытты утуп, моделдик мектептин өнүгүп кетиши үчүн алгач мыкты моделдерди алып чыгуу керек. Мына ушул өтө татаал иш. Мунун баары өтө чоң акча жумшала турган эбегейсиз тобокелчилик. Ошондуктан буга чейин тандалган модель кыздардан 10 кызды тандап алып, коншу мамлекеттеги сулуулуу индустриясында өтүп жаткан ар кандай көргөзмө, иш чараларга сунуштоо аркылуу катышып көрүү тобокелчилигине барганы турам. Биздин иште байланыштар да өтө чон роль ойнойт. Ал жактагы тайпалашымдын колдоосуна ишеничим чон. Азыр сизге баары түшүнүксүз болушу мүмкүн, анык өз көзүңүз менен көрүүңүз үчүн, алгач сиз экөөбүз чогуу барып келели. Сапарды кайсы күнгө койсок сизге ынгайлуу болот?»
Руслан алгач анча түшүнө бербей, бирок мурда кийин угуп жүргөн модель, конкурс, подиум, мода, сулуулук индустриясы деген түшүнүктөрдөн улам боолголоп башын ийкегилей берди.
***
Бүрүшүп уктап жатып үшүп калган Ырыс, түндүн бир оокумунда ойгонду. Канат менен Нурик дагы эле келе элек. Түңкү саат үч жарымды көрсөткөн дубал боорундагы эски саатты карап Ырыс бир топко ойлуу жатты. Ой күлүк демекчи, ойу менен ай ааламды кыдырып чыгат, өткөн кеткенди ойлойт. Биринчи турмушун эстейт. Ошол кездер, ак жоолугун салынып, кызыл халатын кийип алып жолдошуна жардам берем деп чөпкө, кызылча отоого, картошка айдоого кошо кетип калган күндөрү көз алдына тартылат. Сырткы жумуштарды жасаганды жакшы көрчү. Чөп чабыкта кимдин чөмөлөсү бийик болот деп күйөөсү экөө мелдеше кетип каткырып күлүп, жарышып чөмөлө салышчу. Картошка айдап жатканда, билгизбей бири-бирин картошка менен чабышып, кайра билмексен болуп ылдый карап иштеп жаткан киши болуп, ичтеринен былкылдап күлүп ойноп калышаар эле. «Сонун күндөр экен ээ ошол кез»…деп үшкүрүнөт. Эми акыл токтотуп калганда, көп катачылыкты өзү кетиргенин мойнуна алып муюп калат. Жумушунда болобу же жөн эле аял кишилердин сүйлөшкөн сөздөрүнөн уламбы, айтор ар бир үй бүлөдө маселелер, чатак, пикир келишпестиктер болоорун угуп, көрүп келет. Ошондой пикир келишпестиктерди көбөйтпөй, чымынды төө кылып сөз арбытып төркүнүнө, апасына айтып келбей сабырдуулук менен унчукпай кое билсе ажырашпай эле жашап калып, эмдигиче классташ кыздарымдай келин алып, уул үйлөнтмөк экемин деп ичи ачышат. Ошондо жарыктык апасы кызы айтып келген сөздөрдү угуп «иий.. өлүгүңдү көрөйүн…ошенттиби?!!…тимеле карасаң аны!!!…» деп дагы бир топ сөздөрдү айтып бир сыйра күүлөнүп алаар эле. Жарыктык апасы чын дили менен кызына жан тартып жатканын билдиргени менен, сөздөрү кызын жиреп, анын туура эмес чечим чыгаруусуна түрткү болуп жатканын аңдачу эмес. Апасы ошентип койгон сайын Ырыс эрдемсип, төркүнгө келген сайын болоор болбос жагдайларды олуттуу маселеге айлантып аптыгып айта берчү..айта берчү.... «Эээк..ошондо апамды деле кейитпей эч нерсе билгизбей эле койсом болмок экен»-деп Ырыс эстеген сайын өзүнө-өзү кыжынып калат. Ушул күндөрдө сыртынан караганда бактылуу көрүнгөн үй бүлөлөрдүн коломтосу жубайлардын алгоолошкон көтөрүмдүүлүгү, сабырдуулугу жана акылкөйлүгү аркасында өчпөй турарын түшүнө баштады. Бул чындыкты эчак эле түшүнсө кана…Бирин-экин туугандар акыл айтса, Ырыс аларды илгеркиче ойлонгон, көп нерсени түшүнбөгөн немелер деп кабыл алчу. Ошол жылдарда «Күйөөсү жок эле жашайм. Күйөөнү деле көрдүк го. Эмне кереги бар бирөөнүн байпагын жууп, кирин жууп…» деп жасанып силкилдеп тураар эле. Убакыт учуп, ата-эне картайып камкордукка муктаж болуп, бир туугандары өз алдынча турмуш ордун таап, ал эми бойдок курбу келиндер жыгылганы буттан туруп, адашканы табышып кеткен соң, жыл өткөн сайын Ырыстын жалгыздыгы билинип барат…Же Жараткан ээрчитип тээк кылып алаар бала бербеди. Бала демекчи, бала болгондо аны кантип чоңойтот эле?…Ким багып, ким мектепке алып барып, алып келип окутмак? Мына, ушул күндөрдө карыган апасын ичинен кейитип «Апа, бир мал саттырып акчасын берип жибериңизчи квартира акысын төлөгөнгө» – деп жаткан Ырыс баланы кантип бакмак?…
***
Дүкөнчү эже качып кеткен айдоочуну балким эмдигиче табышкандыр деп ойлоп койгону менен, аялдык жүрөгү алдемени сезгендей баргысы келип эле туруп алды. «Бүгүндөн калбай сөзсүз барышыбыз керек. Мен уктай албай кыйналып жатам» деп уулуна кайталап айта берип, бүгүн милиция бөлүмүнө уулу экөө эртелеп жол тарттышты. Жолдо катар уулу ичинен «Эмнеге баратабыз, эми түштөн кийин айтпай койсок эмне болмок эле…» деген ой менен терезени телмирип тиктеп келе берди. Ичинен өз ойу менен алек болчу. Оюнда «Деги уулума зыяны тийбесе экен. Көргөнүн айтып, жазып берип коюп эле тез эле кайра чыгып кетели» – деп сарсанаа.
***
Топурак салууга камынган үй бүлө Канаттын машинеси кайда экенин сурашканда «оңдоочу жайда, бир жумага калтырдым» деп кутулган Канат, эми башына түшкөн балээни ары же бери кылышы керек. «Биз менен барасың» дешкенде, «Машинени карап туруп оңдотушум керек. Кароосуз калтырган болбойт да» деп үйдө калып калды. Апасы да «чын эле, уурдап кетишпесин же ээси жокто тетиктерин алмаштырып коюшпасын» деп чолок ойлоп, Канаттын оюна кошулду. Үйдөгүлөрдүн баары жапырт кетишкен соң, Канат тынчыраак отура албай же жата албай кыжаалаттанып жатты. Эшиктин конгуроосу басылса, же жөн эле үйүнө жакын басып өтүп бара жаткан адамды көрсө, Канаттын жүрөгү оозуна тыгылып, бул дүйнө тарый түшөт. Түнү менен уктай албай кыйналып чыкты. Тан эрте туруп алып наар албастан ары-бери басып ойлоно берди…ойлоно берди. Айласы куруп эмне кылаарын билбейт. Элтеңдеп, ар бир мүнөт сайын үрөйү учуп турган ушул абалы өзүнө жакпай, абдан кыйналып кетти. Ойлонуп отуруп милиция бөлүмүнө барып кырсыкка күбө болгон киши болуп, аларды адаштырып, туура эмес маалымат берсем кандай болот деген ой ойлоп тапты. Бул оюу өзүнө абдан жагып көнүлү ачыла түштү. «Азыр милициялар деле иштебейт деп элдин баары эле айтып жүрүшпөйбү. Тигил адамды коюп кеткен машинени көргөм деп өңү-түсүн башка кылып айтып коейун. Номерин көрбөй калгам деп коейун. Машинени болсо майда бөлүктөргө (запчасть) ажыратып туруп сатып жиберем. Тулкусун (кузов) Нурик экөөбүз сууга чөктүрүп жиберебиз. Эки күндөн бери келишсе келбейт беле, демек эч ким деле көргөн эмес машинемдин номерин» деп өзүнүн чолок оюнун тууралыгына өзү абдан ишенип, ушинтип айтып койсо маселе биротоло чечилип, жаны жай алып тынч жашап калчудай сезилди. Маанайы көтөрүлө түштү. Негедир ойлоп тапкан амалы эң туура деп ынанып алды. Анан убакыт өтүп кетсе эле кырсык-кылмыш окуясы унутулуп калат деген өзүнчө тыянак да чыгарып койду. Жан дүйнөсүндө бир жеңилденүү пайда болуп, жуунуп таранып алып жолго чыкты.
Милиция бөлүмүнүн темир тосулган короосуна дүкөнчү эже уулу менен кирип келди. Алардын артынан 5-6 кадам артта Канат да көрүндү. Тагдырдын тамашасыбы… эки тараптын тең сапарлары бир убакытка туш келип калды. Бөлүмгө киргенде сол жактагы кичине терезеге энкейген эже «жол кырсыгы боюнча көрсөтмө берели деп келдик эле» – деди. Терезечеден милиция кызматкери эженин аты-жөнүн каттап, кайсыл даректе качан болуп өткөн жол кырсыгы тууралуу экенин тактап сурай баштады. Артта кезекке туруп калган Канат салмагын улам бир бутуна салып, мурдун улам сүртүп, манжаларын кырсылдатып коет. Канаттын кулагына кырсык болгон дарек айтылганы шак дей түштү. Ишенбей дүкөнчү эжеге жакындай мойнун созо алдыны карай баштады. Эже убакытты, датаны, даректи даана эле айтып жатыптыр. Канаттын жүрөгү тез-тез согуп баштады. Чекесин муздак тер басты. Бүт аалам тарый, көзү тунарып барат. Кулагы тунуп, бүткөн бою жансыздангандай абал пайда болду. Рульда жүрүп кудай менен дос болгондой жоопкерчиликсиз айдаган учурлары көз алдына тартыла түштү. Канча ирээт башкалардын өмүрүнө коркунуч келтирип буйтап айдады десең. Жол эрежеси Канатка тиешеси жоктой эрдемсиген айдоочулук жүрүш турушуна мына азыр ичи аңтарылып турду. Өзүн болушунча чоң жолдун падышасы сезип, башкалардан алдыга суурулуп кеткенине өзү маашырланып, мактанып жүргөн учурлар канча жолу болду дейсиң. Дегеле азыр машине айда десе жаа бою кача турган абалга түштү.
Кайсы кабинетке кирээрин билип алып, дүкөнчү эже уулу менен оң тарапка зал башына басып кетишти. Башы айланып, кускусу келип турган Канат милиция кызматкеринин «Ээй…жигит айта бер…паспортуң барбы?» – дегенин уккан жок…
***
Нурик жол жээгинде туруп шаарды көздөй каттаган маршруттук таксилерге кол көтөрө баштады. Оюнда адаттагыдай эле «Байке ала кетчи…»деп жалдырагысы бар. Деги койчу, алты саны аман, иштесе ишке тойбой турган курагында, ушинтип 10 сом үчүн бирөөнүн чечимине көз каранды болгондон тажабады. Кичинесинен эле «Беришсең эми…болчу эми…» деп чогуу ойногон балдардын колундагысына жалдырап жатып ортоктош болуп алчу. Адат, мүнөз калыптанып жигит болгон чагында курдаш-классташ кыздар, балдардын айласын алты кетирип жатып дайым эле чылым саттырып алып чекчү, чаңкаса суу алдырып иччү.
Ангыча жолдун аркы өйүзүнөн бери карай өтүп келе жаткан Ырысты көрүп аярлай түштү. Өзүн ыңгайсыз сезип, Ырысты жактырбагандай көнүл кош карап койду. Ырыс жанына келип «Каяка баратасың?» -деп сураса, Нурик болсо Ырыстын жумуштан эрте кайтканына кызыгып «Эмне болду, эрте эле келип калдың?» -деди бири бирине жарышып суроо узатып таң калышат. Ырыс – «Ой, силерди ойлоп такыр иштей албай койдум. Үйгө милиция келип калгансып эле жаман болуп жатам. Деги эмне болдуңар?»
Нурик ийнин куушуруп «Билбейм, Канат өзү чечет го. Ишим жок. 20 сом берчи бир жакка барып келейин»-деди.
Ырыс суу болгон шымдын багелеги кайра кургаганда чаарала болуп кургап, баткактын изи түшүп калган Нурик кийип турган шымды көрүп «Деги бир кийимиңди тазалап кийсең боло. Карачы алдагы кебетенди!»-деди. Нурик багалегин карап «Эмне болуптур…таза эле…»-деп, эки багалегин эңкейип күбүп калды. Ушул маалда тайыз төш чөнтөктөгү сөйкөлөр менен шакек жылмышып жерге түшүп кетти. Нурикти карап турган Ырыс жерде жаткан буюмдарын көрүп таң кала «Бул эмне? Эмне салып алгансың!»– деди. Нурик бир кызык боло түштү да-: «Үйдө жерде жатыптыр. Сен тартмаларды оодарганда жерге түшүп калса керек. Кайра тартмага салып коем деп унутуп калган турбайынбы»-деди соомайланып…
***
Эркектердин сөөк жумшактыгы тууралуу сүйлөшкөнүн угуп чон эне «Капырай аййеее…сөөк үстүндө көргөндөрүн сыртка айтып чыкпагыла «жакшы жүрмөк бар, жакшы өлмөк жок, ээн ооздука Алла-Таала алдында сурак бар» деп молдо эскертчү эле. Эмки заманда баары теңирден тескери болуп калды го. Деги эмне болоор экен замана» деп үшкүрүп койду. Мурунку мезгилдегидей улуусу улуудай, кичүүсү кичүүдөй, карылары наабаттуу, жаштары ызаатуу болуп ар ким өз ордун билген заман өткөнүн, бул мезгил ажырымында эркектер кепке жакын, аялдар албуут болуп алышканын чоң апа сыртка чыгып эл аралабаса кайдан билсин.
Чоң эненин жүрөгү зырп деп түштү. Дал ушул эле абалда Канаттын апасы Атыркүл да бушайманданып эртерээк үйгө жетсек экен деп келе жаткан. Жол жүрүүдөн көзү илинген Атыркүл түшүндө минген атынын басмайылы үзүлүп, ээри ооп баратканын көрүп чочуп ойгонуп кеткен. Түшүн жакшылыкка жоруп, жүрөгү түпөйүлдөнүп бат-бат согот.
Аңгыча чымын куюн болуп айдаган бир машине омуроолоп келип жандарынан «зып» этип өтүп кетти. Рульдагы айдоочу «Окк…эне…и…азыркылар өлөөр-тирилерин билбей айдашат »-деп жиберди. «Жол кырсыктары абдан көбөйдү. Жарым саат эрте барам деп тобокелге салып айдашат. Ой..кээ бирлери бар. 5 жыл рульга отуруп калса эле бүттү өздөрүн кудай таала сезишет »-деп сөз улады жанындагы жүргүнчү тууган.
«Жанагы уулун Канат да жаман айдайт. Газды эле баса берет, балаң. Уулундун машинесине түшкөндөн корком. Ал эми жанагы «тупилийдин» сүрөтүн чаптап алган машине көрсө «маймыл баратат граната көтөрүп алып» деп атайын тийишип, алдын тороп айдайт» – деп жолдошуна карап сөзгө кошулду Атыркүл.