
Полная версия
Бабалардын Урпагы. 3 китеп
Топ-топ болгон малды айдап,
Токуш абам жолдо өтөт.
***
Эки баласы эки жерде
Чоң экен деп айтылат.
Байып алды ушунча,
Баардыгы тең макташат.
Пара менен чоңойгон.
Жардам алып чоңдордон
Жалчыга жардам бербесе,
Жарды элин жерисе,
Элдик жагы болбосо,
Эки баладан не пайда?
Жылгада жайылган,
Жылкылары мындан көп.
Колотто жайылган,
Койлору андан көп.
Уңкулда жайылган,
Уйлары мындан көп.
Ошончо малдын ичинен
Бир малын союп жебесе,
Жетим менен жесирге,
Бир тиштем эт бербесе,
Айылдашын чакырбай,
Алардан качып ээндесе.
Агын суу алсын ал малды,
Өлбөй калган жан барбы,
Андай малдан не пайда?
***
Өрдөк менен каркыра,
Өкмөт менен партия.
Өкүрөңдөтө желдирип,
Өгүз минип салпылда.
Корооз менен көл бука,
Комунис менен партия,
Көк кашка атты желдирип,
Көөдөн кере барпылда.
Кулунду көрүп калганда,
Кудуңдап келип жылмайган.
Торпок көрүп калганда,
«Тоскула»– деп, чамынган.
Музоо көрүп калганда,
Мүйүзүнөн кармап байлаган.
Жетим менен жесирди,
«Жетилсин»-деп, санабай,
Жарды менен жалчынын,
Жайына деле карабай.
Жапаров деген кишинин,
Жарыясын аткармай.
Каршылык кылган адамдын,
Кабыргасын какайтып,
Кабыштыра кармамай.
Керек болсо аларды,
Түрмөгө тыгып таштамай.
«Эт, жүн, төк» деп камчы үрөп,
Кайран элди жадатмай.
«Мынтип жатат түгөт»– деп,
Милисага каматмай.
Тинттирип үй-короосун,
Тийишип жанын чыгармай.
Өрдөк менен көк турна,
Өкмөт менен партия,
Бийик учуп закымдап,
Билинбей өттү канча жыл.
Бир кезекте биздин элди,
Бир далайы башкарган.
Алар келип тинткенде,
Музоо торпок калбаган.
Кары-жашы аларды,
Каар төгүп каргаган.
Баккан малын алдырып,
Балдары боздоп ыйлаган.
Партия менен комунус,
Кылбаганды кылды го.
Жалгыздын жалгыз музоосун,
Жабыла тартып алды го.
Баардык элди кыйнашып,
Балакетти салды го.
Жаштарга көңүл бурбастан,
Жылуу сөздү курбастан,
«План, план,»-дей берип,
Төлөмөр болду канча жан.
Жең ичинен козу төлөдү,
Жел кириштин айынан.
Айылдагы жашоодон,
Азапты жаштар көп чеккен.
Жашай албай канча жан
Башка жакка жол кеткен.
Өз элин жеген кемирип,
Жок жерден издеп кемчилик.
Азапты чачкан элине,
Далайды алар көрсөткөн.
Атка минген бөрүлөр,
Дагы эле жүрөт өлбөстөн.
Пара берип бул кезде,
Майлуу, сүттү иштерде,
Жанын багат дагы эле.
Жору деген ушул атты,
Кайсы убакта таштамак.
Жорулугун таштап салса,
Ошол кезде өлүп калмак.
Пенделер, курган пенделер,
Көөдөндө көзү ачылбай.
Куу дүйнө көрсө качырмай,
Кубанат аны шап кармай.
Пенделер кайран пенделер,
Арам оокат жыям-деп,
Өзүнөн чоңго жагам деп,
Жакшыны ойлоп аткарбай,
Жаман ишти жасамай.
Убакыт улуу дарыгер,
Жаман ишпи, жакшы ишпи,
Элдин көөнү эсептеер.
Баарынан алып жыйынтык,
Өйдө- ылдыйы такталаар.
Так аныгы бааланар.
***
Кагылайын балам ай,
Үнүңү бас ыйлабай.
Каарды катуу салганы,
Кара малды алганы,
Каары көздөн куюулуп,
Кабак түйүп мулуюуп.
Кара Тоону айланып,
Камандарча дардайып,
Келе жатат Зиңирбай,
«Тайымы алып кетет» деп,
Ыйлаган бала басылган.
Музоосу бар адамдар,
Чакчайып көзү ачылган.
Кой, койгунуң балам ай,
Кой басылгын ыйлабай,
Кокуйлаганыңа карабай,
Кокуй күндү салганы,
Кой, козуну алганы,
Колоктоп келет Зиңгирбай.
Ай, Зиңгирбай, Зиңгирбай,
Ай, кудай ай, кудай ай.
Ашыгып келет Зиңгирбай,
Азап күндү салганы,
Акактап келет Зиңгирбай.
Огород жакка баралы,
Музоону үйгө каталы.
Сыртынан кулптап жашынып,
Кел, төркү үйгө качалы.
Кеткиче дымып жаталы.
Өтүп кетсин Зиңгирбай.
Эл жердин малын алып,
Эчен калдың каргышка.
Мал-жаныңан айрылып,
Малынып калгын азапка.
Ай, Зиңгирбай, Зиңгирбай.
Алып кеткен кара торпогумун,
Арбагы сени уктатпасын.
Кармап кеткен кара торпоктун,
Каргышы сени уктатпасын.
Ай, Зиңгирбай, Зиңгирбай.
ЖООР АТ
(жомок)
Күңгөй жактан бир бала,
Аттын жоорун тазалап.
Айылда жүрчү дайыма,
Жоор денени жышкылап.
Бет май менен майлоочу,
Марганцовка сыйпап денеге.
Марли менен таңуучу,
Аттар тыңып бул кезде.
Жоор аттардын жонуна,
Коно калчу сагызган.
Эт жегиси келип жатпайбы,
Арамза шайтан ай айбан.
«Айда, шүмшүк жогол»-деп,
Ал кондурбай айдаган.
Чокутпай карга, кузгунга,
Оорулуу атты кайтарган.
Суук тийип калат деп,
Суурдун майын сыйпаган.
Кум, топурак жукпасын,
Курумшу кийиз жаптырган.
Жоор аттар бүт айыгып,
Ырахмат айткан балага.
Кантип айтпайт алкышын,
Жоор дене кетсе айыга.
Айыгып алып жоор аттар,
Айыл аралай сызышкан.
Күлүк ат минип жаш балдар,
Күлмүңдөшүп чабашкан.
Жоор атты жүрүп тазалап,
Бактысы ачылып баланын.
Оорулуу козу кой бакты,
Камын көрүп алардын.
«Тирүү койду өлдү» деп,
Акти жазып чыгартты.
Ошентип түзө баштады,
Акырындап байлыкты.
Жоор тазалаган ал бала,
Санетирди кармады.
«Эчак өлүп калган»– дап,
Эчен койду жалмады.
Кой фарма болуп анан да,
Колоктото жеп кирди.
Байлык акча дегенде,
Башын сайып теминди.
Койлор өлбөй тирүү эле,
Маарап аны ээрчиген.
Курап алган байлыгын,
Чоңдор жакка жеткирген.
Көп барчу Чолпон Атага,
Оюу анын башкада.
Болгусу келчү ар дайым,
Элди бийлеп башкарма.
Пара артынан пара берип,
Болуп алды башкарма.
«Жетем деген бул ишке»
Жеткендей болду баарына.
Элдин баары айтышты,
Жоор тазалаган балага.
Ачылып анын бактысы,
Тапты накта таалайды.
Жоор тазалаган кара бала
Жомоктогу баатыр болгон.
Жоор тазалап жүрүп эле,
Жогору жакка обологон.
Жоор тазалаган ал бала,
Жакын болду байларга.
Такыр эле карачу эмес,
Колунда жок адамдарга.
Ашып-шашып өтүптүр,
Андан бери көп заман.
Андагы адамдардын
Кээ бирлери узаган.
Жоор аттардын баардыгы,
Эчак өлүп жоголгон.
Жоор тазалаган ал бала,
Улгайып небак чал болгон.
Жоор тазалаган ал бала,
Бир топ байып алды дейт.
Токтоп турбайт бир оорунда
Байлык колдун кири дейт.
Талант түзөт тарыхты,
Эл оозунда айтылат.
Ачылып анын айдыңы,
Ак баракка жазылат.
Мен силерге айтып бердим
Карабай деген баланын.
Кантип гана өсүп кеткен
Кичинекей баянын.
Ушуну менен жомок бүттү,
Жоор аттын иши түйшүктүү.
Жашообуз толуп сырларга,
Өтөлү башка ырларга.
***
Киринип ойноп жүрчүбүз
Киргил суунун боюнда.
Агын сууну бойлочу элек
Атчыбек кетпей оюмда.
Жетелеше өтчү элек,
Жер Үй суунун боюнан.
Жайлоодо бирге чоңойгон,
Жаркыным кетпей оюман.
***
Карагул деген агам бар,
Жетик билип эсепти.
Жетпейт ага бирөө да,
Уруш-буруш бөлчөктү,
Уктап жатып чыгарган
Косинус-синус эсепти
Койкуйлата тишин чаккан.
Башка адамдар таппаганды,
Учун чубап таап алган
Үч бурчуктун аянтын,
Төгөрөктөп чыгарган.
Төбөсүнөн каккылап
Төрт амалды таап салган.
Арифметиканы чыгаруудан,
Айла-амал качпаган.
Дептеринин бетине,
Эсепти жазып шыкаган.
Караган адам таң калган.
Алгебраны аркалаган,
Амалдуу бул кандай адам
Жоопторун так аткарган.
Мейли миң жыл окутсун
Дээрсиз адам аны билбейт
Билбейбиз такыр мындайды
Мээбиз ага такыр жетпейт.
Акылыбыз кем жаралган,
Ушундай укмуш адамдан.
Ушунча укмуш акылды,
Ушул адам кайдан тапкан
Тангенис-катангенисти,
Таң калтырып ойлоп жаткан,
Чыгарууга амал ачкан.
Түнүндө эсеп чыгрып,
Түн уйкусун үч бөлөт.
Арифметика деп жүрүп,
Азып кеткен өңдөнөт.
Магдырап уктап жатканда,
Математикадан түш көрөт.
Алгебраны аркалайм,-деп ,
Аракты такыр таштаган.
Билимге даана берилип,
Винодон даам татпаган.
Билим деп жүрүп бул агам,
Баарысын тең таштаган.
Татса эле башы айланган.
Математика деп жүрүп,
Көп жыл бойдок жашадыңыз.
Анан эле бир күнү
Сүйүктүү жар таптыңыз.
Өзүңүз сындуу өсүп келет,
Татынакай балдарыңыз.
Алар да эсеп чыгарып,
Мыкты математик аталып
Сизден алды талант, шыкты
Бар экен таалайыңыз
Кечрип койгун жан агам,
Анча-мынча тамаша.
Өзүңүз деле маш болчусуз,
Тамаша сөздү айтканга.
Өмүр боюу иштедиңиз,
Мектеп жолун аркалап.
«Мыкты агай болчу»-деп,
Окуучулар макташат..
«Агайга улуу урмат!»,
Ар дайыма кеп кылат.
Сиз сиңирген эмгегиңиз,
Унутулуп калмак беле.
Канат кагып, шумкар болуп,
Учуп көктө жүрөсүз.
Ак эмгекке берилип,
Азамат эрдей өтүңүз.
Сизге дагы ырахмат
Көп эмгекти жазадыңыз,
Жүзүңүз дайым жарык болуп,
Жүз жылдар боюу жашаңыз!
***
Атчыбек деген иним бар
Ат баккан жылы төрөлгөн.
Ымыркай бала чагында,
Ысай атам атка өңөргөн.
Ыңаалаган ошол бала,
Ыры чыгып торолгон.
Бак-бак этип үн сала,
Бакылдаган берен болгон.
***
А дагы бир айылдаш,
Байкабай калып катыгүн.
Башканын малын союп алган.
Саат болуп чындык айтылса,
«Билбей союп алдым»-деп,
Билмексен болуп кайгы жеп,
Санын чаап капаланган,
Лаажы болбой жашырса да,
Лакап болуп айтылган.
Бул кылыгы унутулбай,
Булайып элге жайылган.
Соолук койго кой окшош,
Союп койсо эмне экен.
Биздин элдин манабы,
Бир койдон кемип калабы.
***
Муратбекти ырга салам деп,
Кара чачым аппак болду.
Тийиштүү жакшы ыр болсун деп,
Тигинен салып жазып көрдүм.
Тигинен кармап жазсам да,
Тийиштүү ырга окшободу.
«Солтонум аман болсун»– деп,
Сол колум менен шиледим.
Белгилүү ырды жаза албай,
Бекер кетти эмгегим.
«Ойротум аман болсун»-деп,
Оң -тетири солодум,
Тетирисинен жазып ойлондум
Солунан салып жазып көрдүм,
Такыр айлам кеткенде,
Оңунан салып караттым.
Күн чыгышка баштанттым.
Эс албастан жазып жаттым.
Ошентсем да болбоду.
Бозортуп такыр карматпай
Бошко кетти эмгегим.
«Оңтойлуу сонун болсун»-деп,
Оң-тетири жазып жаттым.
Ойдогудай ыр таба албай,
Ошондо мен таң калдым.
Ошентип талбай жазып отуруп,
Ак кагазды жалаң ырга толтуруп
Бир кезекте бажырайып,
Жаңы пальтосун кийип кашкайып
Жаңы машинасын айдап жылмайып ,
Бак-бак этип бакылдап,
Кабагы ачык жаркылдап.
Жазган ырдын арасынан,
Темир Канат талаасынан.
Машинасын айдап чыга келди.
Жылмайып мага салам берди.
Жакшылыкка көңүл бөлүп,
Биз көрүштүк өбүшүп.
Эч кимге такыр окшобогон.
Бир башкача бала окшойт
Башкача бала болсо да,
Шай өткөрсүн өмүрүн.
Көрө албас ичи тарлар бар,
Көзү тийбесе экен бирөөнүн.
***
Бир иним экөөбүз
Секидеги дүкөндөн
Сербеңбайды серпип алып.
Сербелеңдеп келатабыз,
Секетбай болуп кучакташып.
Келжектеше кетенчиктеп,
Кээде өбүшө кетебиз.
Калжаңдаша кеп кылып,
Качанкыны эстейбиз.
Эжигейдей эзилип,
Ээрчишише келебиз.
Сербеңбай деген жаман болот,
Сербеңдетип бир күнү
Серпип салат өмүрдөн.
Дайны чыкпай жоголуп,
Далай адам өкүнгөн.
***
Темирди-темирге
Тешип келип каңдаган.
Текши жумуш бүткөрүп,
Темир уста аталган.
Жылгалардан жулдуруп,
Жыгачтарды алдырган.
Жылмалай бетин сүрдүрүп,
Жыгач уста алаган.
Аңыздардын жанына,
Байкатпай капкан салдырган.
Түнүндө шыбырт таратпас,
Түлкүлөрдү кармаган.
Түйшүктөн такыр чарчабас,
Түлкү тумак кийип калдайган.
Билинбей жүрүп тоолордо,
Бир кезекте кой баккан.
Адырдан айдап жылкыны,
Аңыраңдата чаптырган.
Сербеңдеп жүргөн коёндун,
«Жесе эти мыкты»-деп,
Жерди тешип төлдөткөн.
Тумак жасап терисин
Туугандарга көрсөткөн.
«Азык болсун элге»– деп,
Аары күтүп, бал тапкан.
Жемиштүү эмгек бу дагы,
Жегендерди тамшанткан.
Картошка, сабиз, капуста,
Калтырбай баарын өстүргөн.
«Витамин болот экен» -деп,
Билимдүү жагы көрүнгөн.
Күлүп жайнап «алгыла» деп,
Күзүндө баарын жайнаткан.
«Борсуп чирип кетет»-деп,
Погребди каздырткан.
Кара Тоонун түбүнө,
Кароолчу болуп жан баккан,
Ал жерде да жөн турбай,
«Ишим алга жылсын»– деп,
Индук, коён жайнаткан.
Топ-тобу менен тоок күтүп,
Балдарына айдаткан.
Тыным албай иштеген,
Тыным деген агам бар.
Көңдөй деген жеримде,
Көбөйсүн мындай адамдар.
Эр жигит эмгек менен,
Эл ичинде баар табат.
Жаны тынбай иштесе,
Жакырлыкка багынбайт.
Дал ушундай адамдан
Үлгү алгыла баарыңар.
Адал эмгек ак болот,
Атагы чыгып шаң тараар.
***
Бир иним бар эле
«Ко» деп келип чочунат.
Жанындагы адамдар,
Ырсая күлгөн болушат.
Дос күткөнсүп тигини,
Балп эткени кандайча?
Чочунуп калган турбайбы,
Салп этек бок ооз аялча.
***
Бир иним бар эле,
Кой жайып жүрүп адырда.
Үйү жакты көп карайт,
Чыгып тоонун башына.
Көз албай улам караса,
Үйүндө шек бар бекен.
Эң кысканчаак жан эле,
Эмнени аңдыйт болду экен?
***
Карааны мага өтө ыйык,
Кагылайын туулган жер.
Аркайган ашуу белестер,
Ата бабам ашкан жер.
Бээ жетелеп, жылкы айдап,
Бегимат абам өткөн жер.
Адырларды аралап,
Ашыбай ата өткөн жер,
Качанкыны салтанаттап,
Аңгеме куруп жарыялап,
Айтып турат туулган жер.
***
Кубат деген жездем бар
Аз-мас сүйлөп төп айтат.
Аңылдап көп шылпыганды,
Албаң-шалбаң тантыганды,
Акырая бир карайт.
Уяты жок ал тентек,
Уялгандан басылат.
***
Биздин Көңдөй айылында.
Сөздөн үйдү бөлмөлөп,
Сөзмөр адам өтө көп.
Сөздү сөзгө кошкон адам,
Ырыстуу деп саналган.
***
Ыбласан өтөктөн,
Ылдый карай эл көчөт.
Ырыстуу сонун кеп айтып,
Ынтымак деген эр өтөт.
Ылдыйкы Шаабай жылгадан
Ылдый карай эл көчөт.
Ырыстуу сонун кеп таштап,
Ынтымак деген эр өтөт.
Жылмалап келип сүйлөсө,
Жылан чыккан ийнинен.
Чечмелеп келип сүйлөсө,
Чечендердей кеп билген.
Аста-аста кеп баштаса,
Азгырып кеткен шайтанды.
Тамашалап кеп таштап,
Тамшандырган далайды.
Атаңын көрү дүйнө күн,
Арак ичкен айыбы,
Аркалап алган кайдагыны.
Ай, ак молдо, ак молдо,
Боздоттуң го далайды.
Азгырылбай ага калганда,
Далай ишти иштемек.
Министр болуп ал кетмек.
***
Акбоз атты желдирип.
Ак карлуу тоодо мал баккан.
Саан эмчектүү уйларды,
Сабалатып айдаган.
Аябай чарчап калганда
Алты күнү уктаган.
Ачка болуп калганда,
Алты чучук аймаган.
Карындагы майларды.
Калтырбастан жалмаган.
Сыртпай агам улгайса да,
Сынынан кетпей жакшы эле.
Жарыгы тийип элине,
Жашап жүрөт жакшы эле.
Жакшы адамдар көп болсун,
Жан дүйнөсү төп болсун.
Абийирдүү болуп алганы,
Аман болсун мал-жаны.
***
Туура санайм кайтадан
Туугандардын эсебин.
Аскар агам бар эле,
Андыктан аны эстедим.
Кажы-кужу сөз угам,
Кай бир элден кеп угам,
«Кажы Саз жакта жүрөт»-деп,
Каңкы-маңкы кеп угам.
Демилгени көтөрүп,
Директор болду деп угам.
Же ал келбейт мен жакка,
Же мен барбайм ал тарапка.
Саргайып эки тарапта,
Сагынышкан чагыбыз,
Сагынычты кантип жазабыз.
Кан-жаның кыпчак болсо да,
Беккулу элдин бүчүрүсүң.
Абалкыны эстесем,
Арыбай шат кылып,
Айланайын жашчылык.
Каткырыгы таш жарган,
Кагылайын жашчылык.
Дайым чыгып каткырык,
Медербек аман турганда,
Сага арка бел болот.
Тууганды-тууган сыйласа,
Турмушу анын оболойт.
Ушуну менен ыр бүттү,
Баягы учур кайра болбойт.
Кайрылып кайта келсе да,
Өткөнгө такыр окшобойт.
***
Коюндашып жүрчү элек,
Козу улакты бир жайып.
Барчын куштай тапталып,
Балалык убак ажайып.
Жагалмайда канат кагып,
Жаштык күндө шаңданып.
Бакыт чачкан өмүргө,
Балалык күн керемет.
Алкынтып күлүк ат минип,
Айтымбет атам тирүү анда.
Койлор менен жылкыны,
Кошо жайып адырларга
Мээрман Калый энемин,
Колунан далай даам таттым.
Анда эне табылбайт,
Айдыңын эстеп жатамын.
Ал күндөрдүн Өмүрбай,
Айдыңы барбы санааңда.
А мен болсо ал кезди,
Ар дайым эстеп сагынам.
Саргайыңкы болдум деп,
Сагынычтуу ыр жазам.
***
Бабалар өткөн мезгилде
Бир-бирине жоо болгон.
Шоңколор анда шок болгон
Далай чабыш, далай арман,
Дайны чыкпай унутулуп,
Дайынсыз гана жогоглон.
Ураалыдан Шопок, Арт,
Ураан курап алышып,
Көз чыгара чабышып.
Таяк менен кармашып,
Бакан менен чабышып,
Бакан сынып калганда,
Багалектен алышып.
Ээр үстүндө коё бербей,
Этек-жеңден тартышып.
Ошондой болгон бир оюн,
Ошону азыр ойлондум.
Ошондон бери келатат,
«Көзгө чабаар» деген ат.
Тоодо өскөн караган,
Карагандан тараган.
Дал ошентип биздин эл,
Көзгө чабаар атанган.
Жобурата кеп таштап,
Жомокчу өзү жараган.
Тоодо өскөн байчечек,
Бай чечек эмес гүл чечек,
Башка журттар биздерди,
«Көзгө чабаар» эл дешет.
***
Тоодон аркы белестен
Тобокел абам өткөн жер.
Көбүргөн өтөк тигине,
Көрүнөт аркы этектер.
Теңтуштарга кошулуп,
Текебай жезде кеткен жер.
Эсентур ага өткөн бел,
Ээнсирейт элеттер.
Турак болгон өзүмө,
Туулган жерим ыйык жер.
***
Өңүнөн өчүп бат эле
Өтө кызыл тез оңот.
Өтө ысык аяштар,
Ортосу сууп коштошот.
Өтө кызыл оңгондо,
Кызык кези табылбас.
Ысык достор ажырашса,
Ынак чагы жаңырбас.
***
Күн Тийбесте жоголгон
Күлгүн чакты эстегем.
Күткөн ойго жетемби,
Күлүк минип желдирсем,
Калкты аралап калганда,
Каңшаар уктум жакында,
Качып кеткен жаштыгым,
Какшаал тоодон ары экен,
Жаштыгыма жете албай,
Жабыркадым неликтен.
Кара күлүк атым жок,
Какшаалыма кантип жетем.
Капырай ай, эмне алыссың,
Какшаал тоосу жеткирбеген.
***
«Менин агам бакшы-дейт,
Эл башкарган жакшы»,дейт,
Жакшысын деле ким билет,
Бакшысын деле ким билет,
Билгизбей элди кемирип,
Бир пенде жүрөт уялбай,
Караан кылат бийликти,
Касиет жок каргадай,
Бак-бак этип сүйлөсө,
Бакшысын деле ким билет.
Жак-жак этип сүйлөсө,
Жакшысын деле ким сезет.
Эчак эле түңүлгөнбүз,
Эл башкарган бакшыдан.
Чын тийбестеп качканбыз,
Чынында андай каапырдан.
***
Агам каткан аракты,
Жеңекем таап алыптыр.
Тамчысын да калтырбай,
Такыр жалмап салыптыр.
Алдырып ийип арагын,
Абакем куру калыптыр.
«Атанын кокуй дүйнө»,– деп,
Арманын айтып жатыптыр.
***
Колхоз болсо жок калды
Малды бөлүп тараттык.
Карызга арак алып,
Карта ойноп бош калдык.
Акчаны көрсөк буюрбасын,
Колоктотуп айдап барып,
Койду чайга алмаштык.
Өтүп кетти бир заман,
Ал кезден эл тажаган.
***
Сатар деген теңтушум,
Элге жагып алган окшойт,
Жолу анын оболойт.
Далай жылды аркалап,
Мезгил менен сабалап,
Актив болуп келатат.
Бригадирден түшүп калса,
Болуп алат кампачы,
Кампачыдан түшүп калса,
Дагы бир ишке жармашты.
Өзүнө ачып бакытты,
Оңой эле жанын бакты.
Эч бир деле кыйналбай.
Кенедей кылы кыйшайбай,
Быягынан кетирсең,
Тыягына жармашат.
Тыягынан кетирсең.
Быягынан иш табат.
Майлуу сүттү орунду
Бат эле таап чыгат.
Бу тешикти бекитсең,
Чыгат тиги тешиктен.
Далай жылы эл тескеп,
Мыкты жигит келишкен
Тоого барып мал бакты.
Чуңкур жерди баспаган,
Чучугун чубап байкаган
Өнөрлүү бул амалды,
Өздөштүрдү ал кайдан.
Катуу сөз айтпайт бирөөгө,
Жаман сөз укпайт бирөөнөн.
Дал ушундай мүнөздү,
Каяк жактан үйрөнгөн.
Түшүрүп чоңдор салса да,
Иши жагып элине,
Болуп алган кампачы,
Кампасында баары бар.
Картошка бар, эгин бар,
Чакасы бар, чара бар,
Мүнөздөп ичкен тамак бар.
Мүшөк, мүшөк ундар бар,
Майга малып бармагын,
«Даамдуу экен- деп жаланат.
Таттуу экен» деп шекерди,
Кайта-кайта тамшанат.
Сараң болбой март болсун,
Эли менен бар болсун!
«Кампачы болуп кеттим» деп,
Көтөрүлүп кетпесин,
Сугатчы кезин эстесин.
Жакшы уулу Карач атанын,
Сиңирди элге пайдасын.
Алса керек бир кезде,
Карылардын батасын.
Аман-эсен жашай бер
Бирге болуп эл менен.
Демдүү кайрат эрк берген,
Деңиз болот эл деген.
***
Адам деген жашабастыр түбөлүк,
Бабаларды биз унутпай өтөлүк.
Анда-мында кобураша калганда,
Аталардын атын айта жүрөлүк.
***
Айлампа салып, жыл учат
Жыл артынан, ай туулат,
Айлар жылып кайда учат?
Айлар жылып жума учат,
Жума артынан күн туулат,
Күндөр жылып кайда учат?
Күндөр жылып алга учса,
Эски турмуш унутулат,
Жаңы жашоо уланат.
Ошол үчүн жашоодо,
Замандан заман учкаяк.
Кыйры кетип алыска,
Кылымдан-кылым куралат.
***
Токумдай булут аралап,
Тоолуу жерге көчкөн эл.
Топурата мал айдап,
Токуш аба өткөн жер.
Жээнбай, Жээнтай агалар,
Жетелешип кеткен жер,
Ага-инини улам жоктоп,
Артында калган калың эл…
Төө кыянын белинен,
Төө жетелеп, көч шайлап,
Төлөнбай ага өткөн жер.
Сарбай ата өткөн жер,
Сан жылкыны чубатып,
Арыда жатат чубалып,
Атыгай бай өткөн бел.
Айтып бүткүс арман бар,
Акылга сыйбас чындык бар,
Айланайын туугандар!!!
***
Бээ коштоп алып закымдап,
Белести карай жакындап,
Бекболот байкем өткөн жер.
Пепил тартат элеттер.
Жан бирге агам Шамалдай,
Жакшы оюн айтат жашырбай.
Учурашып келе албайм,
Убакыт өттү бир далай.
Санаада жүрөт бир далай,
Сагынычым тарабай
Сыпайы сөзмөр аталып,
Сыймыктуу болгон биздин эл.
Сырдуу назик жылмайып,
Сыдыш агам өскөн жер.
Айтбек ага балалыгын,
Айылда эле өткөргөн.
Акылы менен жан багып,
Акылдуу болуп көөнөргөн.
Сызып учаар замандар,
Сырдуу тарткан агалар.
Ойго койбой мезгил учуп,
Оордуна келеер башкалар.
Табышмак болуп ал кезде,
Таптырбай кетет жаркындар.
***
Райдын Жапары,
Расында жакшы адам.
Жаш чагында келин-кыздар,
Жабалактап караган.
Бирөө дагы колго тийбей,
Бойдок жүрүп далай жыл.
Отко коюп казанын,
Өзү жуучу, ийдиш аягын.
Бактысын ачып биздин жээн,
Бала төрөп берди балпайган.
Коңшуларга кеп кылбай,
Колуна бакыт карматкан.
Аганы жазып ырыма,
Айдыңдуу деп тааныгам.
Элге кылып кызматын,
Эл ичинде тынч жүргөн.
Тымызын учкул сөз менен
Тыржыйтып киши күлдүргөн.
Тың жашагын көп заман.
Агайынга алымдуу,
Абышка бол Аксакал!
***
Кербендер минет кер атты
Керилип сырдуу ай батты.
Кененбай байкем жылкы айдап,
Керүүдөн кетип баратты.
Көчмөндөр минет көк атты,
Көк жайыкка таң атты.
Көргөнү тоодо топозун,
Көчкүн агам баратты.
Кененбай, Көчкүн агалар,
Алыстап кеткен кайрандар.
Карматпай кеткен караандар.
Кең пейил жаркын мүнөздүү,