
Полная версия
Бабалардын жанырыгы
Дагы айта турган кеп Манап бийдин Жарбаң, Сүтөй уулдарынан Үчүке, Түлкү, алардан тараган Тынай бий, Маматкул бий, Болот, Эсенгул, Ниязбек, Абайылда, Атаке баатыр, Ормон хан, Жантай хан, Шабдан баатыр ж.б. Түндүк Кыргызстанды бийлеп келишкен. Көзү ачык, олуя Калыгул, санжырачы, акын Молдо Кылыч Манап бийдин тукумдары болгон. Баса Т. Усубалиев да ошолордун тукуму эмеспи. Ушинтип алар көп жылдар боюу биликте келген.Алардын кайсы иши жакшы, кайсы иштери жаман ага тарых жана эл баа берет. Бирок улама санжыра болуп айтыла берет. Аны өзгөртүүгө болбойт.
Жайлоону таза жел аралай согуп, жел эпкинине назик гүлдөр секин термелген болушат. Асманда үзүк боз булуттар кайдадыр жакка тыным албай сызышат. Тескей тоо тараптан кыраан буркүттүн үнү чыгып кайра басылды.
МЫРЗАКУЛМЫРЗА
Теңирдин шыбагасы менен Кылжыр эки балалуу болду. Орозбакты ары токтоо, ары кең пейил ар бир ишти туура акыйкат жол менен чечкенге аракет кылчу. Ошол кезде калмактар кыргыздардга кысымчылык көрсөтүп алардын жерин алып, бейкут элди ары бир сүрүп, бери бир сүрүп жок кылып салууга аракет кылды. Береги учурда калмактар кара кытайлардын соккусуна учурап турду. Алардын жери тартыш болуп, кыргыздардын жерине ач көздүк менен көз артканын койбоду.
Орозбакты үйлөнгөндөн кийин эркек балалуу болсом дегенде эки көзү төрт болуп жайнады. Анткени жоо жакын жерден күч көрсөтүп турганда сөзсүз эл-жерди коргоого жигиттер керек болуп жатпайбы. Жаратканым Орозбактынын үнүн уктубу эркек балалуу болду. Наристенин ысымын эч нерседен кетилбес, курч болоттой болсун деп «Болот» койду. Бешик баласы беш түлөйт деген элде сөз бар эмеспи ал чоңоё берди. Ал жаштайынан чемендүү болуп, ден соолугу жайындай болбой далай кыйынчылыктарды көрдү. Бирок жаратканым ага тубаса акыл берип койгонбу, сүйлөгөн сөзү иши менен айкалыша, орундуу келип, элдин көңүлүн өзүнө буруп турчу. Ошол үчүн негиздүү ишти чечеерде журт башчылары сөзсүз ага кайрылып, аны менен бирге чечишчү. Ал өтө шапайып арык болгондуктан келиндери аны «Арык аке» деп тергешчү. Ошондон «Болот» аты унутулуп, Арыкмырза аталып калды.
Орозбакты ата:
– Атаңын көрү дүйнөкүн балдарым бойлуу баатыр чалыш болгондо эмне, калмактарды ат үстүнөн аңтара сайып эрдик көрсөтө, сес берип турганда болбойт беле,– деп арманданчу. Анын эки аялы бар эле. Бир күнү түш көрүп, түшүн сүйүнө айтты:
– Жаратканым мага бала берген турат окшойт кыйынчылык учурда эл керегине жараса болду.
Арадан мезгидер сызып өтүп жатты. Бир күнү Орозбактынын аялы ооруксунуп жүргөнүн күйөөсүнө айтты:
– Жырткыч жаныбардын жүрөгүнө талгак болуп жатам.
– Ачыгын айтчы эмне жолборспу же аюунукунабы?
– Өзүм да билбейм, мергенчилер көп эмеспи иши кылып атып келишсин.
– Балким койдун же жылкынын жүрөгүнө талгак болуп жүрбө,-деп күйөөсү күлө айтты.
– Алардын жүрөгүн күндө эле жеп жатам, ошолордон талгагым тараса сенден эмнеге башка жүрөк таап кел деп айтат элем,– ургаачы аны жактырбай нааразы болуп айтты.
Бул учур жайдын толкуп-ташып турган убагы эле. Кыш боюу көк зиңгил болуп жаткан көк муз, ак тоңголок кар эрип, суулар күргүчтөп ээ-жаа бербей алкына кирип жаткан учуру болчу. Өрөөндө ийин казган жаныбар суурлардун аңкуштаган үнү алыска угулат. Канаттуулардын көпчүлүгү небак эле торолтуп балапанын учурган. Бир күнү Орозбакты ата кызыл атын желдире черик уруусунун мергенчиси Тоотайдын үйүнө келип түштү.
– Кагылайын Тоотай мен бир иш менен келдим эле, ошону аткарганга жарап бер.
– Айта бергин ардактуум сенин ишиңди колдон келсе, бат эле бүткөрүп берем, – мергенчи Орозбактыдан улуу болчу.
– Баягы жеңеңдин балакет болуп, талгагы кармап ошого бир жырткыч жаныбардын жүрөгүн керек болуп жатат ошону батыраак таап берсең.
– Менин ылдам атчу мылтыгым бар эле кааласаң ошону алып келип берейин.
– Кереги жок андай курал менин өзүмдө деле бар.
– Мейлиң өзүң бил ырымы үчүн төрт малдан бирден берем. Бул сөдү угуп мергенчи аябай сүйүндү. «Ырас болду, мал курап алайын» деп, Нарындын бийик тоосунда жырткыч жаныбарларды аңдып жүрдү. Аңчылыкка машыккан Тоотай, калың токойдун, камыштардын арасынан карышкыр, жолборс аңдып жүрдү. Бирок какшып калгансып эч нерсе байкалбайт. Жырткычтын изин кууп көп жерге барды эч бир жерде шек билинбейт. Жаныбарлар жакын жерде көрүнбөйт.
Күн чак түш болчу, мергенчи тамак ичкиси келип, отту алоолонто жагып, атып алган эки кыргоолду куйкалап жеп жатты. Семиз канаттуунун этин аябай тоё жеп, анын артынан булактын муздак суусун ичип, уйкусу келген шекилдүү атын тушап коё берип, бир чай кайнамдай уктап эс алып алды. Эс алып, курсагын дагы тойгузуп, мылтыгын асынып, дагы жырткыч жаныбарды аңдап жүрүп отурду. Ал тоонун оң капталындагы колотто турган эле. Күтүлбөгөн жерден күрүлдөгөн үн чыгып, эки жаныбардын айбаттуу доошу жаңырды. Бул каман менен аюунун жаңырыгы болчу. Курган мергендин үрөйү учуп кетти. «Кокуй мени жырткыч жаныбарлар курчап алганбы». Мерген урчукка чыгып караса, аюу килейген ташты көтөрүп, ал эми каман катуу чуркап келатыптыр. Экөөнүн ортосу эки аттам калган экен. Аюу килейген таш менен каманды башка уруп калды. Камандын денесине таш тийип теңселет, бирок курч тиштери менен аюуну капталга уруп өтүп, анын ичегисин эшилте жерге сүйрөлтүп таштады. Камандын башына таш тийип, оңоло албай ылдый барып сүрдүгө кулап, тыбырчалап жатып жан берди. Көз ачып жумган убакта аюу, каман да жок болду. Экөөнүн кармашын көрүп мергенчи бир сестене түшүп, таң калды. Жаныбарларды союп, атына жүктөп мергенчи үйүнө алып келди. Эртеси мерген камандын жана аюунун жүрөгүн Орозбакты атага алпарып берди. Эне эки жүрөктү казанга салып, кайнатып, сорпосун ичип бычак менен кесип, ырахаттана жеп алды. Бирок анын талгагы кичине кангансып барып, кайра күч алып туруп алды.
– Дагы эле жырткыч жаныбардын жүрөгүн жегим келип жатат. Кайдан да болсо таап кел деп ,– эне күйөөсүнө дагы кайрылды.
– Талгагың тарабай калса, балакет болгон тура, ал эмне деген талгак – деп ата каткырып күлгөн болду.
– Анда эмне кылайын жолборстун же көк жалдын жүрөгүн издеп табайын.
Орозбакты ата сүйүндү:
– Атаңын көрү аялымын талгагы тарабай калган экен ээ кабыландын жүрөгүнө талгак болсо, теңирим колдоп, шер бала төрөйт го- деп ичинен жымыңдай кубанды.
Дагы бир күнү кызыл атын минип эпеңдете желдирип, Тоотай мергендиине жете келди.
– Айланайын көзгө атаар Тоотай мергеним аялымын талгагы балакет болуп, дагы тарабай жатат. Эми жолборстун ал болбосо, илбирс же көк жалдын жүрөгүн таап бере көр. Же болбосо, алыска барып арстандын жүрөгүн таап бересиңби,– деп күлүп калды.
– Жолборстун жүрөгүн табууга болот. Ал эми арстандын жүрөгүн кайдан табам,– деп ал дагы каткырды.
Ошентип көзгө атаар мерген Тоотай жолборстун, же көк жалдын жүрөгүн издеп жолго чыккан экен. Ал Нарындын көп жерин кыдырып, жарытылуу эч нерсе таба албады. Бул кезде кайсы жаныбар кайда жүргөнүн жакшы билчү. Тырышып жакшы эле издеди бирок жолу болбоду. Ал акыры Орозбакты атага жолугуп:
– Торпоктой болгон көк жалды көргөн элем ал дагы кексе болуп калган окшойт, такыр дайнын таптырбай койду,– деди капаланып.
Орозбакты ойлонуп турду да бир пастан кийин сүйлөп кирди:
– Сенин калмак тарапта Кара мерген бөлөң бар эмес беле ошого айтып көрбөйсүңбү, канча кылган менен ал кадик адис мерген бир айласын табаар.
Тоотай ойлонуп калды да:
– Баса аны унутуп калган экем ал дагы көзгө атаар мерген эле, бир болсо ошонун колунан келет.
Ошентип экөө сүйлөшүп сөз бекитишип, аңчы көк чологун камчыланып үйүнө кетти.
Күн ачык. Жолочу ысыкта күркүрөп-шаркырап аккан сууну бойлоп саз менен кетип баратты. Көк чолок атчанды чабалакей айланып учуп турду. Суунун жээгиндеги көлмөдө жайнаган балыктар сүзүп жүрөт. Анткени бул жерде балыкка керектүү тамак-аштар көп окшойт. Тоотай Орозбактыны жакшы көрчү. Аны калыс элдин таламын коргогон адам деп билчү. Эми анын баласы баатыр чалыш, элди калмактардан, моголдордун чабуулунан коргогон эл багаар уулдар болсо,-экен деп ойлоду. «Кара мерген Доргугакантип жолугам үйүнө барсамбы, жок болбойт, жараган мылтыгымды жолдон бирөө тартып алышы мүмкүн. Андан көрө тоодогу аңчылык кылган жеринен табайын. Тоотай мерген Нарындан аркы чек ара бөлүктү кыдырып келатты. Сактанбаса болбойт бирөө кыргыз, бирөө калмак тааныбай бирин-бири мерт кылып коюушу ыктымал.
***
Калмак кара мерген Доргу үч күндөн бери тынымсыз аң уулап келатат. Чукулда күз аяктап, кээ бир жаныбарлар чеенге кирип кетет. Ошол үчүн ылдам жетишип, аң терилерин чогултуп алышы керек. Кеч күздө баардык жаныбарлардын териси жетилген болот. Аларды сатса абдан баалуу. Ар бир жандыктын кайда түнөөрүн, кантип азыктанаарын беш колундай билет. Бул чөлкөмдө ал кыдырбаган кокту, ал жүрбөгөн тоо калдыбы. Жана улуу тоолорду коёндун жатагына чейин билет. Алдында минген кара аты монголдордун тукумунан чыккан жылкы, ал күлүк эмес тоодо канча күн жол келсе да такыр чарчабайт. Жаныбар кышында ачка болсо да кара этинен такыр түшпөйт. Тоотайга ушул эле керек ал жаныбаррды жарышка чаап эмне кылмак эле. Жылкыны эң укмуш кылып үйрөттү, кайда барса да, артынан ээрчип жүрөт, ышкырып койсо бат эле жетип келет. Аны байлап, же аркандап кереги жок. Жардам керек болсо катуу кишенеп кабар берет. Кара мерген пендеде жок күлүк эле. Керек болсо чуркап барып бат эле кийиктерди кармап алат. Айсыз түндө баарын көргөн көзүнүн курчтугун айтпа. Ал эми жапайы жаныбардын сырын ушунчалык билет. Ал беш, он күн үйүнө жолобой мергенчилик кылып кете берет. Жаныбарларды атып алып этин даамдуу шиш кебек кылып жейт. Аңчы аба ырайынын өзгөрүшүн да жакшы баамдайт.. Доргунун атасы калмак энеси кыргыз болгондуктан кыргыз тилин суудай билет. Ал Тоотай менен бөлө болуп, экөө анда-санда эле жолугушчу. Анын жети атасына чейин мерген болгон.
Тоотай мерген кумайды аралап келатып, кичине сууну кечип өтүп, тоонун капталына чыгып, эки жакты акмалады. Ошол кезде бат атма мылтыктын үнү ылдый жактан жаңырды. Мергендин денесин калтырак аралап, өтө сак болуш керек болуп калды. Калмактын кара мүртөз мергендери кыргыздын аңчыларын мерт кылып, ташка корумдай салып, мылтыгын алып кеткен окуялар көп эле болгон. Ал атын бадалдын түбү менен жетелеп, эки жакты өтө этият сак боло карап баратты. Мылтыктын үнү дагы жаңырды. Үн тээ береги кичинекей тегерек тунук көлдүн жанынан чыккандай болду. Ал көлдө кундуз арбын ошондой эле көлдө кундуз жеген балык көп. Бир кезде көл жээгинен кара мерген Доргу көрүндү. Колунда кундуз терилери жүрөт. Тоотай ойлонду « Кундуз улап жүргөн экенсиң, бекер жүрбөйсүң ээ калмак бөлөм». Ал ылдый Доргуга карай баратып, капыстан буту ташка тийип, таш ылдый карай кулап кетти. Доргу ташка жашына калып, этият боло эки жакты карады.
Тоотай үнүн бийик чыгарып үн салды:
– Доргу бөлөм бул менмин, кыргыз мергени Тоотаймын,– бийик үндүн жаңырыгы аскаларга тийип андан ары коштоп кетти.
Доргу тиги киши өзүнүн жээни экенин билип сүйүнүп кетти. Анын жанына келишин күтүп, эки мерген кучакташып өбүшө көрүштү.
– Кандай бөлөм калмак кара мергеним.
– Жакшы, жакшы кундуз улап жүрөм.
– Анын терилерин жыйып жатасыңбы?
– Ооба кытай соодагерлерине сатам.
– Анда жакшы биздин байлар деле сатып алып жатпайбы.
– Аң терилерин бир топ жыйып алдым, алар жерде калбайт.
– Тай эжемин ден соолугу кандай?
– Жакшы жаңы эле ооруп айыкты.
– Үйгө келбей кеттиң го.
– Барам азыр кол бошобой жатат. Өзүң эмне жумуш кылып жатасың?
– Мен да аңчылык кылып жатам, Бирок анча жол болбой жатат. Баса бир жумуш менен келдим эле.
– Эмне жумуш.
– Орозбактынын аялы жолборстун ал болбосо, көк жалдын жүрөгүн талгак болуп калыптыр ошону издеп жүрөм.
– Көп берсе эле таап берем,-деп жылмайды Доргу.
Экөө көпкө аңгемелешти анан аягында кара мерген айтты:
– Силер кайсы конуштасыңар?
– Биз Саяк Айрыктын бери жагындагы Кара Тоонун түбүндөгү жалгыз булактын жанында турабыз.
– Билем, билем ушул жерде бир жолборс бар.
– Ошону атып жүрөгүн алып келсең сонун болбойт беле.
Орозбактынын байлыгы көп ал сени ыраазы кылат.
Кара мерген кармап турган үч кундуздун терисин Тоотай мергенге сунду:
– Ме бобу үч кундуздун терисин тай эжеме ала кет керегине жаратып жака кылып алсын.
– Ой жөн эле койсоңчу!
– Жөн эле коймок беле, тай эжем алтын киши ал биздин сыйыбызга татыктуу.
Экөө кучакташып ажырашты Тоотай мерген атын минип келген жагына кетти.
Кара мерген жээктен, кундуз атып жатты, анда-мында мылтыктын жаңырган үнү угулат.
Ошол окуя ошол болду.
Кара мерген аң терилерин үйүнө жеткирип, эми жолборсту атып алганга ашыкты. Анткени жолборс майлуу эт жеп жүнү жылтылдап териси да баалуу анын үстүнө жүрөгүн Орозбактыга берип андан каалаганын алган жатпайбы. Эгер жолборс болбосо ал көк жалды атып аны алпарып бергиси келди. Доргу мерген ар кандай жаныбарлардын үнүн туураганды эң жакшы билчү. Бул аймакта бир көк жал бар эле ошону жоготкусу келди. Ал өткөн жылы эки канчык карышкыр менен үйгүшүп жүргөнүн көргөн. Канчыктар чоң асканын түбүндөгү киши жете алгыс коргулдардын арасына бөлтүрүктөрүн тууп, чоңойтоорун да билген. Мерген тез атма мылтыгын белендеп, ай толукшуп чыкканда, же таң эре-шире аткан үрүң-бараңда, же күн асманды таштап кеткен коюу караңгыда эч кимге көрүнбөй коргул таштардын арасына же калың чердин арасына кирип, колун чоор сыяктуу айкалыштыра коюп карышкыр болуп улуп турду. Анын үнү кадимки эле карышкырдын үнүнө окшоочу. Дабышты угуп туш-туштан бөрүлөр келчү. Бул үн жырткычтарды азгырып туруп алчу. Ургаачыларына караганда эркек бөрүлөрдүн үнү жоон кайраттуу чыгат. Кара мерген далай жолу бөрүлөрдүн улуган үнүн уккан жана көп жолу аны өзүндөй кылып туурап машыккан. Кара мерген канчалык улуса да, бөрүлөрдөн кабар болбоду. Бир аз туруп ар жактагы калың черге кирип ошол жерден улуп көрдү. Мерген ошол жерде эки күн түнөп, таңга жуук үрүл-бүрүл атып келатканда карышкыр болуп улуп жатты. Кудай жалгап бир аздан кийин ары жактан карышкыр болуп улуган үндү укту. Кара мерген жоголгонун тапкансып сүйүнүп кетти.
– Кайраным мен сени издеп жүрсөм ушул жакта экенсиң,– деди.
Таң супа салып жерге анча-мынча жарык төгүлгөндө карышкыр болуп улууга өттү. Ошол кезде үч карышкырдын жарыша улуган үнү угулду. Экөө ичке бирөөнүн доошу эң эле жоон эле. Жел карышкырлар тараптан болуп турду. Алар адамдын коңурсук жытын бат эле билип коюуп алдамчы чакырык экенин сезип калышат да келбей коёт. Карышкырлар жытты искеп өздөрүнүн туугандарын издеп улуп жатты. Эркек карышкырдын үнү жоон чыгат. Ашыккан бөрүлөр дөбөттүн каякта жашынып жатканын билгиси келип, көк жал эки канчыгын ээрчитип этият келатышты. Бул жер көк жалдын ээлик кылган аймагы болчу. Жада калса ар бир чөпкө, ар бир куурайга бутун сыйрайтып заара төгүп белги салып жүрүп отурат. Анан бул жерге кайдагы башка жандыктар келет. Эгер келсе үчөөлөп жара тартып чайнашат. Азыр ошол атаандашынын кардын жарып салыш үчүн жинденип келатат. Жанындагы канчыктар көк жалдын мунусун даана билип турду. Ургаачы бөрүлөр сак аяр эмеспи, алар өз эрежесин байыртан бери сак кармап келатат. «Бул бизди чакырган жалган добуш болбосун» деп шекшинишет. Бул үндөн ургаачы канчыктар жагымсыздыкты сезип турушту. Чыккан үндү токтой калып тыңшашат. Үндүн кээ бир кайрыктары өзлөрүнүкүнө окшобогондугу сезилип турду. Алар үндү токтой калып тыңшашат. Ушул кезде канчык карышкыр «сак бол» деген белгини берип, дөбөт карышкырды ар этип бир тиштеп алды. Дөбөт аны тоготуп да койгон жок. Жанагы улуган дабыш дөбөттү бүйрүн кызытып чакырып туруп алды. Мен үстөмдүк кылган жерде кайдагы жандык жүрөт, ал каарданып керек болсо аны жара тартып салгысы келет. Көкжал ошол чакырык дабышты таштап кетмек эмес. Өлсө да ошонун кандай чоңдукта, анын атаандашы ким экенин көргүсү келет. Керек болсо аны менен эрөөлдө кармашып, көргүсү келет. Бул чөлкөмдө андан ашкан батыр жок эмес беле. Үн бирде бийик, бирде жай каалгып чыгат. Ааламда ар кандай үндөр көп, бирок бул үн өзүнүн бир туугандарынын үнү болуп жатпайбы. Тее илгери көк жалдын башынан мындай бир окуя өткөн. Анда ал эки ургаачы канчыгы менен жүргөн эле. Үчөө салып уруп, Зындан кыштоосуна бараткан. Ал тарапта жылкы, же уй жолугуп калышы маалим эле. Суук ызгаар анан кыш болуп жатса, айлана жылуу болмок беле. Алты, жети күндөн бери бөрүлөр наар ала элек ачкалыктан кыжынып бири-бирин жеп салуудан да кайра тартышпайт. Ошентип үчөө чуркап келатышса, астынан карышкырдын дөбөтүнүн улуган үнү угулат. Ай толуп турган маал эле. Анын нуру кар үстүнө төгүлүп, айланага керемет көрүнүш үстөмдүк салып турган болучу. Үч бөрү ошол дабыш чыккан тарапка салып уруп чуркап баратты. Үн муңдуу жардам сурап жаткандай туюулуп, алар бат эле чоң чычырганактын жанына жете келишти. Чоң дөбөт карышкыр мерген салган капканга түшүп калган экен. Ачка экен өзүнүн жатындаштарын көрүп муңдуу улуп жиберди. Үчөө аны жалооруй муңдуу карап турушту. Ошол кезде канчыктар тигил дөбөткө шыйпаңдай башташты. Көкжал кыскандыбы жини келип, капкандагы дөбөттү капталдан аткый тиштеп алды эле курч тиштер денеге батып кетти окшойт, дөбөт бөрү даттана улуп жиберди. Тиштеген жерден жүн чубалып калды. Ургаачылары шердене түштүбү, капкандагы карышкырды таламайга салып жиберишти. Дөбөт карышкыр капкандагы жаныбарды капталына тиш салды эле кан диркиреп атып кетти. Байкуш ачка карышкыр кыймылсыз өчөйүп отуруп калды. Берки канчыктар туш-туштан жыра тартып апылдатып жеп киришти. Айрылган тери айланага кандын жыты тарап жатты. Үчөө этке тоюп андан ары жол кетти. Көкжалдын эсине ошол көрүнүштүн элеси келди. Балким аларды жылуу, кандуу эт күтүп тургандыр. Үчөө добуш чыккан жакка аярлай баратышты. Алар башка дөбөттү көргүсү келет. Алар этият басып айланадагы жытты искеп көрдү, Үн үзүл-кесил чыгып, токтоп калат, кайра чыгып, карышкырлардын бүйрүн кызытып жан дүйнөсүнө бүлүк салып, чакырып туруп алды. Бөрүлөр шамал аркылуу жытты искегиси келди эле шамал да жок, жел да жок. Канчыктар чөптүн арасынан бир жытты искеди. Ал коңурсук жыт экен. Адамдыкы өңдөнөт. Үчөө тык токтоп үн чыккан тарапты шектүү карады. Алар шамалды күттү. Жел бөрүлөр тараптан согуп эч кандай жаңылыкты алып келбеди. Көзү курч бөрүлөр үн чыккан тарапты шектүү тиктеди. Эч кандай кыймыл жок. Тээ арыда булак агып, өзүнүн түбөлүктүү өлбөс ырын кайталап жатат. Жерге жарык акырындап төгүлө баштады. Мерген баарын салмактап байкап турду. Азыр аткан менен ок жетпейт. Бөрүлөр үндү үзүл-кесил чыгарып жатты. Бир кезде көк жалдын жону кычышып кетти окшойт, көк чөпкө жата калып оонап-оонап жиберди. Канчыктар анын турушун күтүп жатты. Үчөө кайра жолун улантышты. Бөрүлөр үн чыккан жерге кыйла эле жакындап калышты. Көкжал өзүнүн белгисиз курбусун көргүсү келип туруп алды. Ал эч нерседен тайманбай түз эле бадалды карай басты. Үн кайсы жерден чыгып жатканын алар кылдат байкоого алышты. Калмактын кара мергени көк жалды кылдат мээлеп ата-бабасынын арбагына жалынып машааны басып калды. Жаңырык аскадан-асканы аралап узап кетти. Таңкы тынчтык бузулуп, үн айланага тарады. Эки канчык кулап жыгылган дөбөттү карап, ылдый карай салып уруп качышты. Дөбөт ок тийген жерин арс үрүп, бир тиштеп алып, жерге кулап жыгылды. Кара мерген көк жалды кулата атканына аябай кубанды. Ал далдаа жерде байланып турган атына басып келди да аны чечип бошотуп койду. Чөп чалсын деди окшойт. Чаначта буулган кымызды чечип кере-кере жутту. Бир жерде отура берип, денеси талыкшып кетиптир. Колу бутун жан-жагына созуп, кыймылдай баштады. Анан жай акырын басып келип, торпоктой болгон көк жалды шамалдан ыктоо далдаа жерге сүйрөп келип, курч бычагын ташка кайрап курчутуп алып, терини сыйра баштады. Калмактын кара мергени алты күндүк меенети кайтып, ашуу жактан үчүнчү жолу көк жалды атты. Эки күндөн кийин көк жалдын терисин жана териге оролгон жүрөктү Тоотай мергенге алпарып берип, эмгеги үчүн Орозбактыдан толгон мал айдап келди.
Ошол окуя ошол болду.
МЫРЗАКУЛ БААТЫР
Мырзакулдай баатыр бар,
Атпай журтка дакталган.
Ата-баба санжырасында
Аты өчпөй сакталган
Күндөр өтүп, айлар жылып, Орозбакты атанын аялынын төрөтү жакындап келе берди. Ата сүйүнүп:
– Кудай берет деген ушул, жоо жакадан алып турганда кыргыз журту өсө берсин. Мындай капсалаңда эл бөксөрүп кетпесин,– деп жакшы санаасын билдирди.
Анан жыйырма күндөй өтүп, эненин толгоосу башталды. Атанын Жылуу- Булак айлында шашылыш жумуштары бар эле. Жоош тору атын минип ошол жакка жөнөп калды. Ал жерде бир күндөй болуп, анан айлына кайта келаткан. Жолдо Айбулактын баласы Шаран жеерде атын минип катуу келатканын көрдү. «Эмнеге келатат, деги бейкуттук болсо экен,-деп санаага батып ойлонуп келатты. Жакындаганда баланын өңүн караса кубанычтын элеси чачырайт. Ата кубанып кетти, «Жакшылыкты кабарлаганы келаткан окшойт».
– Орозбакты ата сүйүнчү тай үйрөтө, куш салаар эркек балалуу болдуңуз.
– Алатуяк айгырдын үйрүнөн мине турган бир жабага алгын.
Бала күлүп:
– Ата ал аздык кылат го.
– Анда бир эле кулундуу бээ алчы.
Ата ойлонуп калды: «Айбулакты тартып баласы да купшуңдаган шумурай неме болот го» -деди оюунда жылмая.
Ата жол улап келатты. Жолуккандар «Бешик бооң, бек болсун», деп куттуктап жатышты. «Айтканың келсин» деди ата. Жараткандан бата алып, баланын атын берки балдарына уйкаштырып, Мырзакулмырза деп койду. Бала олбурлуу болуп төрөлүп, үнү да жоон болчу. Ата ойлоноор эле « Балам ушундай күндө эл коргоор баатыр болсо» деп кыялданчу. Кудай берип ошол кыялы ишке ашчудай болду. «Бешик баласы беш түлөйт болуп» уландын ден соолугу чың тарта бат эле чоңоё берди. Анын денеси чымыр, кең далылуу тартып, өзү теңдүү балдарды күрөшкөндө оңой эле көтөрүп чаап жеңип койчу. «Жоо жакадан алып турат» -деп жигиттерди найза сайганды, кылыч чапканды деги койчу ар андай душман менен согушуунун айла-амалдарын үйрөнүшчү.
Мезгил өтүп, айлыр жылып Орозбакты ата беш балалуу болду. «Балдарым элге теек болобу»– деп кубанчу. Кубанбаганда эмне кылат. Быякта тоодон ары калмактар, бизден нары ала чапан кийип өзбектер, түштүктө аттын жалы менен ойноп уйгурлар, түндүк тарабыбызда кээде тууган, кээде душман болуп, казак эли турат. Ал эми кара кытайлар такыр элдешкис журт. Ушундай ойлорду ойлоп, Орозбакты ата санаага батып: «Элди-жерди коргогон баатыр азаматтар керек болуп жатпайбы» деп, түбү уюуткулуу байыркыдан бери келаткан кыргыз элин сактагысы келет. «Ушул уюуткулуу эл душманга туруштук бере албай жок болуп кетеби?»
Санжырачылардын айтымы боюнча Орозбакты кыраакы, ата-бабанын баянын түп-нускасына чейин билген сөзмөр, чечен, өтө сыпаа адам болуптур. Ал береги Нух пайгамбар, Кам, Яфас, Сам, Искак, Смагул, Муратай жөнүндө баяндарды, Монгол заманындагы чабуулдарды, уйгурлардын капшабын, түрктөрдүн басып кирүүлөрүн, Култегин, Барс бек жана башка баяндарды козгоп, карыялардын үнүндөй добушу коңур жаралып, сөздөрү бир-бирине кынапталып, эң эле уккулуктуу болчу. Анын санжыра айтып жаткандагы добушу комуздун миң кайрыгына окшошуп кетеер эле. Карыялар байыркы бабаларыбыздын санжырасын айтып, кеп сөздөрүн ачыкка чыгарып, бир кумардан канышчу. Алардын жанында балдары отуруп, ак сакалдардын кеп, сөзүн тыңшап отура беришчү. Абышкалар муну да жактырып, «Жаштарыбыз угуп калсын, алар бизден кийинки муундарга айта барышсын, биздин баяндарыбыз унутулуп калбасын»» дечү. Карыялар дөң үстүндө чогулушуп, узак сөзгө кириши жаштар үчүн өзүнчө бир майрам шаңга айлангангандай окуя болчу.
Бул кезде Орозбакты ата беш балалуу болуп калган. Ал күлүңдөп:
– Балдарыбыздын баарыдыгы мырза болду. Эми ушул ысымды булгабай жүрүшсө экен. Абышкасынын сөзүн угуп кемпири:
– Ата-бабанын арбагы колдоп, эсен-соо эле болсо болду. Баса кара карга баласын аппагым,– дейт экен. Эне кантип эле ушуларды жаманчылыкка кыйсын. Жада калса, колдун беш бармагы да ар түрдүү болот экен. Беш баланын кыялын беш башка жаратып койгон тура. Арыкмырза эл башкарып акыйкаттуу адам болуп, анын сөзүн калыстыгын башкалар эң туура жактырышчу. Мырзакулмырза баатыр чалыш ага кудайым ошондой күч ыйгарыптыр. Асманмырза менен Карамырза аңчылыкка, Токочмырза жер иштетип, мал бакканга шыктуу эле. Аларды тагдыр ошондой кылып койсо керек. Ошол кезде көлдүн ары чыгышындагы калмактар жер талашып алар анда-мында майда чапкынды пайда кылып турду. Бирин-экиндеп кыргыздардын жылкысына тийип, малын чаап, ар кандай кабалаңдарды алып келет. Текес, Сары Жаз андан аркы чыгыш тарпаптагы калмактар кыргыздарды чаап ат ойнотуп таптырбай кетип жатты. Ошол калмактар Орозбакты атанын малына тийип чаап турду. Баарынан эң тозогу калмактын беш мергени чыкты. Алар көзгө атаар өз журтуна аты чыккан мергендерден эле. Тоо кайберендерин кой бирин-экин малды атып, алып кетип турду. Кээ бир кыргыз адамдарына кол салып аларды түп оорду менен жок кылып жатышты. Тээ төмөнкү айылдан эки мерген өткөн күздө жок болду. Алардын шегин ушул калмактын беш мергенинен көрүп жүрүштү. Өткөн эле жылы Ат- Жайлоого конгон кыргыздардын эки жигити мал-жаны менен жок болду. Алардын жок болгонун ушулардан көрүп жатышты. Иши кылып алар бир четинен шек билгизбей ушундай азап-тозокторду жаратып жатты. Алар жөнүндө мындай ыр бар эле:
Калмактардын беш мерген,