bannerbanner
Бабалардын баяны 2
Бабалардын баяны 2полная версия

Полная версия

Бабалардын баяны 2

Настройки чтения
Размер шрифта
Высота строк
Поля
На страницу:
14 из 15

Жолочулар жол кетти. Алар түнөгөн жерине асыл бата берип кетишти.

Токомбай менен Уулбала таң калды үйлөрүнө сыйкыры бар кыдыр адамдар конуп кеткендей болушту. Бирок алар эч нерсеге ишенишкен жок. Ошондон көп өтпөй эле дагы бир сырдуу окуя болду. Ошол баян унтулбай калыптыр. Аларга жакын конушта, Токомбайдын агасынын баласы Ыманаалы деген бар эле. Алар орто чарба малдуу болсо да, алардын баласы жок болчу. Ыманаалын аялы, Каке экөө Токомбай менен Уулбаланы жактырчу.

Каке Ыманаалыга:

– Уулбаланын боюнда бар экен аман-эсен төрөсө биз ошону багып алалы.

– Токомбай ойлогонун бербеген кырс адам эле ал ошого көңүлдөнөбү?

– Көңүлдөнөт саап ичерге уюу жок болуп жүрүшөт. Кара кунаажынды ошолорго берели, тукум кылып алсын. Макулбу?

– Макул, мейли.

Жаздын жаадыраган күнү болчу. Ыманаалы менен Каке дасторконго эт, нан ороп, кара кунаажынды жетелеп Токомбайдын үйүнө жол келишти. Алар ошол үйдө сый көрүп жатып оюндагы кебин айтышты:

– Токо, бизге кудай бала бербей койду, Уулбаланын боюнда бар экен, ошону бизге ыраа көрүп койгула, наристе жытын искеп аман-эсен чоңойтуп алалы,– деп улгагйган Ыманаалы жашыды. Аны Каке жиреп кетти:

– Айрылышпаган тууганбыз, биздин үйдө бала жок, силердин бала бизге бала болсун, керек болсо, эки үйгө тең болсун, – деп жер карады.

Токомбай менен Уулбала бул өтүнүчтү аткармай болушту. Анан убакыт өтүп, Уулбала бүркүттүн жүрөгүнө талгак болуп калды.

– Элдин аялы этке, сүткө, сүзмөгө, талканга талгак болчу эле мүнүшкөр эмесмин бүркүттүн жүрөгүн кайдан табам,– деп Токомбай барбактап күлүп калды.

– Бүркүттү жүрөгүнө талгак болсо жакшы белги аны кайдан да болсо таап келейин,– деп жоош кула атын минип, Ыманаалы мылтыгын асынып, мергенге аттанып калды. Ал чоң таштын үстүнө конуп отурган далдайган бүркүткө окшош чоң кушту көрдү. Аны атып калды. Ок кушка тийген экен оордунан канатын булгай учуп, Кашка сайдын жээгине калдалаңдап барып жатып калды. Ыманаалы сүйүнгөн тейден кула атын чапкылап келсе, балта жутаар жоруну атыптыр. Шаабайы сууй түштү.

– Бүркүт,– деп ушул жорунун жүрөгүн алпарсам эмне болот, арам ой башына кылт эте түштү. – Кой, андай болбойт ал чыныгы эркектин жасаар иши эмес, анын үстүнө төрөлүүчү наристенин келечеги эмне болот. Андан көрө бүркүттүн эле жүрөгүн таап келейин,– жоош кула атын минип андан ары сапар тартты. Ал бүркүттүн жүрөгүн издеп Тескей тоолору менен жол жүрүп отуруп саяктардын Акылбек деген мүнүшкөрүнүн үйүнө келип, болгон окуяны айтат. Анын жаш эки кыраан бүркүтү бар эле.

– Аны бере албайм, буларды Какшаалдын тоосунан кармап келгем,– дейт.

Саяк туугандар Ыманаалыны Темир-Канаттагы же Көңдөйдөгү бүркүтчү, мерген Ысабек деген байдын үйүнө ээрчитип келет. Ал саяктардын күйө баласы болчу. Мергенчи Ысабектин үйүнө ар кандай куштардын түрү, калдайган кыраан эки бүркүтү бар экен. Ысабек элге-журтка алымдуу меймандос аябай жакшы адам болгон. Келгендерди куйруктуу кара кой союп коноктойт.

– Силер менден бүркүт сурап келдиңер беле?

– Жок биздин бир келинибиз бүркүттүн жүрөгүнө талгак болду. Ошонун талгагын жаза албай жатабыз, – деп Ыманаалы күлүп калды.

– Мындай нерсени укпагам, кабыландын, жолборстун жүрөгүнө талгак болот деп уккам, бүркүттүн жүрөгүнө талгак болсо ал бала тегин болбойт го, таң калыштуу нерсе экен.

– Иним ошондой иш болду эмне кылсаң да бизге жардам бер анын акысын жакшылап төлөп беребиз.

– Менин бүркүтүм жаш анын жүрөгүн алыш үчүн өлтүргөндө болбойт жаш неменин убалы болот.

– Сорок Таш деген жайлоодо бир улгайган бүркүт бар эле, ошого аңчылык кылып келгиле,– деп эки жигитти жиберген экен.

Жигиттер эки күн болот дегенде араң барып ошол бүркүттү атып келет. Бүркүт чын эле карып калыптыр. Аңчылар аны бат эле билип алышты. Бүркүттү алып Ыманаалы Ысабек байга акча берди. Ысабек бай аны такыр албай койду.

Ошентип Ыманаалы Тоңго барып жолдуу келди. Эне бүркүттүн жүрөгүн жеп талгагы жанды. Мезгил өтүп курсактагы бала чоңоё берди. Анан дагы бир окуя болду. Бала төрөлгөн күнү ошол айылда Кара мерген деген атактуу киши болгон экен. Ошол адам тоонун көчкүсүнө кабылып, капылеттен каза болот. Ошол күнү Уулбала эркек сары бала төрөйт. Шарт боюнча карыялар асан чакырып баланын атын «Аалы» деп аташат. Бул кадимки эле дүйнөгө белгилгүү улуу акын, кыргыз адабиятынын залкар өкүлү, Аалы Токомбаевдин (Балканын) дүйнөгө келген күнү болчу. Улуу акындын кайсы жылы төрөлгөнүн ата-энеси билбей калыптыр. «Же, Кара мерген көчкүнүн алдында калган жылы төрөлгөнсүң»,– деп ата-энеси кеп кылат экен. Акындын даңкы ааламга тарап, ал бүркүттөй кыраан болуп адабияттын тарыхында калбадыбы.

Ушул баян Аалы акындын өмүр таржылмалынан жана кыргыздын санжырасын жакшы билгендер Темиркан менен Шайык карыялардын айтуусу менен жазылып жомокко айланды.


АТАҢДЫН КӨРҮ МЕЗГИЛ


Эртең менен атам, Дүйшөн байкем үчөөбүз кой айдап баратканбыз. Отор акырындык менен жайылып баратат. Атам:

– Койду күчкө салып ылдам айдабай жайып айдагыла биз барчу жерге эки күндө жетебиз козулар жолдо уктап калбасын абайлагыла,– деди калпагын оңдоп кийип жатып. Кой-козулардын маараган үнү отор астыга жылууда. Эң алдыда малды ак эркеч баштап баратат. Анын мойнунда коңгуроо кургур таза назик шыңгырап, ыргактуу абаз баардык чөлкөмгө жагымдуу шыңгыр менен угулат. Мен отордун артында, атам сол жагында, байкем оң жагында буту сынган ак козуну өңөрүп келатат. Кой-козулар бири-бирин жоготпос үчүн маарап үн берип келатат. Эне-бала, кой-козулар бир-биринин үнүн башкалардан айырмалап тааный алат эмеспи. Отор да жылып келатат. Алар менен кошо биз да жылып келатабыз.

Күн ачык торгой үнүн безеп, чабалакейлер закымдап учуп, көпөлөк, калдыркандар айланабызда канат кагат. Суур аңкуштап, аба кыймылдай өзүнчө мунарык чалат. Бала кыял менен эмне экенин билбейм жээ закымдап өтүп жаткан мезгилби? Биз оторду айдап келатабыз. Анан күн ачык туруп эле жаан жаап жиберди. Өткүн экен. Алыстан Жетим Тоо тараптан Асан-үсөндү элеси, күн желеси бадырая чыга келди. Ал мезгил менен өтүп кетүүчү жумшак адамдын күн өңүндөй болгон жаадыраган элеси тура. Күн ачык туруп жааган жаан менин балалыгымын жаркын элеси өңдөнөт. Ал күн ачык туруп жааган өткүндүн бат эле басылып калганына өкүндүм. Атам мага кайрылды:

– Суу болдуңбу балам?

– Ооба атаке, эч нерсе эмес, күн тийип туруп эле жаап жибербедиби.

Мен бат эле курганып алдым.

Биз капчыгай өрдөп келатабыз. Оң жагыбызда тентек тоо суусу чамынып агууда. Бул сууну тээ бала күнүмдөн бери көрүп келатам. Ошондон бери мага тааныш менин балалыгымды алдейлегенсийт. Касеттүү суунун үнү да, мезгилдин үнү да, жада калса балалыгымдын үнү да кулагыма сүйкүм чачып жаңырыктайт. Ошол дабыштардын баардыгы ыр болуп менин жан дүйнөмө сиңип калган. Кой-козулар маарап кетип баратат. Алардын үнү да менин кулагыма сиңип калган. Оторду айдап биз да кетип баратабыз.

Анан мезгилби эмне экенин билбейм, жомоктогу бир көрүнүш пайда боло калды. Мен атамы, агамы жана бир короо койду таба албай калдым. Жан бүдөгө түшүп оторду издеп келатам. Атам да, агам да, айдап келаткан бир короо кой да жок. Бирок алдыман эмнегендир кой-козунун маараган үнү жаңырат. Таң калыштуусу алдымда бир да кой-козу жок. Мен алардын үнүн кууп келатам. Малдын маараган үнү жоголгон балалыгымын үнү сыяктуу элестеди. Мен алардын артынан кууп кетип баратам. Койлордун үнү тээ береги мен төрөлгөн иймектеги таш короо тараптан угулду. Бир короо коюм ушул тараптан табылса деп сүйүнүп кетип баратам. Таш короону айланып чыктым атам да, агаларым, жада калса жандай жакшы көргөн Дүйшөн байкем да көрүнбөйт. Мен алардын элесин таш короонун айланасынан таба албай каңырыгым түтөдү. Мени издетип жаркындарым кайда кетти экен? Түйшүктөнтүп эмне үчүн мени издетет. Киндик каным төгүлгөн жерди көрүп сүйүнүп энемин айткандарын эстедим.

– Ой, сен күздүн күнү күн жаадырап тийип турганда боз үйдө төрөлгөнсүң,– деген. Киндигиңи кескен энең Шайы жеңем болчу. Киндик каным тамган ата-мекенимди көрүп аябай кубандым. Ушул аймакта төрөлгөн койчунун баласы экем. Мен төрөлгөндө койлор маарап, жылкылар кишенеп, жайлоо жайкы көрүнүшүнөн али тайбай турган экен. Ошол маарап жайылган койлордун караанын издеп кетип барам. Алардын маараган үнү Атыгай колот тараптан угулуп, ошол жакка карай ашыктым. Ата-бабам баскан Атыгай колоттун баардыгын кыдырып чыктым. Аймакты коёндун жатагына чейин билчүмүн. Бадалдар өсүп куштар баягыдай эле сайроодо. Бирок эч бир жерде мал карааны көрүнбөй малымы таппай менин айлам кетип турду. Анан эле койдун маараганы даңтуу жайлоо Котур Төр, Арпа Тектир, Ат Жайлоого кеткен жактан угулду. Биздин ата бабабыз өскөн тоого кеткен жолду өрдөп ашыга бараттым. Үндү кууп отуруп Тепши, Чоң Тепшиден өтүп, Күн Тийбести ашып Арпа Тектирге жеткеними билбей калыптырмын. Бул тарап эшек минип кой-козу кайтарып, балалыгым өткөн аймак эле го. Ата-бабамын жайлоосун көрүп кубандым. Кой кийирген таш короом небак эле урап эскирип калыптыр. Адамдын, малдын үнүн уккум келди. Койдун кыймылы Көбүргөн Өтөк тараптан байкалды. Ал тарапка ашыга жетип барсам мал карааны көрүнбөйт. Мал карааны Чоң Таш жайлоосунда жүргөндөй туюлду. Имерилиш кычыктан өтүп бат эле ошол жерге жетип келдим. Бул жерге да ата-энем, абаларым салган таш короодон дарек жок. Баардыгы урап бузулуп калыптыр. Мен бул таш короодо бобул жер тамда өспөдүм беле. Ошол күндү эстеп зээним кейип ыйлагым келди. Кайгылайын өткөн күнүм жүрөгүмдө калыпсыңар. Көп өтпөй мал карааны бийик Ак Эчки жайлоосу тараптан угулду. Мен ашыга Ак Эчки тоосунун жан-жагын карадым. Ал жакта да мал карааны көрүнбөйт. Малымы жоготуп каңырыгым түтөп турду. Атаңын көрү биздин жергебиз малга кандай бай эле. Бул жерден айлана алаканга салгандай көрүнөт. Тетиги Кара Төр, Күн Тийбес, Котур Төр, Ат Жайлоодо кой, уй, жылкы батпай күтүрөп, жайылып жатчу эмес беле. Эч бир жерде жылкынып кишенеп, уйдун мөөрөгөнү угулбайт. Киндик каным тамган жердин малынан такыр эле айрылгамынбы. Ата-энем менчик бээлерин байлоочу эле, жеерде айгырдын мойнунда дайыма коңгуроосу бар эле, ошол жылаажындын үнүн сагындым. Кой кайтарган күндөрүмү, чабан агаларымын элесин сагындым. Тарапта бир да адамдын карааны көрүнбөйт. Тээ төмөндө Чоң Таш суусу таштан-ташка уруна долуланан алкынып агып жатат. Бир гана тынчтык, бир гана жымжырттык, өткөн күндөрүмүн элесин жоктоп көзүмөн жаш тегеренди. Көп өтпөй бийиктен бүркүт көрүнүп, айбаттуу сүрдүү шаңшыды. Андан койлоруму, ата-энеми, агаларымды көрө алдыңбы?– деп сурагым келди. Бирок ал менин жаныма келбейт. Кыраан бүркүт да ошол кезди жоктоп жатса керек. Атам менен теңтуш малчылардын элесин эстедим. Өзүм кайтарган бир короо ак койлорумун караанын таппай келатам. Ак калпак кийип, канжыгама кымыз куюлган көөкөр байланып, эшек минип мал кайтарган чагыма куштармын. Мойнуна коңгуроо тагылып, кой баштаган чоң ак эркечим кайда? Аңгыча асмандан курк-курк эткен кузгун досумун үнү угулду. Дабышын угуп селт этип чочудум. Кайтарган колорумун баарысын карышкыр, кузгун жеп кеткен сыяктанды. Ак Эчки тоосунан түшүп Чоң Таш суусуна келдим. Суу айтты:

– Бул жерден эмнени издеп жүрөсүң?

– Кайтарган бир короо койуму издеп жүрөм.

– Изде, изде, жогуңу таап, ал бул кезде малчылар сыртка кетчү эле, малың балким Чоң Ашууну ашып сыртка кеткендир. Жогуму таап алайын деп үзүм-үзүм балалыгымын доорун эстедим. Тоо да, суу да баары эле баягыдай, бир гана мага тааныш жаркын адамдарым көрүнбөйт. Калдайып жайылган кой, уй, жылкы мал караандары көрүнбөйт. Аларды таппай келатам, таппай келатам. Мал карааны ашуудан ашып, сыртка Жылы Суу, Ийри Суу, Чатыр Таш, Кара Каман жайлоолоруна кеткендей сыяктанды. Кой жоголгон малымды, жаркын адамдарымы таап алайын деп ошол жакка сапарымы уланттым. Сапарымы улап ата-бабам ашып өткөн улуу дабан Чоң Ашууга чыга келдим. Ашуудан теребелди карадым. Менин алдыман көркөм дүйнө ачыла келди. Чоң дүнө ачыла келди. Ушул дүнөнү кимдер көрүп, кимдер көрбөгөн. Керемет табылгас дүйнө. Бул дүйнөнү көрүп көзүмөн жаш тегеренди. Кантип тегеренбейт, ушул жерден ушул дүйнөнү канча көрбөдүм. Көргөн сайын көргүм келет, такыр кумарым канбайт. Мен үчүн ашуудан кенен дүнө ачылат. Балалык өткөн өмүрүм жайнап ачылат. Ата бабамын баскан жолдору ачылат. Ушул жерден жаркындарымын жолдорун көрүп турам, баарын көрүп турам. Ушул жерден ашым өткөн жаркындарымын өлбөс элесин көрүп турам. Карасам Касиеттүү Ийри Суум, Жылы Суум, Кийик Төр, Миң Аркар, касиеттүү жайлоом Тешик Көлгө кеткен жолдор даана көрүнүп турат. Ийри Суу жыбылжып агып ата бабамын санатын айтып, Балгарт суусуна кошулайын деп агып сапарын улап жатыптыр. Бул жерди карап отуруп көзүмө ажайып бир көрүнүштөр чыга келди. Ата бабаларымын байыркы санжыра санат окуяларын миң эстеп, миң ойлонуп турдум. Кантип ойлонбойм, бул ашуудан кимдер гана ашпаган, кимдер гана сапар өтпөгөн. Менин балалыгым ата-бабам өскөн жерди көрүп көзүмө жаш тегеренди. Чоң Ашуудан сырт тарап менин алдыма мейкиндик ачып тургансыйт. Мейкиндикти карап артта калган балалыгыңды эсте дегенсийт. Тээ береги ойдуң түздө анча-мынча мал айдаган адамдар жүрөт. Аларды көрүп сүйүнүп кеттим. Буюрса жогум табылган экен деп сүйүнсөм, бирок алар такыр эле бейтааныш, башка тараптан келгендер экен.

Мен Жылы Суу аркылуу өтүп, ата-бабам өскөн Тешик Көлгө карай жөнөдүм. Койдун маараганы, адамдардын үндөрүн ошол тараптан эшиттим. Ашыгып-шашылып бат эле ошол тарапка жете келдим. Жарыктык көл туп-тунук болуп күн нуруна жылт-жулт этип чагыла, алтын балыктар эркин сүзүп чабак уруп ойноп жүрөт. Тигинде биздин журт карарып турат. Мен кой кайтарган көпөлөк кууп өткөн өтөктөр турат. Мен журтту карап ата-энем бир туугандарымы эстеп көзүмө жаш тегеренди. Тоолор, түздөр баары эле турат. Биздин үйдүн карарып оорду турат үй жок менин жаркын адамдарымдын элеси жок. Кайтарып жүргөн бир короо коюм жок. Ушул жерде ойноп чуркап өткөн теңтуштарым: Шаадат, Өмүрбай, Жаныбек, Түйтө, Атчыбекти, эстеп бир эсе кубандым, бир эсе ошол күндүн келбестигин эстеп кайгырдым. Менин жаркын агаларым: Дүйшөн, Жусу, Кененбай, Алияскар, Сыдыш, Бегимат, Амантур, Огой алардын сүйкүм элеси кайда? Мени эркелеткен асыл жеңеленимин элеси кайда? Алардын сүйкүм элесин мен тирүү турганда жоготкум келбейт. Чоң залкар комузчу Акун атам кана? Тоодой керилген Азык энем, Сейдим энем кайда ? Капаландым. Кайран өтүп кеткен балалык күндөрүм. Бул көлдөн балык кармап балыкчы болгон балалыгым көз алдыма даана тартылды. Көп өтпөй койдун маараганы, коңгуроолу жылкынын өткөнү атактуу Кара-Каман жайлоосу тараптан байкалды. «Кой эртелеп ата-бабаммын изи калган улуу жайлоого барып малымы таап алайын дедим. Тешик Көлдү басып, Самынды -Сууга келдим. Таштар тайгалак баскан адам жыгылат. Ошол үчүн бул суу Самынды- Суу ичинде алтын балыктар сүзүп жүрөт. Мен кармаган балыктардын калганы сүзүп жүрөт. Нараакта Кара -Каман кандуу суу көбүктөнүп кирип турган экен. Тигинде мен кой кайтарган Ак Кайкы, Боз Дөбө, Ийри Сай жайлоолору боюн керип турат. Ошол учурдагы чоң аталарым: Ашыбай, Ысай, Текебай, Урманбет, Баякун жана башкалардын элесин сагына эстедим. Ал кездеги чабан агаларым: Кененбай, Аляз, Жусу, Шамалдай, Март, Токуш, Кудаш, Ыдырыс, Огой жаркын абаларымы эстедим. Койсун, Макеш, Гүлбайра, Гүлүй, Бурулуш, Батма, колунан даам татып, ыйык көргөн жеңелерими эстегим келди. Энелерим Сейдим, Жамийла жана башкалар эсиме келип-кетип туруп алды.

Айрыкча кенен пейил Баякун атамын жаркын элеси эсимде. Анын көлдөй созулган байбичеси эсимен кетпей калыптыр. Алардын жаркын элестери көз алдыман кетпей даана тартылат. Бул жерде дагы мал карааны көрүнбөй, бир гана ыйык тоонун жаныбары суур аңкуштап, асмандан бүркүт сүрдүү шаңшыйт. Мен балалыгым өтүп, балык кармап, далай жолу кечип ойногон Кара Каман суусу менен үндөштүм, сүйлөштүм сагынычымы жаздым.

– Кандай, балалыгым өткөн дарыям аман-эсенсиңби?

– Келгениң жакшы, эшек минген ак жүздүү арык бала элең, окууңу бүтүп ошол бойдон келбей, көрүнбөй калдың го.

– Ооба келбегеним көп болду.

– Бул аймакта бобу ата-бабаңын изи калган конушту сагынсаң керек.

– Сагындым, сагынбай кантип коём, балалыгым, ата-бабам өскөн жер ыйык эмеспи.

– Келип жүр, келбей кетпе.

– Турмуш шартка байланыштуу келбей калдым.

– Келгиниң туулган жерди сагынган киши эмгектеп да келет. Же бул аймакты бир жолу унуттуңбу?

– Кантип унутам өсүп-өнгөн жерди унутсам кудай уруп кетпейби.

– Аның туура төрөлгөн жерди унутпа бул жерге эмне жумуштап келдиң же тарабаган сагынычты жазайын деп келдиңби?

– Бала чакта кайтарган бир короо коюмду таппай жүрөм.– Агып жаткан улуу дарыям таң калды.

– Союз тарап койлорду адамдар бөлүп алып, сойгонун союп, сатчусун сатып небак эле жок кылбады беле. Силердин чарбада элүү миңге жакын кой болгон. Уй, жылкыны айтпай эле коёун. Ушул аймак малга батпай ыңкып турчу эмес беле. Бир короо кой эмес мезгил өзгөрдү баары өзгөрдү. Азыр элиңерде бир короого жетпеген кой калыптыр. Бул уят иш мал жок жайлоолор аңгырап ээн турат. Мен биздин бай колхозду анын алдыңкы чабандарын эстеп капаландым.

– Капаланба ошол малдын баары мезгил менен жоголгон. А сенин атаң, кой жайган чабандар кайда?

Үн угулду:

– Тагдыр экен анын көбү тиги дүнөгө узап кетти. Ал эми тирүүлөрү небак эле улгайып кадыр барктуу карыя болду.

Анан эле бир кызык окуя болду. Алысты карап турсам абада термелген мунарык закым жүрүп турду. Ошол закым менен кошо айлана өзгөрүп бирде адамды какшаткан суук, бирде денени үшүн алган ысыктык, бапалактата каар жаап, анын артынан адамдын жанын кейиткен ызгаар суук башталып жатты. Анан эле мезгил өзгөрүп, ак заңгил муздун астындагы булактар жагым үн салып, айланага көк чөп өнүмдөп, жаадырап жаз келип, анын артынан сүйкүм чачып жаадырап жай башбакты. Ошентип закым менен билинбей бир топ далай мезгил өтүп кетиптир.

Ушунчалык элести көрүп чарчап калыптырмын. Анын үстүнө бала чакта кайтарып жүргөн бир короо коюму издеп чарчап калыптырмын. Эс алайын деп бала чакта уктап жүргөн чоң таштын түбүнө жата кеттим. Бат эле уктаган экем. Бала чактагыдай эң сонун түштөрдү көрдүм. Түшүмдө баягы бала чакка кайра кайтып барыпмын. Анан ого эле бир топто барып ойгондум. Ойгонсом баягыдай эле суур аңкуштап, асманда кыраан бүркүт каардуу үн салып жатыптыр. Жайдын ысык аптабына чыдай албай, тоо башындагы ак заңги мөңгүлөр эрип ыйык Кара Каман суусу ээ-жаа бербей казганактап кирип жаткан экен. Мен арыда бала чакта «Алтын булак» деп атаган бир булагым бар эле, ошого барып бетими жууп алайын дедим. Ал чоң таштын түбүндө акырын жылжып назик үн чыгарып агып турчу. Мен ошол булагыма бардым. Булагым баягыдай эле жагым үн чыгарып агып жатыптыр. Аны менен жагымдуу саламдаштым. Ал мени, мен аны сагынып калыптырмын. Экөөбүз жолугуп саламдаштык. Анан мен өңүмдү булак суусунан карадым. Суудан ак чачтуу, бети бырыш-тырыш баскан карыяны көрө калдым. Аны карадым да ушунчалык таң калдым. Эртең менен эле бир короо кой айдап аны кайтарып чыккан бала элем. Эми мынтип ак чач болуп карып калыптырмын. Мен өзүмү жаш кездегидей эле ойлоп жүрсөм эми такыр эле карып калган экем го. Өз кебетеми көрүп ыйлагым келди. Анан өкүнүчтүү түрдө атаңдын көрү мезгил дедим. Эртең менен эле кой кайтарып чыккан бала элем, эми кеч кирип келатат. Кечинде эле чал болуп калыптырмын. Атаңдын көрү мезгил дедим. А көрсө далай мезгил өтүп кеткен тура деп армандандым.

Ушуну менен өткөн балалыкты эстеген армандуу жомогум аяктады. Ар бир адамда ушундай армандуу жомок болот. Чындыгында бул дүйнөдө арманы жок эмне бар дейсиң. Жада калса биз жараткан жомок турмуштагыдай башталып, өзү өтүп кеткен жылдардын элеси менен бүтүп калбадыбы..

БАБАЛАРДЫН ТАРАЛЫШЫ

Акбагыш

Үрүмчү-–Чоңбагыш

Сарыбагыш

Долон бий

Ак багышЫрыскан–

Домбул бий


Куууул (Сол)

Долон бий–Акуул (Оң)–

Кызылуул (Ичкилик)


Койлон (Жедигер эли)

Адигене Богорстон ( Солто эли)

Ак уул–Тагай –Кылжыр–

Моңош Кара чоро

Наалы эже Тондуу балдары

Саяк

Азык

Черик

Коңурат

Чертике


(Бугу уусу тарайт) Арыкмырза

Кылжыр–Орозбакты–Мырзакул–

Дөөлөсбакты Карамырза .

(Сарбагыш уруусу тарайт) Токочмырза

Асанмырза


Алсейит ата үч аял алат

1.Биринчи аялы Токтобүбү эне 2.Экинчи аялы Мүйүздүү эне. Ушул касиеттүү энеден Беккулу атанын тукумдары тараган. 3. Үчүнчүсү Калмак Чок төрөнүн кызы Чежимжан эне.

-–Мырзакулмырза– Алсейт

Тынымсейит


Белек Бейшембай

Бапа Итибай Ырыс

Алсейит–Жамангул– Төрөкочкор—Куржун–Торгой–

Боор Кыдык Чолпоке

Туумакашка Бооке Султангазы

Түлөсүн


Бекназар

Майназар

Торгой–Беккулу–

Муса

Бектемир


Шоңко

Беккулу атадан—Бүтөбай

Курумшу


Айман Карача

Шоңко атадан–Сүйөр Курумшу атадан–Койсойбос

Адыл Уралы

Балбак Байбото


Мамай

Бүтөбай атадан–Баястан

Сыдык

Карач


Торгой атадан таралган Беккулунун тукмадры.

Санжырада Беккулу атанын: Курумшу, Бүтөбай, Шоңко деген үч уулу болгон экен.


КУРУМШУ АТАНЫН ТУКУМДАРЫ


Беккулунун Курумшусунан: Койсойбос, Ураалы, Байбото, Карача деген төрт уулу бар.

Курумшунун Койсойбос уулунун тукумдары:

Койсойбостун: Канай, Чыны, Максүт, Сейит, Ормон, Чормук деген алты уулу болгон. Койсойбостун, Канай уулунан: Айтыке, Жоломан, Малай, Өмүрзак, Эстебес, Дүкөш, Муңайтпас, Токтобай деген сегиз уулу бар. Айтыкеден. Шайыке андан Бабаш андан Намаз, Ишен, Токтогул, Дүйшөмбү. Жоломандан: Асанкожо, андан Курманбай. Малайдан : Чомор, андан Жусуп, Усуп, Төлөн, Мукамбет. Эстбестен: Төлөш, Төлөбай, Сатынды.

Койсойбостун Чынысынын он уулу бар. Акун, Шайыке, Желдең, Турдуке, Дөгдүр, Тогузбай, Маатай, Ырыскулу, Кулкөтөн, Акыл.

Шайыкеден: Апет, андан Тентимиш, муралы, Асаналы. Желдеңден: Чоопай. Турдукеден Төлөбек андан Мыктыбек. Дөгдүрдөн Мукамбет андан Шамил, Эмил. Тогузбайдан: Акун, Барыктабас. Барыктабастан: Бети, Байтур, Амантур. Бетиден: Саяк, Мырзабек, Бердибек. Байтурдан: Эркинбек, Жумгалбек, Абайбек. Амантурдан Туратбек. Маатайдан: Кукай, Ишенбек. Кулкөтөндөн: Садыр, Акыл. Садырдан Жакшылык. Акылдан:Дүйшөналы, Карагул, Темиралы, Абдыбай.

Койсойбостун Максүтүнөн: Кыйшыбай, Букара. Кыйшыбайдан: Бектурган, Сартуман. Бектургандан: Абдылда, Кыдыр, Акжолтой, Мукамбет, Үмөтбек, Ырысбек. Букарадан Кубат. Кубаттан: Талгар, Бактияр, Элдияр, Эрмек

Койсойбостун Сейитинен : Тапа, Тургунбай, Бейше, Мергенбай. Тападан: Асапакун, Усубакун. Турганбайынан Усуп андан Мукан, Жумагул, Бердигул, мураткул. Мергеенбайдан: Бейше, Кыдыр, Карыя. Бейшесинен Үчмурун.

Койсойбостун Ормонунан: Абыласан, Жоошбай.

Абыласандан: Сакен, Саты. Сатыдан: Бабакан, Казак, Касым, Мусабек төрт уулу бар. Сакеден Карагул. Бабакандын балдары: Кенжебек, Догдурбек, Таалайбек. Казактын балдары: Зарылбек, Жолдош. Касымдын балдары: Үмөр, Жунуш, Кубат, Эркин, Эсен. Мусабектин балсы Володя.

Ормондун Жоошбайынан: Токбай. Токбайдан: Болотбек андан Муса. Мусадан: Акен, Ысмайыл. Акенден Бекжан. Ысмайылдан Максат.

Койсойбостун Чормугунан Шыгай,андан: Мукаш, Муса. Мукаштан: Жекшен, Жолдошбек.

Курумшунун экинчи уулу Ураалынын туумдары:

Курумшунун Ураалы уулунан: Арт, Табылды, Шопок, Боромбай, Босток деген уулдары болгон.

Ураалынын Арт уулунан: Садабай, Жумабай, Кенжебай, Ордобай, Куланбай, Алышбай, Ачакей деген жети уул.

Садабайдан: Текебай, Ыбрай, Абдырай. Текбайдан: Чалакыз. Ыбрайдан: Сыртбай, Конок. Абдырайдан: Сарбагыш, Эшимбек. Жумабайдан: Абылмежин, Көбөк, Кемел. Абылмежинден: Койчуман, Саманчы, Чалгынчы. Кемелден Октябрь. Ордобайдын: Мукамбет, Төкөш, Курманалы. Мукамбеттен Мусаке, андан: Сагындык, Амангелди, Имангелди, Төрөкелди. Токоштон Бекен. Курманжандан: Токелең, Апылай. Куланбайдан Баяун андан: Кусмидин, Арыкбай, Бекен. Ачыкейден Чундук андан: Медербек, Алмакун, Алмазбек, Нурбек.

Ураалынын Табылдысынан: Айтак, Алаша, Орунтай, Жолдошбай, Илепес деген беш уул болгон экен. Табылдысынан Айтактан: Рахмат, Осмон андан Жусуп андан Арык. Табылдынын Алаша деген уулунан Алтымышбай, Молдоакый. Алтымышбайдан: Жолочу, Ысмайыл, Мукаш, Искен төртуул. Жолочудан Ыйса, Ыйсадан: Замир андан Азамат. Ысмайылдан Малик андан Кубан, Обон. Мукаштан: Муратбек, Мухтарбек. Муратбектен: Улан, Мирболот. Мухтарбектен: Нурболот. Искенден: Мырзабек, Сапарбек. Молдоакыйдан: Жанкороз, Асанакун, Жамангул, Турсунбай. Жанкороздон Абыл андан Бакачы, Бакыт, Урмат, Максат. Жаманкулдан Рашид, Райымбек, Райымкул, Болот, Аскарбек, Белек. Турсунбайдан: Бакыт, Акылбек.

Табылдынын Орунтайынан : Түлөберди, Узакбай, Иляз, Жакеш, Турмалы беш уул. Иляздан: Дайырбек,Орузбек. Турмалыдан: Тынчыбек, Тыныбек.

На страницу:
14 из 15