bannerbanner
Бир кайрыктар
Бир кайрыктарполная версия

Полная версия

Настройки чтения
Размер шрифта
Высота строк
Поля
На страницу:
2 из 4

***

Насыкем чыгармаларды көп жазды,

Драма, роман, жана дагы дастанды.

Эл сыяктуу эс алып уктап тамак ичеби

Же кечке эле кагазын жаза береби?


УЛУУ КОМКЗЧУ КАРОМОЛДО ОРОЗОВГО

Аралашма жата берип улам аралашат

Үстүнөн топурак, кум, чопо, таш басат

Тоодо жаткан таштын баары алтын эмес

Адамдар да байкап көрүп алтын дебес.


Комузчулар ыйык талант түркүн элес

Кээ бири өттү алар эми кайта келбес.

Анын баарын салыштыра келгенде

Карамолдо эң баарынын алды эле.


МУЗЫКАНТ АСАНКАН ЖУМАКМАТОВГО


Үн айланага шоокум болуп таралган

Жети нота канат байлап сабалаган.

Музыка өзүнчө бир сүйкүм дүйнө

Муну уккандар ушунчалык таңданган.


Абада керемет дооштор калкыган

Назик үндөр жүрөккө сиңип арылаган.

Андан улам назик сезим токтой калып,

Анан барып улуу өлбөстүк жаралган








РАЙКАНДЫН «ЭКИ БӨЖӨК» КИТЕБИНЕ


Райкан балдарын жандай сүймөк,

Жомоктору көз алдыга элестеп.

Талаа жакты аралап эки бөжөгү,

Талбай чуркайт келатат сербеңдеп,

Чар тарапты карап коёт элеңдеп.

Таалайлуу ыры күлкүгө айланган

Түн ичинде ободо жылдыз жанган.

Түйшүк тартып өлбөгөн из калган.


ЖАШЫЛ ЖАЛЫН

( Касым Тыныстановго)

Касым күйгөн от жаңылыкка умтулуп,

Душманы аны кактап жатты азапка.

Жашоо өзгөрдү азаттыктын жели уруп

Жашыл жалын жалбырттады тарыхта.


Эл жазуучусу, сынчы КАДЫРКУЛГА

Адашкан сынчыларга окшошуп,

Ыр, повесть, драма жаратпайт.

Алдында минген атын алмаштырбайт,

Акыл калчап, сын жазат туура жазат,

Алыс жолдо дулдул аты чарчабайт.

Арыбас жолун билип адабияттын

Арстаны азыркы сынчылардын,






ӨЛБӨС ЧЫГАРМА

Ашым Жакыпбековго

Жазуучу Ашыкем баардыгын тең сомдогон,

Сонун чыгармаларды жазды ондогон

Аксым басып халтурщик атка конбогон,

Аны бабабыз Манас өзү келип колдогон.

Котормосу бүткүл элди таңдантты,

Чынгызды которуп кыргызга айлантты.

Анын жазып кеткен «Теңир Манасы»

Алп жазуучунун өлбөс-өчпөс чыгармасы.






ЖАЗУУЧУ ТӨЛӨГӨНГӨ

Акылга,талант саат сайын жалгашып,

Ар бир нерсе калат тура тарыха.

«Сынган кылыч» ааламга бир жаралып,

Сырдуу дүйнө ача келди кыргызга.

Жаратканы кала берип кылымга.

Жашоону ташка жазып кеткен чыгарма.


КУБАНЫЧБЕК МАЛИКОВ МЕНЕН АКЫН,

ОКУМУШТУУ КУБАНЫЧБЕК АДАМАЛИЕВГЕ


Кубанычбек аттуу акындардан экөө чыкты,

Маликовду бүт кыргыз жамааты эскерет.

Адамалиев акыныбыз эң мыкты,

Медик, акын бүт элибиз аны билет.



АКЫН ТУРАРГА

Бул жашоого тоодой пенде келди эле,

Тоодой жанда тоодой талант бар эле.

Тоодой жигит бул дүйнөдөн көчкөндө

Тоодой кайгы кала берди дүйнөгө.

Тоодой жанды жер кантип алды экен,

Тоодой талант жерге кантип батты экен?





АКЫН БАЙДЫЛДАГА

Акыныбыз Сарногой уулу Байдылда,

Туу ашуудан отчёт берген калкына.

Аман ашып ары өтсүн дабандан,

Акындыгын эли эскерип даңктаган

Акыныбыздын аты такыр унутулбай,

Көзү өтсө да ал атында сыйлык бар.

Баардык кезде ысмы аталып даңтанаар,

Байдылданын Байдылдадай заты бар


АКЫН ЖАЛИЛ ЖАНА

ОКУМУШТУУ АБДЫКАДЫР САДЫКОВДОРГО

Жазуучулукка мүчө эки Садыков бар,

Жалил акын ыр берметин ташка чеккен.

Андан башка академияда иштеген,

Окумуштуу Садыков агабыз бар экен.

Аман болсун чыгарма жазган Садыковдор,

Алардан баарыбыз күткөн үмүт зор.


АЙДЫН СӨЗҮ

Казыбекти жоготууну көксөшөт,

Кылычтарын асман-айга ойнотуп.

«Тим койгула аны учур көрсөтөт»

Ай айтты ушул сөздү ойлонуп.

Чындык деген чыга келди жалпыга,

Азуусун жанган маңкурттар жоголуп.

Акыныбыз кайта келди кыргызга,

А баягы айдын сөзү чын болуп.




ШАТМАН САДЫБАКАСОВГО

Шатман аганын «Ак боз аты» бар,

Окуранып тынбай жер чапчыйт.

Агабыз жок…анан өтүп сан жылдар

Ээсин жоктоп окуранат асыл жаныбар.

Акыныбыз кыргыз адабиятында,

Жалгыз эле «Ак боз аты» менен

Жашап кала турган даңкы бар.

Ошону айтып жатат адабиятчылар







РАМИС РЫСКУЛОВГО

Ыр жазам деп жаны жай албады,

Рамис акын жаш кезинде талпынып.

Тагдыры тынчтык бербей жатпайбы,

Пегас аты токтоно албай алкынып.

Акын Рамис ыр жазып бараткан

Из калтырып толгон ырды жараткан.

Ай айланып, жылдыздар шоола чачкан.

Агарып жол салынган, поэзия тараптан.

Дөбөдөй болуп бир чөмөлө чачы бар

Ар бир талда ыр жашынган Пегас бар.

Оо, акындар! Ар нерсеге жакындар,

Мен силерге айта турган акым бар!

Бизде Рамис деген акыны бар

Сөз менен иштесин деген талабым бар

Абалап учуп алыскы алыс планетага.

Ак жарыкты асманга чачып айланаар.

Анын « Космостук манифест» поэмасы

Акындык гений эргиген чыгармасы.







АЛЫКУЛ ОСМОНОВГО

Алыкул ким? Сыйкырчыга окшошуп,

Тагдырбы, табышмакпы ким билет?

Асманда бир өзүнчө ай болуп,

«Ак боз аты» ажайыптуу кишенейт.

«Жолборс терисин кийген баатыры,»

Котормо эмес акын аны жазып чыкты.

Дал ошону далилдешсин сынчылар,

Чыгармада биз биле элек сырлар бар.

«Алыкул» деп күңгүрөнөт жылдыздар.

Арт жагында шоола жанган өмүр бар…


БЕРИМКУЛ, ЖАПАРКУЛ ЖАНА

МИДИН АЛЫБАЕВДЕРГЕ

Үчөөнүн чыгармасын жарыштырсак,

Көзү өтсө да өңүнөн күлкү жанат.

Акын Мидин чуркоодон талыбай,

Алиги экөөнө караандатпай келатат.

Ай, каран күн оозунан жыт буркурап,

Анысы арман болуп жатпайбы,

Каяктан табабыз эми ал залкарды.

Андан бери өтүптүр көп мезгилдер,

Адабиятта кала берсин Алыбаевдер.


МУРЗА ГАПАРОВГО

Мурза чыгармасын жазып жатканда,

Көп кыйналып азаптарга тушугат.

Акыркы сабын аяктап калганда

Айыл жактын айдарым жели урат.

«Айгүл» гүлгө ашык эле башынан,

Абдан эле назик болчу жашынан.

Жан дүйнөсү назик гүлгө окшошуп,

Жаңы өсүп келаткандай гүл болуп.


ӨСКӨН ДАНИКЕЕВГЕ

Мейли жалгыз тамга жазса да,

Өскөн Өскөндөй жаратат.

Ар тамганы такыр жазбайт ашыкча

Ашык жазса чыгып калат башкача.

Ал өзүнүн талантына таянат.

Акыл берген тагдырына ырахмат.

АЛЫКУЛДУН «АТА ЖУРТ» ЫРЫНА

Акын бул ырын бат эле жазып бүткөн ,

Тарыхта калат деп аны ойлобогон.

Генийдин генийлиги эле болбосо,

Ал деле биздей жөнөкөй адам болгон




ЭЛ АКЫНЫ ЭСЕНГУЛ ИБРАЕВГЕ

Көп жылы «Чалканда» эмгектенди.

Чакчусун чагып,тиштөөчүсүн тиштеди.

«Чагамын» деп көп пендени коркутту,

«Чалканчы» деп жеп ичкендер коркушчу.

Даңазалап ак калпак кыргыз элин,

Дайындап кетти мыкты акын экенин.

Лириканы топ-тобу менен айдап келет.

Көзү өтүп кеткендигин жоктотпой,

Көк кашка жоргосу окурана кишенейт.






АЛГАЧКЫ КАРЛЫГАЧ НУРКАМАЛ

ЖЕТИКАШКАЕВАГА

Адабияттагы алгачкы жаз айынын,

Арым таштап учуп келген карлыгачы.

Жолдо өтүп, ыр жараткан курагың,

Жомок болуп унутулбай жашамакчы.

Учуп жүргөн карлыгачты көргөндө

Улуу нерсе келе берет көңүлгө

Жалын чакты биз дайыма эстейбиз,

Жакшы жашап өткөн тура эжекебиз.


ЭЛ АКЫНЫ МУСАГА

Пионер деп, кызыл жагоо тагынып,

Өтүп кетти Мусакемдин жаштыгы.

Эмгектенип арбын китеп чыгарып.

Эл акыны ак чач болуп карыды.

Бакыт болуп ырга айланып жаштыгы,

Балалыгын ырга айлантып калтырды.

Эсинен такыр эле чыгарбай

Эстелик деп окуп жүрөт балдары

Мусакем пионер болуп эсте калды.

Галстугун тагынып жүрөт азыр дагы.


ОКУМУШТУУ ПРОФЕССОР ЗИЯШ БЕКТЕНОВГО

Айыпсыз жерден камалып,

Айдоодо жүрдү зарланып.

Чындыкка карай умтулуп,

Акталып чыккан кутулуп.

Аты калып кыргызга,

Ак калпак журттун баарына,

Профессор даңкты алып,

Анан да келди улуулук,

Атак даңктын жели уруп.


АДАБИЯТЧЫ ШАРШЕНБЕК ҮМӨТАЛИЕВГЕ

Адабиятчы Үмөталиев Шаршенбек,

Байкоо салды далай жылы Алыкулду.

Ачылбаган сырларын ачып изилдеп,

Адамдык айкөл парздан бир кутулду.


АКЫН АБДЫЖАПАР ЭГЕМБЕРДИЕВГЕ

Жазуучулар союзу Абдыжапарды,

Кагазын берип акын деп аны атады.

Элиң үчүн жаратып ал далайды,

Акындык чынында кагазда эмес

Өзү минип бараткан тулпарда

Эң оор болот акындыктын сапары.

Кайып учуп мезгил өтүп баратат,

Камчылан алдыңдагы боз тулпарды.

ЭЛ АКЫНЫ ЯСЫР ШИВАЗАГА

Ясыр Шиваза дунгандын улуу акыны,

Ошону менен кыргыздын да акыны

Атагы анын алыс жакка тарады.

Китептерин полкадан алып таштасак

Кемип калат адабиятынын салмагы.


ЖАНГАЗИЕВ МУСА МЕНЕН МУРАТАЛИЕВ МУСАГА

Адабиятыбызды эки Мусабыз бар,

Арбын эле иш аткарды эми алар.

Жамы-журт аларды сүйүп баалашат,

Тырбалаңдап чыгарма жазып жатышат,

Агыла берсин жаңы-жаңы чыгармалар,

Аман болсун китеп жазган Мусалар.


УЛУУ АКЫН ААЛЫГА ЖАНА УЛАН ТОКОМБАЕВ МЕНЕН

СВЕТЛАНА ТОКОМБАЕВАНА

Токомбаевдин үй-бүлөсүндө жалгыз акын бар эле,

Келини, баласы ыр жазып кирип баардыгы.

Аалы атанын үйүндөгү жазмачынын саны

Азыркы бет эсеп менен үчкө жаңырды.

Атак-даңктын даамын татып калганбы,

Берки экөөндө Аалыдай талант болсун,

Пегас минип айга барып конушсун


БАЛДАР АКЫНЫ АБЗИЙГЕ


Кытыгы берип бапдарга

Кайгыртаар кезде кайгыртат.

Ачыгын айтсак аларга

Абзийдей акын табылбайт.

Табылса да баары бир,

Абзийдей кылып жаза албайт.


ЖАЗУУЧУ МЕДЕРБЕКОВ ЭСЕНБЕККЕ

Жазуучубуз Медербеков Эсенбек,

Китебинин аты «Кызыл жалын» аталат.

Ташыркабай таалайланып баратат,

Таланты анын кызыл жалын булгалайт.

ТАЛАНТТУУ ЖАЗУУЧУ, КОТОРМОЧУ

УЗАКБАЙ АБДУКАИМОВГО

Узакбайды бир эле ыр жазды деп,

Калемдештери жемелешти сөз козгоп.

Экини жазса бирөө халтура болмок,

Ошондуктан бирден ашык жазган жок.

Үй-бүлөлүк бактысы болбоду,

Чыгармачылыктан жолу оңолду.

Аты өчпөйт «Майдан» китеп барында,

Анын аты жетсе керек жылдыздарга.


КОҢТОРМО

Котормочу Сүйүнтбекке

Бектурсуновго

Сүйүнтбек ага көп чыгарма которот,

Баардыгын эмгеги менен боолголойт.

Кошо кармап, шык менен талантты,

«Коңтормо» эмес, котормону жаратты.


САБЫРБЕК ЖАНА АКЫНБЕК

КҮРҮЧБЕКОВДОРГО

Карылардан улам алып батаны,

Каардуу жолго улам баштап сапарды.

Акынбек атадай акын болом деп,

Ак боз минип Сабырбек жаңы аттанды.


БААТЫР АКЫН СҮЙҮНБАЙГА

«Ак Мөөрдү» китеп кылып чыгарып,

Ала -Тоолуктар ошондо бир кубанды.

Суулар акты анан далай жыл агып,

Сулуулардан да бир китеп жаратбы?

«Сүйүнбай ата да бир китеп жазабы»,

Суйкайып сулуулар күтүп жатышат.

Суйсалып узун жолду карашат,

Алардын үмүтү качан аткарылат.

Сүкөм ал китепти жазып бүткөнчө,

Суйкайган сулуулар карып баратат.


АКЫН, КОТОРМОЧУ

ЭРНИС ТУРСУНОВГО

Акын, жазуучу, котормочу,тынбай иштеген,

Ар дайма тыным албай жүрөт иш менен

Библияны, куранды, поэма, ырды которгон,

Башкалардын чыгармасын жакшы оңдогон.


Романды укмуштуудай кылып жазат,

Эскерүүлөрдү бүт баардыгын жаратат.

Эл арасына эмгектенип аты обологон

Эрнис эмес эле бир алпы деп ойлоном


ЭЛ АКЫНЫ САГЫН

АКМАТБЕКОВАГА

Сагын чыгармаларын жаратат.

Сагынып окуп баары аны макташат.

Кызыбызга ырдын пири жардамдашсын

Акбозу басыгынан жаңылбасын.

Пегас аты окуранып талант чачсын.


ЖАЗУУЧУ БЕГАНАС

САРТОВДУН ЭЛЕСИНЕ

Фантастика китебин окуйлу деп,

Өзүңү да китебиңди таба албадык,

Кайра-кайра нечен курдай издесек.

Жылдарда сапар тартып аттанып,

«Жылдыздуу бир фантастика жазам» деп

Жылдыздардын дүйнөсүнө кетсе керек…


СЫНЧЫ КЫМБАТБЕК

УКАЕВГЕ

Кылдарын күүлөп так жазган,

Кымбатбек сындан ыр жазган.

«Ак Мөөр» мыкты чыгарманын

Ачып кетти ажайып жакшы жагын.

Китепти мыкты которгон,

Сөз айтабыз ошондон.

Жазмачынын сүрөп алдыга,

Агабыз мыкты адабиятчы,

А да болсо, тагдыр да.

Өлбөс болуп жазгандары

Өмүр сүрсүн далайга.

Өксүбөсүн кылымдарга.


«ЧЫПАЛАК» ЧЫГАРМАСЫНЫН АВТОРУ, САТИРИК

САДЫР САРЫГУЛОВГО

Күлгүңөр келсе Сарыгуловго баргыла,

Күлкүлүү чыгармаларды жазып жатат.

Чыгармалары менен күлдүрө албай калганда

Чыпалагы менен кытыгылап күлдүрө алат..


ЖАЗУУСУ, КОТОРМОЧУ

ОЛЖОБАЙ ОРОЗБАЕВГЕ

Жакшы жазып жана жакшы которду,

Майданда коргоп келди мекенди.

Жашоодо жаралбайбыз эки жолу

Жакшы деген улуу даңкка жетеби.


ЖАЗУУЧУ КАСЫМ КАИМОВГО

Окуганда жазуучунун жазганын,

Табы келет лирика күлкү маанайдын.

Демдүү өмүр уланта берип сапарын,

Деми согуп турат өлбөс тамашанын.


МАР БАЙЖИЕВ МЕНЕН МАР АЛИЕВГЕ

Биздин эки Марыбыз бар бул чакта,

Бири ыр, экинчиси дарама жаратат.

Экөө тең адабияттын барагында,

Эс албай тырбалаңдап жатышат.


АБДЫЛДА БЕЛЕКОВ МЕНЕН

КЕМЕЛ БЕЛЕКОВГО

Өз жолу бар Абдылда деген акындын,

Кемел сен башка жолду тандагын.

Ар бир акын ар башкача жол ачып,

Ак жашоого берип кетсин чыгармасын.


РАМИС РЫСКУЛОВ МЕНЕН АКБАР РЫСКУЛОВГО

Адабияттын ысык-суугуна аралашып,

Экөө тең келе жатат ыр жазып.

Жаңылышып начар ырын берген эмес,

Жамандардын катарына кирген эмес.

Жазса дагы жакшы чыгарма жаратсын.

Жаратканым халтурадан сактансын.


АРТЫКБАЕВ ЖАНА ОСМОНАЛИЕВ

КАЧКЫНБАЙЛАРГА

Бири ыр жазып жана дагы окумуштуу,

Экинчичи чоң роман жазган жазуучу.

Жаралсын жакшынакай ачылыштыр,

Чыгармачыл аман болсун Качкынбайлар.

Же сапар тартып аталарындай жол улай,

Адабиятка келсин дагы бир Качкынбай.



АКЫН КЫЯЛБЕК УРМАНБЕТОВГО

Ыр жазам деп Кыялбек аттанды,

Советбек аганын жолун айга алпарысын.

Анда досум ачып келгин табылгаңды,

Ак шумкардын туягы деп атың калсын.

Атадан артык уул деп кеп салсын.


АБДЫКАЛЫК АТА ЖАНА АНЫН УУЛУ

ЖООМАРТ АГАГА

Катар жатат бул жерде ата,бала,

Ал экөө тең тирүүсүндө ыр жазышкан.

Эстелик деп жаратканын калтырышкан,

Ал экөөн такыр эле унутпайлы,

Аңгемелеп урпактарга айта баралы!


ОКУМУШТУУ САЛИЖАН АГАГА

Балакет бас Салижан агабыз

Эт туурагычты кармап алганбы.

Эми туурар экен кайсы чыгарманы,

Сорпосун бир жакка бөлөт.

Кара кесегин бир бөлөт.

Майлуусун бир жагына бөлөт.

Ачка болсо өзү жеп алат.

«Майлуу экен» деп кубанат.

Иткелин Сарала итине жалатат.

Жазгычтар сынчыдан коркуп жатат

Сынчы Салижан агайыбыз,

Сын, ыр, поэма баарын жаратат.

Баарын жазса да жакшы жазат.

Сынчыга жаман жазган кандай уят.

«Сарала ит» жөнүндө чыгарма жазды эле

Ал баяны тамашалуу жакшы эле.

Анын экинчи китебин жазам деди эле.

Экинчи китебин бере элек алиге.

Жээ сараласы күчүк тууп салганбы.

Колу бошобой ошону багып калганбы?

Эмне болсо да биз аны күтө туралы.


ЭЛ АКЫНЫ НАДЫРБЕК АГАГА

Килемчи акын дейт Надырбек аганы,

Оңойбу килем токуу өнөр дагы.

Бир килемдин бир үй-бүлө көрөт убайын.

Ыр килемин бүткүл эли окушат.

Ошол килем чоң сыйкырды толтурат.

Бул өнөрдү аркалап келет агабыз,

Жакшы чыксын жараткан чыгармаңыз.

Бир четин мүлдө кыргыз көтөрө алгыз,

Алыкулдай ырдан килем токуңуз.

Ырыңыз менен дайра болуп толкуңуз.

Таштабаш керек килем сокконду

Жашоого бирин-экин тыйын керек

Кыйналса каражатты ким берет

Кылымдарга аман-эсен болуңуз.

Эмки жолукканга чейин кошуңуз


Биздеги жазуучулар

Бизде алты жүз жазуучу бар экен,

А кытайда араң эле эки жүз экен.

Акын,жазуучулардын саны жагынан

Ашып кеттик кыжылдаган кытайдан.

Жээ бизди

кудайым таланттуу кылып жараткан.

Кыргызымын экинин бири акын болсун,

Жан-дүйнөсү ошончолук бай болсун.


Чыгармаңы жакшы жазгын Кыргызбай,

Бийикк туруп асманда жанган Чынгыздай.

Экөөнүн бирөө акын, андайды тагдыр бербейт.

Чыныгы акын өтө сейрек кездешет.

Жерде жаткан таштын баары алтын эмес,

Эч бир таш алтын болуп калган эмес.


СЫНЧЫ, ОКУМУШТУУ

МУХТАР БОРЬУГУЛОВГО

Тамсилчи, акын, фельетончу, романчы,

Окумуштуу жазмалыгы баратат өйдөлөп.

Ушунунун баарын кантип жазып бүткөрөт,

Анан дагы эле бүтпөй жаткан иштер көп.



КАМБАРАЛЫ БОБУЛОВГО

Бобулдун окумуштуу уулу Камбаралы,

Саат сайын күүлөй берип канатты.

Токтоно албай ак сүйүүнү ырдады,

Толгон –токой китептерди жаратты.

Тоом жолдо таштап кетти атакты.

Анын жолу түбөлүккө унутулбайт,

Эне тилин түбөлүккө урматтайт.

Таланты анын обого кайкып учат

АДАБИЯТТАГЫ КАСЫМАЛЫЛАРГА

Биздин адабиятта үч Касымалыбыз бар,

Бири «Ажарды» , экинчиси «Каныбекти» жазгандар.

Үчүнчүсү «Куйручукту» китеп кылып чыгаргандар,

Адабияттагы аты өчпөй калган Касымаалылар.

Үч Касымалыбыз бар кыргызыбыз сыймыктанаар..

ШҮКҮРБЕК БЕЙЩЕНАЛИЕВГЕ

Жазуучубуз жалгыз «Кычанды» жазганда эле,

Кыргыз адабиятында толукшуп аты калмак.

«Мүйүздүү козу» которулуп жерден-жерге,

Атак даңкты алып келди биздин элге.

Колдон түшпөй окулуучу китеп бар,

Унутулбай айтылып калчу өмүр бар.

Ушуну билип жүрсүн биздин ыргыздар.


АКЫН ЖОРОБЕК СУЛТАНАЛИЕВГЕ

Жоке «мени унутуп салды» деп,

Үшкүрүнбө капаланып кайгы жеп,

Калса дагы ыраак болуп жолдор алыс,

Сени унутпай икая айтып баратабыз.


АДАБИЯТЧЫ КАДЫРКУЛДАРГА

Кадыркул Даутов, Кадыркул Өмүркулов,

Бири сынчы жана бири жазуучу.

Бул экөөнүн үлгү болоор жагы бар,

Чыгармачыл аман болсун Кадыркулдар.

Кадыркулдарыбыз бар элибиздин бактысы бар.

Калкыбызда жаралсын жаңы –жаңы Кадыркулдар.


ЖАЗУУЧУ КАНЫБЕКТЕРГЕ

Каныбек Жунушев,Каныбек Эдилбаев,

Адабиятыбызда бар эле эки Каныбек.

Жаамы-журтка арналсын үмүт тилек,

Жазуучуларыбыздын болсун эми жаны бек.

Жээ адабиятка келсин көптөгөн Каныбектер.


ТАБЫЛДЫ МУКАНОВГО

Жок болуп жазуучулук күбөлүгү,

Ала албай арманда жүрүп өтпөдүүбү.

Кагазын алып Табылдыдай талант жок,

Карааны менен жашап жатат көптөрү.

Акындык алакандай кагазда эмес,

Жансыз кагаз өнөр шыгын ачып бербес.

Талант деген кагып турган жүрөктө,

Өлбөс нерсе жашай бермек түбөлүккө.


ТӨЛӨГӨНДӨРГӨ

Эки Төлөгөнүбүз бар кыргыз элде,

Касымбеков Төлөгөн,Козубеков Төлөгөн.

Аларды энелери курсакта жатканда эле,

Адабиятка кызмат кылсын деп төрөгөн.


СЫНЧЫ КАЛЫК, ОСМОНАКУН

ИБРАИМОВДОРГО

Экөө менен сыймыктана туралы,

Буларга да бирөө келип кошулаар.

Сынчылыктын гүлдөп мекен турагы,

Адабиятыбыздын бактысы ачылаар.


ЧЫНГЫЗ МЕНЕН СҮЙҮНБАЙ АГАБЫЗГА

Бирөө «Ак Мөөрдү» жазып чыкты,

Экинчиси «Жамиланы» жаратты.

Экөө тең уландары Таластын,

Жердеши кадимки Айкөл Манастын.

Кадыр-баркы бар башкаларга,

Адабиятка кошуп тоодой салмак.

Эки чыгармадан башканы жазбаса да,

Кыргыз элде классик деп аты калмак.


ОМОР СУЛТАНОВ МЕНЕН ОМОР

СООРОНОВГО

Экөө тең акын ырды жазгандар,

Поэзияада сүйлөм түзүп келаткандар,

Өз бактысын адабиятта тапкандар.

А түгүл классик деп аталгандар,

Көзгө илешпей мезгил жылып оболоор,

Аман болсун ыр жараткан Оморлор.

Адабиятка келсин жап-жаш Оморлор


АКЫН, ЖАЗУУЧУ, АДАБИЯТЧЫ

САМСАККА

Самсак ырды дагы жакшы жазат,

Кара сөздү айда шорун катырат.

Сындын болсо мээсин чагат,

Томдогон романды жаратат.


Керек болсо редактор боло калат.

Токтолбой гезитин да чыгарат.

Жашынан сынчы болуп даңталган

Арбын сынын геитке чыгарган.


Такыр эле чарчабаган кандай неме,

Буудан аттай токтоо бербей баратат.

Толубайдын күлүк атын мингенби

Торпу менен токтолобой чаап ашыгат


Китепке

Бул дүйнөдө эгер китеп болбогондо,

Баардыкк нерсе унутулуп жок болмок.

Жел сыяктуу урунуп ойдон-тоого,

Көп санжыра эсте калбай жоголмок.


Алтын жана китеп

Алтын да бар, китеп да бар ааламда,

Ал экөөнү барктап келет адам да.

Кээ бир китеп барктуу эле алтындан

Ал китепке тоодой алтын катылган.


«Жамила»чыгармасына

Кайрат жана канат берген ар жанга,

«Жамила» ыр менен жазылган поэма.

Жалбырттаган жаштык менен жазылып

Жаңырыкты алып келди Чыңгызга.

Бул китепти окуган киши бактылуу,

Окубаган адам андан бетер армандуу.

Автор ушундай китеп жазганы үчүн

Жер үстүнө алп агабыз таалайлуу.


КЫРГЫЗ ЭЛ БААТЫРЛАРЫНА

Адабиятыбызда эки баатыр бар эле,

Даңазалуу Чынгыз менен Түгөлбай.

Ага төрт баатыр келип кошулду,

Жазуучу Бексултан менен Сооронбай.

Төлөгөн менен акын Сүйүмбай.

Улуу классиктер эми жашасын,

Калпагын ыргытып элибиз кубанмай.

Сыйлыкка сыймыктанаар калкы бар

На страницу:
2 из 4