bannerbanner
Март революциясы. Коомдук-саясий драма
Март революциясы. Коомдук-саясий драма

Полная версия

Март революциясы. Коомдук-саясий драма

Настройки чтения
Размер шрифта
Высота строк
Поля
На страницу:
2 из 2

Балитолог «Я протестую» деп, бирок трибунадан кетет.

Атаңдын көрү, өзүң мародерсун, Куудул:

Акаевдин куралын көтөргөн бирөөсүн.

Өлкөнүн уурдалган акчасынан күн көрөсүң,

Чындыкка жамынган жалганды жазып көнгөнсүң!

Буларга ишенбегиле эч качан, калайык,

Акчаны ар тараптан соруу – булардын өнөрү анык.

Ким акчаны көп берсе,

Ошерде тинтип жүрөт мындай балит нерсе.

Эл үнү:

Молодес, эң туура айтасын

Жоголсун Кремлдин куйругу,

Керек болсо Кремлди да талкалайбыз,

Эгерде мындай болсо Асмандын буйругу.

Авторитаризмди сагынгандын баары,

Ыңкылаптын душманы.

Ыңкылапты төнкөрүш деп табышкан,

Төнкөрүлсүн баары каргыштан!

Ыңкылаптын шаңдуу музыкасы угулат.

(Көшөгө).



















Үчүнчү көрүнүш

Караңгылаган сахнада Журналист менен Рухайым алышат. к

Журналист:

Март ыңкылабы

Маалымат согушун ырбатты,

Журналисттер эки тарапка бөлүнүп,

Чындыктан биротоло баш тартып

Бири-бири менен кармашты.

.

Рухайым:

Аларга теңелип,

Көзү ачык, бакшы, олуя,

Маркумдар менен сырдашканы,

Наркы дүйнөгө тиктегени олурая —

Бөлүнүп эки лагерге алар да

Бири-бири менен кырылышты.

Акаевдин кара күчтөрү

Ак күчтөр менен таймашты.

Баалайбы бул бийлик, түшүнөөр бекен

Эки дүйнөдө аны үчүн күрөшкөнүбүздү?

Журналист:

Эки эмес – үч дүйнөдө аны үчүн күрөшкөнүбүздү.

: Кандайча? Рухайым

: Маалымат чөйрөсүндө – бул бир дегин. Виртуалдык дүйнө – Интернетте. Бул эки дегин. Анан, эң акырында, көзү ачыктар, периштелер, желмогуздар дүйнөсүндө. Сен бул жагында президентибиздин фронтун бекем кармап турбадыңбы. Журналист

: М-да! Рухайым

Айтмакчы, Акаев президентиктен кетет деген кабарды алгачкы жолу качан алгансың? Журналист:

: Башынан эле бул адам бийликке татыктуу болгон эмес. Асман бул бийликти Чыңгыз Айтматовго буйруган эле, ал болсо бул асмандын буйругун Акаевге тапшырып берген. Улуу жазуучубуз ушул кадамы менен оор катаны кетирген. Рухайым

Бирок башындакоомчулук аны жакшы эле кабыл алды го? Журналист:

: Албетте, элдин үмүтү бар болгон, ал турсун Чынгыз Айтматовдун тандаганына да ишенишкен башында. Бирок, Асман, Манас атабыздын руху башынан эле бул кишиге каршы болгон. Ошого карабастан алгачкы жылдары Асман тим болгондой сыяктанган, бул президенти өз эркине коюп, балким оңолуп кетет деген ниетке өзүн өзү алаксытып. А бирок, анын жыйынтыгы жакшы болбоду. Президенттин бийликке татыктуу эместигин, кыргыз элине зыяндан башка эч нерсе алып келбестиги бат эле аныкталды. Рухайым

Качан сен анын тактан шерменде болуп кеткенине көзүң жетти? Журналист:

: 95-жылдары болушу керек. Ал менин түшүмө жылаңач болуп кирген болучу, ошондо мен алгач ирет анын аягы жакшы болбойт деп билгемин. Чынында бул киши ошондо эле президенттиктен кетиши керек эле, бирок ал мезгилде ал күчкө кирип, эсине келе баштаган Чынгыз Айтматовду бийликке келтирбей койбодубу. Рухайым

Бирок Айматов өзү күнөлү болду. Башынан эле, эл аны сурап жатканда, президенттикке келгенде, Кыргызстан өзүнөн өзү эле оңолмок.

Да-аа. Убагында кетпей, акыры он жылдан кийин зордолуп кетти. Журналист:

Жазуучу болсо убагында такка келбей, кийин арманда калып, бул жарыбаган президенттин азабын бөлүп калды. Кандай татаал драма жана трагедия! Баса  (Колундагы саатына карап).

Бир аз кечигип калдым окшойт,

Эмесе мен барайын,

Мындай улуу заман башыбызга түшкөн соң,

Жөн эле жүрө бербейли темселеп,

Заман өзү билбесе да эмне кылаарын,

Бирдеме кылалы, аракеттенели, тыбырчылайлы

Жашоону туура жолго салууга ниеттенели,

Улуу урматтуу март ыңкылабынын айымы.

Журналист кетет.

Жалгыз калган Рухайымкреслого барып олтурат, өзүнүн ойлоруна чөмүлүп. Эми уктап кетейин дегенде анын жанына бийлеп үч азгырыктар – мурдагы бийлик тарабында болушкан көз боемочу, каргыш айтууга, дубаны салууга көнүгүшкөн адистер, кара-күчтөр чыгышат. Азгырыктар Рухайымды курчоого алышат. Диктор: ,

: Бул бийлик жакын арада эле тактан кетет деп уктук биз. Эмне дейсин буга, өлкөбүздүн чыгаан, атактуу саясий олуясы? Биринчи азгырык

: Ооба, бул президент тактан куулуп келет дейт, бийликке накта кыргызга күйгөн патриот жигит келет дейт. Экинчи азгырык

: Чет элде жашап абдан байыган кыргыз экен деп уктук биз. Үчүнчү азгырык

Үчөө тең (Рухайымды айланып):

Эгерде ал бийликке келсе,

Жыргайт деп уктук кыргыз эли.

Буга эмне демексин,

Бакиевди алып келген кызыбыз?

(аларды курчоосунан бошонуп): Рухайым

Адашып жатасыңар баарыңар,

Ошо бай жигиттин акчасына зарыгып.

Кет десе эле таарынган топ,

Президент кызматынан кетип калабы?

Сөзүңөн адашпагын өмүрдүн гүлү. Асман айтып жатат, ал келет деп. Биринчи азгырык:

: Ха-ха-ха. Эгерде билгиңер келсе, асман алып келди учурдагы президентти, мурдагы президентти да кууп кетирди. Асмандын буйругу, Манастын руху менен Ак-Үй алынды, бийлик алмашылды. Рухайым

Экинчи азгырык:

Конец ознакомительного фрагмента.

Текст предоставлен ООО «Литрес».

Прочитайте эту книгу целиком, купив полную легальную версию на Литрес.

Безопасно оплатить книгу можно банковской картой Visa, MasterCard, Maestro, со счета мобильного телефона, с платежного терминала, в салоне МТС или Связной, через PayPal, WebMoney, Яндекс.Деньги, QIWI Кошелек, бонусными картами или другим удобным Вам способом.

Конец ознакомительного фрагмента
Купить и скачать всю книгу
На страницу:
2 из 2